Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Шумдугуңкур

Кемпир "көпөлөк"
Жашы 96ны таяп калса да, бу "көпөлөккө" кирүү үчүн тизмекке тургандардын саны ого эле көп. Таң калаарлык. Милли Купер экинчи дүйнөлүк согуштан бери денесин сатып жан багат. Бул кесиби кемпирге абдан жагат. 27 жашында Миллер америкалык жигитти сүйүп калып Лондондон ээрчип кетет. Сүйүктүүсү согушта набыт болуп, бир баласы менен жалгыз калат. Эмгек жолун бийчи болуудан баштайт. Бара-бара денесин сатууга өтүп кетет. Кийинчерээк "мамочка" болуп 10 кызды иштетип жүрөт. Ошол эле учурда турмушка чыгууга да үлгүрөт. Ошентип 25 жыл аралыкта денесин сатып иштебей калат. Бирок, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей кайрадан көнгөн ишине кайтып келет. Сүймөнчүктүү кемпир өмүрүндө 3500 эркекке кызмат көрсөткөнүн эсептеп чыккан. Учурда кардарларынын эң кичүүсү 29 жашта, эң улуусу 92 жашта. Кемпир көпөлөктүн "ставкасы" 1200 доллар. Популярдуу "көпөлөк" болгондуктан ага эркектер жарым жыл алдын-ала жазылышат.


Уйку бетин
көрбөгөн бала
Ретт Ламб 3 жаштагы бала, башка балдардан эч кандай айырмасы жок. Бир айырмачылыгы уктабаганында. Наристе 24 саат бою активдүү, медициналык текшерүүдөн өткөндө эч кандай өзгөчөлүк таба алышкан эмес. Терең медициналык изилдөөлөргө караганда Реттин нерв системасынын түзүлүшү башкачараак. Баланын уктай албагандыгы ак халатчандарды таңдантпай койгон жок.


Эң бийик имарат
Дүйнөдөгү эң бийик имарат кытайда жайгашкан. Көк тиреген Тайбей 116 кабаттан турат. 101 кабаты жер үстүндө болсо, 15 кабаты жердин астында. Имаратта 61 лифт иштейт. Лифттин ылдамдыгы мүнөтүнө 1010 метр. Имараттын 87 кабатында жаратылыш кырсыктарынан коргоочу стабилизатор орнотулган. Ар бир лифттин наркы 2 миллион доллар. Имараттын сыртына 91 кабаттан чыгууга болот. Дагы бир кызыгы техникалык талаптары, дизайны 8 санына негизделген. Себеби, 8 кытайлыктарда бакыт алып келет деп түшүндүрүлөт. Тайбей 101 соода борборунун ачылышы 2003-жылы болгон. Имараттын курулушуна жалпы жонунан 1 600 000 000$ каражат сарпталган.


Эң кичине ат
Дүйнөдөгү эң кичине аттын бою 43 сантиметр, салмагы 30 килограмм. Гиннестин китебине кирген пони, кичине аттарды көбөйтүүчү атайын фермада туулган. Негизи понилердин бою 80 сантиметр, салмагы 120 килого жетет. Бул кичине ат күнүнө эки маал бир чыны жем, бир аз чөп гана жейт. Аттын кожоюну жаныбарын саткысы да, анын тукумун улагысы да келбегенин билдирген. Себеби, карлик тукум кууйт дешет.


Дүйнөсөз
АКШнын президенти Барак Обама Германиянын канцлери Ангела Меркельге АКШнын эң жогорку сыйлыгын ыйгарды. Ал сыйлык "эркиндик медалы". Бул сыйлыкка Меркель дүйнө жүзү үчүн жасаган эмгектери жана адам укугун коргогондугу үчүн татыды.
Турциянын Гиресун провинциясында болгон авто кырсыктан 10 адам каза таап, 29 киши ар кандай жаракат алышкан. Стамбулдан Трабзон провинциясына сапар алган автобус жол көрсөткүчтү сүзүп андан соң күйүп кеткен. Такталбаган маалыматтарга караганда автобустун айдоочусу уктап кеткен.
7-июнь Каддафинин туулган күнүнө НАТО бомба таштап чоң белек кылды. Бомбалар Каддафинин резиденциясы жайгашкан Баб-эль-Азизия районуна ташталган. Авиа соккудан 31 адам набыт болгон. Азырынча канча адам жаракат алганы белгисиз. Бирок, бардык бейтапканалар жыкжыйма болуп толуп калган. Ал эми каардуу падыша дале болсо жеңиштен үмүтүн үзө элегин, өлкөдөн чыгып кетүүнү ойлонбогонун айтып публикага чыккан.





  Атакайың

Собчак Лазерев менен Кудрявцеваны үйлөнттү
"Муз ТВ 2011" сыйлык тапшыруу аземи бир гана көрүүчүлөр эмес, катышуучулар үчүн да кызык болду десек болот. Салтанатты Ксения Собчак менен Иван Охлабыстин алып барышкан. Ал ортодо Собчак Сергей Лазерев менен Лера Кудрявцеваны сахнага чакырып кызыкты көргөздү. Эки жашка нике шакекти карматып, үйлөнүү тойдун тортун алып чыгып элдин оозун ачырды. Бирок, эки жаш өздөрүн жоготпостон шакек алмашып миңдеген көрүүчүлөрдүн көзүнчө үйлөнүп калышты. Эскерте кете турган болсок, Сергей буга чейин Леранын колун сурап келген.

Шварцнеггердин сыры
25 жыл бирге өмүр сүрүп ажырашууну чечкен Шварцнеггерге коомчулук тан берген эле. Үлгүлүү үй-бүлөнүн ажырашуусунун себебин издегендер четтен чыккан. Көрсө Арнольддун никесиз төрөлгөн баласы эбепке себеп болгон экен. Башка бирөөдө баласы бар экенин экс-губернатор кызматтан кеткен соң айтууну эп көргөн. Бирок, мындай кабарды уккан жубайы кийим кечесин алып үйүнөн чыгып кеткен. Актердон төрөп алган айым 50 жаштагы Баэна Милдред болуп чыкты. Баэна Арнольддун үйүндө 20 жыл үй кызматкери болуп иштеген. Кызматтан кеткенине аз гана убакыт болгон. Ал эч убакта кожоюнунун үйүндө түнөп калчу эмес. Азыр Арнольддон төрөгөн баласы 13кө чыгып калган. Шварцнеггер менен Мариянын кичүү баласы да 13 жашта, никесиз баласы менен ортосу 5 күн айырма экени бардыгын таң калтырды. Бирок, Шварцнеггер үй кызматчынын баласы өзүнүкү экенин, баласы бойго жетип калганда билген. Тааныштарынын айтымында Арнольд Баэнага Лос Анжелестин чет жагынан үй алып берген. Атасынын бул жоругуна балдары да нааразы болуп, актердун улуу уулу Патрик Шварцнеггер апасынын фамилиясына өтүп кеткен. Мындан тышкары 52 жаштагы актриса Джиджи Гойетт 1975-жылдан бери ысык мамиледе жүргөнүн айтып чыкты. Экөөнүн сүйүүсү актриса башка бирөөнү сүйүп калган соң 20 жылдан кийин бүткөн.

Андрей сулуулуктун эталонубу?
Кырдач мурун сулуу манекенщик Андрейди көптөр кыздардан айырмалай алышпайт. Андрей Пежич бир ирет "Playboy" журналына тартылгысы келерин айтып жүргөн. Жаштын тилегин берет деген чын көрүнөт. Сулуу мырза "Сексуалдуу айымдар" аттуу конкурска капысынан илинип калган. Редакторлордун катасы болуп, кийин онлайн добуштан четтетилген. Бирок, "FHM" журналында 98-орунда келе жатат. Манекенщик өзү редакторлорго анчейин деле капа болгон жок. Себеби, Пежич айымдардын кийиминде өзүн жакшы сезет.

Принц Гарри менен Челси ажырашат
Принц Гарри менен Челси Дейвди ажырашты деген күбүр-шыбыр көптөн бери жүрөт. Зимбабалык миллиардердин кызы менен принцтин ортосундагы мамиле жети жылга созулган. Бул жыл аралыгында экөө бир канча ирет урушуп, кайра табышышкан. Челси менен Гарринин ортосун кара мышык Уильям менен Кейттин үйлөнүү тоюнда аралаган. Анда Гарри Пиппаны айланчыктап жүргөн. Кызганычтан чыр чыгып, акыры ажырашуу менен аяктаган. Учурда узун кулактар Пиппа менен Гарри жакшы түгөйлөрдөн болушмак деп кулак түрүп жаткан чагы.

Махабат Сексенбаева





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??