Атактуулар айдоочу болгондо

- Биринчи жолу машине алып айдаганда кандай окуяга туш болгонсуз?
Рысбек Жабиров, кино режисер, продюсер:
- Биринчи жолу 3-классымда машине айдап, бутум жетпей аябай кыйналгам. Андан кийин 6-классымда атамдын машинесин уурдап айдайм деп аз жерден авария боло жаздагам. Атам ВАЗ 21 волга үлгүсүндөгү машине айдачу. Айдашты билсем да мага эч бербейт эле. Илгерки машинелерге ачкычтар түшө берчү, ачкычтарды топтоп жүрүп акыры бирөөсү туура келип калды. Атам мал чарбачылыгында иштейт эле. Бир күнү ишине барсам атам жыйналышта экен. Комплекстин аркасына өтсөм машина токтоп туруптур, секин айдап кетип калдым. Атам издеп милицияга берет деп ойлобопмун. Машинесин таппай чуру-чуу түшүп калат. Атам менен бирге иштеген досу машинесин айдап кеткенимди көрүп калыптыр. Досторум менен ары бери айдап жүрүп түнкү саат 12де үйгө келсем дарбазанын алдында атам таяк менен турган экен. Машинени токтоттум дагы, ата эркекче, өлүп кетейин, экинчи мындай кылбайм дедим да качкан бойдон жөнөдүм.

Нурзат Токтосунова, теле алып баруучу:
- Биринчи машине алганда 2-3 күн өтпөй эле ГАИге кармалгам. Байке жапжаңы алгам, мына караңызчы десем эле күлүп кое берген. 2-3 жолу машинеге отуруп күйгүзүп коюп, бир нерсеге алаксып кетип, байкуш машинени чыркыратып кайра дагы күйгүзгөм. Машинем жеңил болгондуктан зуулдатып айдап өтүп кетсем эле БМВлар артымдан өлө кууп, менден өтүп кетип эле намыстана беришет. Интернеттеги баракчама да жазып калышат, катуу айдайт экенсиз, катуу айдабаңыз деп. Айдап баратканда эки жакты карабайт экем, тааныштарым пипилдетсе байкабай калам. Анчалык опытым жок болсо да боенгонго мүмкүнчүлүк болуп жатат.

Гүлнара Кахарова, ырчы:
- Алгач машинемди курбуларыма айдатып жүрдүм. Кийинчерек өзүм айдап чыгып бараткам. Күн чайыттай ачык бир маалда эмнесине тийдим билбейм айтор, "дворниги" иштеп калса болобу. Аны чукуйм, муну чукуйм болбойт. Курбума чалып эмне кылам десем, тигил жакты бас, бул жакты бас дейт. Же "дворниги" токтобойт. Ары бери өткөндөр колу менен жаңсап көргөзүп коюшат. Ошентип үйгө жеткенче токтотпой баргам.

Эрнест Бөрүбаев, экс-бешиликчи, актер:
- Биринчи машине айдаганда уйду сүзүп кеткем. Уй капотко олтуруп калган. Уйдун ээси мени сөкпөй эле каткырып жыгылып калган. 10 метрдей айдап барып токтосом ую жыгылбай жерге түшсө да мени карап мөө деп кыйкырды эле, өзүмө келалбай турган мен өзүң корова деп кетип калдым. Дагы бир күнү арткы эшиктен байкем олтура электе айдап кетип калыпмын. Сүйлөсөм жооп бербейт, артты карасам эчким жок, кайрылып барсам акем, биротоло машинены деле унутуп кетпедиң да деп аябай шылдыңдаган.




  Сул-уулук

Айжан САДЫКОВА, модель:
"Кыргыздын жигити кызга окшош болбош керек"
Анкета
Жерлиги-Ош.
Бою-172
Салмагы-50 кг
Окуган китеби- Лев Толстойдун, "Война и мир"
Бразилияга барып эс алгысы келет.

- Айжан саламатсыңбы?
- Саламат, бар болуңуз.
- Сулуулардын арманы болбосо керек э?
- Андай нерсе сулуу, анан сулуу эмес деп ылгабайт болуш керек. Арман, азап, кайгы муңдан ким болсок да алыс бололу.
- Айтып аткан себебим, сулуу кыздарды ар дайым жигиттер сүйүп, артынан чуркап сыйлашат эмеспи?
- Туура айтасыз, сулуулук кудайдын берген белеги го деп ойлойм. Анткени, бардык адам эле сулуу болуп жаралбайт.
- Сулуулар акыл жактан тайызыраак болушат дейт го, кошуласыңбы?
- (Күлүп) Кудай таала бул сулуу экен, мээсинен бир аз алып коеюн дебесе керек. Акыл эс деген адамдын изденүүсүнөн, ата-эненин берген тарбиясына көз каранды болот эмеспи. "Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген кеп бар го, ошол сыяктуу татыктуу тарбия алган уул-кыздар жакшы адам болуп калыптанышат. Анан албетте, адамдын өзүнүн дээринде дагы бир нерсе болушу керек.
- Сулуулукту кантип сактап калуу керек, сен кантип кам көрөсүң?
- Табияттан берилген сулуулукту эч ким өзгөртө албайт жана ошол сулуулук адамдын жан дүйнөсү менен шайкеш келиши керек. Адам канчалык сулуу болсо деле, айбандыкындай кыял-жоругу болсо анда эч кимге жакпайт. Менимче сулуулукту сактаган бул адамдык сапат болушу керек. Сурооңузга түз жооп, кыз деген өзүн кылдат, тыкан алып жүрүүсү абзел.
- Бир күндө канча жигиттен сунуш түшөт?
- Мен "мынча жигит сөз айтат" деп айтпай эле коеюн, эми сөз айткандар бар. Бирок, азыр жигит менен сүйлөшүүгө даяр эмесмин. Жашмын деп айтсам болот. Ал тууралуу ойлонгонго абдан эрте.
- Бирөөнү сүйүп калсаң эмне кыласың?
- Сүйүп көрбөгөндөн кийин, ал тууралуу айта албайм. Учуру келсе анан сезип, түшүнүп айтсам болот го…
- Жигитим бай болсо деп элестетсең керек?
- Байлыгына карап кызыкпайт болушум керек. Анткени, үйдөгү тарбия да андай эмес. Мен ойлойм, өзүмө жаккан кыргыздын мырзасы, өзүнүн акыл деңгээли, сапаты жетиштүү болсо…
- Анда кандай мырзалар жагат болду экен?
- Чынында билимдүү, акылы тунук, сүйлөсө сөзү маанилүү чыгаан жигиттерди баалайм. Анан койгон максаты жок, күнүмдүк кызыкчылык, болбогон нерселер менен алектенип кызга окшошуп кийинген балдарды жактырбайм. Кээде көрүп күлкүм келсе, кээде боорум оруйт. Кыргыздын андай сагызгандай ала-була болуп жасалмаланып, ойсоктоп сүйлөп жүргөн жигиттери жакпайт.
- Анан кандай болушу керек?
- Жигит деген эр жүрөк, баатыр мүнөз, салмактуу, сүрдүү болушу керек.
- Ошол сапаттарды көбүнчө кимден байкайсың?
- Албетте, урматтаган адамдардан же атабыздан, агабыздан идеал тутабыз. Токтоо мүнөз салмактуу жигиттер спорт, саясат тармагында болушат.
- Анда саясатчылар жагат турбайбы, кимди көп баалайсың?
- Саясатчылардын да ар кандайы бар. Кээ бири апыртып эле сүйлөп, кылган ишинен дайын жок. А бирөөлөрү унчукпай көп иш кылышат. Мага татыктуу саясатчы, көптү билген көсөм ишмер катары Кубанычбек Исабеков жагат.
Жаркынай Арыкова