Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Быкшыма

Ош окуясына ким күнөөлүү ыя?
Ош коогалаңын изилдеген депутаттар чындыктын көзүнө жетип, ачык-айкын ачып бере алган жок. Ар кимиси өз кызыкчылыгын көздөп, саясатташтырса ортодон ойду бура тартып, жыра сүйлөгөндөрү чыкты. Кээ бири убакытты алып, кереги жок келжирек сөздөрдү сүйлөштү. Коогалаңды изилдөөдө негизги каарман, отурумда Жылдыз Жолдошева микрофонду минип, эч кимге ээ-жаа бербей бапылдады.
Ош окуясын изилдеген парламенттин пардасы ачылып, үч багытта пикир айтылып атат. Биринчи тарабы, Ош окуясын бетине кармап кадыр топтоп, ошол окуянын арты менен бийликке келишти. Экинчиси, Ош коогалаңында сепараттар менен жан дос болуп, азыр бети ачылгандан кийин "Бакиевчилер" деп экинчи тарабына сын айткандар. Үчүнчү тарабы, кайдыгер, айтарга ою, оозунда сөзү жоктор. Алардын катарын Ширин Айтматова толуктайт. Комиссиянын жыйынтыгына каршы, калыс же макул деген пикирин билгизбей, "мен сасык саясатка аралашпайм, актер эмесмин, ага шыгым да жок кыязда" деди. Сасык саясатка аралашкысы келбесе эмнеге парламентте отурат? Сессияга ар дайым кечигип келет да, эрте кетип калат. "Ата Мекен" атасынын кадыры деп кызын алып келгени менен, Ширин айым атамекенчилерге кадр болуп, кадыр алып келе алган жок. Тескерисинче кадырын кетирип, парламент ичинде "уйкучу" депутат атыгып жүрөт.
Өмүрбек Текебаевди Кадыржан Батыров менен жакын экени, Кадыржан Батыров апрелден кийин эркин куралданып алып митинг өткөргөндө кой деген кожо чыкпаганы айтылды. Аны Текебаевге таянып, Асылбек Текебаев менен биргеликте Жалал-Абадда сайран куруп жүрүп, кутуруп кеткен дешти. Ошонун кесепетинен кур дымак топтоп алган Кадыржан Ошту каратам деп чыккан. Ош коогалаңынын чыгуу себепкерлеринин бири Текебаев катары айтылып келет. Буга Текебаев териккен жок. Сөзгө тапан киши да, жөн калбай, "Батыров убагында "Ак Жол" партиясынын лидерлеринин бири болгон. Демек, акжолчулар күнөөлүү деген ойун ортого койуп жоопкерчиликтен алыстады. Мына сага кызык! Ошол июнь коогалаңынын алдында бир тууган иниси Асылбек Текебаев Батыровдун жанынан чыкпай жүргөнүн жумурай журт билет. Ошого карабай караманча каршы туруп актанып атат. Бул жагынан алдына киши салган жок. Кезектеги сөзү "Бакиев жана бакиевчилер (Камчы Ташиев ж.б. парламентте отурган Бакиев кезиндеги иштеп калгандарга) апрелде көп кишинин канын төктү. Түштүктү бөлүп алам, элдин канын төгөм деп убада кылган. Ошту ошол эле уюштурду, айткан сөзүн аткарды. Коогалаңда элге автомат тараткандар кимдер эле, ошолор жоопко тартылыш керек" деди Текебаев. Бирок, бир да жолу кечирим сурап, ийилип койгон жок.
Жылдыз Жолдошева ачык Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн күнөөлөп, тастыктаган видео даярдап келди. Көп чындыкты камтыган видео тасма, өзбектердин бир жактуу даярдаган "чөөнүн сааты" тасмасына жооп болгон. Бирок, мында да саясий кызыкчылык жок деп айтууга кыйын. УӨ мүчөлөрү, айрыкча Текебаевдин былыктарына басым жасалып, Ташиев менен Жолдошова аябай эле баатыр катары көрсөтүлгөн. Депутаттык комиссия көп жагынан чабалдык кылып, жыйынтыгы жөн гана баяндамага айланып, бүтүм чыккан эмес. Жолдошева журналисттерге даректүү тасманын дискин жана комиссиянын жыйынтыгын таратты. Депутат Нарматова Убактылуу Өкмөттү сынга алып, кудай алдында жооп берсин, өзүңөрдүн абийириңерге койдум деди.
Жаны тынбай тыпылдаган депутат Талиева улам микрофонго чуркай берип тажаган жок. Оңтойун келтирип, орунду сөз чыкпагандан кийин, ТВдан көрүнүп калуу далалаты жакшы деле эмес экен. Кээде ойлоп кетесиң, оозун ачып отурган депутаттарга караганда күңк-мыңк деп тургандар жакшыбы деп. Андай десең айрым айкырып чыккандар маанилүү маселе деле көтөрө албайт. Көбү өзүн көрсөтүп "ачко" топтогондун гана амалын кылышат.




  Бир собол?

- Ош окуясынан кийин Оштогу кыргыз өзбек мамилеси кандай болуп калды?

Эшболот Куланчиев, Ош шаарынын тургуну:
"Эки тарап тең тынчтыкты каалашат"
- Ош коогалаңынан кийин кыргыз, өзбек ортосунда бири-бирине шек санап, ишенбөөчүлүк мамиле болуп калды. Өзбектер өз жагында соода кылып, үйүнүн эшиктерине соода түйүндөрүн ача башташты. Коогалаңдын алгачкы күндөрү абдан жек көрүү, бири-бирибизден чочулоо күч болду. Кийин андай сезимдер басаңдап, карапайым эл каршылашпай, кандайдыр бузуку күчтөр ортого от жагып жибергенин түшүндүк. Бирок, канткен менен ар кандай ушак сөздөр, "уурдап кетти, союп кетти" деген жалган чакырыктар элдин жүрөгүн түшүрдү. Эми Ош коогалаңы болгон күнгө жакын калганда барыбыз эле кооптонуп атабыз. Эч ким чырды каалабаса дагы, элде чочулоо бар. Айрым дүкөндөр сактанып атышат. Бирок, өзбек тааныштар, досторубуз бар, алар менен мурдагыдай эле каттоодобуз. Азыр деле уруш чыгат экен деген жалган маалыматтар бар, ага эч ким ишенбей калды, анткени тынчтыкты баары каалашат.

Аида Турдуева, саясатчы:
"Саясий популизм болуп атат"
- Ош коогалаңынын саясий баасы туура берилиши керек. 1990-жылдагы кыргыз, өзбек тополоңунун саясий баасы берилбей калгандыктан, 20 жылдан кийин кайталанды. 1 жылдан бери 3 комиссия изилдеп, ар багыттагы тыянактарды чыгарып, эл аралык комиссия чектен чыгып кетти. Изилдеп аткан депутаттык комиссия дагы чыныгы окуянын көзүн эмес, саясий упай топтоого аракет кылып атат. Ал эми УӨ мүчөлөрү жоопкерчиликтен качып, бетине апрель окуясын карманышты. Чындыгында окуя болуп кеткенден кийин моралдык жактан УӨ мүчөлөрү жоопкер. Бул албетте өкүнүчтүү, каза болгон карапайым элдин каны менен эсептешпей, баягыле кезектеги курулай популизм менен алектенип атканы туура эмес болуп атат. Эгерде саясий баасы берилбесе, дагы 20 жылдан кийин кайра кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Азамат
ЖЕТИМИШБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??