Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Шумдугуңкур

Дүйнөдөгү эң
кымбат үлпөт той
Дүйнөдөгү эң кымбат той Дубайдын шейхи Мухаммед бин Рашид аль-Мактум деген башкаруучунун тоюу эсептелинет. Ал 1981-жылы Саламе аттуу ханзаадага үйлөнгөн. Шейхтин үлпөт тойу үчүн атайын 20 000 адам баткандай чоң зал курулуп, салтанат 7 күнгө чейин созулган. Шейхтин кубанычын тең бөлүшүүгө келген миңдеген коноктор беш күндүн ичинде беш миң бөтөлкө "Mouton Rothschild" ичишкен. Бул үлпөт тойго кеткен чыгым 44,5 миллион долларды түзгөн. Бул бүгүнкү акча менен алганда 100 миллион доллар болот.


Баалуу торт
Дүйнөдөгү кымбат үлпөт тойду сөз кылган соң тойдун көркү болгон тортту кеп кылбасак болбостур. Дүйнодогү эң кымбат торт Беверли Хиллстеги кондитердик азыктарды даярдоочу жайлардын биринде жасалган. Торт жыйырма миллион долларга бааланган. Себеби, аны кооздош үчүн бриллианттар колдонулган. Эң кымбат делген торттон асыл таштар жоголбош үчүн атайы күзөтчүлөр күнү-түнү кайтарышкан.


Түнкү көпөлөктөрдүн
бут кийими
Бийик платформа түрүндөгү жайкы бут кийим "Platforms" деген ат менен чыккан. Анда атайы монитор коюлуп, MP3-плеер, радио, телеантенна, электрондук почтаны жиберүү функциялары болгон. Эң негизгиси коопсуздук кызматына бир баскыч менен чакыруу жиберүү болгон. GPS системасынын жардамы менен бут кийимдин кожойкеси кайсыл жерде жүргөндүгүн аныктап, жардамга бара алышат. Мына ушул кызматтын арты менен бут кийим "түнкү көпөлөктөрдүн" арасында модага айланып кеткен. Бул бир гана көпөлөктөр эмес ар бир кызга керектүү. Бир гана жардам суроого эмес бут кийим электрондук почтаны окуганга, музыка укканга же телевизор көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок, бул бут кийимди чечпей туруп кызматтарынан пайдалануу ыңгайлуубу белгисиз. Өзүнө ушунча функцияна камтып аткан соң бут кийимдин салмагы, бийиктиги бир кыйла экени талашсыз. Андыктан анын кожойкелери эс алып отуруп кызматынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар.


Кош баштуу наристе
Кытайдын Сычуань провинциясында өзгөчө наристе төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келген наристеде эки баш болуп айланадагыларын чочуткан. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашап кетерине ак халатчандардын көзү жетпейт. Бирок, кош баштуу кыз азырынча өзүн жакшы сезип жатат. Наристенин эки башы бар экенин врачтар энеси көз жарарга эки күн калганда аныкташкан. Учурда доктурлар сиам эгиздерин операция жолу менен бөлүүгө болобу же жокпу деп изилдеп жатышат. Статистика боюнча мындай эгиздер өлүү төрөлөт же аз гана жашашат. Же эгиздерди ажыраткан учурда экинчиси жашап кетүүсүнө кепилдик жок.


Дүйнөсөз
Япония. Суу астында шаарды тазалоодо катылган акчалар табылууда. Технологиянын өнүккөн заманы болсо да жашы өтүп калган адамдар байлыгын үйүндө сактап көнүп калышкан экен. Андыктан табылган акчалар көбүнчө "сейфтерде" болгон. Табылган 12 миллион доллардын ичинен 85%ынын кожоюндары табылды. Себеби, сейфте акча менен бирге үй ээсинин документтери да болгон.
Жаңы Зеландия. Крайстчерч шаарындагы жер титирөө ондогон имараттардын кыйрашына алып келди. Жашоочулардын 40тан ашууну бейтапканада, ал эми 50 миңден ашыгы суусуз жана газсыз калышты. Саат 13.00дө 5,2 баллдагы титирөө башталган. Титирөөнүн борбору Крайстчерчтен 9 киллометр алыстыкта жана 11 киллометр тереңдикте болгон. Жарым саат өткөндөн кийин жер дагы бир силкинип, толкуну 6 баллга чейин жеткен. Шаардын Мэри Боб Паркер титирөөдөн кийин шаардын борбору абдан кыйроого учурагандыгын айтты. Бактыга жараша жабыр тарткан адам жок.
Европада жаңы оору пайда болду! E.coli деген бактерия ичегиде инфекцияны пайда кылып, анын кесепетинен Европада 36 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Бактерия көп учурда салаттардан табылып жатат. Германиянын жашоочуларына чийки азыктарды жебегиле деген эскертүү берилди. Эң биринчи бул оору Германиянын түндүгүндө пайда болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Изилдөөчүлөр инфекциянын очогу Саксония болгондугун айтышууда. Ооруга чалдыккан адамдын эти ысыйт, кускусу келет.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??