Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Таанышың болсо танкасың...

Бухгалтерден төрагалыкка секирүү
Бүгүн Жогорку Кеңеш КСДП фракциясы Улуттук банк төрагалыгына сунуштаган Зина Асанкожоеванын талапкерлигин талкуулаганы жатат. Ушундан улам, бул кызматка банк секторунда, жекече да, мамлекеттик жагында да көп жылдардан бери иштеп, башкаруунун тажрыйбасын топтоп келгендер четте калып, кызматка жалгыз гана бухгалтерияны билген жана бюрократиялык оюндар боюнча чоң адис делген адам артык көрүлөбү? - деген суроо туулат.


Э мнегедир финансы чөйрөсүндө башкаруучу кызматтарга Ысык-Көлдөн чыккандарды тартуу адатка айланып бараткансыйт. Буга Эмилбек Каптагаевдин кокусунан тиешеси жокпу? Өлкөнүн калкынын теңинен көбү түштүктө жайгашкан. Антсе да, кыйын экономисттер көлдүн жээгинен эле чыгат дегендей таасир калчудай. Өлкөнүн Улуттук банкында Кыргызстандын күнөстүү жагынын өкүлдөрү көп жылдардан бери эмгектенип келишет, бирок алар саясатчылардын көз жаздымында калып, төраганын орун басарынын кызматынан өйдө көтөрүлүшпөйт.
Айтмакчы, Зина Асанкожоева да банк чөйрөсүндөгү иштен тажрыйбасы жок. Ал Кыргызстан көз карандысыздыкты жаңы алган кезде Улуттук банкта бухгалтериясында иштеген. Бул жагдайды - учурдагы банкингттен абдан эле алыс тажрыйба десе болот. Ал кезде, учурда банктык чөйрөдө, Улуттук банкта колдонулуп жаткан финансылык отчеттордун эл аралык стандарттары кире элек болчу. Башкача айтканда, ал советтик доордун бухгалтери бойдон калган.
Айрым финансисттердин айтымында Асанкожоева монетардык саясат жана банктык көзөмөлдү түшүнө билбейт. Айтмакчы, учурда Улуттук банкты жетектеп жатышкан Бактыгүл Жеенбаева жана Абдыбалы тегин Суеркул 1990-жылдардан бери бул чөйрөдө эмгектенип келишет. Бактыгүл эжени айтсак, ал бир кезде Улуттук банктын накталай акча менен иштеген бөлүмүн башкарып келип, андан кийин гана жеке секторго кеткен. Суеркул болсо көп жылдары банктын көзөмөл башкармалыгын жетектеп, учурда төраганын орун басары катары ага куратор болуп келет.
Белгилей кетүүчү жагдай, Асанкожоева көп жылдары премьер-министрдин аппаратында иштеп, бир топ өкмөт башчыларын - Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Алмазбек Атамбаев жана башкаларды - башынан кечирди. Балким, аларга финансылык маселелер боюнча кеңешчи болуп, бул премьер-министрлердин мыйзамсыз иштерине жана кызыкчылыктарына көмөк көрсөткөн чыгар. Муну четке кагууга болбойт.
Өкмөттүн аппаратынын финансылык бөлүмдөрүнүн башчылары токтомдор аркылуу ар кандай компаниялардын кызыкчылыктарын коргой алышчу, мисалы: тамеки өндүрүүсүндөгү акциздер ( Реемстманын кызыкчылыктары), "РСК-Банктын" капиталдаштыруусу жана анын жетекчилигин учурдагы директор Р. Акматбековду калтыруу. Балким, акчаны бир статьядан башка статьяга которуп, республикалык бюджетти ары-бери калчамай болгондур. Тилекке каршы, Зина Мукаевна банкир эмес - ал бир да күн коммерциялык банкта иштеген жок, айыл чарбасын каржылоо сыяктуу социалдык долбоорлор менен алек болгон эмес. Андан улам, ал коммерциялык банктар кандай иштегенин, аларга кандай көзөмөл салат, экономикалык нормативдер тууралуу билеби? Банктык чөйрө үчүн өтө маанилүү болгон англис тилинде сүйлөбөйт, борбордук банктын эл аралык байланыштары менен тааныштыгы жок. Анан кантип өтө жооптуу болгон Улуттук банктын төрагасынын кызматын аткара алат?
Азиз ТУРСУНКУЛОВ




  Кенчиден кеп

Турат Усубалиев, "Чаарат" компаниясынын директорунун орун басары:
"Ишибиз алга жыла турган болду"
(Башы 2-бетте)
Мен Министерство тараптан кандайдыр-бир өзгөчө басым көрсөтүлүп жатат деп айткандан алысмын. Бардыгы эмнеден башталганына кайрылсак? Президенттин жарлыгы менен Б. Мамбетов жана Т. Тургуналиев башында турган кен-байлыктарды колдонуу лицензиясынын абалын текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иш-аракетине баа бергенден алысмын, бирок, эки тараптын бири-бирине койгон талаптары кандайдыр-бир деңгээлде туура деп ойлойм. Өкмөттүк комиссиянын чечимин аткарып, лицензиясы барлардын арасын "тазалаган" Министерство бир жагынан, экинчи жагынан текшерүүдөн жабыр тарткандар, өзүбүздүн укугубузга чек коюлду деп эсептешкен компаниялар. Биздин компания жөнүндө айта турган болсок, биринчиден биздин лицензияны эч ким алган жок. Биздин иш-аракетибиздин баары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, так жүргүзүлүүдө. Эгерде мурунку берилген лицензиясы бар компанияларды текшерүү жөнүндө чечим болсо, кандай келишпөөчүлүк болуусу мүмкүн? Чындыгында, лицензиясы бар кээ-бир компаниялар, кандайдыр-бир себептер менен өзүнүн лицензиялык аймактарында иштерин жүргүзө алышкан эмес. Мамлекетти мындай абал канааттандырбай тургандыгы табигый көрүнүш. Биздин лицензиялык келишимдин шарттары, компания тарабынан дайыма аткарылып, тактап айтсак ашыгы менен аткарылып жаткандыктан, лицензиябызды жокко чыгарганга эч кандай негиз жок болчу, ошондуктан бул маселе бизди тынчсыздандырган жок. Биздин көз карашыбызда, компаниябыздын иш аракетин текшерүү бир аз создугуп кетти, ошого карабастан Министерство менен макулдашылган иш бир күнгө да токтотулбады. Министр З.С. Эсенаманов биздин иш-аракетибизге толук канааттанганын айтуу менен ар кандай колдоо көрсөтүп тураарын убада кылды. Ушул жылдын август-сентябрь айларында эле геологиялык отчетту түзүүнү аяктап, биринчи кезекте Чаарат кенин иштетүүнү баштаганга лицензия алыш үчүн Министерствого кайрылабыз. Ошондуктан жогорку ишмердүүлүк менен иш алып бара жаткан компаниялар үчүн мамлекеттик колдоо саясаты абдан керек.
- Эми мындан кийин деле Минстерство дайыма ушундай текшерүүлөрдү жүргүзүп турабы?
- Ушундай текшерүүлөр мындан кийин болбойт деп ишенем. Азыркы учурдагы лицензияга болгон текшерүү өзүнүн максатына жетти деп ойлойм, ак тилеги менен кен-байлыктарды иштетүүнү жүргүзүп жаткан компаниялар аныкталды. А Министерствонун алдында маанилүү милдет турат - кен-байлыктарды иштетүү мыйзамын, лицензия берүү жобосун, жана башка нормативдик документтерди учурдун талабына ылайыкташтыруу. Биздин милдет - иштиктүү, ак дилдүү иштөө, лицензиялык макулдашуулардын шарттарын так аткаруу менен жылына эки жолу Министерствого аткарылган иштер жөнүндө маалымат берип туруу. Эгерде бардык компаниялар ушундай максат менен иштешсе, аларга эч кандай талаптар коюлбайт деп ойлойм.
- Тоо-кен өнөр жай тармагынын келечеги жөнүндө кандай ойдосуз?
- Биздин тармак ийгиликтүү өнүгөөрүнө мен ишенем, анткени бул тармакта өкмөттүн, министерствонун жана да тоо-кен байлыктарын иштетүүчү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүчү компаниялардын кызыкчылыгы болуш керек. Менин оюмча, Министерстводо бул маселени жакшы түшүнүшөт жана компаниялар менен кызматташууга даяр.
Р.S. Эмесе, айрым газеталарда жазылып жаткандай "жер алдындагы кенч падышалыгында" бардыгы тең эле караңгы эмес экен да. Ишти жүргүзүп жаткандарга жөн гана мүмкүнчүлүк түзүп, мамлекет аларга жардамчы экендигин түшүндүрүп, ал эми тармактын өнүгүүсүнө кызыкдар болгон тарап миңдеген жумуш ордун камсыз кылуу менен мамлекеттин казынасын толтуруп дегендей. Ал эми ишке кош көңүл мамиле жасагандарды болсо жоопко тартуу керек. Бул өнүгүүнүн кадимки эле көрүнүшү болуп эептелет. Бири-бирине түшүнбөстүк менен мамиле жасаганды токтотуп, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн Министрлик менен кен-байлыктарды иштеткен компаниялар бирдиктүү иш алып барууга тийиш.
Турусбек Жапаров





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??