Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ат жаныбар

Патронду "пенсияга чыгарып" Паркет машине утту

Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Чолпон-Ата шаарында ат оюндары болуп өттү. Бул ат оюндарды Чолпон-Атадагы 54-жылкы заводуна тиешелүү президенттик башкаруу академиясынын Патрон аттуу жылкысын ардактуу эс алууга чыгаруу аземине байланыштуу болуп өттү. Президенттин аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев баштаган делегация катышты. Ат оюндарынын жети түрү боюнча мелдеш болду. Баш байге "Ауди С4" маркасындагы машина жана акчалай сыйлыктар коюлган. Кыска аралыкка чуркоодогу жарышка эки жаштагы жылкылар1200 м, 3 жаштан жогоркулар 1600м, кунан жорго 3600 м, бышты жорголор 5400 м, чоң жорголор 9000метр, кунан чабыш 7200метр аралыкта чабылды. Биринчи байгени Тоң районундагы "Элдияр" жылкы фермасынын Паркет аттуу жылкысы утуп, ээсин машиналуу кылды. "Элдияр" жылкы фермасы Тоң районундагы айтылуу "Айкол" айыл чарба кооперативинин башкармасы Замир Мукашевге тийешелүү. Ардактуу эс алууга узатуу аземинин күнөөкөрү атактуу Патрон дагы айтылуу "Айкол" асыл тукум чыгаруу кооперативинен чыгып, эки жашында сатылган экен. Патрон ушул күнгө чейин 98 жолу жарышка түшүп, 93 жолу байгеге ээ болуп 39 жолу машина, 2 млн. сом уткан экен. Ал эми экинчи орунду кайра эле "Айколдон" чыккан Парнас аттуу жылкы ээ болду. 3- орунду акыркы 2-3 жылдан бери биринчиликти бербей келаткан Таганка аттуу күлүк келди. Ушул жылдары Таганка 13 машина утуп, биринчиликти бербей келаткан экен. 4-орунду кайра эле "Айколдон" чыккан Палачтын "кызы" Айпери аттуу жылкы алып кетти. Ошентип, бул ирээт "Айкол" асыл тукум фермасынан чыккан жылкылар үч байгелүү орунга ээ болуп, башкарма Замир Мукашев үчүн унутулгус күн болду. Канча жылдан бери бул фермадан чыккан жылкылар Казакстанда болобу, же бизде болобу биринчиликти бербей асыл тукум экендерин далилдеп келатышат. Замир Мукашев "мен жети атамды толук билбешим мүмкүн, бирок, өзүбүздөгү ар бир жылкынын чоң ата, таяталарынан бери таржымалын билем" деп таң калтырды. "Айкол" кооперативи жана башкармасы Замир Мукашев тууралуу гезитибиздин кийинки санында баяндайбыз. Ишиңиздерге ийгилик, бардык жактан биринчиликти бербей, жасаган ишиңиздердин үзүрүн көрө бериңиздер!




Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Асанкары Жамгырчиев, пенсионер:
- Бул демилгеңер жакшы экен. Эми биринчиден идеологияны иштеп чыгышыбыз керек. Адамзатты Алла Таалам бирдей кылып жараткан, бир гана жашаган жеринен айырмаланабыз. Ошол гана биздин өзгөчөлүгүбүз. Азыр биз жердин бетине тарап кеттик, баардык өлкөлөрдөн кыргыз атуулдарын кезиктирүүгө болот. "Мен кыргызмын" деп Ааламдагы элдин арасынан өзүн алып жүрүш үчүн, жоголуп кетпеши үчүн Манас рухун көтөрүшүбүз керек. Анда кыргыздын идеологиясын чагылдырып, аны жандандыра турган, багыт бере турган нерсени иштеп чыгышыбыз керек. Илгери Советтер Союзунун убагында бар эмес беле октябрь, пионер, комсомол деген мына ошол сыякуу манастын бала чагы, чөңөйгөндөгусу, элин-журтун чогулткандагысы, ата-бабасынан бери келе жаткан жерди башка элден бошотуусу мына ушунун баарысы тепкич менен болушу керек. Манас үйүндө мультфилимден баштап киного чейин, ошондой эле биздин искусствонун адамдары художник, акын, манасчы, ырчы баардыгы ошол жерде болуп, Манас жөнүндө баардык тарабынан маалымат берип туруусу абзел. Ал эми имаратты бийикке куруубуз керек, Бакайдын бас бөлтөгү бар эмеспи мына ошол жерге курулса деген ойдомун. Кыргызстанга келген ар бир адам жөнөкөй киши болобу, турист болобу ошону эңсеп барып көргүдөй болушу керек. Чоң архитектуралык комплекс, адабий комплекс, Манастын үзүндүсүн көрсөтө тургандай театрдык сахна болуп, кыргыз жигити болобу, кызы болобу Манас айтып турушу керек. Мына азыр Манас ордо деп тарбайган бир нерсени куруп койду, ал жакка ким барып атат, барып сүрөткө түшкөндөрү гана болбосо. Ал жерге барган ар бир адам беш мүнөт болсо да өзүнүн духуна бир нерсе алгыдай, жан-дүйнөсүнө пайдалуу нерсе сиңирип алгыдай болушу керек. Ал үчүн биз кыргыз журту эмгектенүүбүз керек.

Эрлан Осмонаалы уулу студент:
Манас үйүн куруу демилгесин колдойм. Аны курганыбыздан соң Манас тууралуу китептер, илимий изилдөөлөр, сүрөттөр, Манастын, Бакайдын, Каныкейдин жана башкалардын скульптуралык эстеликтери болсо деп ойлоор элем. Андан сырткары Манас үйүндө манасчылардын окуу жайын ачыш керек, ал жерден бир гана Манас айткан манасчыларды тарбиялап чыгарбастан Манас тууралуу илимий жактан изилдеген баардык илимпоздордун да клубу жайгаштырлышы керек.

Сарыбай Токтоналиев, эмгектин ардагери:
- Бул демилге негизинен жакшы, колдоого алышыбыз керек. Азыр бул жердеги "Манас ордону" гана оңдоп-түздөп, ошол жерге эле салынса дээр элем. Эми үйдүн ичинде Манас атабыз жөнүндө баардык маалыматтар камтылышы керек. Чет элдиктер эңсеп көрүп кеткидей болуп кыргыздын кандай тектүү эл экенин, тамыры каякта экендигине дагы бир жолу ынангыдай болуулары зарыл.
Гүлзат Садырбек кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??