Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кенчиден кеп

Турат Усубалиев, "Чаарат" компаниясынын директорунун орун басары:
"Ишибиз алга жыла турган болду"
Акыркы мезгилде газета-журналдарда кен-байлыктарды колдонуу маселелерине, башкача айтканда пайдалуу кен-байлыктарды иштетүүгө жана геологиялык чалгындоо иштерине көп көңүл бурула баштады. Тактап айтканда жаратылыш ресурстары министрлигинин жаңы жетекчилиги тоо-өнөр жайы боюнча мурунку берилген лицензияларга ревизиялык текшерүү иштерин жүргүзүүсү жана бул тармакта лицензия берүүдө буга чейин ар-кандай мыйзам бузууларга жол берилгендиги жөнүндө жазып чыгышты. Башка жагынан алганда, жаратылыш ресурстары министрлик жетекчилигинин иш-аракети кен-байлыктарды иштетүү жумуштарынын токтоп калышына, компаниялардын каржы жагынан жоготууга дуушар болушуна, инвестициялык агымдын азайышына жана да жумуш орунун кыскарышына алып келгендиги жөнүндө бир канча макалалар жазылды. Кыргыз экономикасынын маанилүү тармагында иштердин кандай жүрүп жаткандыгын түшүнүү үчүн биз геологиялык чалгындоо боюнча компаниялардын бирине, Кыргызтанда көптөн бери ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жаткан - Чаарат компаниясына кайрылып көрөлү деп чечтик.

- Турат Эдуардович, өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз?
- Мен инженер-геолог адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтун жана Япониядагы Шимане Университетин бүтүргөм. Иш таржымалымды Жерүй кенин чалгындоо боюнча участкалык геолог болуп баштап, Кумтөр кенинде алты жыл башкы геолог жана Чаарат компаниясында беш жылдан бери чалгындоо жана ишке киргизүүгө даярдоо боюнча жумуштарында иштеп келе жатам.
- Өмүр баяныңыз чынында эле жакшы таасир калтырат экен. Иш жүзүндө Сиз кыргыз тоо-өнөр жайы жана геологиясы сыяктуу орчундуу объекттерде иштептирсиз, Чааратты чалгындоо иштеринде Кумтөрдөгү иш тажрыйбаңыздын жардамы тийгендир?
- Биз Чаараттагы кендин пайда болуусун чалгындоону 2002-жылы баштаганбыз, ал мурда сурьма кени катары эсептелип келген. Бүгүнкү күндө биздин геологиялык чалгындоо иштерибиздин натыйжасында Чаарат кенинде алтындын бар экендиги аныкталып, алдын-ала анын өндүрүштүк запасы бааланды. Иш жүзүндө 2011-жыдын 1-январына геологиялык чалгындоо иштеринин аткарылышы боюнча 18 987 куб метрлик арыктар казылды, жер астында жана үстү жагындагы бургулап казуулардын узундугу 53 680 м, жер астындагы шахтанын узундугу 1 799 м. жана 50 километрлик технологиялык жолдор курулду. Геологиялык чалгындоо иштерине түз тартылган инвестициянын жалпы суммасы 40 млн. америкалык долларды түздү. Бул жагынан алганда менин тажрыйбамдын жардамы бар деп да айтсак болот.
- Чааратта канча кыргызстандыктар иштешет, чет элдик адистер да барбы?
- Албетте, бизде чет элдик адистер иштешет, бирок алар аз эле, долбоордо иштегендердин жалпы санынын болгону 3-4% түзөт. Калгандарынын баары кыргызстандыктар, бул жерде дагы бир айтып кете турган нерсе, биз ар дайым жалданып иш жүргүзгөн ишканалардан Чаткалдын жашоочуларын жумушка тартуусун талап кылуудабыз. Өкүнүчтүүсү, Чаткалда тоо-өнөр жайы жана геология боюнча керектүү адистердин тартыш болуп жаткандыгында. Ушундай болгону менен Чаткал долбоору боюнча иштеп жаткандардын жалпы саны 600 киши болсо, анын 100гө жакыны - чаткалдыктар. Ошону менен бирге эле биз өзүбүздүн кызматкерлерибизди улуту боюнча же аймактык "түндүк-түштүк" деп бөлүп тургандан алыспыз деп баса белгилеп кетким келет. Биз - кыргызстандыктар, бир өлкөнүн атуулдарыбыз, ошондуктан биздин компанияга жумушка алууда- профессионалдуулук деген гана критерийге көңүл бурулат.
- Керектүү адистердин жетишсиздиги маселесин кандай жол менен чечели деп жатасыздар?
- Ушул эле 2011-жылы тоо-өнөр жайы боюнча адистерин даярдоо курстары ачылып: тоодогу бургулоо, жардыруу, жер астындагы иштерин жасоочу жумушчулар, оор жүк тартуучу машиналардын айдоочулары, технологиялык жабдуулардын опреаторлору ж.б. даярдалмакчы. Мындан тышкары, азыркы убакта Чаткал районунан 6 студентти тоо-кен институтунда окутуп жатабыз. Тилекке каршы, кээде "биздин балдарды жөн эле машина, бульдозерлерге отургузуп иштетип койсоңор, калгандарын өздөрү эле үйрөнүп алышат" - деген сыяктуу айтылган сөздөрдү угууга туура келет. Окуп деле кереги жок, жөн эле үйрөнүп алса болот деп айтканга оңой болгону менен, маселени чечүүдө жоопкерчиликсиз мамиле болбош керек.
- А чаткалдыктар сиздерди колдошобу?
- Биз "Чаткал районуна жардам көргөзүү" программасын иштеп чыгып, аны ийгиликтүү ишке ашырып жатабыз. Мындан тышкары Чаткал районунун жашоочулары жана жергиликтүү башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта иштөө максатында, Чаарат компаниясынын Чаткалдагы өкүлчүлүгүн ачып, "Чаткал Ордо" коомдук фондун уюштурганбыз. Мунун өзү жергиликтүү башкаруу органдарына жана жергиликтүү жашоочуларга бир миллиондон ашык суммадагы социалдык жардамдарды көргөзүүгө шарт түздү. "Чаткал Ордо" долбоорун ишке ашыруу чегинде улуттук буюмдарды жасоочу "Шырдак" долбооруна гана 40тан ашык аялдарды-Чаткалдык жашоочуларды жумуш менен камсыздандырдык.
- Жергиликтүү бийлик менен болгон мамилеңиздер кандай болууда?
- Иш жүзүндө бизге чаткалдык администрация тарабынан дайыма түшүнүү менен мамиле жасалып, колдоо көрсөтүлүүдө. Биздин өндүрүштү өнүктүрүү - бул миң болбосо да жүздөгөн кыргызстандыктар, анын ичинен чаткалдыктар үчүн да жумуш орундары экендигин ойлогон түшүнүктүү кишилер бар. Тоо-кен өнөр жайындагы бир жумуш орду өндүрүштү камсыз кылыш үчүн (анын ичинде айыл чарбасын да), автоматтуу түрдө беш жумуш орду менен камсыз кылаары белгилүү. Ал эми мамлекеттик бюджетке канча киреше түшүп аткандыгын, алардын олуттуулугун айтпасак да түшүнүктүү.
- Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан компанияларга "кысым" көрсөтүү, сиздердин компаниянын иш-аракетине кандай таасирин тийгизди, бул жөнүндө акыркы убактарда көп жазып жатышат?
- Адегенде бул тармакта жалпысынан эмне болуп жаткандыгы жана анын ичинен биздин компанияга тийгизген таасири кандай болуп аткандыгын аныктап түшүнүп алсак. Мен - геологмун, геология мен үчүн жөн гана адистик болбостон жашоомдун түрү да болуп эсептелет, ошондуктан министерствонун айланасында болуп жаткан "ызы-чуу" мени да тынчсыздандырбай койгон жок.
(Уландысы 5-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??