Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Лира Урманбетова
Ырчы:
"Мага кримчөйрөдөгүлөр тийишет"
- Атыңызга англисче ат кошуп алганыңыз эмнеси?
- Сахнада чыгып жүргөн атым Лира seven. Seven деп менеджерим экөөбүздүн оюбуз бир келип коюп калдым. Англис тилинен которгондо жети дегенди билдирет. Ысык-Көлдө жети аке болгон экен, алардын бири Карга аке менин жетинчи атам болот. Бир жагынан алганда жетинчи атамды да ала жүрөм. Көбүнчө эл аралык деңгээлдеги ырларды ырдайм. Чет элдик музыканттар менен иштешем. Азыркы менеджерим американка.
- Өзүңүз кыргызстандык болсоңуз американка менен кантип иштешип калдыңыз?
- Башта Хайатт мейманканасында ырдап жүргөндө "Матрикс" деген группа жактырып, кыздар арасынан мени тандап алышкан. Үч жигит анан мен солистка болуп иштеп жүрдүк. Кийин Малазияга кеттик, ал жактан Вьетнамга да бардык. Мына ошол Малазияга барган учурда азыркы менеджерим менен таанышып, иштешип калдым. Иштешип жатканыбызга буюрса 5-6 ай болуп калды.
- Чет элде жүрсөңүз англисче суудай сүйлөйт экенсиз да?
- Кандай десем эми. Мурун кыйналып сүйлөшчүмүн, башка түшсө байтал жорго дегендей 2 ай ичинде сүйлөө речим жакшырды.
- Кийим тандоодо стилиңиз да өзгөчө…
- Кийимдеги стилим тууралуу тил уккан учурум да болду. Кесибимди түшүнүп жүргөн курбуларым деле айтышат, "Лира, слишком откравенная, вызывающяя көрүнөсүң" дешип. Бир жолу кыргызча көйнөк да кийип көрдүм, андан деле бир нерсе табышат. Өзүм деле ойсеке эмесмин. Менимче менде адамдарды тартып турган аурам болсо керек. Кыска кийсе эле жеңил ойлуу деп ойлошот экен. Жылып жүрүп жасаган адамдар толтура. Алар элге көрүнбөйт. Мага паранжа кийгизип койгон учурда деле жигиттер тийишет.
- Атаңыз ыр жазып жүргөн атактуу адам. Кызына да ыр жазып береби?
- Кез-кезде жазып берет. Бирок, атам менен өзүнчө саясатым бар. Башында менин ырдаганымды жактырчу эмес. Азыр болсо өзүңдүн стилиңди таап атсаң жөнө дейт. Ырдаба деп да чыккан, көндүрдүм акыры. Жакшы көргөн кызы болгон соң көнөт экен да.
- Чектен чыккан күйөрмандар жок болбосо керек?
- Таң аткыча телефон чалгандар бар. Тааныбайсың, кылаар иши жок чала беришеби, же сүйлөшкүсү келеби айтор, түшүнбөйм. Бирок, алардын деле көңүлүн калтыруунун кажети жок. Бир күн болбосо, бир күн бир жерден кезигип каласың. Андыктан жөн эле телефонду албай коем.
- Мүнөзүңүз жумшак окшойт?
- Ак көңүлмүн, жөнөкөйлүктү жактырам. "Таш менен урганды аш менен ур" деген кыргыздын жакшы сөзү бар го, ошол сыңары душманымды да дос кылып алам.
- Бирдей формада жүрүү үчүн эмне кыласыз?
- Мурун фитнеске барып жүрчүмүн. Кийинчерээк ага да убактым болбой калды. Азыр көбүнчө бий менен машыгам. Диета деген түшүнүк жок, эмне кааласам жей берем, өзүмдөн аябайм.
- Сиздей сулуунун жүрөгүн багынткан мырза кантип жок болсун?
- Бир гезитке интервью бергенде да айттым эле, бул кыздын жигити көп деп өтүп кетишет. Жигитиң барбы деп сурап да коюшпайт.
- Анткен менен кайырмак ыргыткан жигиттер көп эле болсо керек?
- Көп учурда кримчөйрөдөгүлөр тийишет. Же өзүм ошондой көрүнөмбү билбейм. Алдаганда эмне пайда, тийишкендердин арасында депутаттар, чиновниктер деле бар. Бирок, менин көңүлүм чаппайт андайларга.
- Кандай жигиттер жагат?
- Ачык-айрым алдабаган, аферисттиги жок мырзалар жагат. Эркек деген атка татыктуу болуш керек.
- Сүйүүгө жолуга элек экенсиз да?
- Сүйүү барбы? Аны жейби же ичеби (тамаша)? Биздин жигиттер "серая мышка" деп коет го, ошондой кыздарды жактырышат. Үйгө отуруп, эч жакка чыкпай айтканын жасаган, өзүнүн ою жок кыздар жагат экен. Мен андай эмесмин. Мени бирөө минт-тигинт деп тескеп турганын каалабайм. Мага эркиндик керек.
- Өтө ачык экенсиз. Бул сапатыңыз сизге көп эле залакасын тийгизсе керек?
- Ачык сүйлөгөнүмдүн айынан жаман көрүнөм. Бетке айткан сөздүн заары жок деп айтып салам да. Бирок, кийин убакыт өткөн соң ал киши келип айтат "Лира, туура эле айтыптырсың" деп.
- Телефон номериңизди көп алмаштырасызбы?
- Алмаштырбаганга аракет кылам. Анткени, номер алмаштырганда тааныштарыңды таппай калат экенсиң. Бирок, көп эле алмаштырдым.
- Кандай адамдарга номериңизди бересиз?
- Менимче номер таап алыш оңой эле экен. Сурагандарга кандай максатта сурап жатканын сурайм да, ооба же жок дейм.
- Дарегиңизге кандай комплименттерди көп угасыз?
- Көп да эми. "Красавица", "секси", "душу дьяволу продам" деп да чыгышат. Анча эмне сатпай эле кой деп күлүп калам.
- Журналисттердин сизге берген суроолорунан жакпаганы?
- Саясатты сурагандары жакпайт. Көп жооп бербегенге аракет кылам. Саясатка кызыгам, окуйм, бирок айтуудан, диалог куруудан алысмын. Саясаттагы адамдардын көбү артисттерден да жаман экен.
- Жакынкы пландарыңыз менен бөлүшсөңүз?
- Сиарага жазган оранжировщик мага ыр жызып берди. Менеджерим Akon, Леди Гаганын менеджери менен тааныш. Ким билет мүмкүн ал жакка барганда дует ырдап калаттырмын. Анткени, Леди Гага дует ырдаганга бирөөнү издеп жатыптыр. Менеджерим мүмкүн сен деп айтып жаткан. Кудайдын буйругу менен ырдап калаттырмын. Жакын арада болуп калар, буга өзүм да ишенбей жатам. Азыр англисче ырлардын үстүндө иштеп атам.
Анан атамдын 84-жылдары жазган "Лира кызга" деген ырын жаңыча вариантта ырдап чыкканга даярданып жатам.
Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??