Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тигүүчүлөр турмушунан

"Атамбаев жеңил өнөр жайды
көлөкөдөн алып чыкты"
Келе жаткан жекшемби жеңил өнөр жай күнү. Биздин өлкө, жеңил өнөр жайы кеңири кулач жайган өлкө экени талашсыз. Айрыкча тигүү цехтери көбөйүп, коңшу өлкөлөргө товарлардын басымдуу бөлүгүн экспорттошот. Уз айымдарыбызды майрамы менен куттуктап тигүү цехтердин бирине барып чоо-жайы менен тааныштык.


Айзат Иманкулова, коструктор-модельер:
- Кесибиңизди тандаганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Бул кесипти тандаганыма ата-энемдин салымы зор. Аларга абдан ыраазы болуп келем. Себеби, атам менен апам кыздарга ылайык жумуш, окуп ал деген ошолор болгон. Самира эже окууну бүтө элек кезимде эле конструкторго жардамчы кылып отургузуп койгон. Ошону менен үйрөнүп иштеп кеттим.
- Өзүңүзгө өзгөчө кийимдин моделин тиктирсеңиз керек?
- Албетте, материалын, моделин өзүм тандап алгандыктан ал кийим базарда жок болот.


Гүлмира Байгазиева, тигүүчү:
- Кесибим боюнча мугалиммин. Айлыгы аз болгондуктан швеяга кирип кеткем. Иштеп жатканыма он жылдын жүзү болоюн деп калды.
- Азыр мугалимдердин айлыгы жакшырды. Кесибиңиз менен кетейин деген ой жокпу?
- Ставка жок болгондон кийин айлык акы баары бир аз болот. Анын үстүнө бул жакка көнүп да калдым. Экинчи кесибим болуп калды десем болот.
- Айлыгыңыз жетеби анан?
- Мугалимдердикине караганда кудайга шүгүр. Айлыкты жумасына алып турабыз.


Эльвира Иманкулова, технолог:
- Учурда кандай кийимдерге заказ кылып жатышат?
- Азыр көбүнчө сарафан, блузкаларды заказ кылып, тигип жатабыз.
- Жалгыздан берген заказды тигесиңерби?
- Бирден-экиден берген заказдарды кабыл албайбыз. Бизге заказчиктер заказды рулон материал менен алып келишет.


Каныбек Тентиев, бычмачы
- Тартынбайсызбы ишиңизден?
- Жок, башта үтүктө иштечүмүн. Кийин бычмачыга өтүп кеттим. Кыздар менен таанышкан учурда да эмне иш кыларымды айтам.
- Кандай кыйынчылык бар?
- Эң негизгиси туура эсептеп, туура кессең эле болду.
- Туура эмес кесип алган учурда эмне болот?
- Банкрот болот да.
- 4 жылдык тажрыйбаңызда банкрот болдуңузбу?
- Төрт жыл ичинде бир жолу туура эмес кесип, айлыгыман 5 миң сом кестиргем.


Самара Намаз-бекова, тигүүчү:
- Цехтин шарты сизди канааттандырабы?
- Ооба, бул цехтин шарты да, коллектив да абдан жакшы. Азыркы учур сезон десек болот. Сезон убагында иш үзүлбөйт, айлыгыбыз да ага жараша көп болот. Сезон бүттү деп деле үйдө олтуруп кала элекпиз.


Аида Сапитова, тигүүчү:
- Тигүүчү цехке эч нерсе билбей эле келгем. Машинканы биринчи жолу ушул жерден көргөм. Башында үйрөнө албай кыйналып, сөгүп кайра тигип жатып үйрөндүм. Бардыгын майрамы менен куттуктайм. Иштерине ийгилик болсун.


Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??