Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
комадагы кыз
Оо, бул окуя менин эсимден эч качан чыкпайт болуш керек. Саат кечки 8-9 болуп калган кезде аялы менен күйөөсү ыйлап келишти. Он жаштагы кызы ооруканада үч күндөн бери комада экен. Врачтар "Колубуздан келгендин барын жасадык, биздин колдон өмүрүн сактап калыш келбей жатат. Башка аракетиңер болсо жасап көргүлө, арманыңар ичиңерде калбасын" деп айтыптыр. Мен бирөөнү сеанска алаарда Жогорку күчтөрдөн улуксат сурап, алар макулдугун берсе гана кабыл алам. Себеби, мен эмес, мен аркылуу Жогорку күчтөр (Энергосущносттор) иштешет. Жогорку күчтөрдөн "Айыгат" деген информацияны алгандан кийин, ооруканага жөнөдүк. Реанимациянын башкы врачы дароо эле менин кызды көрүшүмө макулдугун берди. Чындыгында кирип барып, кыздын абалын көргөндө коркуп кеттим. Оозунда түтүкчөлөр, мойнунда катетр, колунда капельница, денеси от менен жалын болуп, мууздалган кой жаны чыгып баратканда коркурагандай дабыш чыгып, кирпиктери төгүлгөн, татынакай, он жаштагы кыз суналып жатыптыр.
Алдастап, кандай айла кылаарымды билбей, бир азга абдаарый түштүм. Коркконуман качып чыгып кетким келди, бирок, эшиктин алдында көздөрүнүн жашы он талаа болуп төгүлгөн кыздын ата-энеси мени акыркы үмүт менен жалооруй карап тургандарын көргөндө, өзүмдү колго алууга туура келди. Анын үстүнө "коркпо, айыгат" деген сөз кулагыма жаңыра берди. Мен Жогорку күчтөргө терең ишенгендиктен, сабырдуулук менен ишимди баштадым. Реанимациядагы дежурный врачтар улам-улам келип, алар да карап турушту. Эки сааттан ашык иштегенден кийин кыздын көздөрү ачылып, бирок, каректери айланып, алактап, эч нерсе көрбөй, сезбей турганы билинип турду. Кыска мөөнөткө көзүн ачканын көргөн врачтар, медсестралар, кудайга жалынып жиберишти. Кыздын көзү кайра жумулуп, эми кыркырак жоголуп, тынч уктагандай абалга келип калганда үйгө кеттим. Эртеси эртең менен келип, жарым саат иштегенден кийин кыздын оозундагы түтүкчө аркылуу кара күрөң суюктук чыга баштады. Бир аздан кийин кыз көзүн ачып, мени көпкө чейин "Ким эле" деп эстей албай жаткандай тиктеп калды. Кыздын бул көз карашы, акыл эси ордуна келгенин билдирип турду. Реанимациянын башкы врачы "Это чудо" деп кайра-кайра кайталап, сүйүнгөнүн жашыра албай, баары кыздын жанына чогулуп, үймөлөктөп, өз иштерине киришти. Оозундагы трубкаларды алгандан кийин кыздын "Пить хочу" деген үнүн укканда барыбыз Кудайга жалынып жибердик. Мен Жогорку космостук күчтөргө миң мертебе ыраазычылыгымды билдирип, жерде баспай эле, канат бүтүп, учуп бараткандай болдум.
Эртеси эртең менен ооруканага дагы бардым. Кыздын комадан чыкканын угуп, Сургут шаарынын башкы врачтары келиптир. Бирок, мага палатага киргенге улуксат берген жок (кыз эсине келгенден кийин палатага которушкан). Реанимациянын башкы врачы менден кайра-кайра кечирим сурап, "медиктер айыктыра албай, элдик дарыгер айыктырыптыр" деген сөзгө калабыз" деп башкы врач урушуп, сизди киргизбегиле деп жатат деп түшүндүрдү. Мен андай атак үчүн эмес, кыздын өмүрү үчүн иштегенимди айтып, коштошуп кетип калдым.
Эки жумадан ашык кыз ооруканада ар кандай текшерүүдөн өткүчө жатты. Кыздын ата-энесинин бактысын сөз менен жеткирүүгө болбойт эле. Алар мени менен байланышып, кызынын ал-ахвалын айтып турушту. Барынан кызыгы, мурда уяң, жоош кыз болсо, математика жагынан шыгы ачылып, ачык, шайыр кыз болуп калганын айтып, ата-энеси таң калып жүрүштү.
Бул окуя кичинекей шаардын жашоочуларына чагылгандай тез тарады окшойт. Элдер мурункудан да көп келе баштады. А менин жан дүйнөмдө ар бир айыккан, ыраазы болгон адамдардын алкышынан кийин ишенич ого бетер бекемделип, күчүмө күч кошулуп жатканын сезип жаттым. Шаардагы врачтар кээ бир оорулууларды мага өздөрү жиберип жатканы мени ого бетер шыктандырып, бул ишти улантып иштешим үчүн мындан ары билимимди тереңдетип, энергиянын сырын үйрөтүүчү окууну окушума түрткү болду. Оо, жараткан! Жогорку космостук күчтөр! Бул жетишкендиктердин баары силердин гана жардамыңар менен. Силер болбосоңор мен деле көп адамдардын биримин. Пендечилик кылып, силердин эмгегиңерди өзүмө ыйгарып алган болсом, тизе бүгүп, башымды ийип, кечирим сурайм. Мен силердин колдооңорго ээ болгон тагдырыма ыраазымын. Силердин мен үчүн күнү- түнү даяр болуп, мага берген жардамыңарга чексиз ыраазымын. Элдин мага берген батасы, ыраазычылыктарынын баары силер үчүн. Мен силердин мага ыраазы болушуңарды каалайм жана мени жамандыктан коргоп, жакшылыкта колдоп турушуңарды суранам. Бул окуя көз алдыман кино тасмадай чууруп өттү. Колумдагы ыраазычылык баракчадагы кыздын ата-энеси жазган барактагы дареке телефон чалып көрдүм, ал үйдө ошол мезгилде кыздын туугандары жашап жатышкан экен. Кыз ата- энеси менен башка шаарга көчүп кетишкенин, ден соолугу жакшы, татынакай сулуу кыз болгонун айтып, эстеп телефон чалып сураганыма ыраазы болушуп, менин атымды угары менен кайрадан ошол кезди эстешип, ыраазычылыктарын билдиришти.
Дагы бир нече баракчаларды окуп чыгып, ар кандай тагдырлар, ар кандай адамдар көз алдыман чууруп өттү.
Менин жан дүйнөмдү жылуулук аралап, мага элге жардам бере ала турган күч-кубат берген жаратканга миң ирээт ыраазычылык билдирдим. Жер жүзүндөгү адамзаттын барына жараткан жардамын аябай, нурун төгүп, колдоп турушун кааладым.




  Бабалар адеби

Жамандык кылып, жакшылык күтпө
Улукман адам бир байга кул болуп кызмат кылган эле. Бир күнү бай ага жерге буудай сепкин деп буюрду. Улукман адам буудай ордуна арпа септи.
Муну көргөн бай казаптанып:
- Мен сага буудай деген элем, эмне арпа септиң? - деди;
- Арпа сепсем буудай өнбөйбү?
Бай каарданып:
- Эсиң барбы, эч качан арпадан буудай өнгөн эмес? - деди эле, анда улукман адам:
- Андай болсо, эмнеге сиз калайыкка зулумдук менен жабыр тарттырасыз дагы, алардан жакшылык үмүт кыласыз. Арпадан буудай өнбөгөн сыяктуу, калкка азар берип, анан дагы жакшылык үмүт кылбаңыз, - деп жооп берди.
Жол
Тикен сыяктуу нерселерди көрсө, аларды четирээкке алып таштаса сооп табат, башка жолоочуларга пайдасы тийет. Жолго түкүрүү, чимкирүү, ыпылас нерселерди ыргытуу тарбиясыздык. Жолдо карыган чал, алсыз адам же жаш бала учурап калса, аларга жардам колун суну парз. Алардын жүктөрү болсо, аны колунан ала коюп жардам берген адам аз өмүрүндө эң мээримдүү иш жасаган болот.
Көчөнүн бир четинде дем алып отурган адам тарбия адеп эрежелерине моюн сунуп урмат кылсын. Жолдон өтүп бара жаткан катын-кыздарга тийиштик кылуу адепсиздик. Дем алуу үчүн жанына бирди-жарым адам келип отурса, адептүүлүк каадасын сактап ширин-шербет сөздөр менен сүйлөшүп отурсун, ушак-айыңды оозуна албасын. Бирди-жарым адам тайып жыгылып кеткенин көрсө тезинен ордунан туруп барып ага жардам берсин.
Тыянак
Ийгиликтин эң жеңиштүүсү билим деп аталат; аны сенден бирөө тартып ала албайт, ага баа да жетпейт, ал эч качан какшыбайт.
Аттын, куралдын, илимдин, сыбызгынын, сөздүн, аял менен эркектин жакшы же жаман болмогу - аларга кандай кароого байланыштуу.
Улан Аттокуров