Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тележүз

Жылдыз Бегалиева, алып баруучу:
"Камерада башка, жашоодо башка адаммын"
"Чего хотят женщины" атту аялдардын аудиторясына арналган берүү старт алды. Программа мода дүйнөсү, ден соолук, ийгиликке жетишкен айымдар тууралуу болуп, айымдар арасында кызыгууну жаратты. Жарым сааттык телеберүүнүн рейтинги жогорулап, аудиториясы кеңейет деген ишеним бар. Аталган программанын долбоорун иштеп чыккан автор, алып баруучуну кепке тарттык.

- Жылдыз эже, берүүңүздүн аты жакшы экен. Сиздин пикириңизде аялдар эмнени каалайт?
- Биринчи кезекте ден соолугу чың болсо дешет. Анткени, оорулуу аял эч кимге кереги жок. Анан албетте сүйүктүү болгусу келет.
- А мырзаларга талап кандай дейсиз?
- Ар бир аял ишенимдүү эркектин болушун каалайт. Менимче жакшы айымдын жанында жакшы, адекваттуу эркек болот деп ишенем.
- Азыр айымдар материалдык байлыкка карап калгандай?
- Бул нерсе заманга жараша болуп жатат го. Бирок, бардык эле айымдар байлыкка кызыкпайт. Азыр көпчүлүгү өз алдынча болуп, көз каранды болгусу келбесе керек.
- Теледе иштеген айымдарга көп учурда саясатчылар көз салат деп угабыз. Сизге да тийишип калышса керек?
- Менин телевидениеге келгениме 1,5 жыл болду. Мага андай көз салгандар деле жок. Мүмкүн мен байкаган эместирмин. Анын үстүнө жашым да өтүп калды, жүрүш-туруштан да көп нерсе көз каранды болот. Бир сөз менен айтканда "Кунаажын көзүн сүзбөсө бука жибин үзбөйт да". Мен строгаямын.
- "Строгая" болсоңуз кандай эркек жүрөгүңүздү багындыра алат?
- Ишенимдүү, ар бир нерсеге олуттуу көз карашта караган, чынчыл болуш керек. Сырткы келбетине карабайм, мен үчүн ички дүйнөсү таза болсо болду.
- Андай мырзадан кандай белек күтөсүз?
- Колумду, жүрөгүмдү сураганын күтөт элем.
- Эгерде бардык жактан камсыз кылам деп бай негр айтса эмне кылмаксыз?
- Жок, негрге чыкпайт болчумун. Мен патриотмун, керек болсо орустарды жактырбайм.
- КТРге кирүү оңой эмес дешет. Сиздин келгениңизди эстесеңиз?
- Өзүм БГУнун журналистика бөлүмүн сырттан окугам. Журналист болуу кыялымда бар болгону менен өз күчүмө ишенчү эмесмин. Жеке компанияларда менеджер болуп иштеп жүрдүм. Досторумдун көбү "Журналистика чөйрөсүндө өзүңдү сынап көрбөйсүңбү, бекер окудуңбу" дей беришчү. Өзүм деле дипломум чаң басып жата береби деп ойлондум. "СЭП" редакциясында "Колесо жизни" деген берүүгө штаттан тышкары кызматкер стажер болуп келип калдым. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле бирөө ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетти. Мени редактор Жамиля Атаканова чакырып, "Эгерде журналист болом десең берүүнү алып бар. Мүмкүнчүлүк келип атат. Эгерде колуңдан келбесе анда бул кесип сеники эмес" деген. Мен өзүмчө паника кылып кантем деп, мага монтаж, редактирлөө, сьемка дегендин баары өөн учураган. Бирок, ал учурда көп адамдар колдоп, өз кеңешин берип кол сунушту.
- Биринчи жасаган берүүңүз эстен кетпесе керек?
- Албетте. Биринчи материалды орустар тууралуу даярдагам. Камеранын алдында сүрдөп уялып жаман болгом. Материалды эфирге даярдаган соң худсоветтен өтпөй калса керек дегем. Бирок, бактыга жараша өтүп кетти. Ошентип бир жыл иштедим ал жакта. Азыр алып чыгып жаткан телеберүүм менин жан дүйнөмө жакын. Бул берүү өз аудиториясын табат деп ишенем.
- Телевидениеде интрига көп, бут тоосуулар болот дешет. Сиз да кабылгансызбы мындай кырдаалга?
- Адамдар көп иштеген жердин барында эле интрига көп болот. Кудай сактасын мага эч ким бут тоскон жок. Тескерисинче билбегенимди көрсөтүп, үйрөтүштү. Биздин редакция абдан ынтымактуу. Ильич Кулназаров келгенден тартып жаш экенине карабастан бардыгынын башын бириктире алды.
- Абдан жаш көрүнөт экенсиз, сырларыңыз менен бөлүшпөйсүзбү?
- Бул суроону мен да өзүмдүн каарманыма бердим эле. Ал да 50дөн өтүп калса да 40 жаштагылардай көрүнөт экен. Ошондо ал айтты эле 8 саат жакшы уйкудан өтөөрү жок деп. Анын сыңары мен уйкуну жакшы көрөм. Экинчиден оптимист болуп, өзүңдү колуңа ала билишиң керек. Ар бир нерсеге баары жакшы болот, бул күндөр да өтөт дегендей кароо керек. Эң негизгиси өзүңдү сүйүшүң керек.
- Кандай кемчилигиңиз бар?
- Шашмамын. Келбетимдеги жаман жак сыр бойдон калсын, башкалар билбей эле койсун. Азыр бардык шарт түзүлгөн, салондорго барып каранса болот.
- Сулуулук салондоруна ат тезегин кургатпай барып турасызбы?
- Маникюр, педикюрга, чачымды кестиргени, боеткону барам. Ал эми косметологго барбайм. Менимче баруунун кажети деле жок. Убагы келгенде кызматынан пайдаланам.
- Сырттан тааныгандар болобу?
- Жок өзүмдүн тааныштарым эле болбосо таанышпайт. Өзүм көп эфирге чыкпайм. Жылдыз боло элекмин. Өзүмдү кадрда көрө алчу эмесмин. Кадр артында текст окуйм дечүмүн. Дале болсо камерага көнө албай жатам. Камерада башка, жашоодо башка адаммын.
- Жалгыз бой эне болуп баланы өстүрүш кыйынбы?
- Мен турмушка эрте чыккам. Ал дагы, мен дагы даяр эмес болуп эрте үйлөнүп алдык. Кийин мүнөзүбүз келишпей ажыраштык. Жолдошум моралдык, материалдык жактан колдоп турат. Ага да ыраазымын жардам көргөзүп турганына. Азыр кызым мен келгенче бардыгын даярдап турат. Эч кандай кыйналган деле жокмун десем деле болот.
- Экинчи турмуш курууну ойлонгон жоксузбу?
- Албетте оюмда бар. Дагы балалуу болгум келет. Бирок, менин жүрөгүмдү багынта турган мырза жок.
Мээрим Айталиева




  Эмне үчүн?

Алла - Улук, Арбак - Ыйык!
Бул сөздүн терең маанисин түшүнсөң кандай Ыйык сөз, кандай жан дүйнөгө таасири чоң Сөз!
Бирок, биз пенделер бул ыйык сөздү башыбызга мүшкүл иш түшкөндө же бир тышкы керемет таасир бергенде, же эң жакын адамыңыздан ажыраганда гана жүрөк солк этип эсибизге алабыз. Биз кыргыз эли эгемендикке жеткен күндөн тартып алайын-алдырбайын, жулайын-жулдурбайын заманына туш келип, бир гана күнүмдүк жашоонун көйгөйүн ойлоп, Алланы, Арбакты унуттук. Бирок, апрель окуясынан кийин бир боорунан, кулунунан айрылгандар, ага кошулуп бүт карапайым эл көп нерсени түшүнүп калды. Алладан суранып, Арбакты эскерип дегендей. Көп жерлерде Ата- Жолу Ордолор ачылып, муктаждыктары бар адамдар барып сыйынып, тазаланып, аталардын батасын алышты. Кара-Балта шаарында Ордо бар, келген пенделер ушунчалык ыраазы, ден соолугу оңолуп атат, жаман жолдо жүргөндөр, арак ичкендер, үй-бүлөдөн ажырагандар ж.б. көп келет. Ордо ачылганына бир жыл болду, каалагандар беш ата (Байтик атанын) күмбөзүнө барып сыйынышат, тилек тилейт, аталар бата берет, кеңешин айтат, оң жолго салат. 1997-жылы Рысбек Качыкеевдин "Арбактар сүйлөйт" деген китеби чыкты эле, ошондо эле Арбактар элине нааразы экени; "Бизди элибиз эскеришпейт, куран окушпайт, эшигиңердин алдына барып үмүт кылабыз - куран окуур бекен деп, анан карарып кетебиз, анан ыйык жерлерге, Меккеге барып агарып келебиз" деп. Ал кезде элде арбак жөнүндө түшүнүк аз эле. Эмичи, Арбактар касиети бар адамдардын түшүнө кирип, же белги берип, элин актыкка, ыйманга кудайды таанууга үгүттөп атат. Буга ачык эле мисал: Манас атанын миң жылдыгын өткөзүүгө даярдык көрүлө баштаган 1995-жылдан тартып жөнөкөй эле айылдык келин Бүбүмариям Муса кызына Жайсаң атанын арбагы жолугуп, Манас атанын жашап өткөн доорун, тарыхын жөпжөнөкөй тил менен элге түшүнүктүү кылып айтып берип атат. Дагы эле кыргыз тукумунун тарыхы айтылып бүтө элек, Бүбүмариям Жайсаң атанын арбагы менен баарлашып бүтө элек. Парапсихолог Мелис Карабеков 3-4 жылдан бери Манас атанын энергиясы, улуу аталардын арбагы жөнүндө көзгө сайып көргөзүп келет.
Мага Кара-Балтадан аталардын арбагы бата берип, Түркстанга барып зыярат кылып келүүгө буюрду. Биз тогуз пенде жөнөдүк. Арабызда карылар, жаштар, кореецтер, орустар, буту баса албагандар бар эле. Башка дүйнөгө (бейишке) барып келгендей эле таасир калтырды. Зыярат кылып барган жерибиз көрсө биздин эле коңшу Казакстан экен. Барынан кызыгы Россиядан да келишет экен. Атактуу, касиеттүү аталардын, апалардын күмбөзүнүн кээ бирлерин шаардын эле ичине тургузуп койгон (ал жерде сөөгү коюлбаса деле). Эми ичи-тышынын жасалгасы, зыяратка барган пенделерге шарттарын айтпа. Ал жерде атайын адамдар бизди тосуп алып, түшүндүрүп, тарыхын айтып берип дегендей, кыскасы беш суткада ыңгайлуу автобуска салып алып 41 аталардын күмбөзүнө алып барышты. Жүрөктүн агарганын айтпа, ден соолуктун оңолгонун айтпа. Айланайын элим, өз көзүңөр менен көрүп келгиле, анча деле чыгым кетпейт. Ал эми менде чоң суроо: Эмне үчүн кыргыздар ушул ыйык ишти колго албайт? Эмне үчүн?!
Күлүйпа Узакова,
Кара-Балта шаары.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??