Төбөлтөр

Төбөлдөрдүн саясаты учурда быкшып туру. Ош окуясынын бир жылдыгы келип калды. Бул учурга бийликтегилериң да, бакиевчилериң да, депутаттарың да, убактылуу өкмөтчүлөрүң да өзүн актоого далбас уруп, депутаттык комиссия дегени менен үч командага бөлүнүп алып, бири-бирине атака жасап, сен мага тийбесең, мен сага тийбейм кыязда намек ыргытып күнөөлүүлөрдү таба албай эл алдында калп эле күпүлдөп атышат. Жылдыз Жолдошеванын комиссиясы бер жак бетин карасаң Ташиев, Келдибеков сыяктуу төбөлдөрүн, ар жак бетин карасаң бакиевдерди андагы бийликте отургандарды коргогонсуп, бет маңдайдан карасаң элге күйгөн немедей айбат салып айкырып туру. Канчалык түз мааниде түшүнөйүн десең да бу айым кимдир бирөөнүн заказын аткарып аткандай туюлат. Бу күндөрү Жылдыз айымдын ташы өйдө кулап, популярдуулугу артып барат. Исмаил Исаковдун командасы Убактылуу өкмөттү, өзүн коргоочулар. Биз болбосок, армия болбосо эки улуттун урушу токтобойт эле деп, андагы бийлик төбөлдөрүнө рахмат айткандан тажабады. Э, катыгүн силер болбосоңор андагы жаңжал балким болбой калышы мүмкүн беле деген жан жок. Исмаил ака Бекназаровдун айткандарын аябай туура деп (бир командада да), Токон Мамытовдун комиссиясынын бүтүмүнө таш ыргытып, так эместигин айтып, бутадан алып чалып туру. Мамытовдун мынчалык чаңырганын көргөн эмес элек, бизден уурдап алдың кыязда тигинин дооматына аргументтеп айта берип чарчады. Ал ортодо Бекназаров Мамытовдун бүтүм кагаздарын улам алып окуп турганын, анда толук маалымат айтылбай калганын айтып Токон байкени жана бир секиртти. Мунун да жөнү бардай. Эгер мамытовчуларга муюп туруп берсе, күнөөлүү болору шектүү жана кайсы тарап "демдүү демилге" сунуштаса ыктай берип, ортодон "темир калканчыларга" дем-күч берип коеру бышык. Актанмайдын алды Бекназаров болду көрүнөт. Өткөн Ош коогалаңында УӨ кандай аракет кылганын, армиянын, милициянын алсыздыгын айтып, бакиевчилер бүт бүлүндүрүп кеткенин, "Тиконун" артында жашырынып шаарды айланып жүргөнүн, андагы абалды жомоктоп айтып бир топ депутаттарды муйутуп салды. Чын эле Азикеңди угуп отурсаң Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү айай көрүнүп кетет. Катыгүн айа, ошол окуя алдында эки улут кагылыша түшкөн эки-үч абал болбоду беле, ошондо эле алдын алып, мындай каргашалуу күндү болтурбай коюга болбойт беле десең. Үч тамга алдын ала маалымат бербей, эмне тезек терип жүрдү беле? Буга да шылтоо-жооп табылат. Азикеңди "эрдиги бар, эси жок" деп бекер айтышат, саясатчы катары алдына ат салдырбай келет. Элге да өз жүзүн жылмалап, тазалап көрсөтө алат. Бийликке келгенден берки УӨнүн былык-чылыктарын, солго солонгон пул-сулдарын ж.б.у.с. оңдоп-түздөп, актап турган ушу киши.

Президент Отунбаева депутаттардын ур-токмогунан оолак болгусу келдиби же чын эле берилген суроолордун теңине түшүнбөй аттыбы айтор, онтолоп оңтойлуу жооп бербеди. Дегеле президенттин сөзүнө да, жообуна да канааттанган киши аз. Ошол окуяны Отунбаевадан артык билген киши жок. Ош окуясын, Батыровго көмөк көрсөтүлүшүн, Салахудиновдун жогор жактан приказ болуп бошотулушун Роза эже эң жакшы билет. Болгону айтпай атат, түшүнгүсү келбей атат. Өзбек лидерлерине жол ачып бергендердин бири болсо өзү болот же Текебаев, Атамбаев, Бекназаров, Сариевдердин бири болуп чыгат. Ошондогу генпрокурор жогор жактын приказын аткарганын айталбай онтоп атпадыбы. Төрага Келдибеков мурда сүйлөшүп алганын байкатып, президент айымды "балчык-чалчыктардан" сүйөмөлөп алып чыгып кетүүгө далалат кылып атты. Төраганын өз партиясына абай салып, Ташиевдин демите сүйлөгөнүнө терикпей демин басып, Отунбаевачылар менен айай мамиледе болуп, Текебаевдин короосуна оңтою келгенде таш ыргыта койгону байкалып турду. Бирок, Өмүрбек Текебаев тажрыйбалуу, куу саясатчы эмеспи, капталдан качырам дегендерди байкатпай кайырмакка илип алат. Кадыржан Батыровго паспорт алып берүүгө көмөктөшкөн да ушу Текебаев экени айтылып жүрөт. Ушул иштин артында УӨ орун басарларынын бири бар экенин Байсалов айтканын кыйыта коем деп төрага Өмүкеңден үн чыгарды. Акмат аканы кайырмакка илип койгон белем, дароо эле Өмүкең бул окуяга криминалдар күнөөлүү деп демитип киргенде эле төраганын үнү басылды. Келдибеков крим чөйрөнүн атаманы Камчы Көлбаев менен Ысык-Көлдө чайлашып отурганынын чындыгы бар белем, чындыгын билген Текебаев менен УКК башчысы Дүйшөбаевге жумшак мамиле жасап, жылма жүрүп калды деген кеп бар. Муну Текебаев демите сүйлөсө да сыпайы мамиле кылганынан да байкасак болот. Дегеле Келдибеков менен Ташиевдин да оту күйүшпөгөнүн алардын жүздөрүнөн байкоого болот. Баса, Камчы Ташиев бул ирет мурдагыдай өткүрлүгүн көрсөтө алган жок. Мунусу Жалал-Абаддагы жаңжалда жакшы барк алдым эле, кыйпатын чыгарып албайын Жолдошева турганда жол талашпай, бирөөнүн куйругун басып албайын кыязда мындайраак тура турайын саясатыбы? Же… Не десек да Сулайманов менен болгон мушташтан кийин негедир үнү пасайып, жоошуп бараткандай. Алтынбек Сулайманов бул окуядан кийин өткүр сүйлөп, Парламенттин "атаманы" аталып калды. Жалал-Абад губернатору Бектур Асановду жарга такап, Батыров менен бирге жүргөнүн айтып, Кыргызнефтгазды жей берип жарылчудай болуп калыпсың кыязда кеп ыргытып каарып алды. Асанов буга калп күлүп тим болду. Асанов "бомбам" бар деп болбой атты эле, ага суу сепкен да Сулайманов болду. Сулаймановдун мындай түрү жоон билектигиби же депутаттык кызматынан пайдаланганыбы? Кээде жетекчилердин абалдан чыгып кетүү үчүн калп обу жоктонгондо ушинтип тизгинин кагып койгон да жакшы.

Ошентип акүйдө Ош окуясынын күнөөкөрлөрүн табуу, мындай каргашалуу күндү болтурбай коюу тууралуу болгон талкуу максатына жеткен жок. Жетпейт дагы. Үч комиссия үч жакка тартты. Мен күнөөлүү эмесмин, сен күнөөлүүсүң. Жо-ок мен эмес, сен күнөөлүүсүң болушту. Ошентип сен мага тийбе, мен сага тийбейм менен бүтөт. Башка жол жок. Баягы эле саясат. Албетте күнөөлүүлөр бар. Алар качып кеткендер. Акаев, Бакиевдер, өзбек лидерлери Батыров, Салахудинов, Абдрасулов, Абдуллаева, Сабиров… Бирок, буларга көмөктөшкөн, жол ачып берген, бийликтин тизгинин колго алган бүгүнкү төбөлдөр дегеле өздөрүнө чаң жугузушпайт. Булар байкуштар эл үчүн жан үрөп иштешиптир. Пай-пай-пай. Арга жок баш чайкайсың. Көрсө, бардыгы күнөөлүү болгон жерде эч ким күнөөлүү болбойт тура…


Керим Ташболотов