Шоудүйнө

Мирлан Баеков альбом чыгырат
Аккордеон менен гитаранын коштоосунда жана буга чейинки ырларын топтоп альбом чыгарам деп камынып жаткан чагы. Альбомдун аталышын азыр пландай элекмин дейт ырчы. Сөзү, обону Гүлмира Айдосовага таандык "Каниет ыры" аттуу ырына клип тарттырам деп туру. Эски ырды жаңыча вариантта ырдап чыкканын коомчулук жакшы кабыл алып жатат.


Омар Италияга барып келди
"Kyrgyz club" уюмунун Италиядагы өкүлчүлүгүнүн чакыруусу менен Неаполь шаарында 29-майда Омар менен Дилшат Кангелдиева кайрымдуулук концертин берип кайтты. Италиялыктар кыргыз ырчыларын жылуу кабыл алышты. Концерт эки саатка созулуп, репертуарындагы ырларынын көбүн аткарууга үлгүрүштү. Концерттен түшкөн каражат жүрөк оорусу менен ооруган наристелерге жумшалат.


Айгерим кино тартабы?
Кумурскадай эмгекчил ырчы кыздардын бири Айгерим Расул кызы дале тына элек. Өзүн актерлук жактан сынап жаткан Айгерим дагы бир киного камынып жатат. Ал тасма кандай аталаары азыр сыр болуп турсун дейт. Бирок, учун чыгарып сураганыбызда тасма сулуу бийкечтин өзү тууралуу экени анык болду. Азыркы тапта фильмдин сценарийи жазылып бүтүп, актерлорду тандап жаткан чагы. Буюрса эки жумадан кийин жаңы тасмага билек түрүп киришет.


Бир ок менен эки коен аткысы келген Алмаз
Алмаз Шаадаев жакын арада Турцияга учкан жатат. Эскерте кетсек, ырчыбыз Манас Университетинин үлгүлүү студенттеринин катарында. Түрк тилинде түш жооруйт. Ырчылардын көбү сынактарга катышууга барса, Алмаз өзгөчөлөнүп практика өтөөгө барат. Бир ок менен эки коен атып, ал жактан клип тарта келем деп пландап жаткан учуру.


Эрлан жалгыздыкты тандадыбы?
"Сүйүп калдым, кантейин" деп жар салып сыздаган Эрлан Андашев өткөн жылы күзүндө үйлөнгөндө, сүйүүсүнө жетти го дедик эле. Эми, бардыгын эки анжы кылып кайрадан "Жалгыздык" деп ырдап калыптыр. Жаш ырчыбыздын башына жалгыздык түшкөнбү деп байланышсак, Эрлан: "Жок, болгону жалгыз жүргөн адамдардын жашоосун мыкты билем. Продюсерим да жалгыз жүрөт. "Жалгыздык" аттуу ырды сунуштаганда эч ойлонбостон ырдап чыктым. Баса, ыр бир жыл даярдалды. Ыр даярдала баштаганда мен деле үйлөнө элек элем" дейт.


Зариге ким "сюрприз" кылды?
Мекенинен алыста жүргөн ырчы Зариге сырдуу жигит өзгөчө белек кылган. Заринин "Сезим кайгысы" аттуу ырына саунтрек жасап, интернет аркылуу салып жиберген. Ал сырдуу мырза Казань шаарында турган Дамир аттуу жигит экен. Ырчынын продюсери Динара Эсенгулованын айтымында ырчы жакында мекенине кайтып келет.


"Асман пресс"