Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бишкек шаардык соту: Penwell компаниясынын уюлдук операторго жөнөтүлгөн дооматы
негизсиз деп далилдеп чыкты
Бишкек шаардык соту үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Penwell компаниясынын пайдасына кабыл алынган кыргыз сотторунун чечимин жокко чыгарып, Penwell Business Limited компаниясы ЖЧК "БиМоКом Лтд" компаниясынын үлүшүнө талапкер болууга эч укугу жок деп токтом чыгарды.
Penwell "Fronteck Enterprises Limited" компаниясынын пайдасына чечилгендиктен ЖЧК "БиМоКом Лтд" (Мегакомдун соода бренди) компаниясынан 51% нан ажыраган Бишкек шаардык сотунун 2008-жылы 19-майдагы чечимин жокко чыгаруусун талап кылды. Мындай мүмкүнчүлүк Мегакомдун өнөктөштөрүнөн кошумча келишимди бузгандыгы, башкача айтканда өзүнүн үлүшүн башка компанияга макулдашуусуз өткөрүп бергендиги үчүн келип чыккан.
Ошондой эле кассациялык инстанция да Бишкек шаардык район аралык соттун 2010- жылы 5-августтагы чечимин жокко чыгарган токтом алып, анда кошумча келишимдин жараксыз экендиги жана Мегакомго кайтуусу айтылган. Шаардык соттун ою боюнча бул чечим процессулдык тартиптин одоно бузулушу менен кабыл алынган. Мындан сырткары, сот Penwell Business Limited компаниясы БиМоКом компаниясынын үлүшүнө талапкер боло албайт деп чечим чыгарышты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту 22-апрелде ОАО "Ermen TOO Resourses" компаниясы (Serpeus Inc. холдингинин контролундагы компания - автордун эскертүүсү) ОсОО "БиМоКом Лтд" компаниясынын 100% ак ниет сатып алуучу деген чечим кабыл алган.

Penwell ачык эле коомчулукту алдап жатабы?
Penwellдин тарапташтары дагы эле коомчулукту алдап жатышат: Кыргызстандын финансылык чалгындоосу Serpeus жөнүндө депутат Абдырахмановдун билдирүүсүн четке какты
Кыргызстандын финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы, "Serpeus" оффшордук компаниясына байланышкан маалыматтарды Жогорку Кеңештин комитеттерине да, депутаттарына да берген эмес жана бериши мүмкүн эмес деп билдирди. Мындай маалыматты бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы ырасмий түрдө таратты.
"Ошондуктан, депутат Өмүрбек Абдырахмановдун финансылык чалгындоонун маалыматына таянып, MegaComго ээлик кылгысы келген "Serpeus" компаниясы Кыргызстандын каттоосунда турбайт жана эч салык төлөбөйт деген билдирүүсү эч кандай негизсиз" деп айтылган финансылык чалгындоо кызматынын билдирүүсүндө.

"Альфа Телеком": Penwell компаниясынын маалыматтары жалган
Өткөн жумада Бишкектин көчөлөрүндө "Россиялык Penwell -MegaCom компаниясына бирден бир 100 миллион доллар инвестиция жумшаган компания" деген жарнамалар пайда болду. Бирок ЗАО "Альфа Телеком" уюлдук оператордун ишине аталган жарнамалардын эч кандай тиешеси жок деген официалдуу арызы менен кайрылышкан.
Жада калса Penwell Business Limited компаниясынын MegaCom компаниясын инвестициялоо маселеси талаш пикирди жаратып жана соттун иликтөөсүндө турат.
Ушуга байланыштуу, ЖАК "Альфа Телеком" Penwell компаниясынын алдын ала билдирүүлөрдү кармануусун суранат, себеби, Penwell компаниясы таратып жаткан маалыматтар талаштуу жана MegaCom компаниясынын ишкердик абройуна зыян келтирүүдө.


Оруссиялык инвесторлор КРнын сотторун коркутушууда…
Megacom уюлдук операторуна ээлик кылуу үчүн Penwell Business Limited компаниясы сотко басым жасоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты.
Орус бизнесмени Глеб Огнянниковго жана Россиянын мурунку экс-байланыш министри Леонид Рейманга тийиштүү оффшордогу фирма, кудум эле Москвада жүргөндөй, өтө бүдөмүк нерсенин четин чыгарган баннерлерди шаарга иле башташты. Эң башкысы, кечиресиздер, эгерде Кыргызстандын Жогорку Соту алардын пайдасы үчүн чечим чыгарбаса, бул сот - адилетсиз жана калыс эмес дегендей сөздү таламандын чак түшүндө уялбастан билдиришти. Түздөн-түз эле дал ушинтип жазып салышты.
Мындай жарнамалык чыгармачылыкты көргөн эл таң калышууда. Шаардын келгиндери уялбастан, биздин Фемиданын кызматкерлерине кандай туура чечим чыгаруу керектигин көрсөткөн заманга жеттикпи? Ар кандай ушундай божомолдор, кыргыз сотторун жууса кеткис кылып булгашы турган иш.
Эгерде, мына ушул жазылган сөздөргө карама каршы мазмундагы баннерди илүүгө жөндөмдүү адамдар чыкса, анда таң калуунун кажети жок. Атаандаштары ал жерге, "Эгерде соттун чечими Penwellдин пайдасына чечилсе. Мына ушунун өзү орус байланышчылары биздин башкы сотубузду дүңүнөн сатып алып, андан ары алар бул өлкөдө башына не келсе ошону жасай берет дегенди түшүндүрөт" деп жазып коюшу мүмкүн. Неге дебейсизби? Бүгүнкү күндө жарнамалык көрөңгөнү тебелеп-тепсеп, гезит беттеринен жана интернеттен көчөнүн алкагына тараган маалыматтык согуштун абалы ушундай.

Александр Никсдорф




Бимоком жабдуу үчүн РТК-Лизингге 80 миллион доллар карыз
Апрелдин аягында "Эрмент-ТОО Ресурсес" ("Серпеус" компаниясына тийиштүү) компаниясынын дарегине "РТК-Лизинг" ААКтан ырасмий кат келип, анда, "Бимоком ЛТД" компаниясына берген жабдуулардан улам келип чыккан жалпы суммасы 80 миллион доллар карыз жөнүндө сөз болгон.

"РТК-Лизинг" ААКтын катына "Серпеус" компаниясынын ырасмий билдирүүсү
РТК-лизинг "Бимоком" компаниясынын мыйзамдуу ээси катары "Серпеус" компаниясын таанып жатканы үчүн, биз, РТК-лизинг компаниясынын жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
РТК-лизинг компаниясынын жетекчилиги белгилегендей, 80 миллион доллар суммасына барабар жабдуу алып келген 2007-2008-жылдары "Бимоком" компаниясын "Пенвелл" жана "Форнтек" фирмасынын өкүлдөрү башкарып турушкан. "Пенвелл" жана "Форнтек" компаниясынын көлдөрү РТК-лизинг компаниясынын алдындагы алган милдеттенмелерин аткарбай койгону, албетте, өкүнүчтүү.
"Серпеус" компаниясынын өкүлдөрү "МегаКом" уюлдук байланыш операторунун мүлкүнүн менчик укугуна ээ болгон "Бимоком" компаниясын 2008-жылдын август айында сатып алган күндөн бир нече айдан кийин, "Бимокомду" башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын эскерте кетмекчибиз. Мына ошол учурда "Бимокомдун" эски менеджменти компанияны жалган банкрот кылууну уюштурган. Жыйынтыгында "Серпеустун" өкүлдөрү бул компанияны башкарууга чейин эле, уюлдук байланыш операторунун бардык мүлкү "Бимокомдон" чыгарылып кеткен. 2008-жылдын октябрь айына чейин "БиМоКомго" ээлик кылган жана "БиМоКомду" жалган банкрот кылган ниети түз эмес адамдардын кесепетинен "РТК-Лизинг" деле, Serpeusтай "курмандыкка чалынганы" кейиштүү.
Ошого карабастан, "МегаКом" уюлдук операторун өнүктүрүү үчүн берилген жабдууларды тастыктаган документтерди сунуш кылса, биз "РТК-Лизинг" компаниясына ыраазычылыгыбызды билдирер элек. "МегаКом" уюлдук операторуна менчик укугубузду жана активдерди башкарууну калыбына келтиргенден кийин, биз "МегаКомго" кызмат көрсөткөнү үчүн чындап эле төлөнгөн жана төлөнө элек эсептерди камсыз кылуу колубуздан келет. Жабдууларды алып келген тарапка болгон карыз боюнча эгерде, жабдуу чын эле келген болсо - бирок, биздин кызыкчылыгыбыз үчүн келбесе анда, бул иш биздин бизнес жүргүзүү этикабызга дал келбейт.

Азамат Жетишбаев







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??