Ата салт

Манастан бери келаткан Салбурун
Акыркы жылдары кыргыз элинин аң-сезиминде патриоттук сезим ойгонуп, улуттук ар- намыс козголуп, ата-бабалардан келе жаткан салт-санааларыбызга, оюн-зоокторубузга көңүл буруп, улутубуздун уңгусуна көңүл бөлгөн жаштарыбыз көбөйүп келатат. Ошондой патриот жаштарыбыздын бири "Салбурун" оюндарынын негиздөөчүсү, спорттун чебери Алмазбек Акуновдон буларды уктук.


Өткөн 2010-жылдын 16-ноябрында Бүткүл дүйнөлук уюм ЮНЕСКО конвенциясында мүнүшкөрлүк (бүркүт, куш салуу) өнөр эң чоң номинацияда "Адамзатынын көөнөрбөс мурасы" деп таанылып дүйнөлүк мурастардын тизмесине катталды. Тизмеге каттоого көп жылдан бери аракет кылып жүргөн мамлекеттер; Сауд Арабиясы, Катар, Бириккен Араб Эмираттыгы, Бельгия, Франция, Марокко, Испания, Англия, Чехия, Сирия, Корея, Монголиялар болушту. Дүйнөдө бул өнөрдүн пайда болгону 4000 (төрт миң) жылга барып такалат, бул өнөр эң биринчи Орто азияда, Алтайда пайда болгондугун дүйнөлүк окмуштуулар дайыма баса белгилешет. Адамзат жаралганда адегенде эле аңчылык кылууну үйрөнүшкөн, мына ошондуктан бул өнөр баардык өнөрлөрдүн улугу, байыркысы болуп эсептелинет. Аталган чөлкөмдөгү көчмөн элдер (түрк тилинде сүйлөгөн) алгыр куштарды кармап аларды колго үйрөтүп, күнүмдүк турмуштарында аңчылыкка кеңири пайдаланышкан, эми ошол элдердин урпактары бүгүнкү күнү дагы бабалардын мурасын унутушпай сактап калышты.

Тарыхта жазылгандай Энесайлык кыргыздар Чынгызханга бир Акшумкар, бир Карашумкар тартуу кылгандыгы кыргыздардын мүнүшкөрлүк өнөрдү өтө бапестегендигин айгинелейт. Ошондой эле кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун маалыматын карасак, Кыргыз каганатында таркандар (ошол кезде аймактарды башкарган бийлик ээлери, азыркыча губернаторлор) каганга (кыргыз ханына) мезгил-мезгили менен тогуздап белек тартуулачы экен, "Тогуз күлүк жылкы," "тогуз сулуу кыз," "тогуз төө", "тогуз жаа", "тогуз туу байрак", "тогуз канжар", "тогуз калкан", "тогуз тон" жана "тогуз бүркүт". Мына ушунун өзү эле эмнени белгилейт, кыргыздарда ошол кезде эле бүркүтчүлүк өнөр бааланган.

Жеке кыргыз элинин көөнөрбөс улуу мурастарына кайрылып көрсөк, мурастардын туу чокусу Манаста өнөр жөнүндө кеңири маалымат бар. Манас баатырдын "Кумайык" деген тайганы болгон "Мээлей алып боо тагып, Ит агытып, Куш салып, Салбурундап жер чалып" дегендей, Манас өзү баштап кырк жигити менен аңчылыкка чыккандыгын билебиз. Ал эми Көкөтөйдүн ашында кытайдын балбаны менен күрөшүп жыккан чыканактай Эр Агыш, бүткөн бою тарамыш болгон Агыш деген кыргыздын балбаны бүркүтчү болгон. Манастын уулу Семетей болсо ак шумкар менен ак тайган салып эс алган. Кийинки тарыхтагы элдик баатырлар жөнүндөгү санжырага кайрылсак Жаңыл-Мырза тайган таптап, бүркүт салган, Балбай баатыр болсо "Актаман" деген тайганы менен дайыма аңчылыкка чыккан. Ушинтип өткөн тарыхтын баарын барактасак, баардык тарых барактарында мүнүшкөрлүк өнөр коштолуп жүрөт. Советтер Союзунун мезгилинде бул өнөр унутулган эмес, тескерисинче улуттук-спорттун катарына кирип, кыргыздар Москвага декадага чейин барып өз өнөрлөрүн көрсөтүп турушкан. Ошол кезде атактуу Манасчы Саякбай Каралаев, комузчу Чалагыз Иманкулов баштаган улуу адамдар бул өнөрдү өмүрлөрү өткөнчө багышкан. Кийин Союз тарагандан кийин мүнүшкөрлүк өнөр үзүлүп-сүзүлүп жоголуп кетүү коркунучуна кептелген. Алып айтсак 1995-2000-жылдары кыргызстандын баардык областарында жоголуп олтуруп бир гана Ысык-Көлдүн Тоң жана Ысык-Кол райондорунда сакталып калган. Бүгүнкү күнгө мүнүшкөрлүк өнөрдү азыркы муундарга өткөзүп беришкен Токтосунов Зарна, Сулайманбеков Кутулду, Сатылганов Сарынын эмгегин эскерип кетпесек болбойт.

Бирок бүгүнкү күнү бул бабалар мурасын, дүйнөнүн башка элдери ийине жеткизип, өнүктүрүп кетишкен. Англияда 2 000000(эки миллиондой) адам мүнүшкөрлүк менен алектенсе, Монголияда 300дөн ашуун бүркүтчүлөр катталган.

Бизде болсо 2005-жылы биринчи жолу "Салбурун" уюшулганда 7 гана бүркүтчү катышкан, быйылкы жылдын жыйынтыктоочу "Салбурун" мелдешине 22 бүркүтчү, 21 кушчу катышышты. Ушул беш жылдан бери уюшулуп келе жаткан "Салбурун" фестивалы кыргызстанда мүнүшкөрлүк өнөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошту десек жаңылышпайбыз. Болбосо, бул өнөрдү Мамлекеттик спорт комитети 1998-жылы улуттук спорттук оюндардын катарынан чийип салган, анын ордуна корейлердин, кытайлардын улуттук оюндарын каржылоого өтүшкөн, мына сага патриоттук сезим. Бул ишти эч ким карабай, уюштурбай унутуп койгондуктан өз каражаты менен, спонсорлордун жардамы менен Алмазбек Акунов Кыргызстанда биринчи болуп 2005-жылы "Салбурун" комплекстүү спорттук аңчылык оюнун негиздеп, салбурун жөнүндө кино тартып, плакаттарды чыгарып, теледен көрсөтүүлөр уюшулуп, газета беттерине статьяларды жазып, Англия, Франция, Сауд Арабиясында, Казакстанда болгон мүнүшкөрлөрдүн фестивалына катышып келип, алган тажрыйбасын колдонуп, бул өнөрдүн таралышына чоң эмгек жумшады. Алмазбек Акунов бул иштер эле эмес, башка жасаган элдик жумуштарын атай кетсек болот, ал буга чейин Ысык-Көлдөн "Көк-Бөрү" оюнун баштап, көлдөн жакшы команда даярдап чыгарат (Муну көкбөрү федерациясы далилдеп берет). Чолпон-Атада биринчи жолу өз каражаты менен Эркин жана Кыргыз күрөш боюнча зал ачып көптөгөн балбандарды тарбиялады, анын ичинен өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азиянын күмүш медалынын ээси Максат Жакшылыковду атоого болот. Кыргыз жылкыларынын сапатын жакшыртуу багытында иш алып барып, "Кыргыз жылкысы жөнүндө сөз" деген илимий-популярдуу чакан китебин жазып чыкты.

"Салбурун" оюну 2005-жылы Тоң жергесинде башталган, ошондон бери жылда салттуу түрдө республикалык деңгээлде байма -бай өткөрүлүп келе жатат.

"Жаа атуу" "Бүркүт, Куш салуу" "Тайган агытуу" деген улуттук спорт оюндары жогоруда айтылгандай "Салбурундун" астында бириктирилди, бул эзелки бабалардын салты бири-биринен ажырагыс нерсе. Ошондуктан миң жылдардан берки аталар салтын унутпай, аларды азыркы шартта жаңы формага салып, өнүктүрүүнү колго алып кыргызстанда биринчилерден болуп 2005-жылдан бери Салбурун фестивалын уюштуруп, спорт катары өнүктүрүп жаткандарга ыраазы болушубуз керек.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда "Салбурун" федерациясы түзүлүп, президентигине белгилүү саясатчы Темир Сариев дайындалган. Канча акчалууларга кайрылдык бирок бирөөсү да жардам берген жок. Темир Сариев бизге чоң жардамын берип келатат. Биз ал кишиге ыраачылыгыбызды билдиребиз.

Салбурундун азыркы шартка ылайыктуу спорт катары эрежелери иштелип чыгарылды. Негизинен бул оюн беш жылдан бери такай өткөрүлүп келе жаткандыктан катышуучулар көбөйүп, салбурунчулар бир топ ийгиликтерге жетишип, ит багып, куш багып жүргөндөр өз багыттарын аныктап, колундагы баккан жандыктарын эмнеге үйрөтүү керек экендигин билип алышты. Мисалы, мурда (салбурун башталганга чейин) кыргызстанда тайган асырагандар, тайгандарын көргөзмө (выставка) менен гана чектеп коюшчу. Ошол көргөзмөдө 1-орунду алып жүргөн тайгандар беш жылдын ичинде бир дагы аңчылык касиетин көрсөтүп байге алышкан жок. Негизинен аңчы иттердин тукумунун эң биринчи талабы аңчылык касиети эсептелинет. Бекеринен Калыгул-Аке айткан эмес да, "Алгыр болсо тайганың, алтындан таап каргы так. Алалбаса аңдарды айлансын андан, башка чап" деп. Ал эми Ысык-Көлдөгү бүркүтчүлөр болсо туристтер үчүн үй коенго салып гана күнүн көрүшчү, азыр алар эрежеге баш ийишип көлгө үндөккө чакырып, чыргага учуруп, жапайы жандыкка сынашып, мындан сырткары улуттук кийимдерди кийишип, колдонгон мээлей, боолоруна да упай алып калышты.

Айрыкча жаа атууну сөз кылсак болот, кыргыздар жааны унутуп калганы кеминде 200-300 жыл болду, эгерде байыркы Енисей кыргыздарын алсак жаа жасоо, жаа атуу боюнча дүйнөгө аты чыккан эл болгон. Жаага токтолсок бул оорураак маселе болуп жатат, жааны жасоо кымбатыраак болуп, жааларды Америкадан, Венгриядан алып келип ошол жаалар менен катышып жатабыз. Азыр кээ бир мүйүздөн жасалып жаткан жаалар талапка жооп бербей жатат, сувенирге гана жарактуу болуп калды, азырынча бир дагы жакшы жаа жасаган чебер жок. Бир гана Каджы-Сайдагы Алмаз Асаналиевдин жаасы бир аз жакындайт. Эмне демекчибиз ылайым эле бабалардын мурасы түбөлүк жашай берсин!.
Лариса Асанбекова