Салтыңды сактай бил

Кой союунун эрежелери
Меймандос кыргыз элибизде конок келсе койун көтөрө чаап союу салтка айланган. Бирок, аны жиликтеп, устукандап табакка тартуу өзүнчө искусство десек болот. Тилекке каршы бул салтыбыз кийинки мезгилдерде унутта калып бараткансыйт. Мына ушул жөрөлгөбүздү калкыбыздын эсине дагы бир ирет салууну эп көрүп, кой союунун, жиликтөөнүн эрежелерин берүүгө аракет жасадык.


Устукандоо, табакка тартуу
Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак болуп бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда-сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат. Жумшак эттүү, майлуу устукандар аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда- сөөккө) тартылат. Мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик улууларга, аксакалдарга гана арналат. Арка, моюн, далы, кар жилик жаштарга тартылат. Эң улуу устукан болуп жамбаш эсептелинет, андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, кийинки убактарда (айрым аймактарда) баш кичүүлөргө тартылып келе жатат.
Ысык-Көл, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо, кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат. Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат. Табак тартуудан мурун үйдүн кожоюну ооз тийиши керек. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгарат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, беш бармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн, чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.
Кашка жиликтен томук, жото жиликтен чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп- тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат. Ар бир устуканды таза мүлжүү керек, жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүнгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.

Кой сойгуч
Жогорудагыдай жөрөлгөнү шаардык туугандарыбыз биле бербеси бештен белгилүү. Антсе да азыркы заман бардык жеңил жакты көргөзүп, үйрөтүп жатат. Жеңил дегенимдин себеби, мал кармап союп көрбөсө да пулдун күчү малды гана сатып алмак тургай аны сойдуруп, жиликтетип, ичеги-карынын арттырып да алышат экен. Шаарыбыздагы мал базарынын жанында кой союучу атайы жай бар. Ал жерде койду союуп, ичеги карынын артып, жиликтеп салып берүүнү бизнеске айланытып алышыптыр. Күнүнө жыйырмага чейин кой сойгондор болот экен. Мал базарга барып кыргызча мал сое тургандар керек эле десеңиз, кыргыздын жаш балдары тизилип чыгат. Бир койду 450 сомго союп, жиликтеп берет экен. Ичеги-карын арткан айымдардын маянасы күнүнө 250 сом. Бир чети киреше табуунун жакшы булагы, бир гана аксаган жери шартынын начардыгында. Изат Асанбек уулу көптөн бери бул жерде иштейт. Өзүн Казармандын кулунумун деп тааныштырган бул жигит 20 жашта. Койду союп баштаганда убакытты ченеп да көрдүк. Ашык кеми жок 15 мүнөттүн ичинде койду союп, жиликтеп берип койду да пулун алып кетип калды. Андыктан мал сойгонду билип алсаң да өзүнчө бир кесиптин ээси болуп калат экенсиң деген ой кетти. Кой сойгонду билип гана тим болбостон, жиликтегенди, конокко устукан тартууну да биле жүрүү оң.

БАЛАНЫ ТҮЙҮЛДҮК
КЕЗИНДЕ
ТАРБИЯЛОО
Баланы түйүлдүк болгонго чейин тарбиялоонун жолдору бар.
Түйүлдүктүн пайда болгонуна чейин баланын "уясын" эненин жатынын ар кандай оорулардан сактап, эгерде ооруп калган болсо толук дарылоодон өткөрүп, андан кийин балалуу болуунун жолун пландаштыруу бүгүнкү күндүн талабы болуп, ар кандай инфекциялардын көбөйүшү күндөн күнгө көйгөйлүү маселелерди жаратууда.
Бойдон алдыруу учурундагы инфекциялардын жугуп калышы, бойдон түшүп калгандан кийин жакшы тазалатпай коюудан жана дарыланбай коюудан ар кандай инфекциялардын калып калышы же күйөөсүнөн жуктурулган венерикалык оорулардын жумурткалыктарда жашырынып кала бериши сыяктуу кыйынчылыктар кийинки боло турган түйүлдүктүн оорулуу болуп төрөлүшүнө себепчи болот.
Ошондуктан баланы түйүлдүк болгонго чейинки кезинде ата менен эненин ден соолугунун жооп берээрлик акыбалы менен эсептешип, пландаштыруу жакшы натыйжасын берет.
Эненин курсагында түйүлдүк пайда болгондон кийин ал энесинин ден-соолугу менен жашоо өткөрө баштап, энесинин кубанчына кубануу менен кайгысына кайгыруу менен өмүр улантып жүрүп отурат.
Түйүлдүк энесинин ичкен тамагы менен тамактангандыктан, бойдо бар кезде ар кандай дары дармектердин көп колдонулушу баланын толук кандуу болуп өсүүсүн жана калыптануусун начарлатып, кээ бир кездерде түйүлдүктүн дарыга ууланып калуусуна дагы себеп болуп, балдардын алсыз болуп, начар болуп төрөлүшү энесинин курсагындагы кезинде этият мамиле кылынбай, ар кандай дарыларды колдонгондуктан келип чыгат.
Ошондуктан боюнда бар аялдын ден соолугунун таза болушу, ар кандай оорулар менен оорубай тургандыгы ичтеги баланын дагы ден соолугунун таза болушуна шарт түзүп, алты саны аман баланын төрөлүшүнө маанилүү өбөлгө болот.
Бойдо бар кезде грипп болуп же суук тийип ооруп калуу баланын өсүүсүн начарлатып, эненин аз кандуулугу дагы баланы витаминдүү тамактарга көбүрөөк муктаж кылып, түйүлдүк энесинин жаны менен жана материалдык денеси менен жашоого көз жарып төрөлүүгө жандалбас кылат.
Эненин туура тамактанышы жана жакшы тамактанышы түйүлдүктүн өсүүсүнө жакшы жардам берип, түйүлдүктүн сөөк органдарынын жана бардык органдарынын туура калыптанышына шарт түзүлөт.
Эненин туура эмес жана начар тамактануусу баланын бардык дене-мүчөсүнүн начар калыптанышына себеп болуп, алсыз дене мүчөлүү баланын төрөлүүсүнө дагы себепчи болот.
Баланын - түйүлдүктүн дене-мүчөсүнө кайсы витамин-минерал же зат керек жана жетишсиз болсо эне ошол тамак-ашка талгак болуу менен мындай тамак аштарга табити ачылып, талап кылып жей баштайт да, баласына керектүү заттарды өзү жеген тамак-аштары менен жеткирип бере алат.
Бойдо бар кезде талгак болгон аялды шылдың кылуу, кемсинтүү, жаман көрүү эне болуу активдүүлүгүн начарлатып, анын кесепети түйүлдүккө дагы тийип, бала өзүнө керектүү заттарды талап кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, бардык тамак-аштарды кустура берүү, кабыл албоо "чабуулуна" өтүп, эненин акыбалын оорлотуп жана начарлатат. "Келинибиз жут чыкты. Манас туугандай болуп атат. Акчанын көбү ушуга кетип жатат"-деген сыяктуу сөздөр жана кыйыр мамилелер эненин акыбалын начарлатып, көңүлүн чөгөрүп, мындай акыбалдардан чыкпай жүрүп төрөгөн эненин баласы кыялы чатак, ызакор, өщү серт ж.б белгилер менен жарык дүйнөгө келет.
(Уландысы кийинки санда)