Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Чырдөбө

Назгүл Насиеванын
сыры менен ыйы
"Черныйларды" көңүл чордонуна айланткан шоучу айым атыгып гезит беттерине, интернет булактарына тараган Назгүл Насиева жума каарманына айланды. Назгүл Насиеваны алыс жакындан тааныгандар бири ишенсе, экинчиси ишенбей айраң таң калып отурушат. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар экени талашсыз, бирок, продюсердин өз оозунан Ислам менен Кайыргүлдүн берген интервьюсуна жооп алууну эп көрдүк.


Ислам ким?
- Ислам Сатаров деген ким өзү. Ырчы эмес, продюсер эмес, ырчылар менен аралашып продюсер болом деп жүргөн бала экен. Мен Ислам менен "60Ка" тобу, Замир Мырза аркылуу таанышкам. Сүйлөшүп калганыбызда чындыгында жакшы ырлары бар экен. "Назгүл эже, мен ырчы болгум келбейт, продюсер катары иштесем деп атам. Мени көптөгөн продюсерлер тааныбайт, мен тууралуу туура эмес пикирде" дегенинен айткам, продюсерлерди чакырып сени тааныштырайын деп. Сен ойлогондой продюсерлер жаман адамдар эмес, эгер сенин жөндөмүң бар болсо катарыбызга кошуп жардам берип иштешели дегем. Продюсерлердин ичинен Алексей менен Ассоль гана келген эмес. Исламды тааныштырып баштасам эле Асыл Апасова, "мен бул баланы тааныйм, бул бала менен сүйлөшкүм да келбейт " деди. Көрсө Ислам Сатаров концерт уюштуруп, Асыл Апасова экөөнүкү бир күнгө туш болуп калган экен. Асыл Апасованын чаптаган афишаларын айрып, Ислам өзүнүкүн чаптаткан экен. Ошондо Асыл Апасова аябай катуу урушуп коюптур. Кийин Ислам Асыл Апасовага ак үйдө иштейм дедирип бирөөгө телефон чалдырып коркуткан. Көп өтпөй менин үйүмөн жолугуп атат, бул Исламдын калпычылыгы болуп жатпайбы. Бул Ошко батпай, Бишкекке батпай Ташкентке чейин барыптыр.

Чоң чырдын башы
- Биздин урушканыбыздын себеби да бар. Бир жолу түрмөгө концерт койдук. Концерт бүгүн бүттү деген күнү барыбыз машинеге отурдук, биз менен бирге полковник, майорлор да бар эле. Ошол жерден Кумар Асанов "Назгүл эже, сиз мени зектерге салып берем деген экенсиз" дейт. Кандайча мен эркек баланы эркектерге салып берем. Бул эмне деген сөз ойлосоң. Канча жыл иштеп жүрүп ырчыларды түрмөгө алпарып салып берет деген оюмда да жок болчу. Түрмөгө алып барып арак ичирип, ар кимге салып берет дейт. Ошол жерде канча деген аскер адамдары карабай ырчыларды ар ким менен жаткырып, арак ичирип коебу. Булар эмне деп сүйлөп жаткандарын түшүнбөйт. Кыз бала болсо да бир жөн. Эркек да ошентип сүйлөйбү. Өзүнө чалсам албайт. Үйгө келдик, Кумар сен үйдөн чыкпай тур, Ислам келсин анан айтсын болгон сөздү дедим. Кийин Исламды Таш Рабаттан машинеге отургуздук, машине көптүгүнөн 8-кичирайонго келгенде эмерек үйүнүн жанынан машинени токтотуп, айтсам Ислам, "ооба сиз айттыңыз го, Кумарды алпарып салып бердим деп" дейт. Ошол жерден жаактан ары бир чаптым. Ошону менен сөз бүттү. Апасына чалдым, балаңыз кандай неме? Түрмөдөн концерт берип чыктык, эми ушундай сөздөрдү сүйлөп атат деп айтсам, апасы "Исламга көңүл бөлбө, мен сени көрбөсөм да сыйлайм, урушасыңбы, урасыңбы тарбияла, иниң болот" деген. Ислам машинеден түшүп калды. Кетип атсак эле Кумар да мен түшүп калайын деп калды. Эмнеге десем. Исламдын кыялдары бар, жаңы жыл күнү да өзүн-өзү асып аткан жерден алып калгам деди. Мейли эми өлүп албасын деп түшүрүп койдум. Ошону менен бул тема жабылды. Арадан күндөр өткөн соң, Ислам Сатаровдун өмүрүнө коркунуч келтиришип, ал адамдын атын атабай жатат деп чыкты. Анан Исламга айттым анчалык реклама кылат экенсиң айтпайсыңбы Кумарга айтпаган сөздү айтты дегеним үчүн Назгүл Насиева урду деп. Эки эркек туруп мага алыңар жетпей койдубу, мен силерди аябай тепкилеп салдымбы десем, мен антип интервью берген эмесмин. Назира деген Нэнанын продюсери бар, ошого айтып койсом ушинтип чыгарып жибериптир деп калды. Мени кечирип коюңуз, сиздин жакшылыктарыңызды унутпайм деген. Андан бери мен ал тууралуу эч нерсе билбейм.

Аш менен урганды таш менен ургандар
- Бул окуялар болгонго чейин Мери Шакулина, Эдил, Кумар Асанов болуп гастролго кетип атабыз деп калды. Концерт уюшулуп калды бирок, акчабыз жок дегенде мен Барскоон тарапка машинеме салып алып, тамагын алып берип башатыңар жакшы башталсын деп алып барган элем. Эми ошолордун жазгандарын кара. Ичкен кудугуна түкүрүп атпайбы. Ушунча даражага жетип анан тарайбызбы десем, кечириңиз, өзүм туура эмес кылдым деген. Эми берген интервьюсун карап кой.

Кайыргүл ырчы болом деп 3 ай артыман чуркаган
- Кайыргүл ырчы болом деп менин артыман 3 ай чуркап жүргөн. Ырдаган ырын угуп көрүп жактыргам. Контракт түзөбүзбү, түзбөйбүзбү болуп отуруп акыры түзбөйбүз болгонбуз. Жөн гана жардам бере турган болгом. Жаңы жылда кой союп ырчылардын ата-энесин чакырып коноктоп бата алып, каалоо тилектер айтылып, чапан кийгизишкен элек. Ошол учурда мен аябай боорукер окшойм. Азыр андай кылбайт болчумун. "Жылдыздар манежде" долбоору башталып калып Эрмек экөөбүз кетип калдык. Аида кетип калды себепсиз. Аида экөөбүз чечишип алдык. Долбоордон кийин Эрмек үйлөнүп бизнес чөйрөсүнө кетем деп кетти. "Назгүл эже айдап жүргөн дөөтүм менен, апамдын ден соолугу менен карганам, мен эч качан Аида кылган нерсени кылбайм. Эмгекти баалабай кеткен ырчылар мени "бесят" деген. Ушундай карганган адамга кантип ишенбей кое аласың. Кайыргүл бир эле жолу тойго барды анда да акча алып кеткен. Туулган күн болгон, акчаны колуна берген адамдар бар. Биринчи жолу спорт ордосуна "Тумар" радиосу уюштурган Согдиананын концертине ырдаткам. Кийин "Супер Инфонун" концертине жетелеп барып чыгаргам. Ушу күнгө чейин ал гезит Кайыргүлдү колдоп келе жатат.

Кайыргүл эмнеге кеткен?
- Кайыргүл кетип калды, мен түшүнбөй эле сурасам, апам ооруп атат, контейнеримди иштетишим керек, үлгүрө албай жатам деп калды. Кайыргүл, эми иштеп баштаганда, Аида кетип калганда мени стресс кылбагын дегем. Апасына чалсам жетишпей жатат, контейнер иштелбей калып атат деди. Ошол учурда Сауле эжеге чалып чындыгында ыйлагам. Эмне болсоң ошо бол деп койгон. Убакыт өтө берди Кайыргүл смс жазып баштады кечирим сурап. Сен дөөтүң менен, апаңдын ден соолугу менен карганып жаткан соң мен сага ишене албайм дедим. Мага демектен 1000 смс жазсын, өзүнүн акчасы менен ырларды жаздырат экен радиолорго барып чыга бербейт беле. Тумар радиосуна бир саат түз эфирге отургузгам. Ал жерге менин кадыр-баркым менен отурган.

Айткандын оозу жаман ыйлагандын көзү жаман
- Түрмөдө отургандын баары "черныйбы"? Айчүрөк Иманалиева туулган күнүнө мыйзамдагы ууру Камчыны чакырган. Эч кандай байланышы жок болсо да жигит экен гүлүн алып, мишкасын алып балдарды дайындап туруп мени жөнөткөн. Отурбай эле кой, дагы бир нерсе деп чыгышпасын деген. Барып эле куттуктап туруп кетип калгам. Ошондогу түшкөн сүрөт да бар. "Черныйдын" артынан чакыруу билет берип, чуркап тоюна чортоңдоп барып ырдаган, долларларды чөнтөгүнө салган менби же Айчүрөкпү. Мен сотко бердим, калдыктар менен иштешет дегендей ал ким мага. Ар кимдин өз орду бар. Айчүрөк менен иштешкендин баары королева, калгандын баары мусор экен да. Окуучуларымды айткам дейт, окуучусу Анжеликабы? Сапарбы, талаага таштап койгон, жеке концертине жардам сураганда 20 миң сом акчаны мен бергем. Бир кайрымдуулук концертиме катышыптырбы? Анан эле айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман.




Айбек Асанбек уулу, алып баруучу:
- Көлгө жүзгө чыккан аксакалдын тоюна Назгүл менен Кумар, Ислам, Эдил болуп бирге барганбыз. Ал жакта эч кандай андай нерсе болгон эмес. Келатканда Назгүл чарчадым деп үйүндө калган. Кээ бир жаштар бирөөнүн артынан сүйлөп, бирөөнү жамандаганды жакшы көрүшөт. Бул туура эмес, айрыкча Ислам Сатаровдун кылганы. Эркек башы менен эки сүйлөп, аял кишини жамандаган бул жат көрүнүш. Ислам Сатаров эч кандай продюсерлик менен алектенген эмес. Керек болсо, бул бала ашканада лагман чоюп иштеген бала болчу. Өзбектин ырчыларына продюсер болуп жүрөм дегенде таң калып койгом. Лагман чойгон киши продюсер болмок беле десем, эми тиричиликте ушундай болуп атпайбы дейт. Ошондон кийин эле Бишкекте пайда болуп калды. ЭЛТРде иштеп жүргөндө Назгүл мага Эрмек Маматовду алып келген деп айтыптыр. ЭЛТРде 5 жылдан бери иштейм андай бала эч качан иштеген эмес. Өзү мага келип, Кумардын ырын кетирип коюңузчу, кээде тойлорго барганда бир ырдатсам, эки ырдатыңызчы деп көп жолу суранып келген учурлары болгон. Назгүл кайрымдуулук иштерди көп өткөрөт, бирок эч кимди нааразы кылбайт, бир жактарга бараарда тамагын алып берет, гонарарын төлөп берет, эч убакта бекер иштетпейт. Бул жагынан жеке эле мен эмес башкалар деле тастыктап айтып берет болуш керек.


Асел Турдалиева, КР эмгек сиңирген артисти:
- Назгүл Насиеваны 15 жылдан бери тааныйм, эже-сиңдидей катышып жүрөбүз. Патриоттук сезимдери күчтүү кыз, жардамын эч кимден аябайт. Мыкты эне, жар, кожойке. 90-жылдары Бек Борбиев менен концет коюп баргам. Ар бир үйдө кырсык болот. Ар бирибиздин башыбызда бар, пенде болгон соң беш кол тең эмес, турмушта өйдө ылдый боло берет. Назгүл Насиева концерт коюп түрмөлөргө барат экен дегенди укканда мен өз кызматымды сунуштагам. Менде аппарат жок десем, Асель эже өзүм айта албай жүргөм деп сүйүнүп кетти. Ошону менен Чүй өрөөнүн кыдырып чыкканбыз. Бир дагы ашыкча кадам жасалган эмес. Жакшыны жакшы деш керек. Бири-бирибизди жамандагандан алыс бололу. Биз өзүбүз ансыз да азбыз. Колубуздан келсе материалдык, моралдык жактан колдоого алышыбыз керек.


Мээрим Айталиева




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??