Баласезим

Бала, куурчак жана Кудай
Күнгө жекшемби. Адаттагыдай эле турмуш тиричиликке керектүү буюм тайымдарды алуу үчүн базарга чыктым. Алчумду алган соң, үйгө кетүүгө камданып, аялдамага бара жатып кызыктуу окуяга туш болдум. Кичине бойлуу, ак жуумал беш же алты жашар баланын жана дүкөнчүнүн маегине көңүлүм бурулду. Дүкөнчү бир колунда куурчак кармап турган баланын сунган акчасын санап, жетиштүү эмес экенин айтты. Баланын маанайы түшүп, эмне кылаарын билбестен мени көздөй бурулуп үмүттүү көз караш менен мага кайрылды:
- Байке, сиз менде акча жетиштүү эмес деп ойлойсузбу?
Мен анын акчасын санап ага кайрадан жагымсыз жооп узатканга аргасыз болдум:
- Иничек, сенин акчаң бул куурчактын баасына туура келбейт. Анткени баланын колунда болгону куурчактын жарым гана акчасы бар эле.
Кичинекей бала колундагы куурчакты дагы эле кармап тура берди. Көзүнө жаш айланып, ыйлап жиберүүгө даяр турган баланын көңүлүн жубатуу үчүн суроо узатууга аргасыз болдум.
- Иничек, бул куурчакты кимге алып берет элең?
Берген суроомо бала токтолбостон жооп берди.
- Бул куурчакты менин карындашым аябай жакшы көрчү жана сатып алгысы келчү. Мен аны ага туулган күнүнө белек кылайын дегем тилегим бар болчу.
… Жообун узатып, карындашын эстегенде бир жылмайып жана ошол эле учурда көзүнө кайгы муң толгон бала өз кебин улантты.
- Бирок, карындашымдын туулган күнү болгуча аны Кудай өзүнүн жанына алып кетти. Жакында апам да Кудайга сапар алаарын мага атам айтты. Ошого чейин куурчакты алып, аны апамдан карындашыма берип жиберейин дегем.
Баланын бул сөзү бир заматтын ортосунда сай сөөгүмдү сыздатып, жашоомду астын үстүн кылып жиберди. Арман күн! Балада эмне жазык? Кичинекей бала менин ошол кездеги абалым менен эсептешпестен, сөзүн улай берди. "Мен атамдан, апам мен келгиче кетпей турсун"- деп сурандым.
Анан кийин ал мага үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн көрсөттү. Сүрөттө ал абдан бактылуу жана жылмайып туруптур. Анан дагы кошумчалай кетти: Мен бул сүрөттү да апама берейин деп чечтим. Алар ал жактан мени унутуп калбаш үчүн эстей жүрүшсүн. Бирок билесизби, мен апамды аябай жакшы көрөм жана анын кетишин каалабай турам. А атам, ал менин карындашыма барышы керек деп айтты.
Андан соң ал кайра куурчакты кайгылуу көздөрү менен карады. Бир нече көз ирмемге үндөбөй туруп, балага кайрылдым.
- Балким, сенин акчанды кайрандан санап чыгабыз, мен жана адашып калдым окшойт. Бала токтолбостон, "ооба, мен жетиштүү эле акчам бар деп ойлойм" деди.
Мен балага билгизбестен, үстүнө кичине акча кошуп кайра санаганды сунуштадым. Куурчакка жетчү жана кичине аша турган акча чыкты.
Кичинекей бала: " Кудайым сага рахмат, мага куурчакка жетиштуу акча бергениң үчүн!" Анан кайра мени карап сөзүн улантты: "Кечинде, жатаардын астында мен Кудайдан карындашыма куурчак алууга мага кичине акча бер деп сурангам. Ал менин суранычымды аткарды! Андан сырткары бир ак роза гүлүнө жетиштүү акча болсо деп тиленгем, бирок аны мен Кудайдан сураган эмесмин. Бирок, ал мага жетиштүү акча берди, мен куурчак да, роза да ала алам. Менин апам ак розаларды жактырат!".
Мен ошол күнү үйгө абдан жаман абалда кайтып келдим. Бассам турсам баланын аянычтуу сөзү, муңдуу көз карашы эсимден чыкпай койду. Андан кийин жергиликтүү гезитке эки күн мурун мас айдоочу аял менен кичинекей кызды сүзүп кеткендигин баяндаган макала эсиме түштү. Кичинекей кыз ошол жерден каза тапкан, ал эми аял оор абалда ооруканага жеткирилген. Куурчакты алган бала ушул үй-бүлөөдөнбү? - деген ой оюмду онго, санаамды санга бөлүп жатты. Ошентип кайрадан жашоонун жазылбаган мыйзамына баш ийип көр турмушту өткөрө бердим.
Эки күндөн кийин баягы аялдын бул дүйнө менен кош айтышкандыгы тууралуу макала эскерме чыкты. Гезиттеги эскермени окуп жатып, көзүмдөн чыккан жаш жүзүмдү жууп жатты.… Ордуман шашылыш турдум да, ак роза гүлдөрүн сатып алып аялды акыркы сапарга узатууга бардым. Көздөрү жумулуу, бирок жашоонун рахатына тойбой, алган жарына эркелеп, уул кызынын таттуу кылыктарын көрбөй кеткен ак кийимчен жаш аял, бир колуна ак роза кармап, бир колуна баягы куурчакты жана сүрөттү кармап жаткан эле.
Мен алып барган гүлдөрүмдү табыттын жанына койдум да, кете бердим. Чыдай албадым! Буга эч ким чыдай алмак эмес. Энесинен ажырагысы келбей, анын жансыз колдорун бекем кармап отурган байоо мүнөз баланын арман толгон көздөрү ташка да жан киргизчү абалда эле. Эх, бири кем дүйнө! Бирок бул күндөн тартып менин жашоомдо өзгөрүү болоду. Бул жаш баланын апасына жана карындашына болгон тунук сүйүүсүн мен эч качан унутпайм!!!
СУРАНЫЧ, ЭЧ КАЧАН МАС АБАЛДА УНАА АЙДАБАҢЫЗ!!! Сиздин туура эмес жазаган кадамыңыздан жер бетинде миңдеген адам кан жутуп, жаш бала жетим, энелер жесир калууда.
Которгондор: Чолпон Калиева
Мира Алымкулова