Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Аалам сырыбы же адам сырыбы?

АЛТЫН ДООР КЕЛАТАТ
Бүгүнкү Күндүн - Доордун негизги талаптарын туура түшүнүш керек:

Жалпы адамзат кылымдар бою илимсиз, караңгы, сабатсыз болуп жашап келе жаткан. ХХ кылым гана жалпы адамзаттын "Илим-билим кылымы" болду. Эмнеге андай болду экен?
Аалам ээси - Кудурет алдын ала эмне болоорун билет. Өзү билген нугу менен ишин жүргүзүп атат. ХХI кылымда Ааламда, Жерде чоң өзгөрүүлөр болот экен. Ошон үчүн адамзатка ИЛИМ алганга жол берди, Жаңы заманга Жер Эли Аман-эсен өтсүн деп. Параллель дүйнөлөрдөн Учур чакка, замандын талабына ылайыктап, жан дүйнөсү таза инсандар аркылуу келген аяндарды, Баш Кабарларды (Манас эпостогу илим, жана Манас илим - Манас Ата, ж.б. жаздырып, жана бердирип аткандар) кайра-кайра окуп, талдап анализдеп, түшүнүгүбүз өсүп; туура көргөндү аткарып, анан жан дүйнөбүз тазарып, түшүнүгүбүз өзгөрөт, келечекке көзү жетет, туура даярданат. (Аян алып аткан учурда улуу инсан ачууланып, же бир нерсеге капаланып, таарынып турса - анын аяны туура экенине күмөнчүлүк болот. Мындай учурларда аң сезимди кара Күчтөр ээлеп, аяны тескер болушу мүмкүн.)
Ошентип, Туура түшүнүккө жетет. Өзүнүн улуу инсан, кыргыз, Нур Элдин өкүлү экенин түшүнүп, касиетин ойготот. Кара кыргыз (секретный) аталган элдин сыры ачылып атат. Аянды окуп, замандын талабынан артта калбай, генибизди - молекуладагы 12 жипчеден турган спиралды - арканды, (ДНК) жүргүзгөнгө даярданалы. Ошентсек, Кыргыз Нур бала болуп, 40 өзгөчө Руханий касиеттери ачылып, бүт дүйнөгө жакшылык алып келет. Ошентип, бизден үмүт кылган элдердин тилеги аткарылат. Азыр болсо биз алардай эле пендебиз. Бул "аян" заманга ылайык, аткарыш керек" деп, такталган аяндарды биз "Асман Пресске" берип турабыз. Ага чейин ошолордон чыккан жыйынтыкка, негизги концепциясына өтөлү:
Жер планетасы жалпаят, тарелка формасына өтөт. Албетте, сабырдуу болуп, Жер энекебизге бизден жардам болуш керек. (Тоголок камырды жалпайтып көргүлө, капталдары кандай чойулат экен?) Жер Жогорку жыштыкка өтөт, ылдамдыгы өзгөрөт.
Кишилер дагы бөлөк жыштыкка өтөт. Жердин башка ылдамдыгына чыдай албай, мындай физикалык денебиз менен күйүп кетебиз. Ошону үчүн алдын ала берилген аяндар менен даярданып, Нур эл болуп, касиеттерибизди, каныбызды ойготуп, башка элдерди дагы, Рая Хизреева жанындагылар менен күтүп аткандай, дүйнө элине жакшылык алып келип, аларды дагы кыргыз (Нур эл) кылышыбыз керек.
Биздин Күн системабыз "Саманчынын Жолу" деген галактикабыздан башка чоң Галактикага жөнөйт.
Алдыда ушундай, ж.б. нерселер күтүлүүдө. Акыр заман - бул башка, Нур заманга өтүү. (Мисалы, биз участогубузга жаңы там салалы десек, аны эски тамдын үстүнө салбайбызда. Эскини талкалап алып салат. Ошондой эле, азыр дагы, эски түшүнүктөрдөн айрылып, жаңы түшүнүктөргө өтүш керек. Техника доору бүтүп, Кишинин касиети, Руханий таланттары иштей турган мезгил келеатат. Материальный байлыкка умтулбай, жан дүйнө байлыгын (Чынчыл, мээрим, сабыр, айкөл, асыл ой, кенен пейил - кайра эле, пейилиң -бул оюң болот, деп айтылат Манас илимде, ж.б.) өнүктүрүш керек. Нур элдин касиеттеринин бири: чаңдан алтын жасайт. Ошону үчүн, азыр, акчасы барлар, ошондой доорго инвестиция кылганы абдан жакшы болот. Анткени, ал кошулса, эл үчүн кызмат кылса, Жаңы Доор баары бир келет, ошондо анын жүзү жарык болот, жана Өтмөктүү Оттуу Доордон оңой өтөт. Азыркы терминдерди колдонсок, бул жерде биздин багытыбыз, максатыбыз, бутабыз чыгып калды: АЛТЫН ДООР курабыз.
(Негизи эле, аяндарда айтылат: "Кыргыз өзүнүн ким экенин түшүнсө, атылган октой өнүгөт", деп.) Калган нерселердин бары ушу негизги максаттын тегерегинде болуш керек.
Эми ага жете турган кийинки планды түзсөк болот жана ошого жараша тайманбай иш аракеттерди аткарыш керек:
Кыргызстан - Ата Мекен, (Дүйнө эли Кыргыздан тараган, деп айтылат Манас эпосубузда), же лидер-мамлекет. Бүт дүйнөгө тарбия-таалим тараткан илимдүү мамилени КУТ туткан ыйык Ата-Мекендин эли.
Башкаруу тармак, батыштын жетегинен чыгып, өзүнүн дилине кайрылып, ал дагы Нур элдин тукуму экенине көзү жетип, замандын түшүнүктөрүн окуп, башка акыл-ойго түшүшү керек. Ушу аян аркылуу келген сунушталган багытты кабыл алыш керек. Ушул тармакты изилдеген, аян алган космоинтеллектуалдар менен биргелешип иштеш керек. Алардын сунуштаганын билим тармагы аркылуу элге жеткириш керек. (Киши үйрөнгөнүн кылат). Мисалы, Бишкекте мындан кийинки сунушталган макаладагы шартты түзүп берсе дагы жакшы. Өз ара сый мамилени жогорку деңгээлге көтөрүп, аруу, асыл ойлуу болгондор жаңы Доорго өтөт.
"Начар сөз кут качырат", "Улутка бөлсөң Кут качат" деген аяндарды эстен чыгарбайлы. Учурунда ушундай кылганыбыз үчүн туу чокудан кулаганбыз. Албетте, кайра Нур эл болуп, касиетин ойгото албайт.
Ааламга таанылып, Дилине кайтып өзөк Уюлдарга мөөр басып, Кудурет дилди кабыл алуу. Нур тукум экенин далилдеп, Ууз Нурга уузанып. Бул үчүн "Шамбала айлампасын" тезинен өтүп, замандын талабынан артта калбай, Кыргызстанга бейиштин энергиясын тартуу.
"Кыргыздын Улуу Ынтымак-биримдиги", деген эрежени аткаруу жана башкаруу тармак аркылуу мыйзамдаштыруу.
(Уландысы кийинки санда)
Замира Муратбекова,
Манас Илимине Эксперт.
Т. 0543 02 20 58









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??