Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
Мен эңсеген
Индия
Индия кинолорундагы жомоктогудай сүйүүгө, табиятынын кооздугуна, байларынын жашоосуна суктанып, ишенип, Индиялыктардын турмушуна кызыккандыктан бир да фильмдерин өткөрбөй көргөнгө аракеттенчүмүн. Алардын жашоосун өз көзүм менен көрүү бул менин асыл тилектеримдин бири эле. Соода иши менен алекетенип жүрүп, Пакистандан ташыган товардын сезону бүтүп калганына байланыштуу эми товарды Индиядан апкелүүнү чечтим. Ошентип мен эңсеген Индияга да бардым, бир эмес, бир нече жолу. Августун аягында биринчи жолу Дели шаарына учуп келгенде жомоктогудай эле болгон. Кинодогудай кооз имараттар, бай супермаркеттер менен катар кооздукка коошпогон кир, жүдөгөн, ар кайсы жерде жаткан кедей, кайыр сураган адамдар. Алардын жашоо образдары мага ал кезде таптакыр түшүнүксүз эле.
Бир жолу кайыр сураган адамга тамак-аш сунсам, баарын албастан өзүнө ченеп алып кайра калганын ал дегениме карабай кайтарып өзүмө берсе таң калгам. Көрсө алардын түшүнүгү боюнча Кудай мен аркылуу насип жиберсе, ал ач көздөнбөй өзүнө ошол маалда жете тургандай гана насипти алышы керек экен. Ошенткенде гана Кудай ар дайым насип жиберип турат дейт. Дагы бир жолу кайыр сураган адамга бир аз акча берген жатсам, бизге котормочу болуп жүргөн Радж мени "бербе" деп токтотуп койду. Эмнеге деген суроомо "Это его карма" деп жооп берген. Ал кезде карма жөнүндө түшүнүгүм жок гана эмес, ушундай сөз бар экенин биринчи уккам. Радж канча түшүндүрсө да түшүнбөй койгондо, "ал ушундай төрөлгөнүнө өзү күнөөлүү, эми ал өз жашоосун өзү оңдошу керек" деген сөзүнө терең түшүнө албагандыктан кол шилтеп койгом. Ошол кезде бул карма деген сөздү түшүнмөк турсун, карманы изилдеп окуп, башкаларды да окутаарымды ал кезде, албетте, билген эмесмин. Адамга Кудай тараптан ар кандай белгилер сөз аркылуу, окуялар аркылуу тынымсыз берилип тураарын анда билмек турсун, сезмек кайда. Үй-жайы жок, көчөдө жаткан кир кайрычылардын көбүнө карабай, Индия мени кандайдыр бир өзгөчө күч менен сыйкырлап алгандай болду.
Бул жактан да фабриканын кожоюндары менен бат эле тил табышып кеттим. Эмнегедир бары мага сый-урмат менен мамиле жасашчу. Бирок, Пакистан менен иштегендей ишим үзүрлүү болгон жок. Бир жолу Индиядан товарга төлөгөнгө даярдап койгон акчамды уурдатып жибердим, бирок, бир фабриканын ээсинин жардамы менен товар алып келдим. Дагы бир жолу туристик фирмалардын өз ара чырынын кесепетинен самолет 20 күн учпай , Индиянын кичинекей бир шаарында калып калдык. Бул окуя мени материалдык чоң жоготууга алып келди.
Кийин ойлосом мен Индияга соода иши менен эмес башка нерсеге үйрөнүш үчүн барышым керек болчу окшойт. Ошол кезде адамдын ден соолугу да, иши да, тагдыры да адамдын көрүнбөгөн денесиндеги энергиянын сапатына жараша болоорун билмек кайда. Көз тийгенден, сөз тийгенден адамдын энергоденеси тешилип калаарын, энергиянын сапаты бузулса, баары бузулаарын билмек турсун, адам энергия менен жашаарын да билчү эмесмин. Пакистан менен жакшы иштеп жүргөнүмдө элдин көзү, сөзү тийгенин, ошондон иштерим жакшы болбой калганын , ар кандай тоскоолдуктар аркылуу Жогорку күчтөр тараптан биринчи белгилер берилип жатканынын ал кезде түшүнмөк турсун, айтса деле ишенмек эмесмин. Бирок, Жогорку күчтөр ар кандай белгилерди берип, же болбосо тийиштүү адамдарды жолуктуруп, ар дайым жардам берип турбаганда ким билет кандай болот эле.
Азыр ойлосом, Индияда жолуккан кайырчыдан баштап, бай фабрика кожоюндарына чейин мага белги катары, жардам катары жиберилген адамдар болсо керек. Мальхотра аттуу фабриканын кожоюну үй-бүлөсү менен мага башкаларга караганда жакшы мамиле жасап, коноктоп, сыйлап жүрдү. Эки татынакай кызы, аялы болуп бир күнү мени касиеттүү храмга барып чогуу сыйынып келели деп сунуш киргизишкенде, дароо эле макул болдум.

Алтын храм
Кийин бир топ жыл өткөндөн кийин "Оракул" гезитинен окуп, мен кандай атактуу, касиеттүү жерде болгонумду түшүндүм. Ал Индиянын Амритсар шаарында жайгашкан "Алтын Храм" деп аталган храм эле. Тегерете курулган кооз имараттын ортосунда ыйык көл турат. Көлдүн ортосуна төбөсү алтын жалатылган храм салынган. Буга 100 кг алтын кеткен дешет. Бул храм 1589 -жылы Арджана Дева Джиа аттуу сихтердин гурусунун убагында салыныптыр. Көлдүн суусу ыйык деп эсептелинип, бардык ооруга шыпаасы тийип, дарычылык касиетке ээ экен. Бул храмга кирээрде сихтердин диний ырым-жырымдарын жасап кириш керек. Имаратка кирип баратканда билектей жылжыган булакка колу-бутуңду жууп, ошол жерден берилген косынканы башыңа салынып, жылаңайлак ичине киресиң.
Имарат аябай кооз салынган, ошол жерден сааттын жебеси жылган сыяктуу имаратты айланып чыгып, ортодогу көлдүн ортосуна салынган, төбөсүндө алтын жалатылган чатыры бар храмга киргенде эки лама (Гуру) кирген адамдардын оозуна таттуу бир нерсе салып, бизче айтканда батасын берип чыгарат экен. Сыртка чыккандан кийин индиялыктар белине чейин чечинип көлгө түшүп сыйынып жатышты. Көлдүн суусу киргилт, ичинде балыктар толтура экен. Биз менен баргандар (биздин челночниктер) жийиркенишип, көлгө жакын жолобой коюшту. Мен тизеге чейин бутумду сууга салып, колумду чыканакка чейин жууп, өзүм билген курандын сүрөлөрүн окуп, жакшы тилектерди сурандым. Мальхотра үй-бүлөсү менен сууга чөмүлүп, ар кандай сыйынууларды жасап чыгышты. Көлмөнүн жээгинде бутактары оролуп, чырмалып өскөн жалгыз бак бар экен, "тилек аткаруучу бак" деп аталган бул бактын жанына келип, каалаган тилектериң айтсаң, тилегиң аткарылат деп айтышканынан тилектерибизди айткан болдук, жанымдагы аялдар күлкүгө айландырып, сыйынууга анча маани беришпегендиктен мен дагы алардан бөлүнө албай, өзүмдүн оюмдагыдай сыйына алган жокмун. Көрсө, ошондо энергиясы күчтүү, касиеттүү жерге барган экенбиз. Ошол кезде менин энергоденем тазаланууга муктаж болуп, Жогорку күчтөр мени ошол жакка Мальхотранын үй-бүлөсүн себеп кылып, алар аркылуу мени касиеттүү жерге алпарышкан тура.
Эмнегедир Индияда жүргөндө өзүмдү эркин сезип, ушул жерде өмүр бою жашап жүргөндөй сезим келе берчү. Фабрика ээлери мен келгенде сөзсүз конокко чакырышчу. Ал тургай үйлөнүү тойлорунун да бир нече жолу урматтуу коногу болгом. Мен ошол кезде Индиянын көп эле касиеттүү жерлеринде болгонум менен, турист катары сыртынын гана кооздугуна суктанып, ал жерлердин касиетине, өзөгүнө түшүнбөгөнүм ушул күнгө чейин өкүндүрөт. Кудай буюрса, ошол жерлерге башка максатта барып келүү оюмда бар. Ой жеткен жерге кол жетет!
Оо, Жараткан бардык нерсе сенин гана каалоң, сенин гана буйругуң менен болот эмеспи. Индияда жолуккан бардык адамдар, билип-билбей силерди таарынтып алган болсом, баарыңардан кечирим сурайм. Менин өмүр жолумда жолуккан индиялыктарга чексиз ыраазычылык билдирем. Ошол кезде мага ким кандай жамандык кылган болсо (ууруну) чын дилимден кечирдим. Мага жасаган жакшылыгыңарды, сыйыңарды эч качан унутпайм жана ыраазымын. Кудай силерден бардык жакшылыгын аябасын.

(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??