Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Байбанк

Эл аралык валюта фондунун кызматы
Эл аралык валюта фондусу- бул, ал ага мүчө болгон мамлекеттердин ортосунда валюта-кредиттик мамилелерди жөнгө салуу жана аларга, негизинен, төлөм теңдеминин тартыштыгынан улам келип чыккан кыйынчылык учурунда чет өлкө валютасында кыска жана орто мөөнөттүү кредиттерди сунуштоо аркылуу, финансылык жардам көрсөтүү үчүн каралган өкмөттөр аралык уюм. Башкаруучулар кеңеши жана директорат ЭВФтин жетекчи органы болуп саналышат. ЭВФ БУУнун адистештирилген мекемеси статусуна ээ жана дүйнөлүк валюта системасынын институционалдык пайдубалы катары кызмат кылат. ЭВФ БУУнун эл аралык валюта-финансылык конференциясы тарабынан 1944-жылы уюшулган. Конференция, ЭВФ жөнүндө Келишимдин Статьяларын кабыл алган жана ошонун өзү анын Уставы да болуп эсептелет.
ЭВФтин капиталы ар бир өлкө үчүн белгиленген квотага ылайык, мүчө-өлкөлөрдүн төлөмдөрүнөн түзүлөт. Дүйнөнүн 180ден ашуун өлкөсү анын мүчөсү болуп саналышат.
Кыргыз Республикасы ЭВФке 1992-жылы май айында мүчө болгон. Ушул учурдан тартып, өлкө аны менен камдык каражаттар (Stand-by) жана системалык кайра өзгөртүп түзүүнү каржылоо механизми (STF - Systemic Transformation Facility), ошондой эле жакырчылыкты кыскартуу жана ПРГФнын (PRGF - Poverty Reduction and Growth Facility) экономикалык өсүшкө түрткү берүү максаттарына каржылоо жана тышкы таасирлерди ESF (ESF - Exogenous Shock Facility) четтетүү үчүн каржылоо механизмдери жөнүндө келишимдердин алкагында кызматташып келүүдө. Бүтүндөй алганда 1993-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил аралыгында ЭВФ, өлкөгө 2010-жылдын сентябрь айында РСФ (Rapid Credit Facility - RCF) ыкчам кредиттөө механизминин алкагында 22,2 млн. СДР өлчөмүндө сунуштаган кредитти кошо алганда, 323,4 млн. СДР суммасында жеңилдетилген кредиттерди берген.
Бул механизм кыска мөөнөттүү программа болуп саналат жана төлөм теңдемин каржылоого өтө курч муктаждыкты башынан кечирген өлкөлөргө берилет жана таасирлер, жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу ар кандай жагдайларда колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат. РСФнын алкагындагы каражаттар Кыргыз Республикасына өлкөдө болуп өткөн саясий жагдайлардан улам берилген. Республикага 2011-жылдын апрель жана июнь айларындагы саясий жагдайлардан кийин жардам көрсөткөн эл аралык финансылык институттардын ичинен ЭВФ алгачкылардан болгон.
Экономиканын чакандыгы жана тышкы таасирлерге дуушар болуу деңгээлин эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн ЭВФтин жеңилдетилген орто мөөнөткө каралган механизмдеринин биринин алкагында аны менен жигердүү кызматташуусун улантуу өтө маанилүү. Ушундай негизде кызматташуунун өзү башка финансылык институттар үчүн да (Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Европа банкы ж.б.) негизди түптөйт, анткени, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, ЭВФтин программасынын негизги маселесинен болуп саналат.
Учурда, ЭВФтин миссиясынын 2011-жылдын 20-апрелинен 4-майына чейинки иш натыйжасы боюнча, ECФ (ECF - Extended Credit Facility)_ кеңейтилген кредиттик механизмдин алкагында 66,6 млн. СДР өлчөмүндө финансылык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2011-2013-жылдардагы экономикалык саясаты жөнүндө меморандумдун долбоору, анын Директорлорунун Аткаруу Кеңешинин кароосуна берүү үчүн даярдалууда. Бул механизм орто мөөнөткө каралган программа болуп саналат жана жеңилдетилген мүнөзгө ээ.
Бул тасирдүү финансылык уюм менен кызматташууда гранттык негизде техникалык жардамдардын көрсөтүлүшү дагы бир маанилүү аспекттен болуп саналат. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки алгачкы жылдары иши узак мөөнөткө каралган кеңешчилер статистиканын, салык системасынын жана борбордук банктын ишинин сапатын жакшыртууга орчундуу салым кошкон. Мындан тышкары, техникалык жардамдарды көрсөтүү жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн окутуу программаларын уюштуруу максатын көздөгөн бир катар миссиялар да, бул багытта жүргүзүлүп жаткан ишти толуктаган.
Сауле Сегизбаева, КР Улуттук Банкынын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы





Асман кабар
Шаардык архитектура былгый баштады
Жакында Атамбаев Бишкек башкы архитектурага шаардын генпланын жана келечектеги өнүгүүсү жөнүндө таанышканы шаардык кеңешке катышты. Ал жерде бүгүнкү убакытка чейин жасалган жол маселелери, парктар, көп кабаттуу үйлөрдү долборлоо иш чаралары менен таанышты. Бирок, эмнегедир Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев жана шаар курулуш директору Каныбек Нарбаев премьер-министрден бир нерсени жашыргандай болушту. Башкача айтканда бардык жасалган иштердин авторлорун жана архитекторлор коомунун мүчөлөрүн чакырышкан жок. Бишкек шаарынын жаңы башкы архитектору Абдыкаров Алмаз бул кылынган иштерди премьердин алдында алып чыгып отчет бергени менен эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнбөсө керек. Эжелеп окуп, мурдагы жасалган жумуштарды тизмектеп окуп берди. Атамбаев да эмне үчүн шаар куруу кеңешмесинде бир дагы архитектор жок болгондугу жөнүндө аңдаган жок. "Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска" дегендей, мурдагы кылынган эмгектерге автор болуп, кийин келген жаңы топ упай топтоого аракет кылды. Нарбаев кыска мөөнөттө мурдагы кылынган эмгектердин автору болуп чыга калды. Мурда иштеп аткан Төлөбай Кеңешовду жакындары менен жанашып, туугандарын кызматка алып келип алды деген доомат менен кызматтан алган. Бирок, эч бир тууганын кызматка алганы тууралуу далилденген жок. Нарбаевдин артынан көп кептер ээрчип, мурдагы ажонун аялы Татьяна Бакиевага Ата-Түрк паркынан үй курууга мыйзамсыз жер бөлүп бергени тууралуу далилдер бар экен.


"Замандаш" партиясы Ошто
"Замандаш" партиясы түштүктө, июнь коогалаңынан набыт кеткендерге куран окутушту. Бул иш сапар Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүүсүндө жасалмак. Маркумдун партиялаштары анын аманатын аткарып, түштүк элин түрө кыдырышты. Алгачкы сапар Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы маркум Адылбек Султановдун үйүнө, кийинки иш сапар июнь окуясында көз жумган Уран Шамурзаевдин үйүнө жасалды. Партиянын теңтөрагасы Станислав Епифанцев сөз сүйлөп, партиянын атынан акчалай көмөк көргөздү. Эскерте кетсек, Уран Шамурзаев Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адылбек Султановдун айдоочусу болгон. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шакировдун үйүндөгү куран окутууда маркумдун атасы Абидин Шакиров "Алланын буйругу менен Муктарбек Өмуракунов уулум Аскардын жанына кетти" деп зээнди кейитти.
Ош шаарынын борборунда жайгашкан Ак-Ордо кафесине июнь коогалаңында курман болгондордун 400дөн ашык жакындары чакырылып, куран окутулду. Маркумдардын жакындарына көңүл айткан "Замандаш" партиясынын мүчөлөрү элди мындан ары сабырдуулукка жана ынтымакка чакырышты. Андан ары карай партиянын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында жайгашкан Ак-Ниет кафесинде куран окутушуп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев, Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Жумагул Эганбердиева жана областтын имамы баш болуп, баш-аягы беш жүзгө жакын адам катышты.

Отунбаева немисче сүйлөдү
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жетектеген делегация Венада Европа жана Борбор Азия боюнча дүйнөлүк экономикалык форумга катышты. Форумда Роза Исаковна негизинен Кыргызстандагы парламенттик системанын артыкчылыктарына басым жасады. Бул система өлкө экономикасын көзөмөлдөө жана ачыктык-айкындыкты камсыздоодо утуш жактары бар экенин белгилеп, президент экономиканы көзөмөлдөөгө опозициялык күчтөр да катышып жатканын кошумчалады. Роза Отунбаева Кыргызстандын түштүгүндө былтыр июнда болгон коогалаңдуу окуяларга токтолуп, алар боюнча ушу тапта 3 миңден ашуун кылмыш иши ачылганын, бирок 167 кылмыш иш гана аягына чыгарылып сотко өткөрүлгөнүн, ошондуктан азырынча бул арифметикадан саясат жасабай туруу керектигин эскертти. Президент "Хьюман Райтс Уотч" жана "Эл аралык мунапыс" уюмдарынын жарыяланган баяндамаларына токтолуп, алдын ала тыянак чыгарып, саясат жасаганга ашыкпай туруу зарыл экенин белгиледи. "Азыр Кыргызстандагы кырдаал турукташып баратат. Биз, кыргыз өкмөтү, эки улутту элдештирип, өлкөдө бейпилдикти орнотууга бар күчүбүздү жумшайбыз", - деди Отунбаева. Бул форумда сөз сүйлөгөн лидерлердин ичинен кыргыз президенти гана эки тилде - англис жана немис тилдеринде сүйлөдү.


Башпрокуратура кайдасың
Human Rights Watch уюму Кыргызстандагы июнь окуяларынан кийинки тергөө жана сот жараяндарында олуттуу мыйзам бузуулар орун алганын жар салып чыкты.
Бул эл аралык уюмдун баяндамасында Ош коогалаңынан кийин кылмышка шектүү адамдар кыйноого кабылганы, алардын көпчүлүгүн өзбек улутунун жарандары экени жана бул жагдайды Кыргызстандын башкы прокуратурасы көз жаздымда калтырып жатканы жазылган. Мунун чын-төгүнүн айтпай бийлик кай жакты карап жатат.

10-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында премьер-министр А.Атамбаев түштүккө болгон иш сапарында билдирди.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??