Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Банкбаян

Кыргыз энергетикасын АУБ кантип "банковать" эткен
Былтыркы жылдын февраль айында кыргызстандыктар "Түндүкэлектро" жана "Чыгышэлектро" компанияларын менчиктештирүүсүнө түшүнбөстүк менен карап турушту. Эске салсак, ошол кездеги бөлүштүрүү компаниялары электр кубаты менен мамлекеттин көпчүлүк аймактарын камсыз кылып турушту. Алар тездик жана эч бир үнсүз күлкү келээрлик баалар менен (2-3млн. $) өз ээлерин табышкан. Мамлекеттик пакет акциялары менчик ААК "Чакан ГЭС" компаниясына тийешелүү болду. Бул компания маалыматтарга караганда Максим Бакиевге тийешелүү болучу. Бирок, жалпы коомчулукта ушул мезгилге чейин бул "менчиктештирүүдө" Азия Универсал Банктын кызматы билинбей келет.

Кыргызча "май токоч"

АУБка убактылуу башкармалыктын келишими менен ушул күнгө чейин бизди таң калтырган маалыматтар чыгып келет. Булар колдонуудан чыккан баалуу кагаздардын махинациясы, миңдеген күмөндүү арам акчаларын адалдашуусу жана такталбаган маалыматтын "желим" баланстары. Булардан башка бул тизмеде АУБдун эмгектери мамлекеттин майлуу оокаттарын бөлүштүрүүдө эң чоң ролдорду ойноп турганын Улуттук банктын эксперттери далилдешкен.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин официалдуу сайтынын пресс-релизинде "Түндүкэлектронун" акцияларын сатууда конкурска үч компания катышкан. Алара: ААК "Чакан ГЭС"(Кыргызстан), ООО "Якутгидроспецстрой" (Россия) жана ТОО "ГЭС-Энерго Алматы" (Казахстан). Бул конкурста акцияларга эң жогорку бааны, 3 млн. доллар көрсөтүп ААК "Чакан ГЭС" утуп чыккан. Эгер биз көз жүгүртсөк бир жыл мурун көз карандысыз аудитордук компания "Түндүкэлектрону" 137 млн. долларга баалашкан, 3 млн. долларга сатылганын байкаган кишиге күлкү келерлик баа жана наадандык менен мүлккө кол салуу көрүнүп турат.

Оппозициялык партия, атап айтсак "Ата Менкен" партиясы бөлүштүрүү компанияларынын сатылышына каршы чыгып билдирүү жасашкан, бир эле 2004-жылы эксплуатацияга берилген "Ала-Бель-Семетей" подстанциясы 20 млн. доллар ашык турарын айтышкан. АУБдагы тинтүүлөрдөгү фактыларда эч кандай конкурс болбогонун жанаы ООО "Якутгидроспецстрой" (Россия), ТОО "ГЭС-Энерго Алматы" (Казахстан) катышпаганы аныкталган. Мамлекеттик мүлк министрлигинин маалыматы боюнча АУБдагы тендерге катышуу үчүн гарантия взностору жөн эле бухгалтердик жазуулар болуп эч кандай тирүү акчалар коюлган эмес. Мындан башкасы бул желим акчалар түз эмес, ар түрдүү счеттордон оффшордук фирмалар аркылуу ООО "Якутгидроспецстройдун" (Россия) жана ТОО "ГЭС-Энерго Алматы" (Казахстан) атынан катышкан. Кайсы өңүттө оффшорлор менен бул фирмалардын байланышы бар экени бизге түшүнүксүз. Бирок, жыйынтык чыгара келгенде Россиялык, Казахстандык тараптар көз көрүнө кагаз бети үчүн эле катышканы көрүнүп турат.

Начар сатуучу же...?

Ал аз келгенсип, ошол кездеги өкмөт шашылыш түрдө "Түндүкэлектродон" кутулушкан. Ал дагы өз баасынан 45 эсе аз бааланган (көрсө мамлекет бир эле эффективсиз менеджер эмес эң начар сатуучу да экен). Ошондо дагы көз көрүнө өткөн "инвестконкурста" мыйзам шарттарын бузуу көрүнүштөр байкалып турат. Мисалы, конкурска катышууга 5 жыл электр тармагында иштеген компаниялар катышууга укуктуу эле. Ал эми Казахстан Республикасынын монополияны жөнгө салуу агентствосунун маалыматы боюнча ТОО "ГЭС- Энерго Аламты" лицензияны 2009-жылдын август айында алган. Инвестициялык конкурстун шарты боюнча оффшордук фирмалар же компаниялар катышуу каралган эмес. Ошентсе да ОАО "Чакан ГЭС" Кыргызстандык компания болгону менен анын кожоюну ОсОО "Power Engineering LTD" бир канча оффшордук фирмалар менен түзүлгөн.

Мисалы, ушул эле сценарий менен "Чыгышэлектронун" акцияларын сатуу конкурстары өткөрүлгөн. Бул жерде да үч компания катышкан, алардын экөө бизге белгилүү: ТОО "ГЭС-Энерго Алматы" бул акцияга 300 000 $ сунуштаган, "Биэл-электрик" 500 000 $ көрсөткөн, 1,2 млн. доллары менен "Чакан ГЭС" утуп чыккан. Ушундай эле жол менен Нарын, Ысык Көл областтарынын электрэнергияны бөлүштүрүү компаниялары "Чакан ГЭСтин" башкаруусуна өткөн.

Ушунун баарын көрүп туруп өзүңө суроо узатууга туура келет экен. Чын эле дүйнөдө биздин электр тармагыбызга кызыккан инвестор табылбай калганбы?-деп. Көрсө бул махинация, схемалар реалдуу инвесторлорду жолотпой, айрым бир адамдар көз көрүнө өз кызыкчылыгына өткөзгөн экен. Улуттук Банк өз текшерүү иштеринде АУБдун адам эсин оодарган фактыларга сайылып, акты кара кылган менчиктештирүүнүн мыйзам бузуулардын бетин ачып чыгышты.

"Жел ооздуу" гаранттар

Белгилүү болгондой мамлекеттик мүлк министрлигинде катталган бардык мамлекеттик ишканалар АУБдун кызматын пайдаланган. Ар бир катышуучу инвестициялык конкурста "Түндүкэлектрону" сатууда гарантиялык взносту (5,5 млн. доллар) министрликтин АУБдагы счетуна которуу керек болчу. Бирок, АУБдун бухгалтердик жазууларын деталдуу текшерип келгенде бул сумманы "Чакан ГЭС" реалду түрдө которгон эмес." Бул сумманын жарымын мамлекеттик мүлк министрлигинин счетуна тендерге катышуу үчүн "сүрөтүн тартып гана коюшкан".

Текшерүүчүлөрдүн түшүндүрмөсү боюнча АУБ өзүнүн бухгалтериясында 12 млн. доллардын сүрөтүн тартып, клиенти ОсОО "Furniserv Grup" счетуна коет. (Бул көмүскөдөгү фирманын директору карапайым Бишкектик таксист болуп чыгат). Бул фирма Георгий Чесноковдон 155 млн. сом карыз алып "Акылинвестбанкты" алууга камдалат. Бул эми башка окуя...

Андан кийин ОсОО "Furniserv Grup" чет элдик фирмадан алган сумма майда чынжырчадай фиктивдүү төлөмдөр менен АУБдун ичинде өздүк көмүскө фирмалардан өткөн. Жыйынтыгында "Чакан ГЭС" өзүнүнү счетуна АУБда фиктивдүү 2,75 млн. доллар түшүрөт (гарантиялык взностун тең жарымы). Бул майда чынжырча"көңдөй"- фирмалар АУБдун клиенттери болгон.

Белгилей кетчү нерсе, экинчи жарымын гарантиялык взностун төлөмүн "Чакан ГЭС" реалдуу түрдө ОсОО "Empire Grup" ("Манас Банктын" клиенти баарыбызга белгилүү Белоконь мырзага тийешелүү) а ОсОО "Empire Grup" бул каражатты Traffic Export LLP Baltic International Bankтын кардары болгон, бул латвиялык банк Валерий Белоконьго таандык. Дагы "кызыктуу" фиктивдүү бухгалтердик желенин сырлары ТОО "ГЭС-Энерго Алматынын" гарантиялык взносун текшергенде чыккан. Бул жерде да "жел" миллиондор пайда болгон, буларды SWIFT системасы тастыктаган. Бул "жел" акчалар АУБдун ичинде счетторго которулуп, жыйынтыгында "Eskydo and Co Limited" счетуна 5,7 миллион доллардын сүрөтү тартылган. Мамлекеттик мүлк министрлигинин счетуна ушул фирма ТОО "ГЭС-Энерго Алматы" атынан гарантиялык взнос төлөгөн.

Улуттук Банктын айтканындай, ушул сыяктуу махинациялар мурдагы АУБдун жетекчиси ушул көмүскөдөгү фирмалар менен байланышта болуп, кызыкчылыктары бир болгонун тастыктап турат. Маалыматтардын тастыкталышын айтканда, бир дагы банк клиенттеринин каражаттарын желим түрүндө көбүртүп акчаларын көбөйтпөйт. Ошондой эле таза жетекчи эч качан туура эмес финансылык отчетторго өзүнүн колун койбойт.

Кайрадан майданда

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Чыгышэлектронун" сатылышындагы гарантиялык взносторун текшерип чыгышты. Жыйынтыгы коомчулукта айтылып жүргөн сөздөр айкын болуп чыкты. Сиздер байкагандай булар мамлекеттик ишканалардын менчик текшерүүсү, энергетика тармагындагы таза эмес тендерлер, АУБдагы финансылык махинациялар жөн эле мыйзам бузуулар эмес, мамлекеттик мүлктү өткөзүүдө чоң көмөк көрсөткөнү көрүнүп турат. А "Чыгышэлектрого" АУБ көпчүлүк сценарий менен фиктивдүү транзакцияларды ортомчу фирмалар менен түркүн амалдуу оюндарды ойношкон. Кайра эле SWIFT банк системасы акчалардын түшкөнүн тастыктаган эмес, баары АУБдун бухгалтердик кагаздарында жазуу гана түрүндө көрсөтүлгөн. ОсОО "Ganytime Goods" Улуттук банктын маалыматы боюнча АУБдун таза эмес операцияларына катышып турган. Көзгө көрүнбөгөн миллиондорду банк ичинде айландырып, өзүнчө узун чынжырлуу төлөмдөр менен өздүк фирма кардарлар менен АУБ 2,1 миллион доллардан (толук гарантиялык төлөм взносу) тендер катышуучусу ОсОО "Биэл-электрикке" ошол эле "Eskydo and Co Limited" которот. Бул компания ТОО "ГЭС -Энерго Алматы" атынан фиктивдүү төлөмдү мамлекеттик мүлк министрлигинен АУБдагы счетуна которуп берген.

Ушундай жол менен инвестициялык конкурстарда "Түндүкэлектро" жана "Чыгышэлектро" мамлекеттин мүлктөрүн сатууда конкуренцияны көз көрүнө жасашкан. Азыр элде бул сатуулар мыйзам бузуулар менен өткөнүн жана мыйзамсыз болгонуна эч шек жок. Бирок, бизди таң калтырганы мурдагы АУБдун ээси Михаил Надель пресса аркылуу коомчулуктун алдында актанууга өткөнү жана Убактылуу өкмөттү, Улуттук банкты сотко берем деп коркутканы таң калтырууда. Улуттук банк булардын мыйзамсыз иштерин элге ачып бергени үчүн сотко берет имиш. АУБ өзүн элдик банкпыз деп жар салып, а көмүскөдө элдин байлыгын уурдап тоногонго активдүү катышып, Бакиевдерге арзыбаган акчаларга электр тармактарды көзөмөлдөгө өткөзүп берген. Бүгүн биз ачкан фактылар АУБдун мурдагы криминалдуу турмушунан кичинекей эле эпизоддор.

Руслан Алиев





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??