Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  ИИМ иликтейт

Бактияр Тукеев, КТРКнын "ИИМ: жаза кайтарылгыс!" программасынын автору:
"Уурдалган 4 млн. сом эки адамдын өмүрүн алды"
- Программа эфирге чыга баштаганына канча убакыт болду жана эмне себептен мындай аталып калган?
- СЭП редакциянын башредактору Ильич Кулназаров өткөн жылдын декабрь айында ИИМ менен сүйлөшүп, биргеликте программа ачууну сунуштаган. Алар колдоо көрсөтүп, биринчи чыгарылышын даярдап биздин жетекчиликке сунуштаганбыз. Жетекчилик тарабынан макулдук алган соң, ушул жылдын январь айынан тартып эфирге чыга баштады. Ал эми аталышы ИИМ менен биргеликте чыгарып жаткандыктан алардын басма сөз кызматы менен кеңешип ушул атты койгонбуз. Программанын аталышы эле чоң маанини түшүндүрүп турат. Качан, кайсыл убакта болсо да ар бир кылмыш ишине күнөөлүү адам жазасын алат. Анткени, жаза кайтарылбайт!
- Кандай максатта ачтыңар?
- Учурда уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча мамлекеттик деңгээлде иш чаралар өтүп жатпайбы, биз дагы бул аракетке салым кошушубуз керек. Себеби, ММК коомдо чоң роль ойнойт. Ар бир кармалган кылмыштуу топ мүчөлөрүн, алардын кылган кылмыштарын көрсөтүп жатабыз. Анткени, кээ бир адамдар укук коргоо органдары жөн эле спортчуларды кылмыштуу топтун мүчөсү деп кармап жатат деп айтып чыгышпадыбы. Ошондой эле эң негизгиси милициянын кылып жаткан ишин чагылдыруу менен элдин ишенимин арттыруу, кылмыштуулуктун алдын алуу.
- Программаңар жумасына канча жолу чыгат?
- Айына эки жолу чыгат. Көп жерин атайын кадрлар менен тартабыз. Детективтик жанрда болгондуктан иликтөөгө көп убакыт талап кылынат. Монтаж учурунда да программанын көркү үчүн татаал эффектер колдонулат. Ал эми жумасына эки жолу чыккан "Протокол №" деген оперативдүү программабыз бар.
- Чыгармачылык топто канча адам эмгектенет?
- 7 адам иштейбиз. Мен, оператор, монтажер, режиссер, эки кабарчы жана алып баруучу Майрамбек Тойгонбаев.
- Эфирге алып чыккан материалдардын ичинен сен үчүн эң татаал жана кызыктуу кайсыл окуя болду.
- Журналисттик тил менен кызыктуу деген менен кылмыш темасында кызыктуу окуя болбойт. Барында кайгы, өкүнүч, азап бар. Татаал болгондо, тележурналистикада айрыкча репортаждык жанрда оңой иш жок. Кылдат иликтөө кылыш керек, ошого жараша текст жазыш керек. Монтаждоого да канча эмгек талап кылынат. Анын үстүнө талап чоң. Төртүнчү көрсөтүүбүздө Сокулук райондук почтасынан уурдалган 4 миллион сом боюнча жасадык. Анда ошол эле почтада иштеген эки аял акчаны чогуу уурдашып, бирок жыйынтыгында бирөөсү эки баласы менен бирге экинчи аялды, кызын кошуп өлтүрүп салган. Акча үчүн шерик аял да, анын 21 жаштагы кызы да жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ушул фактыны жасап жатып окуянын жүрүшүн толугу менен түшүнгөндө адамдык фактор жагынан бир аз кыйын учурлар болду.
- Жумуштун аркасынан ыза болуп, бети ачылып калгандар өмүрүңө коркунуч туудурбайбы?
- Менде "бир гана кудайдан корком" деген принцип бар. "Рисковать" этпесең максатыңа жетиш кыйын. Жашоодо деле ушундай да. Бирок, ар бир маалыматты же фактыны туура, так жана калыс бергенге аракет кылабыз. Демек, бул чоң кепилдик.

Д.Орунбеков




  Улуттук каада-салт: Адеп сабагы

НУРЖАН НАСЫЙКАТ САКИЕВА

1965-жылы туулган.
Кыргыз Республикасынын
Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий
сыйлыктын лауреаты. "Жашыл Китеп" сериясындагы
"Жашоонун сыры", "Манас Илими-1" , "Жашоонун багыты"
аттуу дүйнө тааным боюнча жаңы көз караштагы
китептердин автору. Төмөндөгү кабарлар басмага
даярдалган "Манас Илими-2, "Жашоонун багыты" аттуу
жаңы китебинен гезитке ылайыкталып
кыскартылып даярдалды.


  МАНАС ИЛИМИ

(Адам таануу Илими)
БАЛАНЫ КАЙСЫ УБАГЫНДА
ТАРБИЯЛАШ КЕРЕК?
Баланы атанын уругундагы кезинде тарбиялаш керек. Бул учурунда Атасынын ден соолугунун чың сакталышы, алкоголдук ичимдиктерден таза болушу, наркотикалык заттардан оолак болуусу төрөлө элек кезинде Атанын уругунда балдардын таза кандуу жаралуусуна шарт түзөт.
Ар бир эркек Адамдын ден-соолугунун тазалыгы келечектеги таза кандуу балдардын төрөлүүсүнүн негизги булагы болуп, бүтүндөй Улуттун таза кандуу сакталуусуна негиз болуп берет.
Улутту жок кылуу үчүн күчтүү (аскердик, экономикалык, илимий-техникалык, саны көп ж.б) державалар атайын программа иштеп чыгып, бул программанын ичинде согушсуз алсыздандыруунун куралы катары аракты, наркотикалык заттарды массалык деңгээлде жок кылгысы келген улуттарга таратууну сунуш кылышкан.
Эркектердин жана Аялдардын массалык деңгээлдеги аракка берилүүсү келечектеги даяр аракеч балдардын төрөлүүсүн камсыз кылып, мындай элден төрөлгөн балдар атасынын уругундагы кезинде Атасы менен кошо аракеч болуп ууланып, Эненин курсагына киргенден кийин энесинин арак ичүүсү менен биротоло аракеч болуп төрөлүп түшүп, мындай коркунучтун эл арасында көбөйүшү улуттун бузулуп жоюлуусуна-жок болуусуна шарт түзүп берет.
Ошондуктан ар бир Кыргыз карысынан жашына чейин арак ичүүнү өнөкөткө айлантпай, балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө жакшы нуска калтырууга аракетте болуп, зыяндуу нерселердин кесепети жөнүндө балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек.
Эзелтеден кыргыз элинде баатыр же акылдуу баланын төрөлүшүнө алдын ала камкордук көрүлүп, көрүнүктүү Адамдар өзүлөрүнө жакшы бала төрөп бере турган асылкеч жар издешкен.
Баланын акылдуу, туруктуу жана эл билги, жөн билги боло тургандыгы анын энесинен табигый жакшы сапаттарына дагы көз каранды боло тургандыгы айтылып жана турмуш жүзүндө далилденип дагы келген.
"Сөөгү таза, таза кандуу, тукуму жакшы, жатыны жакшы"-деген сөздөр укумдан тукумга айтылып келгендиги ырас.
Бүгүнкү күндө кыздарды эне болууга даярдоо жана тарбиялоо эң орчундуу маселелердин бири болуп, кыз баланы оор көтөрүүдөн, кара жумуш жасоодон, суук өтүп ооруп калуудан сактап чоңойтуу келечектеги энелердин ден соолугун сактап калуу болуп саналат.
Он жети -он сегиз жашка чыкканга чейин ата-эненин көзөмөлүндө болуп, андан кийинки кыздардын ден соолугу жана жоопкерчилиги өзүлөрүнүн колуна өтүп, ар кандай оорулардан алыс болууга өзүлөрүнө сак болуулары керек.
Ар кандай жугуштуу ооруларга кабылып калуу кыздарды жөн гана ооруп тим болбой стресс алуусуна дагы алып келип тактайт.
Ошондуктан турмушка чыкканга чейин өзүлөрүн туруктуу сактап, интимдик мамилелерден алыс болуп, келечегинин фундаментин өзүнүн ден соолугунун, психологиясынын таза сакталышы менен түптөп алат.
Кыз бала турмушка чыккандан кийин эне болуу жоопкерчилигин кошо ала жүрүп, качан ичинде түйүлдүк пайда болгон кезде сөзсүз түрдө врачтардын көзөмөлүндө болуусу зарыл жана милдеттүү.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??