Банкирбаян

Россия берген кредит кайда кетти?
Бир кезде Бакиев алып, бирок бир бөлүгүнүн дайыны кайда экени эмгиче белгисиз болуп келаткан орусиялык кредит эсиңердеби? Дал ошол кредиттер менен Жээнбаева изин жашырууга далалаттанууда.

Эсиңерде болсо, көп адамдар акча (286,3 млн. доллар) Максимдин айынан кайдадыр житип кеткен деп ойлоп жүрүшчү. Чындыгында анын 100 миллиону Камбар-Ата-2нин курулушуна берилиптир. Ал эми калгандары тийиштүү базарларда депозит жана баалуу кагаз катары жайгаштырылыптыр. 2010-жылдын апрелинде бул акчалар тапкан пайдасы менен кошо Улуттук Банктын эсебине кайтарылган. Ошондо Банкка жалпысынан 192 млн. доллар келген. Дагы 30 миллион доллар коммерциялык банктарда депозитте калып, айрымдары жыл ичинде эсептешип бүтүштү. Бирок, дал Улуттук Банк атайылап эле 880 миллион сомду АУБдан чыгарып кетпегендигинен улам карыздар АУБдун активинин негизинде жаңыдан түзүлгөн "ЗалкарБанктын" мойнуна илинди. Орусиялык кредиттин Улуттук Банкта тургандыгын күбөлөндүрүүчү документке Абдыбалы тегин Сүйөркул кол койгон. Апрель революциясынан кийин да Улуттук Банк мамлекеттин бардык акчалары ордунда сакталуу экенин билдирген. Бирок, кийинчерээк акчалар кайдадыр ага баштады. Буга улай эле Жээнбаева менен Сүйөркул акчалар 2010-жылдын апрелине чейин эле өлкөдөн чыгарылып кеткен деген бүтүмдү ойлоп таба калышты. Бирок, ал акчалар кантип чыгарылмак эле? Анткени Улуттук Банктын өзүнүн эсебинде туруп атпайбы?.. Демек өлкөдөн мамлекеттик эмес, башка бир акчалар чыгарылып кеткен.
Андан соң Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ишаратынан улам орусиялык кредиттер Өнүктүрүү фондунан алынып, убактылуу өкмөттүн резервдик фондуна которулган. Июндагы кайгылуу окуядан кийин бийлик 100 миллион долларды түштүктү калыбына келтирүү үчүн жумшай турганын билдирген. Ал эми 86 миллион доллар бюджет таңкыстыгын жабууга сарпталмай болгон. Бирок, жалпысынан 223 миллион доллар бар болчу. Анын 192 миллиону Улуттук Банктын эсебинде, 30 миллиону коммерциялык банктарда сакталып турган. Ушул миллиондор кайда жоготулду?
Эми бийлик анын баш-аягын ажырата албай убара. Баамдашыбызча, июнь коогалаңынан кимдир бирөө куп эле каражат иштеп таап, кайсы бир акчалар сол чөнтөктөргө солонуп кеткендей. А эми Жээнбаева Сүйөркулга акчалардын баары өз ордуларында деген катка колду 2010-жылдын 2-апрелинде басым-кысым астында койгонмун деп айттыра албай убара тартууда. Чын эле акча ордунда болбогондой кылып. Бирок, аттиң кечиктиңиз го Бактыгүл айым... Бийлик, ошол эле Улуттук Банк, Каржы министрлиги акчалар ордунда, аларды түштүктү калыбына келтирүүгө жана бюджетти толтурууга сарптайбыз деп айтып алышпады беле... Б.а, акчалар ордуларында эле сакталып турган. Революциядан кийин Бакиевдер аларды башкарууга мүмкүнчүлүк ала алышкан жок да.
Эми эске сала кетели. Ал деген кредиттин акчалары, анын үстөк пайызын маал-маалы менен төгүп, а кийин таптакыр төлөп кутулуш керек. Бюджет үчүн бул оңбогондой эле мүшкүл. Бюджет салык төлөөчүлөрдүн эсебинен толтурулгандыктан, албетте салык төлөөчүлөргө да кыйын. Элдин жонунан качанга чейин кайыш тилине берет?! Же эмне саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу тармактарды өнүктүрүүнүн ордуна бийлик биздин акчаларды кредиттин үстөгүнө эле төгүп коюп отура береби?! Башкача айтканда, бийлик башындагылар кредитти бөлө тартып жеп кетишсе, аны кайтарууну эл мойнуна алышы керекпи? Буга бийликтен ким жооп берет? Эч ким. Тескерисинче, алар тезирээк изин жашырып, жоопкерчиликтен жүз буруп кетүүгө шашылышууда. Бул бери дегенде, элге каршы жүргүзүлгөн кылмыш эмеспи! Балким Убактылуу өкмөт, Каржы министрлиги, Улуттук Банк акчалар туруп-туруп эле эмне үчүн жоголуп кеткенин жакшылап ачыктап беришээр. А эгер белгисиз жакка житип кетпесе анда айткыла, кай жактарга, эмне максатта коротконуңарды.
А. Турсунбеков




  Мурас

Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Уркаш Мамбеталиев, манасчы:
- Манас Атабыздын үйүн курсак деген демилгеңер абдан жакшы экен. Манас бул кыргыздын жүзү, ааламга таанытып жаткан алп эпосу. Байыртан келе жаткан кыргыздын тарыхы, кыргыз салт-санаасы эпосто ийне-жибине чейин толук камтылган. Сиздердин уюшутруп жатканыңыздар, өзгөчө жаңы өсүп келе жаткан жаштарыбыздын рухий байлыгын өстүрүүгө, өз тарыхын билүүсүнө гана эмес, дүйнө жүзүнөн келген саякатчыларга чоң өбөлгө түзүп жаткандарыңыздарга сырттан угуп алып жүрөк толкуйт. Манас Атабыздын арбагы колдоп чабытыңар бийик болсун. Аты да жакшы коюлуптур, буюрса ак жолтойлуу үй болот деген ишенимдемин. Ал эми жайгаша турган орду боюнча айта турган болсом, Манастын үйү сырттан келгендерге жараша орду болуш керек. Орду кененирээк болсо дурус болмок. Мүмкүн Манас айылы тарапка курулса. Тоо тарапта болуп, бак-дарактуу, жашылдуу болсо жакшы болоор эле. Үй болуп аткан соң манасчылар Саякбай, Сагымбай аталарыбыз баштаган улуу алптарыбыздын элестери, сүрөттөрү кошо түшсө. Манас үйүн силердин аракетиңерди, өкмөт тараптан да колдоого алып иш аракет кылышса. Кыргыз эли үчүн байыртан басып келе жаткан тарыхы мыкты экен, аркы заманды күзгүдөй кылып көргөзгөн тарыхы бар экен деп көргөзгөн болор эле. Аксакал манасчылардан тартып, Манаска жаңыдан кызыгып жаткан бөдөнө баш бөйтөйгөн манасчылар, патриоттук нукка сугарылган жаштарыбыз ошол жерге келип кызыл үй бурч ачылып уюштурулса. Томуктай жердин баары тоодой жерди ээлеп жатат. Ашкере кеткен жактар бар. Андан көрө мына ушундай жактарга көңүл бурсак жакшы болоор эле.
Тилек Асанов, манасчы:
Манас үйү музей сыяктуу болуп курулса анда идеяңар жакшы экен. Бул көтөргөн демилгеңерди мен да колдойм. Музей боло турган болгон соң менимче Манас тууралуу китептердин баарын, сүрөттөрүн киргизсе жакшы болот. Саякбай Каралаевден мурдагы манасчылар Тыныбек, Келдибек ж.б сүрөттөрү болбосо да өмүр баянын кеңири баяндап кошуп койсо болот. Манас үйү тарых музейи сыңар эле шаардын борборунан орун алганы эп болот го. Себеби, Манас айылы шаар четинде болуп көп каралбай калган соң, тарых музейинин жок дегенде бир бурчун беришсе дейт элем.
Барчын Аскарова