Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Деп-утат

Марат Султанов, ЖК депутаты:
"Ата-Журттун талапкери эмесмин"
- Марат Абдразакович, балалыгыңыз кайсы жерде, кандай шартта өткөн?
- Өзүм Бишкекте төрөлгөмүн. Кантта таяталарым бар болчу. Кийинчерээк атамдын агасы иним Омар төрөлгөндө атамды "сенде эми эки уул болду. Чоң уулуңду мага бер, эли журту, тууган-урук менен тааныш өссүн" деп 1 жарым жашымда Алайга алып кетти. Ал жакта 6-класска чейин окудум. Арасында бир-эки жолу орус тилинен аксабасын деп 3-4 айга шаарга жиберип турушчу. Ал кезде бардык эле шаарларда, Бишкек, Ошто орус тили мыкты окутулчу.
- Ошол кездеги окутуу системасы менен азыркы системанын кандай айырмасы бар?
- Азыркы убакта жаштардын арасында абдан билимдүүлөр чыгып атат. Чет өлкөнүн кайсы гана жерине барып билим алып келүүгө шарт бар, ошондуктан чет жактан билим алып келгендер көп. Биздин мезгилде мындай мүмкүнчүлүк жок болуп, бир эле стандарт менен кеткен. Азыр ар кандай ыкмалар, ар багыттагы көз караштагы университеттер бар. Жаштарыбыздын өнүгүшүнө бир жагынан мүмкүнчүлүк көбүрөөк, экинчи жагынан аз. Тилекке каршы мугалимдердин билим берүү сапаты төмөндөп кетти. СССР мезгилинде мугалимдердин маянасы, социалдык абалы жогору болуп, статусу бийик турган.
- Мугалимдердин кадыр-баркы айлык маянадан көз карандыбы?
- Жо-ок, айлык эмес. Ал убакта система да ушуга багытталган болчу. Өзүң көргөндөй, ошол кезде курулган эң жакшы имараттар билим берүү тармагына берилген. Ошол кездеги саясат билим берүү тармагын күчөтүү болгон. 1960-жылдары өтө тез ылдамдыкта СССРдин билим тармагы бүткүл дүйнөдөн жулунуп алдыга чыкты. Аны байкаган башка өлкөлөр дагы билим тармагына көңүл бура башташкан. Ошол кезде мугалимдерди даңазалоо идеологиясы да жакшы жүрүп, чыгармаларда да көп кездешет. Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалими" чыгармасы сыяктуу пропагандалоо иштери жүрүп, чагылдырылып турган.
- Нур уулу Досбол билим министри болуп турганда, билим сапатын жакшыртуу максатында жогорку окуу жайларында студенттердин контрагын көтөргөн. Ушуну менен маселе чечилип, билим сапаты жогоруладыбы?
- Жакында билим сапатын жакшыртуу боюнча тегерек стол уюштурдук. Дайыма айтам ар бир бала өзүнө суроо бериш керек. Ушунча сумма каражат кетирип көк диплом алат. 5 жыл ичинде 180 миң сомго жакын акча кетирет экен. Бул абдан көп каражатты коротуп көк дипломго ээ болот. Бир студент, "азыркы мезгилде ВУЗдар көк дипломду чыгаруучу мекеме болуп калды" деп айтты. Көбүнчө окуусун аяктаган кадрлар мамлекеттик кызматтардын салык кызматы, бажы, күч органдарына баргысы келет. Себеби, ал жакка кирип алгандан кийин 5 жыл өзү короткон акчаны кайрып алуу керек. Эгерде мамлекеттик кызматтарга жалаң эле билимдүүлөрдү алсак жакшы болмок. Жеке менчикте билими жок кишини албайт. Эмне себептен? Билимсиз кишини алып алса ал өзүнүн акчасын жоготуп, ишканасы артка кетет. Ошол себептен жеке ишканалар андай кадамга барышпайт. Тууганы болсо дагы жеке кызыкчылыгы үчүн билимдүүлөрдү топтоп, ишинин алдыга жылышына аракет кылат. Мамлекетте өзүнүн тууган-туушкандарын алып, кызматка коюп атканы өзүнүн чөнтөгүнөн кетпейт. Мамлекет төлөйт. Ошондуктан мамлекеттик жумуштун механизмин түздөп, коррупцияны, тууганчылдык сезимди жойбосок билим чөйрөсү дагы өзгөрбөй, жаман жол менен кете берет.
- Президенттик шайлоого камылга эмитен башталгансыйт. Эл арасында бул аттанат, тиги катышат экен деген кептер бар. "Ата-Журт" партиясынан сиз баш болуп, бир топ кандидаттар талапкерлигин коюшат экен. Добуш бөлүнүп кетпейби?
- Мен бир дагы партияга, ошондой эле Ата-Журт партиясынын да мүчөсү эмесмин. Азыр "Ата-Журт" фракциясында Нариман Түлеев экөөөбүз партияга кирбейбиз. Партия кандай чечим кабыл алып, кимди көрсөтөт өзүлөрүнүн иши. Президентке талапкер адам эч бир партиянын мүчөсү болбош керек. Президент эч бир партияга тартпай, барына калыс, бирдей болот. Ошондуктан бардык партияга калыс болуп, тең салмактуулукту сактап берейин деп атам. Бир партиянын мүчөсү болсо барып эле өзүнүн партиясына тартып, башкаларды тепсешет. Эгерде партия колдоо кылабыз десе макулбуз, бирок "Ата-Журттун" талапкери эмесмин.
- Баары бир эл "Ата-Журт" деп түшүнөт, эртең партиядан чыккан талапкер менен добуш талашып, утушка жетпей калам деген ой жокпу?
- Президенттик шайлоо, парламенттик партияларды шайлоо эмес да. Бул жерде жеке инсандын көз карашы, келечекте кандай пландары бар, башка өлкөлөр менен сүйлөшүүнү жүргүзө алабы, Кыргызстанга пайда алып келе алабы деген жактарын карашыбыз керек.
- Президент боло турган адам канткенде көп добуш алат. Сизди атажурту Ошто, Кайын журту Таласта, тайлары Чүйдө дейт, ушул дагы мааниге ээби?
- Тилекке каршы ушундай тууганчылдык түшүнүк бар. Менин негизги максатым бөлүнүп-жарылып, тууганчылдык сезимге берилип, эптеп эле өзүмдүкү болуп калса деген түшүнүктөн акырындап арылуу керек. Биз кыргызбыз деген ураандын алдына биригип, ынтымактуу болуш керек. Бирок, азыр элде жерине, уурусуна карап бөлүнгөн түшүнүк жоголо элек. Президент болгон адам жердешчил болбой, адилеттүү болуш керек.
- Жакында Ош окуясын депутаттык комиссия иликтеп чыкты, бирок жыйынтык чечимсиз калды го?
- Буга чейинки комиссиялар иликтеп өз баасын берди. Аны эл ар кандай кабылдады, өз көз караштарын берди. Мисалы, айтып атышпайбы автономия сурап, аны Өзбекстан колдойт экен дегендер чыкты. Ал туура эмес, эгер автономия түзүлсө Өзбекстандын өзүнө абдан жаман. Өзбекстандын бүт коррупцияланышкан чиновниктери каражатты ошол аймакка которот. Бул келечекте Өзбекстанга жакшы таасир алып келбейт. Демек, Өзбекстан буга кызыктар эмес.
- Биздин саясатчылар эмне үчүн тактикалык саясат менен гана алектенип, мамлекеттик саясатка басым жасабай калган. Бийликке келген күндөн баштап ордумду кантип сактап калам, бул кызматты кантип оодарып түшөм деген баш оорутма менен алектенишет. Көпчүлүгү популист.
- Ким популист, ким кандай экени коомчулукка белгилүү. Кыргызстандагы саясатчылардын жаңы стандартынын түзүлүшүн алып келбесек болбойт. Бирөөнү жамандап, бири-биринин жаман жоруктарын ашкерелебей, өзүңдүн жолуң менен кете бер. Оппонентиң күчтүү болуп, жакшы иштерди жасап аткан болсо туура баа берип, ич тардык кылбашыбыз керек. Мисалы, УӨнүн жакшы ишинин жыйынтыгы жаңы Конституция кабыл алышты. Ошол кезде эски Конституция менен шайлоо өткөрүп, өздөрү бардык башкарууну колуна алып койсо болмок. Ага барган жок. Экинчи жагы, УӨ убагында бийлик орното албай, канчалаган кан төгүү болуп кетти. Муну ачык эле катачылык кетирдик деп моюнга алуу керек. Андан тышкары мурда башталып, бюджет каралып УӨ учурунда ишке ашкан да эмгектер бар. Бишкек-Торугарт авто жолу мен каржы министри болуп турган кезимде Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүлүп келишимге кол коюла башталган. Ош-Исфана жолу бүтүрүлгөн. Шаар ичиндеги көптөгөн иштер, оңдолгон жолдор Нариман Түлеевдин кезинде планга кирип, башталган. Ушундай иштерди уялбай эле айтышы керек.
- Мурдагы кийинки келген президенттердин балдары саясатка аралашып, бизнес тармагын бууган. Талапкерлигиңизди коеюн деген максатыңыз бар экен…
- Менин уулум 2 жашта. Кыздарым чет өлкөдө окушат. Кыздарымдын чет өлкөдө окуп, алыста жүргөн себеби, өз алдынча тыйын-тыпыр тапканды, эмгек менен жашаганды үйрөнсүн дедим. Буга чейин чоң кызматтарда иштедим, үй-бүлө курамын же жакындарымды аралаштырганымды бирөө айта албы? Бирөө да айта албайт. Анткени, эч кимди алып келип, кызматка коюп, өзүм деп чуркаган жокмун. Кайра туугандарым мени күнөөлөп, бизди кызматка койбойсуң дешет тескерисинче. Эң башкысы эл мүдөөсүн аткарууга аракет кылышыбыз керек.
Дайырбек Орунбеков





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??