Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Үч собол?


1. Президент болгусу келгендер шайлоого камдана баштады. Сиз кимдин президент болушун каалайт элеңиз?

2. Айтматовго эстелик али күнгө чейин курула элек. Буга ким күнөөлүү, балдарыбы же мамлекетпи?

3. Жан дүйнөңүздө , турмушуңузда эмне көйгөй бар?

Бүсара Калмурзаева,
Жалал-Абад облусу:
1. Менин оюмча, кыргыз элин урматтаган,сыйлаган,маданияттуу, татыктуу адам болуш керек. Кыргыз элинин түйшүгүн жеңилдетип,алдыга алып чыга ала тургандар Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиев деп эсептейм.
2. Биринчиден, өзүнүн туугандары аракет кылыш керек. Экинчиден, өкмөткө кайрылуу жасап, мамлекет колго алыш керек деп эсептейм. Айтматов кыргыз элин дүйнөгө тааныткан атактуу жазуучу болгондуктан, сөзсүз түрдө мамлекет колго алыш керек.
3. Өзүмдүн жеке жашоомдо көйгөй деле жок, кудайга шүгүр, баары жакшы. Жалал-Абад шаарында жашайм, борборго балдарымдыкына эс алганы келдим.


Абакир Мусамамбетов, Нарын облусу:
1. Азыркы учурда президенттикке татыктуу деп айтыш кыйыныраак. Себеби, акчанын күчү менен жеңишке чыгып кеткендер көп. Эми кандай президент чыгат ким билет? Эл чечет, эл шайлайт. Менин көз карашым боюнча Атамбаев жана Текебаев татыктуу деп ойлойм.
2. Албетте, буга өзүнүн балдары күнөөлүү. Анткени, чет мамлекеттерде көп китептери которулуп чыгарылган, ошондон түшкөн каражат менен өздөрү эле коюп койсо болмок. Мамлекеттин көзүн караган менен, алсыз болуп атпайбы.
3. Өзүмдө көйгөйлөр деле жок, жашоомо ыраазымын, эл катары жашап келе жатам. Бир гана жан кейиткен көйгөй, начар жашагандарга ичим күйөт. Барына тең жашоо бирдей болсо.


Талас Бообеков,
Кара-Балта шаары, 67 жашта:
1. Азырынча мен кимдер талапкерлигин коюп жаткандыгын билбейм. Талапкерлер өздөрүн көрсөткөндөн кийин анан татыктуусун шайлайм. Баары эле жакшы, эң негизгиси кыргыз эли үчүн күйгөн адам болуш керек.
2. Мамлекетти аңдыбай балдары кам көрүш керек, баарынын эле колунан келет. Бир четинен дүйнөгө таанымал, атак-даңктуу болгондуктан мамлекет да колго алууга укуктуу.
3. Менин жашоомдо көйгөй деле жок. Азыркы убакта балдарымдын колунда эс алуудамын.


Кайрат Сыдыков,
Талас облусу:
1. Эң биринчиден жаштардын көйгөйүн ойлогон, спорт жагына көп көңүл бурган адам болуш керек. Ош окуясына себепкер кишилерди таап, жазага тарта турган адам келсе жакшы болот эле деп ойлойм. Спортсмендердин, мугалимдердин айлыгын көтөрүш керек. Президенттикке Текебаев татыктуу деп ойлойм, анткени жаштарга көп көңүл буруп келет.
2. Буга бирден-бир мамлекет күнөөлүү деп ойлойм. Мамлекет өзү мүмкүнчүлүк түзсө, анан үй-бүлөсү баштайт эле.
3. Көйгөй студенттердин контрагын азайтса жана айлык акыларды көбөйтсө жакшы болот эле.




  Көзү ачыктын сөзү ачыкпы?

Төбөлдөргө төлгө таш
Шайлоо алдында аттуу-баштуу саясатчылардын кимиси президенттикке татыктуу, жолдуу болорун көзү ачыктын көзү менен тандоо максатында "төбөлдөргө төлгө таш" аттуу рубрика ачтык. Бул ирет төмөндөгү үч саясатчыны төлгө ташка салдык. Эмкиде башкалар болот. Бүгүнкү коногубуз, айтылуу көзү ачык, олуя Бурулсун Төлөмүш кызы болду.
Коен жылы, "коендун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр" дегендей өкмөт бир жыл чыдады. Укканды учурушуп, көргөндү көчүрүшүп өткөн-кеткенди териштирип алды. Соттошкону соттошуп аркасы элдешип, качканы качып, кыргыз эли эмне турмуш болот деген маалда парламентеги 120 депутаттын арманы бүтпөй койду. Бат эле президенттик шайлоо жакындап босого аттап келе жатат. Кыргыз элин эми дагы кыйынчылык күтүп турат. Кыйынчылык эмей эмине. Президенттик шайлоо деле оңойго турбаса керек. Боло турган президенттик шайлоого 16 адам жарышка чыгат.
Он алтынын бирөө Камчыбек Ташиев болот. Камчыбек Ташиевдин айрыкча түштүк элине жасаган эмгеги үчүн алар көтөрөбүз деп турат бирок, ойдогу, көңүлдөгүсү болбойт. Ачууга алдырып жиберет. Орган тарапта жумуштары өтө татаалдашып кетип чыга албай калышы да мүмкүн. Камчыбек Ташиевди Ош облусуна губернатор кылып коюшса эки элди жараштырып, элге кызматын өтөмөк. Бул жигиттин душмандары көбүрөөк. Төртөө артынан жүрөт.
Марат Султанов депутаттык мандаты менен тынч эле отура берсе болот. Элди ары-бери козгобой эле.
Адахан Мадумаров ошол партиясы менен эле элге жардамын берип, эл үчүн иштеп өз оокатын жасай берсе болот. Мадумаровго элдин мурункудай ишеними арткан жок.
Бул үч мырзага тең төлгөө ташында жол жок болуп калды. Үчөө тең өз ара ишин кыла беришсе болчудай.

Элзат Бекишова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??