Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Ташиевдин көөнү бузулдубу?
Ташиев Ошту кыдырып, шайлоого баргандай эле эл жыйып, жылкы союп курсак тойгузуп, жылуу сөзүн айтып келди. Камчыкеңди түштүк эли аябай эле колдойт экен, агылып келип Ташиевдин сөзүн угуп, иш жок бекер жаткан эл эмгиче эрмек кылып атыр. Кара-Кулжага барганда тоолуктар ойлогондон 10 эсе көп жыйылып, кетпей кебин угушкан. Жылкы союп 500 орундуу ресторанга дасторкон жайган экен, киши батпай, айла жок коштоп жүргөн төкмө акын, "карыларыңар калгыла, калганыңар үйүңөргө баргыла" деп намикайть этип атып араң батырышты дейт. Камчыкеңдин бу сапары нени каңкуулайт. Президенттик шайлоого барбайм, али жашмын деди эле. Кыязы айлананы көрүп көөнү бузулганбы же…


Маммүлк "Ар-намыска"
Жакында бошогон "Республиканын" энчисиндеги маммүлк министринин ордун Атамбаев "Ар намыска" бергени атыптыр. Коалициялык өкмөт курамына киребиз деген арнамысчыларды "Ата Журт" менен "Республика" партиясы жерип, кошпойбуз деп башбакандын колтугуна суу бүркүп аткан экен, эми так текедей эле секирип атат дейт. Бабанов басып алган жерин оңой менен берчү эмес эле…


Жээнбеков жеңин түрүндү
Президенттик шайлоо жакындаган сайын талапкерлер тактала баштады. Атамекенчи депутат Равшан Жээнбеков чуркаган албайт, буйурган алат, буюрса шайлоого аттанам деп атыр. Партия лидери Текебаев уруксат береби, бербейби баары бир дейт. Партия атынан чыгууга макулдук болбосо, анда өз алдынча чыгууга күч топтоп, даярданып аткан кези экен.


Сулайманов Атамбаев деди…
"Республиканын" авторитет депутаты Алтынбек Сулайманов президенттик шайлоодо Марат Султановду колдоону ниеттенип жүргөн экен. Убакыт өткөн сайын ойлор бузулат, же соодалашуу өзгөрөт эмеспи айтор, эми Атамбаевди колдоого убада берди дейт. Сулайманов түштүктө салмактуу, кимди колдосо да тараза ташты оодарат.


Абайлагыла Асанбеков алдайт
"Мекен Ынтымагы" партиясы Парламенттик шайлоонун алдында эле уюша калып, шайлоого катышып, башкаларчылап жан талашып үгүт жүргүзбөй эле көп партияны артка таштап, барандуу добуш алган. Андагы партия каармандары лидерибиз Темирбек Асанбеков "лапшагон" болбогондо, үгүттү күчтүү жасаганыбызда депутат болмок экенбиз деп эмгиче сандарын чапкылап жүрүшөт. Ошол "китлапчы" Темикең түштүктү кыдырып, жаттап алган "алдар көсө" сөздөрүн айтып жүрөт дейт. Бүтүн команда элек, бүлүндүрдү, мындайлар бийликке келсе элди куру жалак калтырып кетет дешип, эгер Темир президенттикке койсо партиялаштарынын арасынан бири ага каршы аттанарын айтышты. Кандай болор экен десең.


Мадумаров-Ташиев тандемби?
Өлкө башчы болом дегендер өлө көбөйө баштады. Мадумаров эбак эле эсеп-чотун кагып, таразага түшүп, так талашка бел байлаган эле. Анын үстүнө түштүктө түмөн элдин колдоосу бар. Ананле шыбың-шыбың кеп угуп калдык, Мадумаров-Ташиев тандем болот экен, экөө күпүлдөп шайлоого кирип, маарага келгенде Адакең Камчыкеге жол бошотуп берет экен деп. Жел бобосо чөптүн башы кыймылдабайт да эй.


100 $ доолаган депутат
Кызыгың түшкүрдүкү, убагында айтпасаң сөз атасы өлөт тура. Калпты чындай ышкыртып айткан батышчыл депутат Өмүрбек Абдрахмановдун дагы бир кылыгы чыгып, күлкүнү келтирип атат. Манас тууралуу жаман пикир оозанам деп бир уят болду эле, жакында кыргыз салтын дагы бузуп шерменде болду. Адилет Айтикеевге уулдуу болушуң менен деп, 100 доллар көрүндүк берет экен. Кайра кечээки Манас тууралуу бетин ачкан пикири үчүн Айтикеевге барып "баягы берген 100 долларымды бер. Сен мени уят кылдың" деп кереңдеп жаш журналистке келет. Адилет дагы жөн турбай "мен сизди 4 жолу гезитке чыгаргамын. Ар бир чыгуу 100 доллар, ошондо мага 300 доллар карыз болосуз" деп оозун жап кылыптыр. Кызык эй, бу депутат салт дегенди сары чакача көрбөйт тура.


"Асман пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??