Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Чынбы эй?

Санжарбек Тажматов, көз карандысыз эксперт:
"Кадыржан Батыров сепаратист эмес"
- Ош коогалаңын улуттук жана эл аралык комиссия, акыры депутаттык комиссия иликтеп чыгып өз бааларын беришти. Бирок, эч ким күнөөлүү эмес, качып кеткен адамдар гана күнөөлү болуп, ошол учурдагы бийлик башында отургандар да актанып атышат, ким жоопкер болот?
- Ооба, окуя боюнча бир нече комиссия иштеди. Улуттук комиссия изилдеп, жыйынтык чыгарды. Анын кээ бир жерлерине кошулбайм. Мисалы, сепаратизм деп атат, бул түшүнүк, эл өзүнчө бөлүнүп кетүү. Окуялардын чындыгын алып, тарыхын карай турган болсок 1990-жылдагы окуяда чынында сепаратизм болгон. Анда Москвага чейин кайрылып, бөлүнөбүз деген идеялар бар болчу. 2010-жылкы июнь окуясын жакшылап карасаңыздар бөлүнөм деген ой жок. Болгону Кыргызстандагы өзбек этносунун лидерлери кырдаалдан пайдаланып өзбек элин мобилизациялап, ошону өзүнө курал катары пайдаланып ийгиликке жетүү максатын койушкан.
- УӨгө Батыров баш болгон жаңжалды уюштургандар "бизге автономия бергиле" деп, өздөрү көрсөткөн Ош аймагындагы көп жерлерди сурашкан, ал сепаратизм эмеспи?
- Ошол талаптарды кагаз жүзүндө бердиби же оозекиби? Кагаз жүзүндө талаптарды эч жерден көрбөптүрмүн. Өзбек тилине мамлекеттик статус, укук коргоо органдарына өзбек кадрларынын санын 30пайызга көбөйт деген маалыматтар бар. Мунун түп тамыры кайсы жактан келип чыгып атат? Борбордук Азияда 5 титулдук улут болуп, күчтүү борбордук бийлик, экинчиден күчтүү интернационалисттик саясат болгон. Интернационализмдин түбү Маркска барып такалат. Жумушчулар бири-бири менен согушпаш керек деген. 1-дүйнөлүк согуш ж.б. согуштарга жумушчулар, жумушчунун балдары катышып келген. Ошондо эмне үчүн жумушчунун баласы, жумушчунун баласын өлтүрүш керек деген. Интернационализм совет доору кулагандан кийин иштебей калды. Мурунку бийлик жок, мындай кырдаалда улутчулдук күчөдү. Ар улут өзүнө басым кылып калды. 1990-жылы армиянын күчү менен сактап калдык. Бирок, ал окуяга саясий баа берилген жок. Акаев келип Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз деген идеология киргизүүгө аракет жасады. Эгемендикти алгандан кийин биздин башкаруучуларда этникалык көпчүлүктү башкаруу тажрыйбасы жок болчу. Дүйнөлүк 3 чоң багытты камтыдык. Этникалык национализмде Манастын 1000 жылдыгы, Курманжан Датканын 180 жылдыгы сыяктуу иш чаралар өткөрүлдү. Ошолор этникалык национализмди күчөтү максатында болду. Ошол майрам негизинен кыргыздардын гана майрамы болуп, башка улуттар активдүү майрамдаганга көп кызыктар болгон жок. Экинчиси, "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" дегени граждандык национализм. Мен кыргызстандыкмын деген идеяны көтөргүсү келген. Ошону менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясы түзүлдү. Бирок, социалдык-экономикалык маселелер начар мамлекетте жакшы натыйжа бербей, коррупция күч болгондуктан этностор мамлекетке ишеними жок болгон. Мультикультурализм менен ар бир элге маданий борбор түзүүгө шарт түздүк. Бул дагы жакшы жыйынтык алып келбеди. Ал бөлүнүп-жарылууга туш келди. Эгерде бир жолду тандаганда мындай жолго түшпөйт элек.
- Бакиевдин убагында кандай болду?
- Ал дагы Акаевдин эле жолун улантты. Мурун, кийин келген президент башка этносторду саясий кызыкчылык үчүн гана пайдаланып, саясий соодалашуу болду. Мисалы, Акаевдин убагында өзбек лидерлери менен эсептешип, мындай кызмат берем деп шайлоодо добуш алышып, көндүрүп салышкан. Бакиев аялы орус болгондуктан негизги ставканы түндүктө орустарга, түштүктөгү кыргыз электоратына койду. Улуттун лидери катары өзүн көрсөтүшкө аракет кылды. Өзбектерди эске алган жок. 7-апрелден кийин өзбектер, "мына бизге убакыт келди. Жаңы өкмөт менен эсептешип бийликке аралашалы" дешти. Өзбектерди моблизациялап тилди көтөрүшүбүз керек деп чыгышты. Чынында аларга тилдин деле кереги жок болчу. Өзбектер кыргыз тилин жакшы түшүнөт. Бул болгону жасалма маска. Бакиевдин үйүн өрттөп, ушуга окшогон нерселердин артынан жаңжал чыгып кетти. Бул жерде өзбек этносторун күнөөлөгөн болбойт. Мисалы, райондук шайлоодо катышып, өзбек айылынын ортосундагы шайлоо участкасына бардык. Ал жерде кыргыздан, өзбек улутунан да талапкерлигин койгон. Негизги шайлоочулар өзбек болгондон кийин, 70%ын өзбек өкүлү алат деп ойлодум. Тескерисинче чыгып, өзбек 3-орунду алып, эки кыргыз алдыга чыкты. Эгерде өзбек лидерлери жаштардын башын айлантып, мобилизация кылбаганда мындай иш болмок эмес. Эл өзү бөлүнүштү каалап калганда сепаратизм болуп калат.
- Кадыржан Батыров баш болгон Ош коогалаңын чыгарган уюштуруучуларды "сепаратист" деп атап, алардын кыймыл аракетин сепаратизм дедик го?
- Ал туура эмес. Кадыржан Батыровдун күнөөсү массалык баш аламандык, этникалык карама-каршылыкты күчөтүп уюштурганында. Ошол фактыларга таянып соттош керек, бирок сепаратист эмес. Эгерде сепаратизм дей турган болсок, анда өзүбүзгө оору пайда кылабыз. Жалгыз эле Батыров сепаратист эмес да, аны менен кошо жүргөндөр баары сепаратист. Анда Улуттук коопсуздук кызматы иликтеп, аларды кармап камашы керек. Мындай жол менен биз эч качан Кыргызстандагы этносторду интеграция кыла албайбыз. Улуттук комиссиянын "сепаратизм" деген жерине каршы чыктым.
- Парламенттеги депутаттардын Ош коогалаңына берген баасычы?
- Парламенттеги депутаттардын жоруктары саясий популизм. Байкаган кишиге каза болгон адамдардын тагдыры эмес, эртеңки президенттик шайлоонун амбициясы коюлуп атат.
- Эки тарап болуп тирешип, УӨ убагында иштеген топ Оштогу жоопкерчиликтен качып, апрель окуясындагы каза болгондорду бетине кармаса, экинчи топ Ош коогалаңынан упай топтоп аткандай сезилет?
- Индия элинин сөзү бар, "бардыгы күнөөлүү болгон жерде, эч ким күнөөлү эмес"-деген. 20 жылдын ичинде Кыргызстанды ушул абалга алып келгендердин бардыгы күнөөлүү. Эми ушул кайгылуу окуядан дагы саясий упай топтоп, элдин башын айландырууга далалат кылып атат. Бири-биринин абийирин ачып, ички кектерин чыгарып атышат. Текебаев түзгөн парламенттик системасы чын-чынына келгенде президенттик-парламенттик мурдагы башкаруу боюнча эле калды. Ушуну түзгөн Башмыйзам бүгүн максатына жеткен жок. Себеби, партиялардын лидерлеринин гана пикири, көз караштары айтылып, депутаттар өз оюн эркин айта албайт. Парламенттеги плюрализм ушуну менен жок болду. Партиялык курулуш процесси жүрбөгөндүктөн аты партия, бирок партия эмес экенин далилдеди. Эч кимисинин программасы жок. Эртеңки шайлоо, президенттик тактыны кантип алабыз деген гана амбиция менен өмүрүн улап келатышат. Куру көөдөн популисттер гана кайра-кайра шайланып келатат. Шордуу эл саясий популистти шайлап, дагы 5 жылдан кийин популисттерден Кыргызстандын элинин көңүлү калгандан кийин, жаңы элита, жаңы системаны түптөп келиши мүмкүн. Парламентти карап көргүлө, эски элита бизди сазга жетелеп баратат. Популизмге бир мисал, чет өлкөдөн карыз акча алып келип, мугалим, врачтардын айлыгын көтөрүп атат.
- Мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө ички булактардан алдык деди. Мисалы, бюджетти карап атканда "Кумтөр" кени сыяктуу кирешелүү булактар кошулган эмес экен, ошону айлыкка бурдук деп айтышты.
- Дефицит кандай болгонун жакшы билесиз, мындай учурда көбөйтүш мүмкүн эмес. Бул убактылуу гана бир маселелерди чечүү үчүн куру көргөзмө. Билим берүү жаатында өзгөрүү болдубу, өзгөртүүгө сунуштар барбы?! Жок… Социалдык-экономикалык абалы начар элде популизм абдан өнүгөт. Популизм демократиянын душманы. Мисалы, Болот-Шер таарынып, Жылдыз Жолдошева ыйлап атат. Ушунун баары элди алдоо. Таарынгандын эмне кереги бар? Реалдуу чечим жок. Андай экен убагында эле депутат болбой, генералдык наамды албай эле койсо болот беле? Мунун кадамы дагы кадыр-барк топтоп, аны шайлоодо кайсы бир күчтөр пайдаланат.
- Бир тарабы апрелди бетине кармап атат. Бир жылдан ашты күнөөлүү адам табылбайт. УӨ берген убада өтөсүнө чыккан жок. Кармаган снайперлердин тагдыры тушалып, соту аягына чыгалек.
- Муну дагы Бекназаров будамайлап салды. Колго түштү, чет өлкөлүк снайперлер дегени менен жыйынтыгында эч нерсе жок. Мамлекеттик саясатчылар жок, тактикалык маселе каралып, стратегиялык маселелер каралбай атат. Шайлоодо кантип утам, креслого кантип жетем дешет. 20 жылдан кийин мамлекет эмне болот деп бирөө дагы ойлонгон жок.
- Июнь окуясына ким күнөөлүү?
- Мен ким күнөөлүү деген эмес, эмне себептен ушул окуя болуп кетти деген ойду айтам. З-тараптар тууралуу да сөз жүрүп атат, ушундай кырдаалда алар жөн эле келип ойноп коет. Себеби, этникалык саясат башынан туура эмес болгон.
- 3-күчтөр деп айта беребиз, алар кимдер?
- Аларды далилдеш кыйын. Мен айтып атам 3-күчтөрдүн катышуусу ыктымал. Ошого шарт түзүлүп калды.

Дайыр ОРУНБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??