Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бүтүн болбосоң жандүйнө бүлүк салабы?

Жалгыздык
Бул саныбызда айымдардын тарткан түйшүгү, жашоосу, жан дүйнөсү, махабаты, азабы, жыргалы тууралуу талкуу кылып, "Жалгыздык" деген теманын үстүндө баарлаштык. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева, "Доор" ансамблинин солисткасы Фарида Өмүрзакова, тележурналист Гулбайра Умарова жана ди-джей Самара Сагынбаевалар катышты.


Дайырбек Орунбеков: Көпчүлүк учурда айымдар жалгыз калып, өмүрүн жалгыздыктын азабында өткөрөт дешет. Батышта жарандык никеде келишим менен жашап, жалгыздыктын азабын көп тартпай, керек учурда ажырашып, каалаган кезде башкалар менен баш кошо берет экен?

Ыргал Кадыралиева: Буга кошула албайм, батыш менен бардык жагынан теңелебиз деп, өзүбүздүн салт-санаабызга, жашоо жолубузду алмаштырууга болбойт. Жарандык нике менен жашоого аталарыбыз, агаларыбыз дегеле кыргыздын жигиттери жол бербейт. Жалгыздык азабын кечкен жалаң гана аялдар дегенге кошула албайм. Балким изилдөө санагы жаңылышып калгандыр.

Дайырбек Орунбеков: Эгерде ушул маселе көтөрүлүп мыйзамдаштыруу керек десечи…

Ыргал Кадыралиева: Мен бул маселени эч качан колдобойм.

Дайырбек Орунбеков: Фарида эже айтсаңыз, жалгыздык кандай, жалгыз айымдар көп дегенге кошуласызбы. Качан адам жалгыз калат, ажырашуудан кийин же турмушка чыга албай калууда болсо керек. Дегеле ажырашуу эмнеден келип атат?

Фарида Өмүрзакова: Практикалык жактан алып караганда көпчүлүк айымдар экинчи, үчүнчү аял болуп турмушка чыгып алышат. Эл көзүнө "уят болот" деген менен, иш жүзүндө мындай фактылар көп. Көпчүлүгү акча маселесине келгенде бир топ маселени жыйыштырып салууда. Кээ бир жалгыз жашаган айымдар биологиялык муктаждыктар үчүн жашыруун бирөөлөр менен жашашат. Бул жагынан алганда экинчи аял болуп тийе бергени туура.

Дайырбек Орунбеков: Жакында 3 аял алуу тууралуу мыйзамы сунушталып, кайра токтоп калган эле..

Фарида Өмүрзакова: Эгер эркек бага алам десе, мыйзамдаштырып койгону деле жакшы. Жары жок жарым жан болуп, төшөк маселесинен улам ооруга чалдыккандан көрө мыйзамдуу бирөөнүн экинчи аялы болгону дурус. Ансыз да жашырынып алып жашагандар толтура.

Ыргал Кадыралиева: Фарида эже, ар түрдүү ооруларга чалдыгышы мүмкүн дедиңиз, мен медик эмесмин. Жакында дүйнөлүк деңгээлдеги бир психолог менен ушул багытта талкуу болуп, депутаттар да катышты. Аял эркексиз жашай алабы деген суроо бердим. Муну эркексиз жашайлы деп көтөргөн жокмун. Жанымда такыр турмушка чыгалек курбуларым бар, ошол себептен сурадым. Ал айтты, аял киши эркексиз жашоого толук шарты, мүмкүнчүлүгү бар деп. Бирок, анын идеалы бар болсо. Ким идеал боло алат? Атасы, агалары же кудай идеал боло алат экен. Жолдошу менен жашаган аял, жалгыз жашаган аялга караганда алсыз болот экен. Жалгыз аял жашоосуна өзү шарт түзүп, өзү чечим чыгарып, эрки күчтүү калыптанат.

Фарида Өмүрзакова: Турмуш үчүн күрөшүп, жашоого чыйрак болгону менен күйөөсү жок аялдар психологиялык жактан алсыз болуп "нервная" болуп калат. Турмушумда көп азапты көрдүм, жолдошум экөөбүз искусствонун адамы болсок дагы түшүнүшө албай ажырашып кеткенбиз. Ал менин эл алдына чыгып ырдамак түгүл, мектепке иштөөмө чек коюп, тамеки тизесиң деген шарт койгон. Ошол себептүү мен мындай жашоодон көрө деп, жалгыз болсо да өз бактымды тапкым келип, койгон максатыма жетүүнү туура көрдүм. 18 жылдан бери ошол жалгыздыкты баштан кечирип, кээде турмушка чыгып, эл катары жашагым келет. Ошону ойлоп отуруп ар кандай ойго кептелип, капаланып, ызаланасың. Ошонун баары чогулуп аялды психологиялык жактан алсыз кылып, нерв жукарып калат.

Дайырбек Орунбеков: Фарида эже айтпадыбы, жолдошу эл алдына чыгаргандан баш тартып, бөгөт койду деп. Сиз теледен элдин назарында болосуз, болочок жолдошуңуз каршы чыкпас үчүн эмне кылыш керек. Балким үй-бүлөлүк бакыт деп карьераны токтотосузбу?

Гүлбайра Умарова: Мен болочок жолдош болчу адам менен ал маселени сүйлөшүп, келишип алганбыз. Ал айтты, үй-бүлө кургандан кийин ЭлТР же мени танда деген талап койду. Мурда сүйлөшкөн жигитим менен дагы ушул талапты койгондо телени тандап, жолубуз эки айрылышкан. 2 жыл эч ким менен сүйлөшпөй жүрдүм. Көрсө үй-бүлө куруп алып, акырындап анан карьера десек туура болчудай болуп турат. Кудай буюрса мени түшүнгөн адам менен жакында үй-бүлө курабыз деп максат койдук.

Ыргал Кадыралиева: Гүлбайра, азыркы айтып атканың жаштык. "Мага турмушка чыксаң иштебейсиң" деген жигитке ишениш керек. Ошол адам кийин сени түшүнүп иштөөгө шарт түзүшү мүмкүн. Анан алганга чейин алтыным деп аябай убада бергендер тескерисинче кийин жүзүн буруп, башкача болуп кетиши мүмкүн.

Фарида Өмүрзакова: (күлүп) Ыргал аябай тура айтат, алганга чейин алдыңа жүгүнүп жүргөндөрдөн этият болуш керек.

Дайырбек Орунбеков: Самара, жалгыздык деген эмне, кандай түшүнөсүң?

Самара Сагынбаева: Мен жалгыздык дегенди элестете албайм, бөлмөдө жалгыз болсом жарылып кете жаздайм. Бирок, башкалар катары эле жакшы максат коюп, турмушка чыгып, бала жытын жыттагым келет. Адамдар эмне үчүн жалгыз калат деген суроону берип, айрымдарын көрүп туруп мүнөзүмдү оңдоп, башкаларды карап түзөнөм. Анткени, мүнөзү катаал адамдар тил табыша албай ажырашып кетишет. Жалгыз калбаш үчүн азыртадан кам көрүп, өзүн түздөп алып жүрүүсү керек.

Дайырбек Орунбеков: Турмуштун өзүнүн формуласы бар, эгер ошого чыдап жаманын жашырып, жакшысын калчай алсаң жашоо уланат. Агаларыбыз айтып калат, "үйдө аялым болбосо чыдабай, керек болсо жер кезип жинди болуп кете жаздайм" деп. Үй-бүлө куруу деген психологияны нормалдаштыруу, а жалгыздык чынында эле азап. Жараткан эркек-аялды тең болуп, бири-бирин толуктасын деп жараткандан кийин бири-бирисиз жашоосу жарты болсо керек.

Самара Сагынбаева: Жалгыздык деп жөн эле айткан менен, ал абдан кыйынчылык. Мисалы, менин чоң атамдын кызы өмүр бою жалгыз өтүптүр. Анткени, анын мүнөзү татаал, кылык жоругу да оңой эмес болгонун көп сөз кылышат. Жалгыз өтүп, үй-бүлө куруу, бала көрүү бактысына туш болгон жок. Ошону көрүп жалгыздык кандай экенинен түшүнүк алдым.

Дайырбек Орунбеков: Чынында бир топ жыл мурун айыл жергесинде турмушка чыкпай, жаш курагы өткөн кыздарды элдин баары сөз кылып, кыздарына баланчанын кызындай болбо деп мисал катары айтышчу. Эми ал кезде жалгыз бой кыздар аз эле болчу. Азыр жалгыз жүргөн, турмушка чыкпаган кыздар көп. Муну кандай түшүнөбүз. Акыркы кезде эркектер азайып кеттиби же ажырашуу көппү?

Ыргал Кадыралиева: Ажырашуу көп болуп атат деп айтат элем. Турмуштун кыйынчылыгынан чыдабай ажырашып кетип атышат. Сыртка кеткен мигрант аял же күйөөсү башка менен турмуш куруп, туура эмес жолго түшүп, ошонун негизинде дагы очок ураган далилдер бар. Кемтиги, кемчилиги болбой жашоо уланбайт. Катачылык да кетет. Адамдар сабырдуу болсо. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат" деп коет го, жаман катын турмуштун кыйынчылыгынан үй-бүлөдөгү уруш-талаштан чыгат.

Дайырбек Орунбеков: Ажырашуу тууралуу сөз жүрүп кетти. Мурда ажырашты деген болгон эмес. Ким ажырашып кетсе уят иш катары бааланып, ата-энеси жер карап, келген кыз эл аралай албай калчу. Азыр катардагы гана окуя болуп бараткансыйт. 100 адам үйлөнсө, тең жарымынан көбү ажырашып кетишет…

Гүлбайра Умарова: Алар жашоо турмушка даяр болбой туруп аттанып атышат. Ата-энеси дагы жеткиликтүү тарбия бергенге өздөрүнүн деңгээли жетпейт. Азыркы кыздар үй-бүлө эмне экенин дагы түшүнбөй жаш тийип кетишүүдө.

Дайырбек Орунбеков: Жаш курагына басым жасай турган болсок, ата-бабабыз тебетей менен уруп, жыгылбай калса ала беришчү тура. Кыйын болсо кыз ошол кезде 14-15 жашта эле болгон. Алар жашбыз дебей эле ондон баланы төрөп өстүрүшкөн…

Фарида Өмүрзакова: Кыздар көп, эркектер аз деп атпайсыңарбы. Ушуну бетине карманып эркектер көөп кетишти. "Кыз толтура да" дегендей мааниде карашат. Ошол эле учурда 20 жаштагы жигиттер 40 жаштагы аял затына сүйүүсүн арнашат. Ошолорду көргөндө бир кызык абалга дуушар болом.

Самара Сагынбаева: Радиого материал керек болуп ЗАГСга байланыштым. Үйлөнгөндөрдүн 60%ы бир ай өтпөй кайра ажырашабыз деп арыз менен кайрылышат экен. Эмнеге мындай десем, алар жооп айтышкан жок, өзүм дагы жооп бере албадым.

Ыргал Кадыралиева: Турмушту бир аз баштан өткөрүп калдык, негизги себеп материалдык жетишпестик болуп атат окшойт. Окууну аяктаган жигит көп жылдап каражат топтоп келип үйлөнүү тоюна коротуп коет. Жыйынтыгында үй жайы даяр болбой, турмуштун оордугуна туруштук бере албай, айласыз ажырашып кетип атат. Сүйүү деп эле көкүрөк коюп, жылаңач баатыр боло бербеш керек. Үйүңдө балдарың чырылдап ыйлап ачка отурса, үстүнө кийип чыгар кийими болбосо сүйүү эч кандай роль ойнобой, ортодо келишпестиктер чыга баштайт. Ошондуктан жигиттер жашай турган жайын камдап, аялын бага ала турган деңгээлге жеткенден кийин турмуш курса.

Фарида Өмүрзакова: Материалдык жетишпестик себеп болуп атат дегенге кошулбайм. Алыскы туугандарыбыздын кызы колунда бар эле жерге турмушка чыкты. 2 балалуу болгондо жигиттин апасы менен эжеси келинин жашатпайбыз деп алып келип коюптур. "Эмне үчүн?" деп сураса, келинибиз кой кайтарбайт дептир. Кептин төркүнү кедейликтен эле эмес, эсирип көпкөн байлар дагы ажырашат. Себептин ар кандай түрлөрү бар.

Дайырбек Орунбеков: Бир себеп катары той тууралуу айттыңыздар. Кур намыс менен карызга батсак дагы той кылган адат бар. Ошол тойдон кийин карызын жаба албай калган үй-бүлө келинди жемелеп, сенин айыңдан карызга батып калдык дешет. Ортодо жаман-жакшы айтылып атып чоң келишпестикке алып келип, анын арты менен дагы ажырашуу пайда болушу мүмкүн… Бир күн ырдап, жыргап, тойдун эртеси экиден урушуп, карызга баткан тойдун кереги барбы же ошол кеткен чыгымга эки жашка керектүү мүлк калтырган туурабы?

Ыргал Кадыралиева: Той болбосун деп айтпайм, ырымын кылыш керек. Той десе эле биздикилер кокуйлап, акчасын чачып май көл, сүт көл кылып калмайы бар. Менин дагы тойум болуп, миңден ашык адам келген. Көп машине менен ЗАГСка чыгып, бир топ каражат чачканбыз. Күнү келгенде жолдошумдун 2000 сом айлыгынын 1000 сомун квартирага төлөп, 1000 сомуна 1 ай жашачубуз. Тойумда прическа кылып, укмуш көйнөгүн жалтылдатып кийип келип кылтылдап бийлеген бир адам да "кандай жашап атасың?" деп сураган эмес. Үлпөт кийимди сатып албай, заказ менен тиктирип кийгемин. Кийин чынында эле өкүнүп, тойго кеткен чыгымды жакшы бир жашоого, кереги тийе турган нерсеге жумшасам болмок дедим. Калың, септи эске албай эле коеюн. Айылда ким кымбат кетет экен деген түшүнүк бар. Мен ошол кеткен чыгымды тыйып, үй алып бергиле деген сунуш кылгамын. Ата-энем болбой сеп кылып, эл көзүнө берели деген. Төшөк жуурканды айтпай эле коеюн. Көрсө эне өз кадыры үчүн аны кылса, ата кадырым түшпөсүн деп, тегеректеги карап тургандар үчүн септеги эмеректерди болушунча көп бергенге далалат кылат тура. Бир жолу болгону 4 сом 50 тыйыныбыз калыптыр, нан 5 сом болчу. 50 тыйын жетпей наныбыз жок калган. Ошону эске алганда азыркы жаштарга кеңеш берет элем, чачылып төгүлүп бирөөгө көрүнөйүн деп той бергенче, жашоо жолуңарды чыңдап, шарт түзүп алсаңар…

Фарида Өмүрзакова: Кимде кандай дарамет, шарты бар. Той кыла беришсин. Бирок, ашыкча эле өзүн эске албай, эл көрсүн, элдин сөзүнө калып кетпейин деп ысырапкорчулук кыла берген туура эмес. Элдин көзү, бирөөлөргө уят деп канчалаган каражатты чачып атабыз. Эртең ошолор келип жардам бербейт, болгону 4 саатка уланган тойдо ичип-жеп кете беришет.

Дайырбек Орунбеков: Кыздар "азыркы балдарга ишеним жок, түк ишенбейм" дейт, балдар "азыркы кыздарга дагы ишенчү беле" деп кол шилтешет. Ортодо мынчалык ишеним кетип калгыдай эмне болдук?
Гүлбайра Умарова: Кудайым адамды жаратып атканда эле, адамды бир бүтүн кылып жаратат экен. Кыз болобу, жигитпи өз теңин тапкысы келип, тымызын издей берет. Теңин тапкандар аз болушат экен. Менимче өз теңине жолукпай калгандардын ишеними сууп калса керек.

Дайырбек Орунбеков: Тымызын издейбиз деп атпайсыздарбы. Кээ бири издеп атып ашынып кетеби, чет өлкөлүктөрдү этектеп калууда. Ортосунда сүйүү барбы десең, жашы улуу адамдарды ээрчип жүргөн кыргыз кыздарын көрүп таң каласың…

Самара Сагынбаева: Бул чынында абдан олуттуу оор маселе. Ар бир адамдын жеке жашоосуна чек коюуга акыбыз жок. Бирок, ошол эле мезгилде кыргыздын ай чырактай болгон кыздары акча каражатына же бир курсак тойгузуп койсо эле ар намысын унутуп, кебетесине, жаш курагына карабай колун кармап кетишүүдө…

Дайырбек Орунбеков: Анда сүйүүдөн материалдык муктаждык биринчи орунга чыгып кеткенби?

Самара Сагынбаева: Ар ким үчүн жооп берип, бирөөнүн сезими үчүн кепил боло албайм. Мен үчүн ашып ташкан байлык менен баш оорутпайм. Бир мисал келтирейин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окуп жүрүп Турцияга барып калдым. Ал жактагы радионун чоңдору сөз айтып, ар кандай шарт түзүп, бул жакка жумушка орноштурабыз деген сунуштарын айтышкан. Алардын сунушун кабыл алган жокмун. Бул жакта жөнөкөй эле кыргызымдын студент жигити бар, ошону менен сүйлөшүп жүрөм.

Ыргал Кадыралиева: Кыргыз кызынын кыргызга эле тийгени дурус. Бул куру патриоттук эмес. Кытай же башкага тийип арасат бала төрөгөндөн көрө, кыргызга тийип саныбызды көбөйтсөк. Бир мисал, убагында жигитим деп айта албайм, аркамдан бир жигит жүрчү. Мен тек сүрүштүрүп, тарыхын казганды жакшы билем. Андан урууң ким деп сурадым, билбейт экен. Башка эле бир сөздү айтты. Шек санап калып, изилдеп көрдүм. Уруусун билбей уялып, айылын айтып коюптур. Көрсө бир келгин тажиктен чоң энеси төрөгөн экен, тегин билбей калыптыр. Ата-бабасын айтуудан уялып, кысынып жүрө бериптир. Ошол сыяктуу азыр мышыктай болуп, никеге турбай эле кытайларга үйлөнүп аткан кыздардан туулган кытай балдар эртең кандай тагдырга дуушар болот? Анан ар бир кыз ушуну ойлоп, балдарын тексиз кылып, кыргыздын канын булгабаса дейм. Кыргыздын баласы жети атасын билиш керек.

Дайырбек Орунбеков: Түркменияда сырттан келип, түркмөн кызын алгандар мамлекеттин казынасына 40 миң АКШ доллар калың төлөйт экен. Түркмөн кызын алган сырттан келген мырзага стимул болуп, ошол эле кезде түркмөн кыздарынын кадыры өсөт. Бизде калың эмес, айрымдардын айтымында "кыргыздын кыздарына жакшына машине менен келип тийишип койсоң, жүгүрүп келет" дегендерди угуп жүрөбүз. Кытайлар дагы никеге турбай эле жашап, балалуу болуп, убагы келгенде кетип калышууда. Түркмениядагы салтты, биз да мыйзамдаштырсак кандай болот?
Ыргал Кадыралиева: Жакшы ой экен, бирок ар бир депутаттын ар кандай пикири болушу мүмкүн. Жакында никеге туруу боюнча мыйзам долбоору каралып, молдолор нике күбөлүгүн албаган жаштардын никесин кыйбоосу керектиги каралган. Анткени, официалдуу никеге турбай, нике кыйдырып алып, эртеси басып кеткендер көп. Ошондуктан мунун санын азайтуу, жоопкерчиликти алуу боюнча мыйзам сунушталды.

Дайырбек Орунбеков: Сиздин оюңузда ажырашууга жалаң эле эркектер кадам жасайт дейсизби. Кээ бир учурларда кыз өз эрки менен кетип же ажырашууга биринчи кадам таштагандар бар.

Ыргал Кадыралиева: Кыргыз кыздарында бул абдан аз көрүнүш, эч качан биринчи болуп кетейин, турмушту бузайын дебейт. Эртеңки жашоосун өзгөртүүдөн коркот, элден уялат, намыстанат. Салт боюнча жигиттердей мүмкүнчүлүк жок, миңден бири гана болушу мүмкүн.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??