Акчабай

НЕГИЗДҮҮ АЙТЫЛГАН СЫНБЫ
ЖЕ "КЕТКЕНДЕРДИН" КЫЖЫРДАНУУСУБУ"?
Аудит эмес, экспертиза

Илларион Адамян ошондой эле, эл аралык аудитордук компания BDOнун корутундусун, Кыргызстанда анын тиешелүү лицензиясынын жоктугуна шылтоолоо менен шектенүүнү жаратат деп белгилеген. ЕБРРдин тендерин утуп алган BDO LLP компаниясы, АУБдун ишине аудитти эмес, көз карандысыз соттук-бухгалтердик экспертиза жүргүзгөн. Бул үчүн эч кандай жеринде алынган лицензия деле талап кылынбайт. Мындан тышкары, компанияга төлөнүп берилген сыйакыны Улуттук банк эмес, ЕБРР төлөп берген.

Көркөмдөп жазганга көнгөн банк

Сын айткандар ошондой эле, Улуттук банк система түзгөн АУБ банкын сактап калуу үчүн эч нерсе кылбастан тескерисинче, аны банкроттук абалына алып барып такаган деген корутунду чыгарышкан. Иш жүзүндө жагдай дегеле андай эмес. Улуттук банктан бул боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмөлөр берилген: АУБга убактылуу жетекчилик киргизилген учурда ал маалыматтарды АУБдун гана кызматкерлери пайдалана алган "Банк ӨӨ" автоматташтырылган системасы аркылуу берип келген. Алынган маалыматтар боюнча бир күн ичинде эле АУБдун активдери 24 млрд. сомдон 13,6 млрд. сомго чейин кыскарган. Муну банктагылар, республикада орун алган жагдайга кооптонушкан резидент эмес кардарлардын өз каражаттарын алып чыгып кетиши менен түшүндүргөн. Бирок, кийинчерээк АУБдан алынган маалыматтарды SWIFT эл аралык системасынын маалыматтары менен салыштырып тактап көрүүдө, бухгалтердик жазуулар айкын төлөмдөр менен дал келбегендиги аныкталган. Ошондой эле, чет өлкө банк-корреспонденттерден алынган жооптор (АУБдун маалыматтары боюнча алардан банктын кардарларына 10 млрд. сомдон көбүрөөк каражаттар кеткен деп белгиленген) убактылуу жетекчилик үчүн банк кор эсептериндеги калдыктардын билдирилгендерге дал келбешинен улам, бир кыйла кыйынчылыктарды туудурган. Ошентип АУБ, өз отчетторунда чет өлкө кор эсептеринде жана кардарларынын эсептешүү эсептеринде 374 миллион доллардан көбүрөөк каражаттын бар экендигин чагылдырып, активдерин жана милдеттенмелерин жалган түрдө жогорулатууга барган. Мындай аракеттин өзү система түзүүчү банктын аброюна доо кетирген, дүйнө жүзү боюнча мыйзамга каршы аракет катары таанылат.

Ушундай эле көркөмдөп чагылдыруу аракетин АУБдун жетекчилери баалуу кагаздар менен ишке ашырылган операцияларда да таасирдүү колдонушкан. Баланста баалуу кагаздардын саны, аз же көп эмес, туп-туура 2,5 млрд. сом чегинде катталган. АУБ "Ак-Тилек Инвестменттен" векселдерди сатып алган болуп, милдеттенмелерди катар көбөйтүү менен алардын наркын активдерине жазып алган (кардары "Ак-Тилек Инвестменттин" эсебинен). Кийинки жүргүзүлгөн териштирүү иштери жана эмитенттерден тактап билүүлөр, бул кагаздардын дегеле банкка тиешеси жок экендигин, векселдердин орду (айталык, "Газпромбанктын") 2007-жылы эле жабылгандыгын айкын тастыктаган. Демек АУБ 2009-жылы жүгүртүүдөн алынган баалуу кагаздарды сатып ала алмак эмес. Бул жерде да, жалган активдерди жазып алууга жол берилген. Мыйзамсыз ишке ашырылган операциялар боюнча мына ушундан ачыкка чыккан фактыларды жана баалуу кагаздардын дегеле жоктугун эске алуу менен убактылуу жетекчилик орун алган жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга 100% кам (резерв) түзүүгө мажбур болгон.

Күрөөсүз, "куру сөз" алдында берилген кредиттер

Векселдер менен алдамчылыкка баруудан жана жалган төлөмдөрдөн тышкары АУБ, күрөөлүк камсыздоосуз же чет өлкөдө жүгүртүүдө турган товарлардын күрөөсү астында резидент эмес кардарларга ири өлчөмдөгү кредиттерди берген. Мындан тышкары, анын активдеринде Россия банктарынын векселдерин сатып алууга компанияларга берилген кредиттер да катталган. Мында, баалуу кагаздарды сатуучулар жана сатып алуучулар да АУБдун кардарларынан болушкан, б.а. эсептешүүлөр банк ичинде ишке ашырылып, ал эми баалуу кагаздар Кыргызстанга дегеле түшкөн эмес. Ушундай схемада түзүлгөн кредит портфелин сапаттуу деп айтууга болобу? Банкирлер ишти өтө сактык менен жүргүзүшөөрүн, кредит алуу канчалык татаал процесс экендигин, кайсыл учурда кандай күрөө талап кылынаарын ишкерлер жеке тажрыйбасынан жакшы билишет. Ошондой болсо да, Улуттук банкты сындагандар белгилешкен "система түзүүчү банк", чет өлкөлүктөргө куру сөз алдында миллиондогон кредиттерди эч кандай талаптарсыз эле, байма-бай берип келген. Мунун кесепетинен убактылуу жетекчилик ушундай кредиттерди (119 млн. сом), гарантияларды (220 млн. сом), баалуу кагаздарды сатып алууга алдын ала төлөөлөрдү (940 млн. сом) жана жок кылынган негизги каражаттарды (банкоматтарды) жана акчалай активдерди (талап-тоноого дуушар болгон банкоматтардагы нак акчаны - 14,4 млн. сом) эсептен алып салууга шайкеш РППУ түзүүгө мажбур болгон.

Илларион Адамян белгилегендей, айрым кардарлар кредиттер боюнча өз ара чегеришүүлөрдү жүргүзүүгө ниетин билдиришкен болсо да, текшерүүлөр көрсөткөндөй, ошол эсептердеги каражаттар да буга чейин көрсөтүлгөндөй эле, "жалган" активдерден болгон. Кредиттердин орду албетте, "куру сөз" менен жабылбайт да, бул банктын реалдуу финансылык абалын бурмалоого алып келмек. Жалпысынан алганда, Улуттук банктын белгилөөлөрү боюнча АУБда орун алган жагдай үчүн анын мурдагы жетекчилиги, атап айтканда Михаил Надель күнөөлүү. Ал көп жылдар бою банкты "кир жуугуч" машина катары колдонуп, жалган активдерди чындыкка айландырып, бурмалап көрсөтүп келген. Ушундай мыйзамсыз жол менен иш алып барган банкты сактап кала алган жок деп, иштин чоо-жайын билбей туруп Улуттук банкты күнөөлөп жаткандарга эмнени айтууга болот…

Айтылгандар орундуубу?…

Улуттук банкка карата бүгүнкү күндө калктын банк тутумуна болгон ишенимине доо кетирген катары да сын айтылып жатат. Бирок, айкын фактылар иш жагдайын башкача тастыктоодо: 2011-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасынын банк тутумунун депозиттик базасы 35,75 млрд. сомду түзгөн. Анын ичинен жеке адамдардын депозиттери 13,2 млрд. сом чегинде катталган. 2010-жыл ичинде өсүш 26% түзгөн болсо, 2011-жылдын баш жагынан бери 8,8% чегинде. Башкача айтканда, калктын депозиттеринин массалык агылып чыгуусуна өткөн жылдай сыяктуу эле, бул жылы да жол берилбегендигин бул сандар далилдеп тургандай. Ушунун өзү убактылуу жетекчилик тарабынан өз учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасы болуп саналат.

Жеке адамдарын депозиттеринин динамикасы

Ошентип, басма сөз беттеринде Улуттук банктын дарегине айтылып жаткан сын-пикирлердин көпчүлүк бөлүгүн, АУБдун жана Акылинвестбанктын ишине тиешелүү күнө коюулар дегеле негизсиз деп айтууга болот. Албетте, Бакиевдин бийлиги өкүм сүрүп турган учурда көптөгөн артыкчылыктарга ээ болгон, бирок бир эле учурда бардыгынан ажырап калган мурдагы банк ээлеринин, кантип өч алаарын билбей, аралыктан туруп кыжырдануусун да түшүнүүгө болот. Алар жөн гана өз ишин аткарып жаткан Улуттук банкка эмес, мурдагы режимди кулатууга эрки жеткен кыргыз элине кайрылышса болмок.

Инна Германова