Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жаш келсе ишке

Тоң районунун акими Бакыт Рысбаев:
"Элге пайдамды тийгизгенге аракеттенип жатам"
Тоң районуна иштер менен барып, аким менен кезигип калдым. Аким жапжаш жигит экен. Таң кала карап калганымды байкап калган аким күлө карап, мен акимдердин эң жашы экемин деп калды. "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" деген кеп бар эмеспи. Жаш аким Бакыт Рысбаев менен таанышып, көп суроолорго жооп алдым.

- Бакыт мырза, айтыңызчы Тоң районунун акимдигине кандайча шайланып калдыңыз? Же жогору жактан колдоочуларыңыз күчтүү болуп, тааныш-билиш менен келдиңизби? Бийликке жеткен партиялар устукан бөлгөндөй кызаргандын барын бөлүштүрүп жүрүштү эле, сиз кайсы партиянын өкүлү болосуз?
- Тааныш-билиши жок эле кудайдын буйругу менен келдим десем болот. Былтыркы революцияда жаштар менен 7-8- апрелде ак үйдүн алдында жүргөм. Буйрук экен 21 адамдан турган комиссия мени жактырып, тандашыптыр. Ага чейин "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болуп, жаштар канатында көп маселелерди көтөрүп жүрчүмүн. Бирок, кандайдыр бир кызмат алуу үчүн эмес, элге ак кызмат кылыш үчүн, келечек үчүн деп иштеп жүргөм. Эл ишенип шайлагандан кийин, элдин ишеничин акташ үчүн болгон билимимди, күчүмдү жумшап жатам.
- Бул кызматта иштеш үчүн тажрыбаңыз аздык кылбайбы? Алгач кызматка келгенде кандай кыйынчылыктар болду?
- Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Ал кезде бийлик алмашып, мамлекетте баш аламандык болуп, оор кырдаал түзүлгөн учур эле. Ошол кезде айыл өкмөттөрүн кууп, "элдин мүлкүн ээлеп алгандар" деп айрым адамдарга кысымдар күчөгөн. Ошол учурда айрым ээн баштар кылмыш ишке барганга да үлгүрүштү. Жумушка эртең менен саат 8де келип, түнкү 10- 11лерде кетип, уйкусуз түндөр өткөн. Элден айланса болот, ошондой кыйын кырдаалдан акылмандык менен туура чечим кабыл алып, маселелерди чечүүгө зор көмөк көрсөтүштү. Ал эми бул ишке тажрыйбамдын аздыгын билип, замандын өзгөрүүсүн алдын ала сезе билген, замандан калышпай кадам таштаган Замир Мукашевич сыяктуу тажрыйбалуу агалардан кеңеш алып турдум.
- Буга чейин кандай кызмат аркаладыңыз эле, эл деле көчөдө жүргөн бирөөгө ишенич артып шайлабаган чыгаар?
- Үч жогорку билимдин ээсимин. Райондук Кеңештин депутаты катары туруктуу комиссиянын төрагасы болгондуктан, иштин негизги багыттары менен мурунтан тааныштыгым бар болчу. Эл ошол себептен мага ишенич артты деп ойлойм. Айрым орчундуу маселелерди кеңешчү адамдар менен кеңешип, чогуу чаран иш алпарып жаттым. Кээде өткөн мезгилге көз чаптырып, тигил ишти мындай кылсам балким натыйжалуу болот беле деген ойлор келет. Бирок, таптакыр эле туура эмес кылган экемин деп өкүнгөн мезгил боло элек. Грузиянын президенти Саакашвили бийликке келгенде жалаң 30-40тын аралыгындагы жаштарды министр кылып шайлаганда элдер алардын тажрыйбасы жок да десе, "Ооба. Алардын жаңы кызматта тажрыйбалары жок, бирок алардын жеп-ичкенге да тажрыйбалары жок" деген экен. Ушул бир жыл аралыгында районубузда бир топ жетекчи кызматкерлер алмашты. Айыл өкмөттөн жетөө, жетекчи- кызматкерлердин жетөөсү алмашты. Алардын айрымдары элдин талабы менен кетишсе, кээ бирлери башка кызматка кеткенине байланыштуу болду. Жаңы жетекчилердин көпчүлүгүн жаштар түзөт. Бирок, муну менен жакшы иштеген тажрыйбалуу агаларыбызды четке кагып салганыбыз жок, алар менен да кызматташып, балансты кармап жатабыз.
- Сиз кызматка келгенде элдин талабы жогору болсо керек. Ошол талаптарды аткара алдыңызбы?
- Ооба, эл тарабынан бир топ талаптар коюлган. Талаптардын биринчиси кадр маселеси эле. Жогоруда айтып өткөндөй бир топ кадрларды алмаштырдык. Бирок, өзүм билемдик жол менен эмес, эл, айылдык кеңештин көрсөтүүсү менен өздөрү тандаган адамдарды дайындадык. Экинчи маселе үй куруу боюнча жер маселеси болчу. Бул көйгөй ар бир эле айылда бар бирок, Бөкөнбаев айлында жер маселеси өтө курч болчу. Эл тарабынан түзүлгөн комиссия 6-7 ай жер боюнча түшкөн арыздарды кылдаттык менен карап чыгып,өтө муктаж делген 948 адамга жер тилкесин бөлүп бердик. Элдин үчүнчү талабы Өкмөт тарабынан же райондон акча каражатын айыл өкмөттөргө бөлүштүрүлгөндө калыстык менен бөлүштүрүлсө деген талап болчу. Мен кызматка келээрде областык өнүктүрүү фондунан Тоң кайрымдуулук фондуна 9 миллион сом түшкөн экен. Тоң кайрымдуулук фондуна комиссия деп 3-4 адамды каттап коюп бирок, мурунку акимдин көрсөтмөсү менен эле акчалар ар кандай бөлүнүп тургандыгы анык болду. Биз комиссиянын курамын өзгөрттүк. Комиссия курамына 9 айылдык округдан шайланган райондук кеңештин депутаттарынан бирден депутат, Кеңештин төрагасы Т. Баялиев, Тоң райондук жаштар комитетинен Кубат уулу Кайрат жана акимчиликтен эки адамды кошуп 13 кишиден турган жаңы комиссиянын курамын бекиттик.
Мындай кадам ачык- айкындуулукту камсыз кылып, каражат бөлүүдө калыстык болуп, ар бир айылга эң орчундуу долбоор үчүн акча бөлгөнгө жакшы шарт түзүлдү. Айылдарды, мекемелерди кыдырып бөлүнгөн акчалар өз оорду менен жумшалып жатканын көрүп кубандык. Демек, элдин талабын кайсы бир деңгээлде аткара алдык деген ойдобуз.
- Жогорку кызматта олтурган адамга ар кандай сөз жабышат эмеспи. 100% бардык адамга жагуу мүмкүн эмес сыяктуу бирөөлөргө жакпай жаткан учурларыңыз болдубу?
- Андай учурлар жок эмес. Эл болгондон кийин ушак сөздөр чыга берет экен. Кээ бир ушактарды угуп алып өзүм таң калам. Атайлап эле ушак тараткыч адистер иштейби деген да ойлор келет. Мисалы, бизге бөлүнгөн акчаларды айылдарга бөлүштүрүүдө 10% акчаны бизди алып калышат экен деген сөздү угуп күлкүм келди. Эгерде ошондой болсо биз укмуш эле байып кетмекпиз. Бул эми жалган эле сөздөр. Кудай сактасын. Мындай ушакты бирин-экин эле адамдар айтып жүрбөсө, көпчүлүк эл ишеничтүү эле көз карашта. Эми жетекчилик кызматта болгондон кийин мындай сөздөрдү да көтөрүүгө туура келет экен. Менин кызматка келгендеги максатым байлык топтоп, акча жеш үчүн эмес, элиме, жериме ак кызмат кылуу. Тескерисинче мурда адатка айланып калган ар кандай туура эмес, мыйзамсыз иштерди токтотуу. Мурда районго келип кеткен конокторду тосуш үчүн ар кайсы мекеме, ишканалардан салык салгандай эле алынып турчу экен. Ар ким өз коногуңарды өзүңөр тоскула дедик. Былтыр Темир Сариев бир топ өз адамдары менен биздин районго келип калышты. Алар түшкүгө тамак уюштуруп берүүбүздү суранышты. Биздин жетекчилер да кошулуп 30 дай адамга кафеге түшкү тамак уюштурдук. Түштөнгөндөн кийин кафеге акчасын Т, Сариевдер өздөрү төлөп кетишти. Мындайды көрбөгөн эл аябай таң калышты. Мен муну Темир Аргенбаевичти мактап, кандайдыр бир реклама үчүн айтып жаткан жерим жок, чоңдугуна салып жетекчилерди чыгым кылып кеткендер көп. Эски системаны бузуп, кереги жок адаттардан кутулсак элибиз тез эле көтөрүлөт деп ойлойм.
- Бийликке жете электе көбү жакшы эле адам болушат, бийликке жеткенден кийин адам таанылгыз болуп өзгөрөт. Сиз кандай жагына өзгөрдүңүз?
- Туура айтасыз бийликке ыймансыз адамдар келсе терс жагына сөзсүз түрдө өзгөрөт. Мен таятамдын колунда өсүп, жакшы тарбия алдым деп ойлойм. Ал киши мени биринчи ирээтте ыймандуулукка үйрөткөн. Кудайга шүгүр, жандүйнөмдө ыймандуулуктун уюткусу бала кезден бери болгондуктан азгырыктардан алысмын. Намаз окуйм, жандүйнө аруулугуна кам көрүп жашайм. Ошондуктан терс жакка өзгөрбөй, жакшы жакка өзүмдү өзгөртүп, элге зыянымды эмес пайдамды гана тийгизгенге күчүмдү да, билимимди да жумшап жатам.
Маектешкен Лариса Асанбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??