Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жандүйнө

Сулуулук өмүр бою турбайт

Бул катты жазаардан мурда он жолу ойлонуп, толгондум. Балким менин тагдырым кимдир бирөөгө сабак болот деген ой кетти. Бирок, мурдагыдай ой жүгүрттүм, сөз байлыгым жоголсо керек. Сөз берметтерин терип, кооздоп жазбасам да ичимде толгон бугумду сиздер менен бөлүшүп алайынчы. Анда сөз башынан болсун.
Атым Айжамал. Атам менен апамдын жалгыз кызымын. Атыма затым жарашкан бир көргөн жигиттин жүрөгүнө чок салган ай чырайлуу жан элем. Апам кичине чагымдан чекеме көө сыйпап, ар бир суктанып карап койгон адамдын артынан суу чачып чоңойткон экен. Бала бойдон калып калсам эмне, мончогум менен тумарымды түшүрбөй боз ала чаң болуп жүрө берет элем. Балээнин баары бойго жеткенде башталат тура. Апам байкуш канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, суйкайтып чоңойтту. Үйдө атам да катуу кармап, ашыкча бастырбай, ар бир сабагыма көңүл бурчу. Келечекте кызым академик болот деп менде үмүтү чоң болчу. Атамдын көрсөтмөсү менен аракеттенип, мектепте алдыңкы окуучулардын катарында жүрчүмүн. Жалаң сабак деп, алдыма койгон максаттарым да зор эле. Ал учурда жаштык кылдымбы же сулуулугума чирендимби айтор, түшүнө албай кетем. Артымдан чуркаган, көзүнүн жашын тегеретип ыйлаган балдардын саны арбын эле. Бирок, өзүмдүн түзүп алган дүйнөмө эч кимди киргизгим келчү эмес. Мүмкүн бир үйдүн жалгыз кызы болгондуктан эгоист болуп калгандырмын. Кудайым төгөрөгүн төп кылып бербейт тура. Менин кемчилигим оорум болду. Өзүмдөн-өзүм акыл эсимди жоготуп жыгылчу адат пайда болду. Каргашалуу күн менин да башыма келди. Тамак жасап олтургам, андан кийин көзүмдү ачсам бейтапканада экенмин. Башыма бинт оролгон, айтор эстегим келбейт. Андан кийин күзгү алдына туруп карануудан корком. Балдардын убалына калдымбы, же ашепке сулуулугума чирендимби, же элдин көзү тийдиби айтор, бетим күйүп калды. Үйдөгү сүрөттөрүмдү көрүп ыйлайм, күзгү алдына тургум келбейт. Мени көргөндөр мурун суктанып карашса, эми коркуп карап калышты. Өлөйүн дейм жан таттуу, кирейин дейм жер катуу. Мурун карабай чанып, теңиме албай жүргөн жигиттердин алдынан чыккым келбей калды. Сүйдүм-күйдүм деген балдар күйүк бетиме деле карабай колумду сурап жүрүштү. Көк беттенип, бир жолу бетимди көргөзгөн жокмун. Мен да алардын жүрөгүндө, элесинде сулуу бойдон калсам экен дедим. Бетим менен кошо менин куруп алган дүйнөм, кыялдарым, максаттырым да күйүп кетти. Андан бери канча жыл өтсө да айдай бетиме так салган суюк тамакты жек көрөм. Эх, ошондо тамак жасабаганымда азыр баары башкача болмок эле. Эмгиче бир окумуштуунун даражасына жетип калмак болушум керек. Экинчи жагы канча жигитти сыздатмакмын? Кээде олтуруп эркектин көз жашы жаман болот дегенге толугу менен кошулам. Кээде туруп өзүмдүн текеберлигиме, сулуулугум өмүр бою калчудай болуп өзүмдү адамдардан жогору койгонума өкүнөм. Мына минтип төрт дубалды теше тиктеп айланып, жүзүмдү көргөзүүдөн тартынып жашап келем. Мурунку айдай сулуу Айжамал азыр жок. Сүрөттөрүмдү карап ыйлай бергенимден улам апам бардыгын катып, өрттөп салган. Муну менен эмне дегим келет. Айланайын адамдар бул жашоодо конокпуз, Алла Таалам берген жүзүбүгө ыраазы болуп, тобо кылып жашайлычы. Биз кудайдын алдында бир эненин балдарындай эле бирдейбиз. Ар бир адамдын өзүнчө артыкчылыгы, сулуулугу болот. Меникиндей тагдырдын тамашасын эч кимге каалбайм. Мен кетирген катаны жаш сулуулар кайталабаса дейм.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??