Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бирбүркүм

Ташиевдин абалы оор
Баш прокурор Аида Салянова "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүү жөнүндө сунушун Жогорку Кеңешке жолдоду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, депутат Камчыбек Ташиевге Сулеймановду сулайта чапкан бейбашчылык боюнча айып тагылууда. Муштумун көтөрө чуркап, бапылдап аткан Ташиевдин абалы анча эмес. Убагында "Ата-Журтка" аброй алып келген Ташиев эми четке тебилип, баркы кетип калгансыды. Бирок, Ош коогалаңында оор жүктү моюнуна алган депутатты колдоп жер-жерлерде элдер топтолуп атат дейт…


Мадумар-оф!
Президенттик шайлоо жарыяланбаганы менен талапкер болчу тулпарлардын аягы тынчыбай, Адахан Мадумаров түштүктү түрө кыдырып, эл менен жолугушу кылып жүрөт. Бүгүн Жалал-Абадда "Телтору" ат майданында элди жыйып, тапанданып сүйлөп, тил безеди. Шайлоо болгуча эле элди ээрчитмей башталды. Билермандардын айтымында уруу-урууга тымызын бөлүнүп, ичкиликтерди имерип атыр экен.


Ажо айтты
Ажо айым жакында радиодон берген маегинде абдан эле айкөл болуп, ашынып кетти. Айтымында аскерге барбаган өзбектерге кыргыздар күнөөлү экен. Эгер аскерге барса кыргыз балдар "жеп" коет имиш. Мына сага, жан тартуунун дагы чеги болот да. Мисалы, эки революция болуп кан төгүлдү, ала чапандар мамлекет үчүн кайдыгер экени арабызда жүрбөгөнү менен далил. Баткенде сакалчандар кирип келип, кол салды. Ал жакта да ала чапандарды көрбөдүк, баягы эле орус туугандар жүрөт. Анан аскерге барбай атканына кыргыздар эмес, өздөрү күнөөлү. Мекенди жарытып сүйбөгөнүндө болуп жүрбөсүн. Анан ынтымак үчүн деп эле өзүбүздү тепкилей берген тура эмес да! Жан тартсаңыз туугандарыңыздын үйүнө барып жан тартыңыз. Жалпы кыргызга кыйгач сүйлөбөй.


Султанов "ойсоңдоп" атабы?
Марат Султанов да президент болчулардын катарында. Атайын сайт ачып астыртан камчы салып атыр. Анысы го мейли, карапайым калкка билинбейт экен. Ушу үйүнө бомба жарылганы, кечээ жакында дагы Макеңе атака болуп, машине сүзүп кете жаздаганы карапайым калкка жага бербеди. Мурда ушундай абал түзүлсө элде жакшы көрүү сезими пайда болчуле. Азыр муну дешовый пиар дешип, бу Султановуң да "ойсоктогон обу жок неме окшойт" деп атышат. Муну калп дейин десек, тиги бомба таштаган да, машине менен атака кылган неме да ким экени такталбай же кармалбай атса эл айтканга ишенет экен киши.


Америка авиабазасына жаңы жетекчи келди
Американын Манастагы транзиттик жүк ташуу борборунун директору полковник Дуайт Соунсту узатуу жана жаңы директор полковник Джеймс Джекобсондун кызматка келүү аземи болду. Бул майрам чет элдик өкүлдөр, журналисттер жана кыргыздын аттуу баштууларынын катышуусу менен өттү. Эки элдин гимни жандуу ырдалгандан кийин Кудайга ыраазычылык ибадат окулду. Бир жыл кыргыз жергесинде кызматын жакшы өтөгөн полковник Дуайт Соунска ыраазычылыктар айтылып, Америка бийлиги эмгегин баалап коло медаль менен сыйлашты. Андан кийин эстафетаны колго алган полковник Джекобсон сөз сүйлөп, жакшы кызмат өтөөрүн айтып өттү. Азем соңунда полковник Джеймс журналистердин суроолоруна кыскача жооп берди.


Санатбаев эл баатыры
Раатбек Санатбаевди "кыргыз элинин баатыры" наамын ыйгаруу демилгесин Камчы Ташиев көтөрүп чыгып, депутаттар колдошту. Спортко чыйыр жол салып кеткен инсанга туура баа берилип жатат.


Мирзали Асатов чырылдап атат
Баткен облусунун суу чарбасы жана мелиорация башкармалыгынын мурунку директору Мирзали Асатов анын кызматтан алынышы мыйзамсыз, ага Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурханов кызыкдар экендигин билдирди.
"2010-жылы апрель революциясынан соң Баткен районунан 30 киши келип, арасында мас абалындагылар да бар, менин Баткенден кетишимди талап кылышкан. Мен өзү Лейлектикмин. Кызмат ордумду бошотуп берүүгө мажбурлашты. Бул мыйзамсыз факт экендигине таянып сотко кайрылгам, сот менин пайдама чечип, кызмат ордума кайрадан турдум. 2011-жылдын апрель айынын башында жумушка чыкканымда, облус губернатору эч бир фактылар жок кызматтан алып салды. Ал өз чечимин кесиптик сапатыма шек келтирди, бирок мен 30 жылдан бери мелиорация багытында иштеп, 20 жылдан ашык жогорку кызматтарда иштегем", - деди ал.
М. Асатов Баткен облмамадминистрациясында тааныштык, туугандык, жердештик принцип менен кызматкерлерди жумушка алып жаткандыгын билдирди.
Ал ар бир факт боюнча далил бар экендигин кошумчалады.




Сурасак болобу?
- Өлкөдөгү саясий оюндар, маданият тармагына канчалык таасирин тийгизди?
Кундуз Авашова, "Манас" радиосунун продюсери:
"Айтматовдун эстелигин башкалар тургузабыз дешүүдө"
- Улутту улут кылып сактап калаар жана дүйнөгө таанытар бул маданият. Акыркы жылдардагы өлкөбүздөгү, саясаттагы башаламандык сөзсүз түрдө маданиятка тескери таасирин коп тийгизүүдө. Элибиз маданият кызматкерлеринин эмес, саясат сахнасындагылардын шоуларына алаксыганга, алардын үгүттөрүнө азгырылып калууга мажбур болууда. Башка кызматтарды эске албайлы,маданият министри эле канча жолу өзгөрдү. Маданият министрлиги департамент болуп турду. Ушунун өзү маданиятыбызга канча залакасын тийгизди. Маанилүү делген олуттуу маданий иш-чаралардын канчасы тиешелүү деңгээлде өтпөй калууда же такыр эле эстен чагырылып калып жатты. Дүйнөгө белгилүү жазуучубуздун эстелиги алигиче тургузулбай келет. Айтматовдун эстелигин биз тургуза калалы деген мамлекеттер да чыгууда. Биз үчүн уят көрүнүш. Көзгө басар залкар адамыбыз, кыргыздын жүзү, улут Атасы аталган адамыбыздын эстелигине, экинчи өмүрүнүн уланышына татыктуу көңүл буралбасак анда башка улуттар алдында уятка калабыз.
- Айрым министрликтердин Ошко көчүрүлүшү өзбектерди чочутуп, айрымдары башка тараптарга кетебиз деп кам көрүп атат деген кептин канчалык чындыгы бар?
Ратбек Орозалиев, Ош тургуну:
"Оюу түз эместер чочуп атса керек"
- Министрликтерди, айрым бир административдик мекемелерди экинчи борборубуз Ошко көчүрүүнү өлкөбүздүн ар жарандары ар кыл көз карашта кабыл алышты. Менин оюмча, саясий жактан бул эң туура жана бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси. Эгерде бул маселе жүзөгө ашса анда жергиликтүү шаар тургундарына бир катар пайдалуу жактары бар. Жумуш орду менен камсыз болот, шаардын инфраструктурасы жакшырат, шаар тургундарынын саясий аң-сезими өсөт. Эң негизгиси ошол коркуп жаткан өзбек туугандарыбыздын коопсуздугу сакталып, улуттар аралык мамиле прогрессивдүү нукка карай өнүгөт. Экономикалык жактан, албетте бүгүнкү кырдаалда абдан оор болот, бирок, жолун тапса болот. Менимче, бүгүнкү бул маселеге карай өзбектердин коркуп башка жактарга орун которуп жатат дегени чындык эмес. Ал өзбек карапайым калкынын эмес, ошол өзбек туугандарыбыздын арасындагы айрым бир койнунда котур ташы барларынын түн уйкусун бузуп жатса керек да.
Элзат Бекишова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??