Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Абалың кандай ак халатчан?

Бейтапкана
Бактар бүрдөп, чөптөр чыга баштагандан тартып астма, аллергия жана башка оорулар күч алат. Мындай оору менен алпурушкандар көп учурда тез жардам менен бейтапканага жетишет. Дал ушул тез жардам менен барган оорулууларга шаар боюнча жалгыз №1-шаардык тез жардам ооруканасы кызмат көргөзүп келет. Биз да аталган бейтапкананын босогосун аттап, оорулуулардын, ак халатчандардын акыбалы менен таанышып кайттык.

Бегайым Исакова, жогорку категориялуу дарыгер, саламаттык сактоонун отличниги, тез жардам терапия бөлүмүнүн бөлүм башчысы:
"Селсаяктын идиши, бөлмөсү башка"

- Тез жардам терапия бөлүмүндө кан тамырларга ийне сайылат, таблетка менен дарылайбыз. Дары-дармектердин баары менен камсыз болгон. Физио процедуралар, гимнастика, массаж берилет. Бөлүмдө үч дарыгер, 7-8 медайым, санитарка иштейт. Анча-мынча ремонт иштерин (актап, сырдап) өзүбүз жасайбыз. Айлана чөйрөбүздү өзүбүз жашылдандырабыз.
- Селсаяктар келсе кабыл аласыздарбы?
- Албетте кабыл алабыз. Ар кандай таштандылардын арасынан, көчөгө жатып калган жеринен тез жардам менен алып келишет. Андыктан акыбалы өтө оор болот. Жуунтуп-тазалантып, тамактандырабыз. Бирок, алардын идиш аягы, бөлмөсү өзүнчө болот.
- Учурда кайсыл оору менен ооругандар көп болуп жатат?
- Бронхит, бронхиалдык астма, аллергия менен ооругандар көп кайрылып жатышат. Себеби, чөптөр чыгып гүлдөп жаткан учурда аллергия менен ооругандар көп болот. Тамактар да мурункудай эмес, химикаттар көп аралашат, ошол себептен аллергия боло берет. Гипортония менен ооругандардыкы мурдунан кан кетип келишет, давлениеси 240ка жетип келгендердин саны арбын.
- Айрым бейтапканаларда ишемби, жекшемби күндөрү кабыл алышпайт. Сиздерде кандай?
- Кабыл алуу бөлүмү бар. Ал жакта күнү-түнү дежур врач болот. Ал кабыл алып дары жазып берет. Эгерде катуу абалда болсо анда жаткырат.




Камиль Салахов, жогорку категориялуу дарыгер:
- Жумасына алты күн эң оор терапиялык оорулууларды биздин бөлүмгө алып келишет. Алар бронхиалдык астма, пневмания, аллергия менен ооругандар. Көрүнбөй жүрө беришип оорусу өтүшүп, оор абалга келгенде бизге кайрылышат. Биз заманбап технологиялардын жардамы менен ар бир оорулууга ордунан жардам кылып, реанимацияга жөнөткөндөрүбүз аз. Жардам күнү-түнү берилет. 30 койка бар болсо кээде оорулуулардын саны 40 чукулдап кеткен учурлар болот. Аба ырайы алмашкан сайын оорулуулардын саны арбын боло баштайт. Күнүнө 5-6 өтө оор акыбалда оорулуулар келет. Эртең менен жумушка келе жатканда кандай оору менен кандай адам келди деп ойлонуп келебиз

Сабит Жумабеков, бейтап:
- Мен 8 жылдан бери асматика менен ооруп келе жатам. 6 жылдан бери ушул бейтапканага катуу оор абалда келем. Жылына жок эле дегенде 3 ирет келип дарыланып турам. Бул бейтапканага келгени доктурлардын эмгегин баалап ыраазы болом. Күнү-түнү келген оорулууларды кабыл алышып, тикесинен тик турушат. Эсимде, бир жылы оорум кармап жатып калсам, палатама жылыткычты үйүнөн көтөрүп келип беришкен. Кудайга шүгүр, айыгып жакшы болуп калдым, абдан ыраазымын.

Салкын Тентиева, бейтап:
- Бронхит оорусу менен Ново-Покровкадан катуу абалда келип түшкөм. Оорулуулардын атынан ак халатчандарга терең ыраазычылык билдирет элем. Акыбалыбызды бат-бат сурап турат. Дарыгерлерге кудайым кубат берсин.




Жусуп Бошкоев, медицина илимдеринин доктору, профессор, башкы дарыгер:
"Эхинококк боюнча эле жылына 500-600 операция жасалат"

- Жусуп Бейшекадырович, жалпы бейтапкананын абалына токтолсоңуз?
- Шаардагы тез жардам ооруканасы ар кандай профилдеги 324 оорулууга орун чектелген оорукана. 120 хирургиялык койкабыз бар. 40 кордиология, 40 ревматозология, экстренный терепия, эндохренология деген бөлүмдөрүбүз бар. Сахары көбөйүп кеткен оорулуулардан тартып, жүрөк оорусу менен ооругандарга чейин бизге келет. Ургентная терапия дейт ал боюнча биз жети күн күзөт кылабыз. Ангионеврологияда жумасына 3 күн күзөт жасайбыз. Азыр дүйнө жүзү боюнча инсульт оорусу менен Кыргызстан биринчи орунда болуп атат. Давлениенин нормасы 120/80 болсо, 250 давление менен өзүмдү жакшы эле сезип атам деп жүрө беришет. Гипортониялык оорулар бир келген соң кетпейт. Ооруканага жатсам эле болду кетип калат деген туура эмес. Жарнамадан берип жаткан барына дары деген шарлатандардын сөзүнө ишенип, ошолорду ичип жүрө беришет. Аларды ичип психологиялык 10-15 күн жакшы болдум деп жүрө беришип күчөгөндө келишет. Элементардык колубузду таза жуубагандан жуга турган ооруларды жуктурабыз. Мисалы, эхинококк боюнча жылына 500-600 операция жасалат. Бул өзүнө кайдыгер карап, жуубай жашылча жемишти жегенден жугат. Мурун СССР убагында алибококос (эхинококктун бир түрү) деген оору чыккан. Союз учурунда аталган оору жылына бир ирет катталса, эми жумасына 5-6 жолу катталат. Жылына 100гө жакын операция алибококостон болот. Убагында көрүнбөгөндүктөн эхинококк чоңоюп кеткен учурлар, алибококос менен бүтүндөй үй-бүлөсү ооругандар бар. Кыргыздар малга мамиле жасаганды да билбейбиз. Элементардык бруцеллезду алалы, сүттү кайнаткыла, малды текшерткиле дейбиз, болушпайт. Мал сойгондо карасаңар, өпкөсүн көрчү дейт, эхинококк десе, а итке берип кой дейт. Бруцеллез менен ооруган уйду улам бир жерге сатып жиберет. Аны алгандар ооруну жуктурган соң, кайра башкага сатып жиберет. Жапаров паспорт деп туура эмес айтып алды болуш керек, ар бир уйдун номери болсо, ошол уйдун номерине бруцеллез бар деп жазылса. Справка жазган ветеринар да жоопко тартылмак. Бруцеллез бир гана муундарды жабыркатпастан башка ооруларды да козгойт. Бул оору менен жылына 13 миңге жакын оорулууну дарылайбыз.
- Бейтапкананын короосунан куруу иштерин байкай алдык. Кандай корпус пландаштырылып жатат?
- Хирургиялык корпуста операциялык блок сала баштаганбыз. Азыр эмеректерин алабыз деп турабыз. Мындан тышкары 450 койкалык проектибиз бар болчу. Азыр катлаваны казылып турат. Мурунку бийликтин убагында түптөлгөн. 400 миллионго чукул акча сарпталат деп эсептелген. Бирок, 150 миллион сом каралган. 2010-жылкы окуялар болбогондо 2011-жылы бейтапканага кирип калмакпыз. Быйыл "Ислам банкы" тарабынан 12 миллион бөлүнөт деп каралып атат.
- Бүгүнкү күндөгү астматиктердин абалы кандай?
- Тез жардам терапия бөлүмүнө астматиктер көп кайрылат. Астма оорусу канча кылымдан бери келе жаткан оору. 1986-жылдан бери оор приступ менен түшкөндөрдүн саны азайды. Азыр дарылоо жолу башка. Мамлекеттин эсебинен бекер дарылайбыз. Башка оорулуулар кошумча акча төлөшсө, астматиктер төлөбөйт. Өзгөчө жаз, жай айлары астма оорусунун күч алуусуна алып келет. Мурун ар бир бөлүмгө күнүнө бирден астматик келип түшчү. Азыр астматиктердин саны азайды.
- Азыр талашка түшүп жаткан биолабороториянын кереги барбы?
- Бизде 8-9 лаборотория бар. 1-2-3- категорияда бизде лаборотория жок. Эмне үчүн бул категорияда дейт? Себеби, ал сыртка да чыкпайт, иштетилген материалдар болсо стерильный болуп чыгат. А бизде канды аныктап атабыз. Андан соң бир аз бөлүгүн тазалап туруп эле канализацияга кетирип атабыз. Ал кай жакка кошулуп атат? Кээ бир жаныбарлардын оорусу аныкталбастан эле кырылып жок болуп атат. Биолаборотория ушундай оорулардын баарын табат эле. Аны бизге бактериологиялык курал болот экен деп түшүндүрүп коюшкан. Канадалыктар ооруну ошол жеринен жок кылалы деп жатышат. Аливококос, сибирский язва деген оорулар европада жок. Биолаборотория убагында диагнозун коет. Канадалыктар иштетпейт, аны алар салып гана берет. 3 жыл ичинде алар реактивдерди алып келип жардам кылышат. Эгерде бул лаборотория ачылса, калган 7-8 лабороторияны жаап салса да болот. Аны ажиотаж кылып бейөкмөт уюмдар туура эмес түшүндүрүп атышат. 60 млн. акчаны жөн бербейт дешет. Алар коркуп атат биздин оорулар барбасын деп. Себеби, Тажикстан, Казакстанда мындай лабороториялар курулган. Маселен, бизге келип түшкөн оорулуулардын деле макротасын алып жиберип ийсе, кайсы антибиотик барып түз тийерин 2 күндүн ичинде аныктап берет. Азыр биз бир жума күтөбүз, оорулууларга түз тийдиби, жокпу бир антибиотикти сая беребиз.

Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??