Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Москваны карагыла эй

Россияга ким президент болот?
Келээрки жылы дүйнө коомчулугу көптөгөн жаңылыктардын күбөсү болгону турат. Анын бири Орусияда болуучу президенттик шайлоо. Бул шайлоо бүтүндөй дүйнөнүн көңүл чордонунда болмокчу. Анткени, бүтүндөй дүйнөгө таасирин берген Россия жана андагы президенттик шайлоо, башкаларга түздөн-түз таасир берери айдан ачык. Өзгөчө "демократияны" туу туткан Америка үчүн Россияга кимдин президенттик тактыга келээри кызык.

Путинби же Медведевби?
2012-жылда боло туруучу президенттик шайлоого карата Россиядагы саясий институттар алдын ала анализ жүргүзүп, өздөрүнүн божомолдоолорун айтышууда. Анын бири "Эффективдүү саясат" саясат фондунун президенти Глеб Павловский, 2012-жылга президенттик шайлоого премьер-министр менен президенттин ортосундагы консенсустун негизинде Медведев барарын жана ал "Единая Россия" партиясынан жалгыз гана президенттикке татыктуу талапкер экенин GZT.Ruга берген маегинде айткан. Бирок, бул нерсе эгер Россияда экстремалдуу саясий окуялар болуп кетпесе гана деген. Мындай пикирин азыркы президенттин жардамчысы Аркадий Дворкович өткөн жылдын декабрында БиБиСиге берген маегинде да айткан.
Канткен күндө да Медведевдин экинчи мөөнөткө барышы логикалуу эле нерсе, эгерде ал президенттикке баруудан баш тартса, бул анын саясий курсунун жеңилиши болуп саналат. Бул өзүнүн гана эмес, Путин экөөнүн тандеминин жана партиянын кадырынын төмөндөшүнө алып келет. Демек, ал шайлоого барбай коюшу толук мүмкүн эмес. Бирок, акыркы кезде Путин-Медведев тандаминде мандем жаралды деген да божомолдор бар. Айрыкча Путиндин жакында мамлекеттик думага берген отчетунда даана байкалды дешет эксперттер. Анткени, "медведевдик модернизациялоо" саясатына каршы келген альтернативалуу планды думага алып чыгышы, Медведевге карата мээленген жебедей эле болгон. Буга азырынча президент эч кандай реакциясын билдире элек. Путиндин думага берген бир жылдык отчету, отчет эмес, шайлоо алдындагы программага көбүрөөк окшошуп калгандыгын бардык саясат таануучулар талкуулап жатышат.

Путин-Медведев тандеми бузулабы?
Улам шайлоо жакындаган сайын азыркы президент Медведев менен премьер Путиндин ортосунда ар кандай сөздөр жүрүп жаткан мезгили. Анын бири Путин кайра президенттикке барат, ошон үчүн Медведев экөөнүн ортосундагы мамиле муздап бара жатканын айтышат. Дагы бир версия, жыл башында Москванын мэри Юрий Лужковдун президент тарабынан кызматынан четтетилгенин кошумчалашат. Юрий Лужков бийликтеги Единая Россия партиясынын ишенимдүү өкүлү, Путиндин эң жакшы колдогон санаалаштарынын бири болчу. Ошондуктан Лужковдун мэрликтен кетишин Путинге карата "атаканын" башталышы деп, айрым серепчилер айтып да жиберген. Бул боюнча журналисттер Путинден сурашканда эч кандай реакциясын билгизбей жөн гана президенттин чечимин колдоорун билдирүү менен чектелген. Москванын жаңы мэри Сергей Сабянин деле таасирдүү "единороссчулардын" бири. Ал эми премьердин шайлоого барышы бул азыркы кырдаалда өтө кооптуу, анткени, Россияда күн санап Путинге каршы агымдар күч алууда. Буга кызыкдар өзгөчө Америка Кошмо Штаты, Израиль менен чыгыш азия өлкөлөрү Япония менен Түштүк Корея. Себеби, жогорудагылар үчүн, өзгөчө Америка үчүн Путин абдан кооптуу фигура.
Путин президенттик шайлоого барса деле жеңип чыгарына шек жок. Анткени, анын колунда бүтүндөй ресурстар топтолгон. Анын үстүнө күч структуралары менен стратегиялык тармактардын баары анын колунда. 2008-жылдагы шайлоодо да Путиндин айланасындагылар аны шайлоого баргын деп сүрөшкөн. Бирок, Путин эл аралык коомчулуктун пикирин жана өзүнүн кийинки тагдырын ойлоп аң-сезимдүү түрдө шайлоодон баш тарткандыгы жалпыга маалым. Азыр дагы анын айланасындагылар премьерге муну кайра сунуштап жаткандай.
Бирок, быйылкы жылдын башында башталган бийлик кулатуунун сезону азыркыга чейин Ливия, Йемен сыяктуу өлкөлөрдө уланууда. Ошондуктан азыркы шартта Путин үчүн да, Медведев үчүн да экөөнүн тандеминин сакталып турушу зарыл. Анткени, тандем бузулса, кайра аны түзүүгө убакыт керек жана тандем түзүүчүлөрдүн канчалык саясий салмагы бар экенин эч ким билбейт. Эгер бийликтеги партия бир пикирге келе албаса, анда "Справедливая Россия" менен Зюгановдун коммунисттик партиясынын авторитети жогорулашы айдан ачык .
Ансыз деле өткөн жылдан тартып, Федерациялык Советтин спикери, "Справедливая Россия" партиясынын лидери Сергей Миронов президенттик шайлоого анын партиясы бара тургандыгын жана бул жолку шайлоодо "Единая Россияны" колдобосун билдирген. Эске салсак, 2008-жылкы шайлоодо "Справедливая Россия" Медведевдин кандидатурасын колдогон. Ушул жылдын 7-мартында РИА Новости агенттигине берген интервьюсунда Миронов, президенттик шайлоого бара турганын дагы бир жолу тастыктап, акыркы чечим 2011-жылдын күз айларында белгилүү болорун билдирди.

Башка кандидат же Рамзан Кадыров президент болобу?
Борбордук бийликтеги фигуралардан башка дагы президенттик шайлоого аттанам дегендердин арасында Рамзан Кадыров бар. Ал шайлоого эртелеп эле даярдык көрүп, сайтын дагы ачтырган. Анын порталында аны колдогон пикирлер күндөн-күнгө көбөйүүдө дешүүдө. Бирок, саясат тануучулар үчүн Кадыровдун артында ким турат деген суроолор жаралууда. Бир вариант анын артында тургандар антипутиндик жана сырткы күчтөр деп айтышса, экинчилери жок, ал өзүн-өзү эле көтөрүп чыгууда дешет. Рамзан Кадыровдун өзүн-өзү алып чыгуусу Россияда ар кандай пикирлерди жаратууда. Бир кезде Ельцин жеңе албай койгон Чеченстанды, Путин ордуна койгон. Кийин Чеченстанга Ахмат Кадыров өлгөндөн кийин президенттик так анын уулу Рамзан Кадыровго өткөн. Эгерде 2012-жылга чейин Рамзан Кадыров "тирүү" турса, анда ага негизинен президенттикке татыктуу талапкер катары эмес, путинизмге каршы добушун бергендер көп болушу мүмкүн.
Жаш болсо да Россиянын Баатыры, бокс боюнча спорттун чебери, 7 баланын атасы болгонго жетишкен Р.Кадыров федерациялык республикалар менен автономиялардан добуш алышы мүмкүн, бирок орустар "кавказец" деп добуш бербей да коюшу мүмкүн. Анткени, орустарда "велико шовинизм" күчтүү өнүккөн.

Путин премьерликтен кетсе ...
Шайлоо жакындаган сайын "премьер, ордунан кетсе кайсы кызматка барат" деген өңүттөгү суроолор жаралууда. Кээ бирлери Эл аралык олимпиадалык комитеттин (МОК) башчылыгына барарын жана бул маселени Медведев менен АКШнын вице-президенти Джо Байден жакынкы күндөрү сүйлөшөрүн "Независимая газета" жазып чыккан. Бирок, муну РАНдын элиталарды изилдөө борбору "эч качан Россиянын ишине АКШ кийлигишпейт" деп четке каккан. Путиндин Дүйнөлүк масштабдагы БУУ, ЭОК сыяктуу уюмдарга кызматка кетүү сыймыктуудай, бирок жеке ал үчүн бул нерсе сүргүнгө барабар. Андан башка Консоттун төрагасы, Коргоо министри, Единая Россиянын лидери жана Газпромдун төрагасы кызматына барат деген да пикирлер бар. Мындай жумуштар премьерди кызыктырбайт дагы болуш керек. Анда Медведевге же жаңы президентке дагы эле "Старший брат" болуп иштейби?- деген суроо туулат. Буга Медведев дагы канча чыдайт?! Себеби, экөөнүн тандемин ажыратууга кызыкдар күчтөр менен Медведевдин айланасындагылар макул болушабы?
Кандай болсо да Путиндин пенсияга кетүүсү мүмкүн эмес. Ал Россия үчүн көп нерсени жасаганга күчү жетет. Эң акыркы вариант, Россия кайра 1998-жылдагыдай бардык жагынан кризиске батып, деградация болгондо кайра Путинди шайлап алат...
Ал эми россиялык дагы бир саясий серепчи, "Саясий информация борборунун" башкы директору Алексей Мухин жогорудагы Павловскийдин оюна таптакыр каршы пикирин билдирген. Анын ою боюнча "Медведев да, Путин да шайлоого катышпайт. Бирок, Путин өзүнүн ордунда калышы мүмкүн" дейт. Эгер ал Россиянын ички-тышкы саясатын алып кете ала турган, башкарууга татыктуу кандидатты таппаса анын бийликтен кетиши мүмкүн болбогон нерсе.

Элизат
ТурсунОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??