Айт дува

"Шердеги" шер жоокерлер
28-май "Шер" атайын багыттагы отряддын түзүлгөнүнө он жыл болсо, куралдуу күчтөрдүн түзүлгөнүнө он тогуз жыл толду. Кош майрамды аскер кызматкерлери жогорку деңгээлде өткөрүштү десек боло тургандай. Алгач майрамдык кече баатырлар аллеясындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана Ички аскерлердин баатырларынын айкелдерине гүл коюп, бир мүнөт унчукпай эскерүү менен башталды. Андан соң кече кичи залда уланып, "Шер" отряды тууралуу кыскача фильм көргөзүлүп, куттуктоолор айтылып, эстрада жылдыздарынын чакан концерти менен аяктады. Ошондой эле отряддын мыкты жоокерлерине ардак граммоталар берилди. Акырында "Шердин" атына заты жаршкан шер жоокерлери бир катар ыкмаларын көргөзүп, мыкты даярдыкта экенин тастыктай алышты.


Тарыхынан
"Шер" атайын багыттагы отряды 2001-жылы Ош шаарынын 703 аскер бөлүгүнүн базасында, кийинчерек Бишкек шарынын 702 аскер бөлүгүнүн базасында түзүлгөн. Отряддын катарын атайын даярдыктан өткөн аскерлер түзөт. Он жылдан бери "Шер" атайын багыттагы отрядынын жоокерлери Республикада өткөн ар бир операцияга жигердүү катышып келет. 2010-жылдагы Түштүктөгү коогалаңдуу окуяда биринчилерден болуп Ички аскерлерден "Шердин" отряды аттанган. Алдына ажал келип турса дагы кан төгүлбөшүнө бөгөт коюп, милдеттерин так аткарышкан. "Шердин" профессионалдуулугу жогору бааланып бир катар жоокерлерге сыйлык берилген.


Совет Арабаев, ИИМдин ички аскерлеринин кол башчысы, полковник: "Отрядка өтүү үчүн сыноодон өтүү кыйын"
- Бүгүнкү майрам кош майрам десек да болот. Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 19 жылдыгын белгилеп жаткан учурда дагы бир майрам, ички аскерлердин атайын багыттагы отряддарынын күнү деп эсептейбиз. Он жыл мурда ушул күнү биринчи отрядыбыз "Шер" атындагы топ болуп, ал кездеги ички аскерлердин командачысы генерал Бакаевдин буйругу менен түзүлгөн. Ошол убактан баштап бул отряд кеңейип, бир нече отряд болуп кетти. Ар бир аскер бөлүгүбүздө, Баткенде, Жалал-Абадда, Ошто, Бишкекте эки отрядыбыз бар. Былтыртан тарта дагы 3 отряд түзүлдү. Былтыркы окуяларда ички аскерлердин саны аз болуп көпчүлүк жерге жетишпей калдык. Бирок, ошол окуялардан бир сабак болдубу, куралдуу күчтөр, өзгөчө биздин ички аскерлер кесипкөйлүк контракт боюнча аскер кызматын бара-бара өтөө керектиги бизге айкын болуп турат. Анткени, бир жылдык мөөнөткө жоокерлер келгенде биз аларды үйрөтүп, профессионал кыла албай калат экенбиз. Ошондуктан биз азыр ага байланыштуу иш-чараларды көрүп жатабыз. Ал эми "Шер" элдин бейкут жашоосу үчүн өз милдеттерин так аткарып жатышат десем болот.
Атайын багыттагы отряддын ичинде солдаттар жок. Бардыгы тең офицерлер, пропарщиктер, мөөнөтү бүткөндөн кийин калган аскерлер. Жаңы токтомдун негизинде аскер кызматкерлери, пропорщиктер контракттык негизде иш алып барууга жобо бектилди. Азыр ошол кызматты аткарып жатабыз. Эгерде каалагандар болсо контракт түзүп, контракттык негизде кызмат кылат.
- Отряддын катарына кирүү оңой болбосо керек…
- Бул отрядга жөн эле балдарды ала бербейбиз. Рапорт жазгандан кийин сыноодон өтүшөт. Бир гана ден-соолук жагынан эмес, аскердик шыгы барбы, айрыкча психологиялык жактан туруштук бере алабы, абдан оор шартка туура келип калса ал жерде туруктуулукту көргөзө алган аскер кызматкерлери болуш керек. Бул отрядка өтүү үчүн сыноодон өтүү кыйынга турат.
- Тамак аш жагы кандай?
- Буларга бир гана курал жарак жагы өзгөчө болбостон, тамак жагы да өзгөчө болушу абзел. Бирок, ал жагын чече элекпиз. Азырынча бардык аскерлер сыяктуу бир нормада ичишет.
Руслан Давлеталиев, "Шер" отрядынын командири, майор: "Шердин катарына киребиз дегендер көп"
- Атайын багыттагы отряд үчүн баардык шарт түзүлгөн. Чындыгында 2005-жылкы революциядан бери эле биздин отряд өзүн көргөзүп келе жатат. "Шердин" катарына киребиз дегендер көп. Айрыкча бир жылдык аскер мөөнөтүн өтөп келгендер биздин жоокерлердин даярдыктарын көрүп, иштеп калсам деп дегдешет. Бирок, каалоочулардын баардыгын ала бербейбиз. Арасынан Талаптарга жооп берген аскерлерди тандап, өзүбүздүн курамды топтой беребиз.
Мээрим Айталиева