Тасма тагдыр

Назым Мендибаиров, актер, режиссер:
"Мындай ыкма өбүшкөндөн дагы эффективдүү"
Көптөгөн оң жана терс образдарды жаратып элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан актер, режиссер Назым МЕНДИБАИРОВ менен баарлаштык.

- Үй-бүлөңүз тууралуу билсек?
- Келинчегим Бактыгүл Майжанова экөөбүз чогуу окуганбыз, курсташым болот. Кыргыз- Драм театрында актриса болуп иштеген, төрөгөндөн кийин балдарга баш көз болуп бул кесибин таштоого туура келди. Азыр психолог болуп иштейт. Бир кыз, эки уулум бар. Үчөөтең №5 Улуттук компьютердик гимназияда билим алышат.
- Кандай атасыз?
- Мээримдүү, камкор атамын. Азыркы шартка байланыштуу көбүрөөк убакытым иш менен өтүп балдарыма көңүл бөлүнбөй калат.
- Чыгармачылык жолдун башталышы?
- 1992-жылы "Жайсаң" театрын уюштуруп, 1994-жылдан баштап Кыргыз Драм театрында актер болуп эмгектенгем. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун актер жана режиссер факультетин бүткөм. Киного 2005-жылдан бери аралашып баштадым. Учурда Т. Абдумомунов атындыгы Кыргыздрамда, "Дем" театрында жана искусство институтунда режиссерлук, актердук чеберчиликтен сабак берип эмгектенем.
- Терс жана оң образдар?
- Театрда Жалил Садыковдун "Азезил " деген спектаклинде шайтандын баласынын образын ойноп, "Эркектердин эң мыкты ролу"- деген сыйлык алгам. Актер катары театр чөйрөсүнө ошол роль таанытса, кино жаатында жалпы журтчулук кара жолтойдун образы аркылуу таанышат. Кино да, театр да эмоционалдуу жаралат. Көрүүчү образ оң болсо -оң, терс болсо -терс кабыл алат. Деги эле аткарган кинолордо оң мүнөздөгү образдар көп эле, бирок, Азаттын образы көрөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапканына ишенем.
- 24 саат сериалында курч эпизоддор бар. Мисалы, Азат каза болуп өлүк канадан тирилип, оозгу бөлмөсүнөн кызды бычак менен сайган жылаңач жери бар го, ошону чын эле өзүңүз аткаргансызбы же дубляж болгонбу?
- Бул эң акыркы сьемка эле, ага чейин даярданып жылаңайлак басып жүрөө берип, температура болуп, ооруп калыптырмын. Жанагы жылаңачтанган жерин режиссер Мурат Мамбетов башынан айтканда балким макул болбой коёт белем, билбейм. Бирок, жумуштун 95% аткарылып, 5% калгандан кийин макул болбой койгонго мүмкүн эмес эле. Экинчиден, бул менин кесибим. Эми ал жерден жылыңач эмес, кийимчен чыгып калганда көрүүчүлөр үчүн түшүнүксүз болуп калмак.
- Жакында көрармандарга тартууланган "Жубайлар" фильмин коомчулук кандай кабыл алды?
- Журналисттер тарабынан "Эмне үчүн глобалдуу көйгөйлөрдү козгогон жоксуңар, бир үйдүн ичинде эле сүйүү, кызганыч жөнүндө болуп калды?" деген суроолор берилип жатат. Менин оюмча бүгүнкү социалдык проблемалардын түпкүлүгүндө негизи көйгөйлүү тема деп "сүйүү" жаатын алсак болот. Бул түбөлүктүү тема. Сүйүү жөнүндө атам замандан бери жазып, тартып келе жатышат. Турмуш өзү аял менен эркектин мамилесинен куралат дүйнө, жашоо уланат. Сүйүүң бекем болсо үй бүлөө бекем, ал эми бир үй бүлө бир мамлекет. Кайсы тема болбосун чыккынчылык, мейли согуш болобу, аял менен эркек мамилеси аркылуу көйгөйлөрдү көрөбүз. Экинчиден, улам-улам социалдык көйгөйлү көрүнүш, ыйлап сыктаган жашоону эске сала бергенде эмне. Же аларды чечүүгө конкреттүү сунуш көрсөтпөгөндөн кийин, калп эле элдин көңүлүн бузгандан башка эч нерсе таппайсың . Биз ошондуктан жеңилирээк, тарбиялык сабак боло турган, көргөн адам кичине болсо да бир нерсе алууга жардам берген кино болсун деген ой болгон. Элибиз былтыркы окуядан кийин чарчады. "Жубайлар" фильминде кызганыч кыймылдаткыч күч катары берилген. Сүйүү бар жерде кызганыч болот. Жашоо сүйүү менен уланат.
- Бүткөн ишке сынчы көп демекчи. Жыл өткөн сайын начар фильмдер көбөйүп жатат. Эмне үчүн профессионал актер, актрисаларды көбүүрөк тартпайсыңар? Буга эмне жетпей жатат?
- Профессионал артистерди тартканга баары эле жетиштүү. Бирок, анын дагы бир жагы бар, биринчиден, биз азыркы замандын талабына ылайыктуу кылып тартышыбыз керек. Кандай болгон күндө дагы Н.Жетигенова, А.Турдалиева, А.Калыкова үчөө тең шоу бизнестин өкүлдөрү. Алардын өзүнүн көрөрмандары бар. Аларга кинодо кандай ойногону көпчүлүккө кызык. Кээ бир адамдар айткан арзан жана кымбат актерлор деген сөзгө кошулбайм. Бүт баары кымбат адамдар. Көңүлүмө төп келген, иштешкенге жеңил, жумушуна жоопкерчилик менен караган таланттуу адамдарды тандайм. Ошол эле А.Сулайманов, А.Тургунбаева белгилүү актер, актрисалар анан дагы эстрада ырчылары деле искусствонун адамдары. Быйылкы жылы кыска метраждуу спецификалуу автордук фильм тарттык. Анда жалаң профессионал актер, актрисалар керек болгон образдарга атайын билими бар артисттер тартылды. Негизи мурун деле ырчылар менен иштегем. "Кайып булак", "Достор " кинолоруна, кино жаатына олутту мамиле кылган, өз ишине так, образ жөнүндө терең ойлонгон кыз-жигиттер тартылган.
- Ролдордон баш тарткан убагыңыз болду беле?
- Ооба, жакында эле ушундай окуя болду. Режиссер Аймира
Үрүстөмованын "Колибри" фильминен кээ бир көйгөйлөргө жана ден-соолукка байланыштуу баш тарттым. Анда жаш кыз менен өбүшө турган жерлери бар экен. Ал жерин деле режиссер менен сүйлөшүп, "Биз башкача кылып аткаралы, бул өбүшкөндөн да жакшы эффект берет" деп көндүрүп койгон элем.
- Көчөгө шорта кийип чыгасызбы?
- Сырткы келбетиме көп маани бербейм . Ыңгайына жараша кийинем. Кымбат магазиндерге деле барбайм. Эл кайсыл жерден соода кылса, мен да ошол жерден алам. Бир айырмачылыгы, өзүм барбайм келинчегим алып келип берет.
- Актерлук кесип менен үй-бүлө бакканга болобу?
- 1994-1999-жылга чейинки аралык эң бир кыйынчылык жылдар болгон. Анда КыргызДрам театрында жаш актер элем. Ошол убакта биздин көп таланттуу курсташтарыбыз финансы маселесинин айынан жумушту таштап кетип калышты. Үй бүлөм, эки балам бар эле. Жашаш кыйын болчу. Азыр эстесем ошол кырдаалдан кантип чыкканымды кээде түшүнбөй таң калам. Кудайга тобо келтирем. Бизге үмүт, эрк берип оор жылдардан алып чыкканына. Ошол убакта ичип, жинди болуп кетпей же ишимди таштап койбогонума сүйүнөм.Чынымды айтсам хроникалдуу түрдө акча жетчи эмес. Ошондо кесиптештер болуп чогулуп алып, "актердук кесип менен көп акча тапканга аракеттенели" деп тилечүбүз. Тилегибиз аткарылды деп ойлойм. Бүгүнкү күндө акчаны жакшы табабыз, кудайга шүгүр, жетет.