Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Биймырзадагы марафон
Биз белгилей турган жакшы саамалык алыскы Кара- Кулжа районунун Биймырза айылында башталды. Жакында болуп өткөн жыйырма жылдык жолугушуу кечесине барган 1991-жылкы бүтүрүүчүлөр айылга спорт комплекс ачуу идеясын киргизишип, аз-маз каражатын калтырып кетишкен. Жаштардын демилгесин ортого таштап койбостон элет тургундары марафон өткөзүштү. Айылдаштарынын жакшы кабарын уккан шаардагы жеке ишкерлер да четте калбай, борбор калаабызда да марафон өткөрүүнү сунушташты. Мына ушинтип көп түкүрсө көл болот дегендей эл жапа тырмак киришип спорт комплексти ачуу алдында турат. Эмесе марафондун уюштуруучулары, колдоочулары кеп учугун улашсын.

Алтынбек Калчаев, Биймырза айылынын айыл башчысы:
- Айылды көтөрүү боюнча бир топ долбоорубуз бар. Акырындык менен айылды көтөрүүнүн биринчи кадамын таштадык десем болот. Буюрса айылдагы жаштарды тарбиялай турган спорт комплекс ачуу максатында айыл жергесинде марафон өткөргөнүбүздө 120 миң акча топтолду. Шаарда турган айылдаштарыбыздын чакыруусу менен бул жактан да марафон өткөрдүк. Буюрса жакшы болду, эми Россияда жүргөн жердештерибиз да чалып, биздин демилгени колдоп каражат жагынан колдоого алабыз деп жатышат. Биз ача турган спорт комплексинен кыргыздын намысын коргой турган чыгаан атуулдар чыгат деген ишенимдебиз. Дагы бир жагы спорт комплексти куруу менен айыл-айыл болуп бөлүнгөн, урушкан балдарды ынтымакка чакырабыз деген үмүтүбүз бар. Айылдар арасында достук мелдештерди өткөрүп турсак деген тилектебиз.

Сагынбек Жолдошев, Кара-Кулжа айылдык округунун депутаты:
- Айыл жаштары, 1986-жылкы жана 1991-жылкы бүтүрүүчүлөр быйыл 25-майда жолугушуу кечесине келишип, ошол жерден спорт комплексин ачуу боюнча демилге көтөрүшүп, бир аз акча бөлүшкөн. Бул жерде облус губернатору Сооронбай Жээнбеков, акимибиз Султанбек Байымбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Курмантай Абдиев агаларыбыздын салымы зор. Жөнөкөй айыл тургунунан тартып мамлекеттик кызматта отурган адамдарыбызга чейин жакындан жардам көргөзүштү. Бишкек шаарында 110дон ашык жеке ишкерлер көмөгүн аяган жок. Жакын арада кудай буюрса спорт комплексин бүтүрөбүз. Бул спорт аянтын курууга Бегиев атындагы орто мектептин гимнастикалык залы туура келип оңдоп-түздөп ачып жатабыз. Буга мектеп директору Зымырат эжекебиз да макулдугун берди. Буюрса шаардан керектүү спорттук инвентарьларды алып келебиз.

Ишен Чекиров, машыктыруучу:
- Айылда шарт жоктугуна байланыштуу Ош шаарында "Мухаммед Омар" спорт комплексинде машыктыруучу болуп эмгектенип жүрдүм. Окуучуларымдын ичинен Азия чемпиондугуна чейин жеткендери бар. Шартыбыз жок болсо дагы айылдан чыккан Кыргызстандын чемпиондору көп. Учурда бир кызыбыз август айында дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жатат. Эми кудай буюруп спорт аянтчасы ачылып калса дүйнөлүк чемпиондорду тарбияласам дейм. Биздин максат жаштарды ыйман жолуна салып, улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган Кыргызстандын керегине жараган атуулдарды чыгаруу.

Кыязбек Тургунов, жеке ишкер:
- Киндик каным тамган жеримде болуп жаткан саамалык кубантпай койгон жок. Инициативаны көтөрүп келген балдарга чоң рахмат. Марафон өтүп жатканын телефондон укканда эле кош колдоп кабыл алдык. Колубуздан келишинче жардамыбызды берип атабыз.

Жоомарт Абазов жеке ишкер:
- Айылдан келген агаларыбыздын демилгесин укканда аябай кубандым. Жакшы идеялары бар экен. Бул максат кудай буюрса ишке ашат. Ааламга кетчү жол айылдан башталат демекчи, айылыбыздан кыргыз элинин керегине жараган инсандар чыкса дейбиз.

Улан Аттокуров, врач:
- Менин оюмча Ош облусунда Кара-Кулжа, Алай стратегиялык мааниге ээ аймактар. Биринчиден Кытай мамлекети менен чек арасы бар тоолуу райондор. Россия, Казакстанга агылган көпчүлүк мигранттар дал ушул тоолук элдерден. Ушул миграцияны токтотуш үчүн мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, элдин шартын оңдоо үчүн мектеп, бала бакчаларды, көпүрөлөрдү, ар бир айылдарда чакан спорт комплекстерди куруп берип өзгөчө көңүл бурулуп турушу зарыл. Эң башкысы кыргыз желегин желбиреткен, элим-жерим деген патриот "селдин" агымдары да ушул элден. Биймырза айылынын жаштары ушундай демилге көтөрүп, жаш балдарды спортко үндөп, шарттарын түзүп беребиз дегенин угуп ушундай демилге бардык Кара-Кулжа аймагында болсо экен деп кыялдандым жана болооруна ишенем. Мындай спорт комплекс бүтүндөй кыргыз айылдарында ачылсын. Чемпиондор кыргыз желегин желбиретсин! Биз колдон келген жардамдарды берүүгө милдеттүүбүз. Ийги иш ар дайым илгери болсун.
Заманыбыз тынч болуп аймактык бөлүнүү болбой, токчулук болсун. Эл өзү менен өзү. Дүнүйөнүн кулу болбой, Алла Тааланын кулу болууну эстен чыгарбасак деп сөздөрүн жыйынтыкташты. Сөзүмдүн акырында мындай жакшы саамалакты ар бир айыл үлгү катары алып, алма быш оозума түш деп жата бербестен аракет жасашса дегим келди. Кыргызымда Биймырза айылынын мырзаларындай элим, жерим деп жан үрөгөн мырзалар көп болсун. Аракетиңер ишке ашсын!

Мээрим Айталиева




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??