Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Оо, спорт

Мирлан Асеков, спорттун чебери:
"Мектепте эле Монгол дешчү"
Эрежесиз эр таймаш Кыргызстанга келгенине аз гана убакыт болсо дагы өз кучагына бир топ мушкерлерди ала алды. Аталган спорттун түрү боюнча бир топ спортчулар желегибизди желбиретип келет. Алардын катарында Кыргызстандын, Азиянын, Евразиянын чемпиону Мирлан Асеков турары барыбызга маалым. Төмөндө билеги күчтүү мырза менен маек курдук.

- Маекти балалыгыңыздан баштагым келип турат. Кичине чагыңызда да чоң муштум белеңиз?
- Кичине кезимде ашыкча шоктук кылып, бирөөнү уруп-сабап деле көргөн эмесмин.
- Тай бокста машыгып жүрүп эрежесиз мушташка өткөнүңүздү билем. Себебин билсем болобу?
- Башта күрөш менен машыкчумун, ошол эле учурда бокска катышып жүрдүм. Кийинчерээк тай бокска киргем. Ал эми эрежесиз уруш өзүмдүн кыялым. Жок дегенде бир жолу тордун ичин көрсөм дечү элем. Ошонтип кыялымды ишке ашырып келип калдым десем болот.
- Эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?
- Спорттун арты менен чет жакка чыктым, жакшы досторду таптым. Эч нерсе жоготкон жокмун.
- Тай бокста жүрсөңүз азыркыдай ийгиликтерге жетишет белеңиз?
- Аны айтуу кыйын. Тай бокс боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгом. Бардыгы Алла Тааланын буйругунан болот эмеспи, андыктан мындай же тигиндей болмок деп айта албайм.
- Эрежесиз мушташтарды сыналгыдан көргөндө кан, өлүм менен аяктаган учурлар болот. Сиздердечи?
- Жок, кудай сактасын андай нерселер боло элек. Эрежесиз уруш деп айтылганы менен эреже болот. Маселен, жерге жыгылган мушкерди тепкен болбойт, талылуу жерлерге урган болбойт ж.б. Мушташ десе эле өлтүрөт, жеп-жутат деп ойлошот, андай эмес.
- Рингдеги эң оор уруш?
- Жеңил эч нерсе жок. Антсе да эң оор уруш Казакстандын чемпиону Ержан Нестанов менен кубокко чейин болгон. Ооруп жатып чыга калып уттургам. Бул урушума караганда Азия мелдеши оор болуптур. Анда да эки ай ооруп жатып, чыкпа десе болбой чыгып алып, бир аз жаракат да алып калгам. Анын үстүнө жаш балача алдандым десем болот. Мушташка чыккан бала менен жакшы тааныш элем, ал жыгылса мен урбай койсом, ал мен жыгылганда уруп кеткен.
- Демек, жакшы тааншыңыз менен рингге чыксаңыз чаба албайт экенсиз да?
- Аябай жакын досум болсо чаба албайм да. Тааныш болуп, спортто бир рингге чыгып калсак, бул спорт деп эле түшүнөбүз. Бирок, мындай кырдаалга туш боло элекмин. Маселен, Ержан менен жакшы мамиледебиз, 3 ирет чыгып бир жолу утулуп, эки жолу уттум. Мамилебизди рингге чыкканда унутуп коебуз.
- Ооруганыңызга карабай мушташка чыкканыңызга караганда көк окшойсуз?
- Мага сезилбейт, бирок башкалар айтканыңан кайтпайсың дешет. Айрым учурда көк беттикке салышка туура келет.
- Алгачкы жеңишке жетип, желек желбиреп тургандагы сезимиңиз?
- Ал сезимди сүрөттөй албайм. Ошол себептен спортто жүрөм.
- Монгол деген атты ким койгон?
- Мектепте окуп жүргөн кезимде эле балдар тамашалап "Монгол" дешчү. Евразия чемпионатына барганымда мушташка чыгаарда каймана ат табыш керек болуп калды. Мени менен Бакыт деген классташ досум барган. Ал мектепте "Монгол" дечүбүз деп калды. Ошол бойдон Монгол болуп калдым.
- Көпчүлүк Монгол дешеби же Мирлдан дешеби?
- Эми спорт чөйрөсүндөгү адамдардын көпчүлүгү Монгол дешет. Башта башкача угулуп жүрчү. Азыр көнүмүш болуп калды. Өзүмдүн атымды айтып жаткандай болот, маани деле бербейм. Ал эми досторум, туугандарым Мирлан дешет. Кээде эле тамашалап Монгол деп калышпаса.
- Жеке турмушка убактыңыз барбы?
- Сүйлөшкөн кызым бар. Кудай буюрган убакта үйлөнөм.
- Аял затында кайсы сапатын баалайсыз?
- Биринчи кезекте ыймандуулугун баайлайм. Ыймандуу болсо динге түз карап, ийменип, кайрымдуу болот деп ишенем.
- Өзүңүз намаз окуйсузбу?
- Ниетим бар. Азырынча жума намазды калтырбайм. Досторумдун көбү намаз окуган, спротсмен балдар. Кыргызда айтып коет эмеспи "жакшыга жанаш" деп. Анын сыңары алардын катарында болгонго аракет кылам.
- Кыздардагы сизге жакпаган сапат?
- Калп айтканы жакпайт. "Бетке айткан сөздүн заары жок" деп бекер айтылбаса керек. Өзүм да бетке айтканды жакшы көрөм.
- Адам миң күчтүү болсо да сүйүктүүсүнүн алдында алсыз болот дешет. Сиз да ошондойсузбу?
- Бул нерсе жаратылыштын мыйзамы. Сүйгөн адамыңа катуу сөз айта албайсың. Бирок, биз деген эркекпиз. Миң сүйгөн күндө да кыз бала келип алып буйрук берсе туура эмес болуп калат го. Ылдый түшчү деп ордуна коем.
- Спротчулардын көбү классикалык стилде жүрө алышпайт. Сизчи?
- Бир кездери учтуу, такалуу туфлилерди кийсем бутум ооруп кийе албай калгам. Азыр кийүүгө туура келип калды. Кээде костюм шым, туфли кийем. Бирок, мамлекеттик кызматта иштебегенден кийин өзүңө ылайык футболка менен ботастан өтөөрү жок.
- Азыр карьераңыздын кайсы чегиндемин деп айта аласыз?
- Кандай десем экен. Япон философиясында айтылгандай "всю жизнь живешь, и учишся". Ар бир адамга кандай жетишкендиктерге жетишсе да ал нерсе аздык кылат. Улам жаңы бийиктиктерди багынткың келе берет. Өзүмдү минттим, тигинттим деп деле мактана албайм. Башта Кыргызстандын эле чемпиону болсом дечүмүн. Кийин эл аралык турнирлерге чыга баштаганы Азия чемпиону, Евразия чемпиону болсом дедим. Эми дүйнө чемпиону болсом деген кыялым бар.
- Канча жаштан спорттон кетсем дейсиз?
- Спортто негизи максимум 35 жашка чейин кармалсаң болот. Ар бир нерсенин өз убагы болот. Кудай буюрган күнү таштайм.
- Ата-энеңиздин көз карашын билсек?
- Ата-эне деген сарсанаа болбой койбойт. Айрыкча эне. Ден соолугуңду карачы балам дегени менен менин оюмду ар дайым колдоп турушат. Мелдештерге чыгаарда маалы менен тамагымды берип колдоп турат.
- Эрке бала окшойсуз да?
- Жок. Эгизим экөөбүз үйдүн улуусубуз. Эркемин деп деле айта албайм.
- Эгизиңиз да спорт чөйрөсүндөбү?
- Ооба, спортко кызыгат. Боксер. Мага караганда эгизим жакшы боксташат. Өзүнүн ден соолугу үчүн спорт менен машыгып жүрөт.
- Башыңыздан көп эле мушташ өткөздүңүз, жакшы эле жаракат алсаңыз керек?
- Кудай сактасын андай деле катуу жаракат алган жокмун. Кээде сынат, жеңил жаракаттар болот.
- Андай учурларда спортко кол шилтегиңиз келбейби?
- Таштагым деле келбейт. Мамлекетимдин желегин көтөрүп, даңазалайын десең мамлекет өзү көңүл бурбай койгондо таарыныч болот. Биздин мамлекет олимпиадалык эмес, спорттун түрүнө көңүл бурбайт. Биз мамлекет үчүн экинчи сорттогу адамдай эсептелип калгандайбыз.
- Мамлекет карабаса ким демөөрчүлүк кылат?
- Мамлекетибиз карабаганы менен жакшы мекендештерибиз бар. Колдоп, ар бир чемпионатта демөөрчүлүк кылып мамлекет үчүн өз салымын кошкон. Алардын бири жеке ишкер Адилет Сарыбаев.
Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??