Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
(Башы өткөн санда)
ШАМРОЗ
Эртең мененки сыйынуу убагында ибадат кылып жатып, эсимден эчак чыгып кеткен адамдын элеси көз алдыма келип, кадимки тирүү адамдай мени жылмая карап сүйлөп жатты. Күтүлбөгөн бул элести дароо тааныдым. Кулагым дүңгүрөп, сөздөрү угулган жок. Менин эч нерсе түшүнө албаганымды сездиби, "Привет, мадам, пока, пока" деп күлө карап кол булгалап алыстап барып суюлган туман сыяктуу жок болуп кетти. Менин денем оорлошуп барып, кайра жеп-жеңил абалга келип сезилбей калды да, заматта Жогорку күчтөр бир топ жыл артка алпарып салды.
Ал жылдары соода менен алектенип жүрчүмүн. Бишкекте майда соодадан чогулткан акчамды эми жайында Пакистан, кышында Индиядан товар ташыганга салдым. Бардык жаңы иш кыйынчылык менен башталгандай эле, бул иште да жакшы жагы да, кыйынчылыгы да болбой койгон жок. Ал кезде кандай иш болбосун кудай тараптан тоскоолдук, кыйынчылык берип сыноо болоорун билбесем да, бир-эки кыйынчылыкка сабырдуулук менен туруштук бергенден кийин ишим жакшы жүрө баштады. Пакистанга биринчи барганда ар бир туристти өз айдоочулары тосуп келип, мейманканага орношкондон кийин фабрика, дүкөндөргө ошол айдоочулар алып барып, котормочунун да, гиддин да ролун аткарат экен. Мени менен келгендер ар ким өз айдоочулары менен кетип калышты. Карачи шаарына биринчи жолу баргандыктан кайсы айдоочуга олтураарымды билбей турсам, турагентствонун жетекчиси, "Шамроз" деп бирөөнү чакырып, мени ал кишиге дайындады. "Бул жакшы киши, сени алдабайт" деп мени да сооротконсуду. Узун бойлуу, көздөрү бажырайган, кирпиктери узун, бирок белинен буралып баскан адам "мадам, добро пожаловать в Пакистан" деп орусча акцент менен сүйлөсө да, түшүнүктүү сүйлөгөн, сымбаттуу күлүмсүрөп жаныма басып келди. Шамроз экөөбүз таанышып, колумдагы жүгүмдү көтөрүп, машинасына келдик. Машинада Челябинск шаарынан келген бир орус кыз бар экен. Ал товар заказ кылып бүтүп, эки күндөн кийин кеткени жатыптыр.
Ал кеткенден кийин Алматылык Лариса келди. Айдоочу, котормочу Шамроздун төрт баласы бар, мурун Карачи шаарында полициянын башчысы болуп иштеген, белине ок тийип ошондон майып болуп калган, билимдүү жана сыйлуу адам экен. Биринчи көргөндө "майып адамдан башка эле айдоочу болсо болмок, бир бутун сүйрөп буралып басып ушу киши мага кантип жардам берсин" деп пендечилик кылып, ичимден жетекчибизге нааразы да болгом. Шамроздун шаар ичинде, фабрика кожоюндарынын арасында баркы бар экен. Жакшы товарды элден арзаныраак алганга жана заказдарымдын толук аткарылышына чоң жардамы тийди. Шамроздун жардамы менен атактуу фабрикалардын жакшы товарлары менден калса гана башкалар алышчу, ошондуктан соодабыз жакшы болуп, кээде бир жумада эки жолу Пакистанга учуп барып келгенге туура келчү. Пакистан мусулман өлкөсү болгондуктан ичкиликке катуу тыюу салынып, эли беш маал намаз окушат. Мен намаз окубаганым менен курандын сүрөөлөрүн атамдан үйрөнүп окуп жүрчүмүн. Шамроз экөөбүз бат эле тил табышып, аны менен курандын сыры, касиети жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Менин куранга илим катары кызыгуумду, Шамроз курандын касиеттерин, курандын илим экенин жакшы түшүндүрүп берүү менен арттырган. Азыр ойлосом Шамроздун менин өмүр жолумда жолугуусу да бекеринен эмес экен.
Азыркы жолумдун башатына Шамроздун да салымы бар. Көрсө, адам баласынын өмүр жолунда жолуккан ар бир адам жөн эле жолукпайт тура. Ар бир жолуккан Адам, бизди бир нерсеге үйрөткөн окутуучубуз экен. Керек болсо душман да, ууру да бир нерсеге үйрөтүүчү устат болоорун ал кезде билмек кайда... Эс алуу учурунда бизден барган туристтердин көбү ичкилик ичкендерин көрүп, " сен эмнеге ичпейсиң?" деп сурашчу. Бардык фабрикалардын кожоюндары мени "мадам" деп, мен ичкиликти оозума албаган үчүн да сыйлап турушчу. Аэропорттон түшкөндө эле биз жөнүндөгү кабар, бизден мурун фабрикага жетчү. "Мадам Лариса очень серезная" дешип, сый урмат менен кайда барбайлык мага жакшы мамиле жасашчу.
Жайында 55-60 градус ысыкта күндө калган балмуздактай эрип кете жаздачубуз. Ошондой ысык убакта бир жумада эки жолу учуш деле оордук кыла баштайт экен. Бишкекке жеткенден кийин Шамроз, "соода кандай болуп жатат" деп сурап телефон чалып турчу. Мен бара турган болсом, кандай товар керек экенин билип, мен баргыча фабрикага заказ кылып койчу. Бир жолу өзүм бараарга шартым жок, бирок товарым түгөнүп, кандай кылсам экен деп ойлонуп калдым. Шамроз "мадам, не переживай, мен керектүү товарды жөнөтүп турам" деп калды. Ошондон баштап мен акча жөнөтсөм, ал товар жөнөтүп, же тескерисинче ал товар жөнөтүп, мен соода кылып акчасын барган жетекчилерден берип жиберип жакшы иштеше баштадык. Мен өзүм барбасам деле мага жаңы товар келип жатканын көргөндөр таңкалып жүрүштү. Кийин алар да ушул ыкма менен иштей башташты. Шамроздун клиенттери жайы-кышы өтө турган товар менен иштегендиктен, менден башкасы жыл бою бара беришчү. Пакистандын жайкы сезону бүткөндө, сентябрдан баштап Индияга жылуу свитерлерди алып келүүгө барчумун.
Бир күнү Индиядан учуп келсем үйдөгүлөр суук кабар угузушту. Шамроз менен Алматылык Ларисаны жүк ташыган чоң машина коюп кетип, авария болушуптур. Ларисанын колу сынып, Шамроз ооруканага жетпей каза болуптур. Мен Индияга кетээр алдында Шамроз телефон чалып, "үй бүттү, Лариса экөөбүз терезелерге штора, мебель заказ кылып жүрөбүз, сен келгенде новоселье жасайбыз, сени эле күтүп жатабыз" деген эле. Ал үйү да жөнөкөй үй эмес, беш кабаттуу көп квартиралуу, асты супермаркет боло турган үй болчу. Ошол үйгө бир күн жашабай калды... Ушулардын баары кинотасмадай көз алдыман учуп өттү. Шамроз, сен жан дүйнөсү таза, жакшы адам болчусуң. Пендечилик кылып таарынтсам, билип-билбей капа кылсам кечирип кой, жаткан жериң жайлуу болуп, жараткан жерде жасаган күнөөлөрүңдү кечирип, жаның бейиштен орун алсын. Орозо убагында каза болгондорду жакшы адам деп коюшат. Сен чындыгында эле жакшы адам болчусуң. Уулдарыңды арбагың менен колдоп, өз дүйнөңдө жаның тынч болсун. Сенин жасаган жакшылыктарыңа мен чын дилимден ыраазымын жана унутпайм. Мага бир туугандай жасаган мамилеңе жана жардамыңа миң мертебе ыраазымын. Сага берген убада менен жана "куранды илим катарында оку" деген сенин сөзүңдөн кийин окуп чыккам жана күндө пайдаланып жүрөм. Сага бул үчүн чексиз ыраазымын! Сен менин жан дүйнөнүн тазалыгы жөнүндө үйрөткөн устаттарымдын бирисиң, балким, азыр да жардамың тийип жүргөндүр...
(Уландысы бар)



кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??