Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тах-ти-тах-тах

Айзада, Асель Абдыбековалар:
"Курсак бийин бийлесек да ачык кийинбейбиз"
"Назик" бийчилер тобунда эгиздер деп таанылган эже- сиңди Айзада менен Аселди сыр бөлүшүүгө чакырдык. Эмесе топтун тал чыбыктай буралган, ажарлуу кыздарына кеп кезегин берели.

- Эже-сиңди бири-бирин жакшы билет да, тааныштырбайсыңарбы?
Айзада:
- Аселя 1991-жылкы, Юридикалык Академиянын 2-курсунда судьебный прокуратурада окуйт. Буюрса кызыл диплом менен аяктайм деп тырышып жаткан чагы. Бардык жакка жетишип катышканга аракет кылат.
Жетишкендиктери деп,
Даниэлдин "Айдагы сулуу", "Кыялымдан кетпес" клибине тартылган. Жакында эле Фархат байкенин клибине тартылды.
Жаман жагы деп,
Уялчаактыгын айтсам ал да жарашпай калат го. Уйкучу. Уйкуну жакшы көрөт. Башка жаман жагы жок.
Асель:
- Эжем Айзада 1989-жылкы, эжем менин жөлөк таягым. Учурда БГУнун 4-курсунда кытай тили факультетинде билим алат. Буюрса окууну аяктаса Кытайга барам деп жүрөт. Үйгө келгенде да китеп колунан түшпөйт. Үйдө үй жумуштарын бүт эжем жасайт.
Жетишкендиги деп,
Даниэлдин клибине тартылганын, "Байланыш" кино тасмасында башкы ролдордун бирин ойногонун айтам. Менимче образын ачып бере алды деп ойлойм. Азыр Добрдын клибине тартылган.


- Канча бир туугансыңар?
- Үч кыз бир уулбуз. Кичүү сиңдибиз 2-класс. Инибиз Алинур азыр 3 жашта баарыбыз жакшы көрөбүз, абдан эрке.
- Бийге кандайча келип калгансыңар?
Айзада:
- Асель экөөбүз бала кезибизден эле бийге катышып жүрөбүз. Апабыз бийге чогуу берген, ал убакта мен 1-класс, Аселя 6 жашта болчу. Ал эми "Назик" бий тобуна 9-класстта кастинг аркылуу барып калдык. Назик эженин арты менен ийгиликтерге жетишип жүрөбүз.
- Жеке жашоого убактыңар болбойбу?
- Ал жакка чындыгында убакыт жок. Баардыгы айтып таң калышат кантип жигитиңер жок дешип. Жок десек эч ким ишенбейт. Бир күн биз менен болуп көрүңүзчү деп бардыгына айтып күлүп калабыз.
- Кытайча эркин сүйлөп калдыңбы? Канча иероглиф билесиң?
Айзада:
- Ооба буюрса сүйлөп калдым. Кытайда алты миң иероглиф, дипломатиялык жагынан алганда 4 миң иероглиф. Мен анын ичинен 2,5 миңин билем.
- Келечекте кандай болот, бийди таштайсыңбы?
- Кытайга барсам деген тилегим бар. Ал эми бийди таштоо тууралуу азырынча оюмда жок.
- Бий силер үчүн эмне?
- Хобби десек болот го.
- Клубдарда, кечелерде бийди чачсаңар керек?
- Клубдарга барганга Назик эже уруксат бербейт. Өзүбүз деле бийден чарчап чыгып эле үйгө барып калабыз. Бир жактарга барып калганда деле бири-бирибизди карап отуруп калат экенбиз.
- Кандай комплименттерди көп угасыңар?
Асель:
- Айзада эжеме көп айтышат. Жактырып калдым, сулуу экенсиң дешет. Телефон чалгандар да көп.
- Университетте кандай мамиле жасашат?
Айзада:
- Бардыгы сиз деп кайрылышат. Өзүм менен тең кыздар "привет" дешпей "саламатсызбы" дешет. Өзүмдү башкача сезип, улуу көрүнөмбү деген ой кетет.
- Көз салган жигиттердин арасында бийик даражалуу адамдар барбы?
- Андайлар боло элек. Болбой эле койсун.
- Атаңар кандай карайт?
- Канчада келесиңер, кайда барасыңар деп бардыгын көзөмөлдөп турат. Эгерде бир аз кечиксек бизге чалат, ишенбей бара жатса Назик эжеге чалат. Назик эже үйгө чейин жетелеп барат. Кайсыл жакка барбайлы Назик эже баарыбызды бирден үйүбүзгө чейин жеткирип барат. Мындайча айтканда экинчи энебиз болуп калды десек болот.
- Аял затына тийешелүү кайсы жумуштун майын чыгарасыңар, кайсынысын жасай албайсыңар?
Айзада:
- Мен тазалыкты сүйөм. Бир аз чаң, кир болуп калса жаман болуп, кырып тазалай берем. Ашканада ашты жакшы басам. Мантыны жалгыз жасай албайм. Мен үчүн оор сезиле берет.
Асель:
- Айзада эжем ашканада мыкты, мен эжеме ишенип эле ашканага көп жолобойм. Салаттарды мыкты жасайм.
- Бийде кайсы стилге жакынсыңар?
- Атайын бөлүп деле карабайбыз.
- Асель тасмага тартылганда америкалык жигитти сүйүп турмушка чыгат. Чыныгы жашооңдо ошондой болуп сүйүп калсаң кантесиң?
- Сүйүүгө жолуга элекмин. Андыктан көз алдыма элестете албайм. Эжем да катуу кармайт.
Айзада:
- Али жаш, балдар менен сүйлөшкөнүнө каршымын. Балдар чалып калса да чалбасын деп урушуп турам. Айрымдар "эжең строгая" экен деп калышат.
- Формаңарды ким тигет?
- Атайын цехте тигүүчү эжелерибиз тигет. Ал эми эскизин бардыгыбыз чогуу отуруп кеңешип чийебиз.
- Кийилбей калган формаларыңарды эмне кыласыңар?
- Андай кийимдер бар. Аларды бизден кийинки өсүп келе жаткан кыздар кийишет.
- Тойлорго чакырышабы?
- Албетте чакырышат. Ал жагын Назик эже карайт.
- Бийде ачык кийимдерди кийесиңерби?
- Жок, курсак бийин бийлесек да ачык кийинбейбиз. Бийлеген учурда бизге деле ыңгайлуу болгон жакшы да, бүт жагың ачык турса дизкомфорт боло берет. Форманын сүрөтүн чийип жатканда Назик эже бул жагын жаап коелу деп турат.
- Топтогу кыздар арасында пикир келишпестиктер болобу?
- Топто 600 кыз. Бардыгы тарбиялуу, ыймандуу. Анткени, Назик эже ар бирибизге "бири-бириңерге бир туугансыңар, эже сиңдидей мамиле кылгыла" деп турат.
- Ачык кийинип тасмага же клипке тартыл десе баш тартат экенсиңер да?
- Андай сунуштар деле болгон. Бирок, жакпаган сценарийлерден баш тартып эле келе жатабыз.
- Саясатка аралашпаган адам калбады көрүнөт. Силер да кызыгып, балаган саясатчыңар барбы?
Асель:
- Ата Мекен фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин ишмердүүлүгү, тактикасы, амбициясы жакшыдай сезилет. Кыргызстанды алга сүрөп кете алат деп ишенем. Эми жаштарга деле орун берилиш керек деп ойлойм.
Айзада:
- Саясатка такыр кызыкпайм. Тигил жагат бул жагат деген менен акырында келип кемчилиги көрүнүп калат.
- Жүрөгүңөрдү багынта турган мырза кандай болушу керек?
- Жөнөкөй, эмгекчил, акылдуу болсо дейбиз.
- Боло турган концерттен кандай өзгөчөлүк күтсөк болот?
- Концертке даярдык катуу болуп жатат. Концертке 4 жаштан 50 жашка чейинки айымдар катышышат. Концертте өзү үчүн катышып жүргөн айымдарды сахнага алып чыккан жатат. Мирбек Атабековдун "Кара көз" деген ырына бийлеген жатышат. Карап турсаң чоң эле айымдар, бир караганда жүрөгүң эзилет. Ырчылар менен бирге конкурс түрүндө бий болот. Андан башка дагы бир топ өзгөчөлүктөр бар. Аны окурмандар концертке барганда көрүшсүн.
Мээрим Айталиева








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??