Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Чындык ачуу болот.

Жылдыз Жолдошева, ЖК депутаты:
"Текебаев сепаратисттерди айланасына кошуп алган"
- Ош окуясын изилдеп жыйынтык чыкпай калды, акыр аягы ушинтип бүдөмүк болуп калабы? Бир дагы жоопкерчиликти алып, күнөөсүн сезген тарап болгон жок баары актанышты…
- Туура суроо бердиңиз, элден да мага байланышка чыгып эмне үчүн баардык күнөө мурдагы президенттерге, кетип калган Кадыржан Батыровго төңкөп коюп, УӨ күнөөсүн моюнга албай жатышат деп, элдин кыжыры кайнап жаткан учур. Жок дегенде ошол мезгилде тийиштүү күч органдарда иштеген адамдар жоопкерчиликти сезишпеди жана эч кандай жаза алышкан жок. Апрелде көп эр-азаматтар каза болду. Күнөөлү Бакиевтер жана башкалар да жазасын алышкан жок. Ош-Джалал-Абадда 440тан ашык адам каза болуп, жоголгондор али күнгө чейин табылбай келет. Кимдердин саясий курмандыгы болду? Биздин карапайым жарандарыбыз. Ойлодум эле, парламенттик комиссия акыйкат карап берет деп, тилекке каршы акаевчилер, бакиевчилер, отунбаевачылар болуп бөлүнүп, өздөрүнүн көр пендечилигинен чыга албай калышты. Ошондуктан жалгыз отчет жазганымдын себеби ушул. "Коогалаң" деген даректүү тасмадагы отчетумдун ажырагыс бир бөлүгү. Эгерде чындык айтылбай,эч ким жазаланбаса,анда эртең дагы ушул кандуу окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт..
- Сиз жазып чыккан отчет менен таанышып чыктым, ал жерде Батыров менен биргеликте АсылбекТекебаев элди уюштуруп, Бакиевдин ата конушун,туугандарынын үйлөрүн, Кыргызстандын желегин өрттөп жүргөнү айтылыптыр…
- Аны даректүү тасмадан көрдүңөр, Тейит айылынынын тургуну А. Сапарова айтып жатат. Бакиевдердин үйүн өрттөп жатканда Кадыржан Батыров менен АсылбекТекебаев чогуу турган деп. Үйлөрдү өрттөп, мүлкүн талап-тоношкон. Өзгөчө кыргыз мамлекетинин желегин өрттөгөндөрү кыргыздардын кыжырын келтирген. Ушул жерде Батыров Асылбек Текебаев болбосо өзү батынып барып үйдү, желекти өрттөй алмак эмес. Экинчиден бүт үй-оокаттарын гана тонобостон,короодогу итинен бери жетелеп кетишиптир. Эми элестетип көргүлөчү Каримовдун же Путиндин үйүн, ата конушун, ошол мамлекеттердин желектерин кыргыздар өрттөп, талкалап тоноп кетсе эмне болот эле? Бул чоң согушка алып келе турган нерсе болчу. Ушул окуядан кийин кыргыз менен өзбектин ортосунда чоң жарака кеткени аз келгенсип, чырдын чыгышына ушул жагдай да себепкер болду.Ошондон кийин чоң чатак чыгып Жалал-Абадда эл толкуп Батыровдун университетин талкалап "эмне үчүн кыргыздын желегин өрттөйсүң?" -деп эл толкуган. Анын арты менен жөнөкөй күнөөсүз өзбектердин үйлөрү өрттөлдү. Буга Батыров, А. Текебаев күнөөлүү.
- Асылбек Текебаев тууралуу фактылар айтылып атат, эмнеге суракка алынып, жоопко тартылбайт?
- Көз жаздымга калтырылып атканы баш прокурор болуп Аида Салянова келбедиби, ал кишиге суроо бергенбиз "кайсы партиядан болосуз?" деп. Ал киши эч бир партияда эмесмин деди. Эгер ал Ата-Мекен партиясынан болсо анда Асылбек Текебаев жоопко тартылбайт.
- Аида Салянова аталган партиядан деген маалымат барбы?
- Ошондой маалымат уктук. Ата-Мекен партиясынын мүчөсү болобу, болбойбу же ал партияга иштегенби маалымат туура болсо эч качан Асылбек Текебаев жоопко тартылуу аракети көрүлбөйт. Дагы бир далил 1990-жылы, 2-мартта СССРдин Жогорку Кеңешинде улуттар аралык кеңештин төрагасы Р. Нышанов деген жетектептир. Республикабызды ошондогу 1-катчы А.Масалиев болгон. Ушуларга өзбек улутундагы сепаратисттик маанайдагы кишилер арыз жазышкан. Алардын ичинде Акбаров Сайдулла деген бар. Ал эмгек сиңирген окутуучу экен. Ошол киши, ж.б. 1990-жылы, 2-мартта Ош облусун автономия, өзбек тилин кыргыз тили менен барабар кылып бересиңер деген талаптарды коюшкан. Ал сепаратистин уулу Акбаров Азамжан Ө.Текебаев баштаган конституцияылык кеңешмеге мүчө болот. Анысы аз келгенсип, 2010-жылкы сепаратисттер Сабиров Даврандарды, Абдусаламов Улугбекти, Мухумаджанов Шавкаттарды Текебаев конституциялык кеңешмеге мүчө кылып кошуп алган. Бул кеңешме 2010-жылы 30-апрелде түзүлгөн, алар болсо май айы ичи өзбек жарандарыбыз менен жолугушуп тескери үгүт менен алектенишкен. Ошол эле учурда конституциялык кеңешмеде мүчө болушуп же ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Буга эч ким, Текебаев дагы "кой, сен конституциялык кеңешменин мүчөсүсүң, мындайга барба" -деп,бир ооз айтып да койгон эмес. Ушул факт алар менен соодалашууга барганын, аларга мүмкүнчүлүк берегинен кабар берет. Дагы бир далил Акбаров Азамжанды УКМК 20-июнь 2010-жылы суракка алган. Көрсөтмөдөө Акбаров айтып жатат: " 3-июнда мен, Абдусаламов Улугбек, Эргашев Вахиджан Бишкекке келдик деп. "Хаят" мейманканасында БУУнун жогорку комиссары менен 4-июнда жолугуштук. Арасында Абдрасулов Иномжан, Алишер Сабиров ж.б. 15-17 сепаратистик маанайдагы адамдар болушканын, алар эмне жөнүндө БУУнун өкүлү менен сүйлөшкөнүн комиссия биле албады. Абдусаламов кийин УКМКнын СИЗОго киргизилген. Бул жерде Акбаров Азамжан УКМК адаберген суракта Батыров Ошто массалык башаламандык уюштур деп 100 миң доллар бергенин айтып атат. Ошол 1990 жылкы сепаратисттик маанайдагы кишилердин балдарын, азыркы учурдун сепаратисттерин Текебаев айланасына чогултуп, конституциялык кеңешмеге мүчө кылып алса, ал эми бир тууган инисин Асылбек Текебаевти түштүктө Батыров менен достоштуруп, кыргыздын туусун өрттөшкөн. Анысы аз келгенсип, Текебаев ООНго кат жазып, конституциянын долбоорун өзбекче которуп "Интербилимдин" жетекчиси Асия Сасыкбаева менен биргелешип өзбектерге таратып беришкен. Бул мыйзамды бузганга жатат. Өлкөбүздө мамлекеттик тил кыргыз, расмий тил орус тили болсо конституциянын негизинде, алар мыйзамды одоно бузуп өзбекче которушкан. Анда республикабызда 80ден ашык улут жашайт, анда эмне себептен алардын тилдерине которушкан жок? Мына дагы бир далил өзбек элинин добушун Текебаев Парламенттик шайлоодо алыш үчүн, керек болсо баш мыйзамды бузуп, конституциянын долбоорун өзбекче да которушкан. Мына ушундай фактыларды айтсаң, Текебаев чычалап таласта партиялаштарын чыгарып, Талас элинен атынан сүйлөтүп мага жалган жалаа жаап атса, Сасыкбаева болсо КТРКдан, Оторбаевтин принциби жоктугун билип, Оторбаевти өзүнүн партиялашын "туура пайдаланып" мага түрдүү ярлыкты илгени аракет жасап жатышат. Бирок эл тараза, ак ийилет, бирок сынбайт.
Убагында Акаев Кадыржан Батыровду "Даңк" ордени менен сыйлаган. Андан башка Акбаров баш болгон сепаратисттер убагында сыйлык алып, алардын аттары мектеп, көчөлөрдүн атына берилген. Акаев айтыш керек эле да, сепаратисттик маанайдагы адамдарга мектеп, көчөлөрдүн аты берилип атканда. Мамлекеттин бүтүндүгүн бүлүндүргүсү келгендерге кантип мектептин атын берип атасыңар?" деп. Ал эми Бакиев буларды канатына калкалаганы, өз кабинетинде Батыровтор менен өзбекче сүйлөшкөнү аз келгенсип, мамлекет башчысы болуп туруп эгемендүүлүк күнүбүздө өзбекче бийлеп атса, албетте сепаратисттер көппөгөндө ким көбөт?! Мына ушул сыяктуу далилдер абдан көп. Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөсү Кадыржан Батыров менен соодалашып, башаламандык уюштурганын Баш прокуратура иликтеп чыгып, жазасын бериш керек. Антпесе эл ыраазы болбойт, эл ыраазы болуп мындан ары эч ким, элибиз да саясатчылардын жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүүдөгү талаш-тартыштарына курал болбостон, балдарын курмандыка чалбастан, эл шайлоо аркылуу гана журт атасын тандап алышы керек.




  Зилзала

Баткен селде калып,
адам өмүрү кыйылды
12-июнь күнү кечки саат 9да жааган жамгырдын кесепетинен Самаркандек айыл округунун Подстанция участкасында айыл тургундарынын үй алдындагы эгиндерин сел алып кеткен. Катуу келген селден улам тосмо катары коюлган 3 латокту сел бузуп, натыйжада 5 жарандын огородун сел жууду. Мындан сырткары катуу жааган жамгырдан кийин "Кулан" жайлоосунда кеткен сел Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну К.Пусуровдун 30 коюн агызып кеткен.
Баткен областынын губернаторунун жетекчилиги менен жарандарды кооптуу жайларга көчүрүп чыгуу жана алардын өмүрүнө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдарда эскертүү чараларын көрүү боюнча штаб күн сайын жыйын өткөрүп, тийешелүү структураларга милдеттерди коюуда.
Табият кырсыгынан айрыкча Лейлек районунун борбору Исфана шаарына жакын жайгашкан Чимген айылына олуттуу зыян болду. Бул айылда 100дөн ашуун үйлөрдү сел каптаган. Кечке жуук болгон кырсыктан кийин, электр жарыгы өчүп, жолдор жана суу түтүктөрү жарактан чыккан.
Катуу келген сел бир КАМАЗ жана эки жеңил автомашинасын алып кеткен. Натыйжада Лейлек районунун ылдыйкы аймагын болуп тураган көпүрө жана жолдор жарактан чыгып, эл каттамы убактылуу токтоп калган. Ушундай эле кырсыкка Лейлек районунун эң алыскы Маргун, Дархун, жана Даргаз айылдарынын калкы да туш болушту. Кырсык болгон аймакта жүргөн облус губернатору А.Буркановдун айтымында бир эле айылда 60 гектар аянттагы эгин талааларын, жүздөгөн мал жандыктарды сел алып кеткен. Учурда Лейлек районунун калктуу пункттарында жана Сүлүктү шаарына жардамдар көрсөтүлүп, тазалоо иштери башталды. Ошол эле учурда келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.
Азыркы алынган маалыматка ылайык жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдар жетишсиз болууда. Эң маанилүү болгон Кулунду каналын калыбына келтирүүгө жергиликтүү бийликтин күчү жетпейт. Ошондуктан миңдеген гектар аянттардагы эгиндерге сугат суу жеткирүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам зарыл болууда. Азыркы учурда 30 тонна солярка, атайын техника өтө зарыл. Самаркандек айыл башчысы Саттар Жолдошевдин айтымында, Самаркандек айылынын тургундары 1992-жылы туулган Табалдиев Айбек жана 1995-жылы туулган Таирбек уулу Шайырбек, "Кулан" жайлоосундагы мал жандыктарынан кабар алганы 12-июнь күнү чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Алардан кабар болбой туугандары айылдык милицияга, ӨКМ өкүлчүлүгүнө, чек арачыларга кайрылып, айыл тургундарын алып айыл округ башчысы 2 күн бою издөөгө чыгышкан. 14-июнь күнү гана түшкө маал сел кетчү жолдогу чуңкурдан эки баланын сөөгү табылган. Жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жактан жардам берүү боюнча чаралар көрүлүүдө.










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«