Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тележүз

Бакытжан Аманов, "НТС" Телерадиокомпаниясынын башкы директору:
"Чыдап тургула НТС баарын көрсөтөт"
- Алты жылдык тарыхы бар жаш каналдардын бири НТСте учурда эмне жаңылыктар болуп атат?
- Биздин телеканалда берилип жаткан маалыматтар өлкөнүн бардык аймактарына жетиш үчүн жаңы жабдыктарды сатып алдык. Буюрса болжол менен 15-20-июнда республиканын булуң-бурчтарында "НТС" телеканалы тарта баштайт. 1-июлдан тарта аймактарга жаңы багыттагы көрсөтүүлөр менен чыгабыз. Азыр бул багытта да активдүү иштер жүрүүдө. Канал толугу менен өзгөрүп, заманбап талаптарга жооп берүү менен улуттук каада салттарды да эстен чыгарбайт. Өткөндү эстемейинче, келечекке кадам таштоо болбоорун жакшы түшүнүү зарыл эмеспи. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү Кыргызстандын бардык телеиндустриясы бир ордунда эле айланууда. Советтик мезгилде телевидение түптөлгөндөгү негиздер токтоп калбашы үчүн, Орусия басып өткөн тажрыйбаны дагы эске алалы деп жатабыз. Биздин негизги максатыбыз, элибиздин көңүлүн такталбаган маалыматтардан, ушак айыңдардан жана арзан саясий упай топтоолордон башка бир жаңы багытка буруу болуп саналат. Ошондой эле, заманбап теле бололу деген максатты алдыга койдук. Мисалы; союз мезгилинде "Кыргыз керемети" деп кыргыз киносунун аты дүйнөгө дүңгүрөсө, биз азыр дагы бул тармакты теле аркылуу ошол деңгээлге жеткирүүгө салымыбызды кошолу деп жатабыз.
- Буга чейин ММКда иштеп көрдүңүз беле?
- Мен өзүм телевидениеде жаңы адаммын. НТСтин башкы жетекчиси болгонума төрт ай болду. Буга чейин башка тармактарда, бизнес чөйрөсүндө иштеп келдим, бирок бул жердеги менин максатым жана аракетим- бул эффективдүү башкаруу - менеджмент. А жумушту чыныгы адистер жасайт. Мисалы, саламаттыкты сактоо министри болуш үчүн, мыкты дарыгер болуу зарылчылыгы жок деген сөзгө мен дагы кошулам. Бардык тармакта негизгиси жакшы башкаруучу болуусу талапка ылайык эмеспи. Ар бир адам жумушу үчүн күйүп жанып, жан дүйнөсү менен иштесе жыйынтык чыкпай коюшу мүмкүн эмес.
- НТС көрөрмандарына кандай жаңы долбоорлорду даярдап жатат?
- Албетте, биринчи ирет биз басымды жаңылыктарга коёбуз. Биз таратып жаткан кабарлар такталган, оперативдүү жана орундуу болууга тийиш. Каналдын жаңы багытына жооп берүү үчүн жаңылыктарыбыз динамикалуу боло баштады десем жаңылышпайм. Бир маалыматты берүү буга чейин беш-алты мүнөттү түзсө, азыр ошол эле кабарларды бир жарым, эки минуттун ичине камтыганга аракет кылып жатабыз. Жаңы кадамдар менен массалык маалымат каражаттары, анын ичинен телевидение чындыгында эле төртүнчү бийлик болуусуна өзүбүз жетишишибиз керек экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Телевидение бийликтегилердин куралы болбошу керек. Алар тигини же муну чагылдыр деп көрсөтмө бербеши керек
Журналисттер да өзгөрүп, бул кесипти ар бир кыргыз атуулу сыйлап турса жаманбы?
- Аймактарда көрсөтө баштайбыз деп айтпадыңызбы, ошо жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.
- Аймактарга чыккандыгыбыз, биздин саясий кызыкчылыктарыбызга туура келерин жашырып деле кереги жок. Ар бир алыскы аймактын тургуну такталган туура маалыматты алууга укуктуу. Бизде, чет элдик телелер көп. Эл ошол жактагы маалыматты кызыгуу менен угуп, көрүп, жергиликтүү кабарлар унутта калып калат. Андыктан, жергиликтүү эл, жергиликтүү жаңылыктарды өз убагында алып турсун деген негизги максат да алдыда турат. Жети дубан дагы бири-бири жөнүндө билиши керек. Мисалы, теңир тоолуктар Таласта болгон маалыматты, Талас Оштогу окуяларды билсе жаманбы? Ал эми жалпысынан Кыргызстандын булуң-бурчундагы маалымат алмашууну өз деңгээлинде уюштуруу биздин эң негизги милдеттердин бири экендигин туура түшүнүп алуубуз абзел. Маалымат алмашуу өз деңгээлинде болуусу үчүн, областтык телевидениелер менен тыгыз кызматташууну баштадык. Тагыраак айтсак, түштүктө 13 канал бар десек, алардын экөө тажик, тогузу өзбек каналдар, бир-экөө гана кыргыз каналдар. Жергиликтүү каналдардан башка коомдук канал КТРК көргөзөт. Көп улуттуу өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактап, элдин биримдигин бекемдеп, түндүк-түштүк деген маселе орун албашына ар бирибиз салымыбызды кошушубуз керек. Акыркы мезгилдерде ички интеграция, ынтымак сыяктуу маселелер өтө актуалдуу болуп калды. Бул процесстердин бирден -бир данакери ММКлар.
- НТС телеканалы кандай аудиторияга ылайыкталган?
- Аудитория демекчи биз өспүрүмдөрдөн баштап улуу муундарга чейин көрүүчүлөрдү тартууга аракет кылабыз. Бирок, негизги көрүүчү 18 жаштан жогоркулар болот деген ойдобуз.
- Каналды өнүктүрүүдө кандай маселелерге тушугуп жатасыздар?
- Негизги маселе кадр жаатында болуп жатат. Кесипкөйлөрдү табуу кыйын. Журналистика элиталуу кесип эмес деген түшүнүк калыптанып калган. Орусиянын ОРТ жана РТРдеги кесиптештердин деңгээлинен ашуу үчүн, даярдоо курсттары, мектепттер да жокко эсе экендигин эске алып жатабыз. Бирок, биз орусиялык кесиптештерге жакын арада теңдешебиз. Бизде азыр аракетчил жакшы кесипкөйлөр иштейт. Алардын жүрөгү менен иштегендери кубантпай койбойт. Командалык мамилелерди бекемдөө аракеттери да бар. Чет элдик кесиптештерибизге тажрыйба алмашууга жөнөтөлү деген оюбуз бар. Мисалы, башредакторубуз жакында эле Москвага барып тажрыйбасын жогорулатып келди. Айта турган жаңылыктар көп, чыдап туруңуздар НТС барын көрсөтөт...




  Кылмыш дүйнөсүндөгү кызык кеп

Көлбаев "наркобаронбу"
же ак жерден айдалып атабы?...

Кыргызстанда коомчулук арасында мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин абактагы иш аракеттери тууралуу ар кыл ойлор айтылууда. Анын жактоочулары жана бирге жүргөн тарапташтары азыркы болуп аткан аракеттерге, Көлбаевге болгон издөөгө каршы пикирлерин билдирип атышат. Көлбаевди жакындан билгендердин арасындагы Эргазы Абдрахманов биздин редакцияга кат жолдоп, оюн айтыптыр. Биз эч кимге жан тартып, же бирин четке какпайбыз. Каттын мазмуну мындай:
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары ага каршы козголгон бир да кылмышты иликтебей туруп аны "наркобарон" деп эл аралык издөөгө берүүгө эч укугу жок эле. Мамлекет баңгиликке каршы иш алып барышы керек, бирок ал мыйзам чегинде, Кыргыз Республикасынын Конституциянын жана эл аралык укук нормаларына ылайык жүргүзүлүшү керек. КР Конституциясына ылайык адамдын күнөөсү сотто аныкталмайын аны каралоо мүмкүн эмес. Конституцияда жана эл аралык укук нормаларында күнөөсүздүк призумциясы (призумция невиновности) деген нерсе бар, адамды ууру же жок деп сот гана чечет. Кыргызстандын укук коргоо органдары Камчы Көлбаевдин күнөөсүн тактабай туруп, соттун чечими жок, аны наркобарон деп издөөгө бериши, бул мыйзам бузгандыкка жатат. Ал эми коомчулуктун экинчи бөлүгү Көлбаевди "мыйзамдагы ууру" рангына көтөргөндөн бери абактагы абал жакшырып, анын жетекчилиги тарабынан башкарууга мүмкүндүк болгондугун айтышууда. Бардыгыбызга маалым болгондой эле Көлбаев бул рангды алгыча абактардагы баш аламандык күч алып, колония ичинде Жогорку Кеңештин депутатынын өлтүрүлүшүнө чейин алып келген. Анын келиши менен жабык жайлардагы абал жакшырып, абакта отургандар менен ал жакта иштеген кызматкерлер ортосунда мамиле цивилдүү жолго түшкөн. Көлбаевдин келиши өз мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын бири-бирине болгон мамилесин да оңогон. Жабык жайлардагы баңгилик менен ачык эле күрөшө баштаган, ал жакта жаңы эле баңги затын сайынгандар, чеккендер абактагы мыйзамга ылайык жазаланып, баңгиликке такыр эле тыюу салынганы тууралуу кептер бар. Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдарына ылайык абакта баңги саткандар бала өлтүрүү, зордуктоо кылмышына барабар болуп жазаланышкан. Бул нерсе ал жактагы абалга жакшы жагынан таасир кыла баштаган. Экинчиси, Көлбаев жабык жайлардагы адамдарга дин эркиндигин берген. Буга чейин алар өз улутуна, динине тиешелүү эч бир салттарды аткара албай келишкен. Көлбаевге каршы бир да фактыны аныктабай туруп аны эл аралык издөөгө берүү менен биз Кыргызстан демократиялуу өлкө экендигибизди аныктабай, өз имиджибизге терс таасир тийгизип жатабыз. Биздин республика эл аралык издөөгө кээ бир чиновниктерди берип, жыйынтыгында эч бир жыйынтык алган жок, эл аралык коомчулук гана биздин алсыздыгыбызга, эл аралык нормаларды бузуп жаткандыгыбызга дагы бир жолу күбө болушту. Ал бир топ кылмыш иштерине аралашкан, аны жашырып кереги жок, Көлбаев ак, таза деп эч ким актаган жок, бирок Көлбаев баңги сатуу, таратуу, баңгитрафигине эч бир тиешеси жок. Анын абактардагы тазалоо иштери кимдир бирөөлөрдүн тынчын алууда, ушул себептен бардык күч-аракетин ага каршы жумшоодо. Бул жагдай учурдагы бийлик өкүлдөрүнө кереги жок, ансыз да башка иштери көп. Алар мамлекетти кризистен чыгаруу, мамлекетте тынчтыкты орнотуу багытында иш алып барууда. Экинчиден ал элге да кереги жок, алар өз башынан эң кыйын мезгилди өткөрүштү - апрель революциясы жана түштүктөгү улуттар аралык кагылышуу. Тарых барактары революция алдында биринчи кезекте жабык жайларда баш аламандык күч алып, көзөмөлдөн чыгып калгандыгын аныктоодо. Бул республикада абал тынч эмес экендигин түшүндүрөт. Учурда өкмөт жана укук коргоо органдары тыгыз иштеп, кылдаттык менен саясат алып барышы абзел, алар үчүнчү күчтөрдүн артынан түшпөшү керек. Акыркы жылдары биз эки революцияны жашап өттүк, ал кандайдыр бир топтун кызыкчылыгында гана жасалууда. Кылмыш дүнөсүндө да ушул принцип иштөөдө. Кээ бирлер аны жок кылуу аракетин көрүүдө. Анын баңгиликти токтотуу боюнча жасап жаткан иш аракети чыныгы наркобарондорго тоскоолдук болууда. Көлбаевдин айланасындагы саясат мамлекеттик масштабка ээ болушу мүмкүн, алар Кыргызстандагы абалды толкундатып, өз кызыкчылыгын көздөп жаткандыр. Биз кыргыз атуулдарына, коомчулукка бул маселени адилет, ачык карап мамлекеттин тынчтыгын сактап калууга чакырбыз".
Р.s: Жаз айларында жаңыдан Көлбаевге издөө салынганда камактагылар ачкачылык жарыялап, колдоп чыккан. Азыр да Көлбаевди колдогон абактагылар ж.б. кылмыш дүйнөсүндөгүлөр четтен чыгат экен. Ал эми соттун чечими тууралуу маалыматты кийинки сандан берип, эл аралык издөөгө алынганы мыйзамдуубу териштиребиз. Андан тышкары ЖоКе ичинде "сен бандит, ал бандит. Акүйгө бандиттер толуп алды" деп бири-бирине кол кезегендер бар. Анда ал бандиттер ким болду экен, Көлбаев куугунтукталгандан кийин анын ордун абройлуу бирөө алып, бийлик менен ысык мамиледе дейт. Ким билсин, мурдагы, кийинки бийлик кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып келгенин. Учурда бир гана Текебаев "бандиттердин бачагын чыгарам" дегени менен, калганы андай ойдон алыс. Демек...
Бетти даярдаган Азамат Жетишбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??