Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Укурук узунбу?

Курмантай Абдиев, ЖК депутаты:
"Адеби жок депутаттарга кылмыш иши козголот"
- Учурда Камчы Көлбаевге болгон издөө, эл аралык издөөгө алынды деп айтып атат. Көлбаев тарабындагылар соттун чечими чыкпай туруп эл аралык издөөгө алынганы туура эмес дейт, негизи кандай болушу керек?
- Мен Көлбаевге болгон иштин чоо-жайы менен тааныштыгым жок. Юрист катары гана айта алам. Эгер соттун чечими болбосо эл аралык изилдөөдө болушу мүмкүн эмес. Изилдөөгө сот берет. Сот чечим чыгарып, андан кийин тиешелүү органдарга аткаруу үчүн жиберет. Ал органдар өздөрүнүн тартиби менен ИИМ Интерпол аркылуу эл аралык изилдөөгө алат. Эч кандай чечими жок эл аралык изилдөөгө берилип калышы мүмкүн эмес.
- Эл аралык изилдөөгө алынган адамдарды Интерпол аркылуу кармаганга шартыбыз барбы?
- Бул ишти ИИМ ишке ашырат. Эл аралык изилдөөгө алынган адамдарды алар далилдеп, аныктап берет. Жакында качып кеткен президентти аныктап беришти. Аларды бул жакка алып келүү экстрадиция эки тараптуу келишим бар, ал келишим башкы прокурорлор аркылуу гана ишке ашырылат. Башпрокуратура тиги жактын Башпрокуратурасына кат жиберган. Алар көрүп чыгып эки жолу тең баш тартышыптыр. Россияда деле бир жылы кылмышкерлерин Англиядан сурап кайрылган экен, бербей баш тартышты. Андан кийин Березовскийди издеп кайрылышты, аны да бербей коюшту. Ошол сыяктуу эл аралык келишимде кылмышкерлерди биздин кызматкерлер колунан кишендеп алып келүүгө жол берилбейт.
- Кадыржан Батыров да эл аралык изилдөөгө алынган, азыр анын дайыны билинип атабы?
- Бир эле Батыров эмес, анын жанындагы башаламандык уюштурган Салахидинов, Абдрасулов баш болгон бир топ адамдарга издөө жарыяланды. Экстрадиция кылганда даана көрсөтүлүп, кылмышкер мындай кылмыш кылып силердин жериңерде жүрөт. Келишимдин негизинде бизге өткөрүп бергиле деш керек. Батыров баш болгон кылмышкерлер али күнгө чейин кайерде жүргөнү тууралуу маалымат жок. Белгилүү болдубу же боло элекпи аны айта албайм.
- Сиз этика комитетинин төрагасы катары айтсаңыз, адеби жок депутаттарга кандай чара көрүлөт?
- Регламент боюнча депутаттардын адеби боюнча мыйзам бар. Депутат одоно иш жасаса кылмыш иши козголот. Андай учур бизде жок. Эң эле орчундуусу эки депутаттын акыйнеги, бири-бирине кол көтөргөнү болуп калды. Аны ошол эле күнү фракция жетекчилери, төрага баш болуп ордунан чечип, жөнгө салдык. Залда кер-мур айтышып кеткендерди ошол жерден эле жөнгө салабыз.
- Министрликтердин бир тобун Ошко көчүрөбүз деп атышат, анын кандай жакшы жактары бар?
- Ал мага тиешелүү маселе эмес, бирок жеке пикирим, айрым министрликтерди көчүрүү Акаевдин мезгилинен бери эле келатат. ӨКМди Ошко көчүргөнүн билесиң. Ал убакта азыркы Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Эшмамбетов ӨКМдин жетекчиси болчу. Азыр да бир топ министрлик жана президенттин резиденциясы көчүп, Ош экинчи борбор болот. Жеке кишилерди кабыл алуу тартиби, коомдук кабылдамасын дагы ошол жерден ишке киргизишти. Көчүрүп алып барып коюу максат эмес, андан бир тыянак чыгыш керек. Ушул боюнча маселе каралып атканда кызматтык иш сапары менен катышпай калдым.
- Азыркы көчүрүлгөн министрликтер кандай мааниге ээ болуп, эмне пайда алып келет?
- Элге ыңгайлуу болуш үчүн. ӨКМди убагында алып барган себеби жаратылыш кырсыктарынын көбүнчө түштүк жергесинде көбүрөөк болгонуна байланыштуу көчүрүлгөн. Жаз айларында суу жеп кетип, кыян жүргөн учурлар көп болот. Таласта бир убакта иштеп калдым, качан Таластын суусу кирет деп күтөм, эч нерсе байкалбайт экен. Себеби, түз агып, бир аз гана ылайланат. Базар-Коргондо Тентек-Сай деп коет, ал жерде суу жыл сайын бир коогалаң алып келет. Кара-Кулжада дагы суу ташкыны көп кездешет.
Чек ара маселеси түндүктө Казакстан менен гана чектешебиз, чыгыш тарабы Кытай менен чектешип экөө менен тең мамиле жакшы. Көп деле чек арага байланышып, татаалдашкан маселе жок. Түштүктө Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен жерлерде талаш аймактар, чечилбеген жерлер бар. Анан 1999-2000-жылдары сакалчандар кирип келгенинен улам чек ара кызматы түштүктө болгону жакшы, деп көчүрдүк. Башка министрликтерде да ушул сыяктуу негиздер болуш керек

Дайырбек Орунбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??