Ден соолук

Айай болом деп
"ай-ай" болуп калба
Кийинки кездери пластикалык хирургия кулачын кенен жайып, европалыктар келбетин бузууга үлгүрүшсө биздикилер көздөрүн каалаганча бакырайтып, кош кат кылып, жашарып жатышат. Төмөндө көптөрдүн кыялын орундатып сулуу кылган пластикалык хирургия тууралуу азыноолак маалымат.

Сулуу болуш бир пастабы?
Тарыхынан
Адам баласы ар кандай операцияларды жасоону биздин заманга чейин 1000 жыл мурун өздөштүрө баштаган. Лондондогу тарых музейинен биздин заманга чейинки 2 миң жыл мурун мумияланган баланын денесин көрүүгө болот. Мумиянын кулагын жана мурдун изилдегенде, пластикалык операция жасалганы аныкталган.
Ал эми "пластик" деген сөздүн өзү грек тилинен которгондо "пластикос" "эритип калыпка куюу" дегенди түшүндүрөт. Ушундан улам "алгачкы пластикалык операциялар Грецияда жасалган" деген божомолдор бар. Ал эми мурунду түздөө биздин заманга чейинки 600-жылы Индияда жасалган. Андан соң аталган өлкө кулак, оозго операция жасоону баштаган.
Пластикалык операциянын түптөөчүсү катары италиялык Гаспар Тальякоцци эсептелет. Ал 1597-жылы өзүнүн ишмердүүлүгү туурасындагы трактатында колдун терисин ооз, мурунга жамап жасаган операциялары тууралуу жазган. Мына ушундан баштап дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер ар кандай кырсыктардан жапа чеккен адамдарга пластикалык операцияларды жасай башташкан. Ал эми учурда пластикалык операция жасатууга кайрылгандардын көбү сулуу болуу, жашаруу максатын көздөшөт.

Кыргызстанда пластикалык операциялардын баасы:
Көз - 7 000 - 9 000 сом.
Кулак - 7 000 - 8 000 сом.
Мурун - 15 000 - 25 000 сом.
Беттеги терини тарттыруу - 15 000-25 000 сом.
Аялдардын төшүн чоңойтуу - 900-1 200 $.
Кыйшык бутту түздөө- 900 $.
Жамбашка имплантант коюу - 1200 $.
Хирургдун кеңеши - 200 сом.
Пластикалык хирургиянын түрлөрү

Ринопластика - Мурунга жасалуучу операция.
Отопластика - Кулакка жасалуучу операция.
Блефоропластика - Көзгө жасалуучу операция.
Лифтинг (подтяжка) - беттеги, моюндагы бырыштарды жазуу үчүн жасалат.
Дермабразия процедурасы-теринин биринчи катмарын сүрүп кетет. Бул процедура жайдын күнү болбойт. Анткени, күндүн нуру тийгенде так калып калат.
Пиллинг-бул дермабразиянын бир түрү.

Кубанычбек Кадырбаев "Умай Косметик" борборунун пластикалык хирургу:
- Кубанычбек агай, учурда операциянын кайсы түрү көп жасалат?
- Негизи пластикалык хирургия Орто Азияга 1971-жылдары келген. Кыргызстанда Иван Иванович Филиппенко хирургиялык косметологияны баштаган. Ал киши менен 15 жыл иштешип калдым. Акыркы он жыл ичинде сурма чыгартууга келгендер көп. 20-25 жаштын тегерегиндеги кыздар келишет. Делдең кулак жаш өспүрүм балдар келишет. Жашы өткөн сайын бетине бырыш түшөт. Көздүн үстүнкү капкакчасында, көздүн астына шишик сымал бырыш басат. Мына ошол бырыштарды жаздырып тартырууга келишет. Бул эми тубаса келбеттерин өзгөрткөндөр. Айрым учурда кырсыктан жабыр тарткандар, башкача айтканда күйгөн, тиштелген, кесилгендер кайрылышат.
- Сурма жасаткандан кийин семирип кетсе кандай болот?
- Эч нерсе болбойт.
- Баалар кандай?
- Бизде баалар өтө кымбат эмес, өтө арзан эмес. Бейтаптардын социалдык абалына, же башка бир олуттуу себептерине жараша жеңилдиктер да каралган.
- Кандай учурда операция кылууга болбойт?
- Маселен көз ооруса, көздүн көрүүсү начар болсо, көзгө сурма жасабайбыз. Кант диабети, жүрөк, гипортониялык оорулууларга операция жасабайбыз. Жаш өзгөчөлүккө да карайбыз. Мисалы, кулактын өсүүсү 8-9 жашында токтойт. Ага чейин кулакка операция жасоого болбойт. Ал эми көз менен мурундуку 18-19 жашка чейин өсө берет. Буга чейинки жаш курактагыларга да жасалбайт.