Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Гүлчөтайжүзго ыя!

Бабанов менен Максим
бизнести бирге жүргүзүшкөнбү?
Максим Бакиевдин айланасына ийрилгендерди үч топко бөлүүгө болот: бизнестеги өнөктөштөрү, кеңешчилери жана бөрк ордуна баш алып турушкан жетим жүгүрүктөрү. Тилекке каршы, кезинде бакиевдик үй-бүлө саап турчу байкуш бизнесмендерди да кийин жаңы бийлик Максимдин табакташтары деп эсептеп, мүлктөрүн улутташтырып салды.



Жогорудагы үч топтун акыркы экөөнө киргендер куйруктарын түйүп, өлкөдөн чыга качышты. Ал эми Макстын бизнесин бөлүшкөн, элди тоноого салымын кошушкан чыныгы өнөктөштөрү кылы кыйшайбастан Кыргызстанда кала беришти. Азыр деле ошондогу коррупциялык схема менен ишмердиктерин улантышууда. Алардын мүлктөрүн эч ким улутташтырган жок. Анткени, алар чырмоок өңдөнүп, революционерлерге да чырмалып алганга үлгүрүштү.

Өмүрбек Бабанов Максимдин өнөктөштөрүнүн бири эле. Учурдагы биринчи вице-премьер-министр экс-принц менен азыр да байланышын үзбөй келет. Байланыш орусиялык олигарх Муса Бажаев аркылуу жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Максим менен Бабанов эч качан достук ысык ымалада болушкан эмес, бирок экөө өлкөдөгү эң бай адамдардан болушкандыктан байланышпай кое алышкан эмес. Кыскасын айтканда, бизнести чогуу жүргүзүшкөн. Анын айынан өлкө бюджетине сезилерлик өлчөмдө салыктар түшпөй турган.

2005-жылы Бобик мурдатан кызматташып келген Айдар Акаевди көз ирмемде "кидайт" этти. Андан соң Максим менен ымдашып, мамиле курууга өттү. Алар биргеликте өтө кирешелүү бизнес болгон - күйүүчү-майлоочу майлар менен соода жүргүзүштү. Бирок, Бабанов 2006-жылдагы ноябрь митингдеринде кыйкырып чыкты. Өмүрбек мырзада өтө эле ашынган амбиция бар эле, азыр да андан куру эмес. Ошонусу аны бийликке каршы митингге түрттү белем. А бирок, митингдин таш-талканы чыккандан кийин кечирим сурап, кайрадан эле Максимге чуркап барды. Түбөлүк достук тууралуу ант да берип ийгени бар. А Максим болсо өмүрү эч кимге ишенбеген адам эле, буга да ишенген жок.

Андан соң Бабанов кайра эле Алмаз Атамбаевге кошулуп Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды. Агезде социал-демократтар партиясы менен Максты байланыштырган жалгыз звено маркум Руслан Шаботоев болгон. Ал Макс менен кай бир маселелерди макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, БорШайКом төрайымы Клара Кабилова түштүк тарапта 5 пайыздык босогодон өтө албай калган КСДПга пайыздарды кошуп, парламентке өткөрүп, ал эми "Ата-Мекенди" парламенттен сүрүп чыгарат. Анткени, Максим "Ата-Мекенге" караганда КСДП менен иштешүү оңой деп эсептеген. Ошол кезде Бабанов Казакстандын жараны экендиги тууралуу маалыматтар калкып чыгат. Сот аркылуу депутаттыгынан айрылат. Ошондо ал кайрадан Максимге чөгөлөп барып, депутаттыктан өзү кетерин, ага сот анын казак жарандыгын аныктабаган чечим чыгарып берүүсү гана керектигин айтып жалдырайт. Бул жерде Бабанов жер тилкелерине болгон ээлигинен ажырап калуудан корккон. Анткени, мыйзам боюнча чет элдиктер жерге ээлик кыла алышпайт.

Макс буга макул болуп, Жогорку сот анын жарандыгы боюнча чечимин артка кайрып алат, а Бабанов болсо өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып, ордун Роза Отунбаевага берет. Чындыгында, бул жентельмендик кадам эмес, мүлкүнөн ажырап калбоонун гана айласы болчу. Ошондон соң ал Максим менен оголе жакындашып, ат тезегин кургатпай офисине каттап турат. Кымбат баалуу белектерди берет. Максим менен болгон байланышынан пайдаланып, рейдерчиликке барат. Мисалга, Шарипа Садыбакасовадан "Кыргызстан" банкын тартып алганын алсак болот. Бул иште ага учурда Улуттук Банктын жетекчисинин милдетин аткарып турган Бактыгүл Жээнбаева консультант катары көмөк көрсөткөн. Ошондой эле, бизнесмен Валерий Хондун үстүнөн кылган рейдерлик аракеттери ж.б. рейдерчилигине мисал.

Андан кийинки саясий сооданын натыйжасында, Макс ага вице-премьердин ордун ыйгарат. Ал креслодо да жөн отурбай, башкалардын жеке менчигин тартып алуучулук иштерин уланта берген. Буга улай эле, өнөктөшкө берип атып, ири өлчөмдөгү каражаттарга чыгым болуп да турганын айта кетүү керек. Оңбогондой амбициясынын, башкаруучулук жөндөмсүздүгүнүн жана өз көмөчүнө күл тартуучулугунун айынан өкмөттөн куулганда да Бабанов баары бир Макстын жылуу колтугунан чыккан жок. Анткени Макс, колдон учкан кызматтын ордун толтурууга убада берген эле.

"Манас" аба базасына күйүүчү май жеткирүүдөн түшкөн акчаны да кенже Бакиев менен бөлүшүп турган. А кыйды Максим эч бир жерде изин калтыргысы келбегендиктен, акчаларды накталай алып турчу. Жанагы убактылуу өкмөттөгүлөр бөлө тартып кетишкен банк үкөкчөлөрүнөн табылган 100 миллион доллардан ашык акчалар кайдан пайда болду дейсиз? Мына жообу.

Макс менен Бабанов ошондо да, азыр да Муса Бажаев аркылуу байланышчу дебедикпи. А бул орусиялык олигарх мурда Кыргызстандагы "Альянс" аттуу май куюучу жайларга ээлик кылчу. Аны кийин Бабановго сатып, а Бабанов аны "Газпромго" саткан. Баса, Бажаев Бабановдон 2 миллион долларга "НТС" телеканалын сатып алып, Максимге тартуу кылганын да айта кетүү керек.

Максимде да, Өмүрбекте да олчойгон амбиция жана жеткен битекарындык сапаттар бар экенин эске алсак, анда алар бири-бирине өтө эле ишенишпегендиктерин билүүгө болот. Ошентсе да, бул аларга акчаларын өлкөдөн сыртка агызып турууга жана мыкты өнөктөштөрдөн болууга тоскоол болгон эмес. Апрель революциясынан кийин бизнесин сактап калыш үчүн Бабанов кайрадан Атамбаев жакка оойт. Ошон үчүн анын бизнесине эч кимдин колу тийген жок. Дал ошол үчүн ага Бакиевдерге түздөн-түз тийиштиги болбогон обьектилерди улутташтырууга басым жасоо өтө маанилүү. Ушундай жол менен гана Максим менен болгон байланышын, каражат бөлүшмөйлөрүн коомчулук көзүнөн жазгырып кетсе болот эмеспи.

Азиз Турсунбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«