Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова

Сандан-санга
Өзүмдү тапкан жол
Леантор, "өлүк суу", комадагы кыз
Өлүк суу

Иш кагаздарды ирээтке келтирип жатып, Леантор шаарында иштеп жүргөндө мага сеанска келген адамдардын тарыхы, ыраазычылыктары жазылган атайын баракчалар колума урунду.

Адамдын эсинен чыгып, унутулуп калгансыган, бирок акыл-эстин түпкүрүндө сакталып, адамга кандайдыр бир терс же оң таасири менен адамдын тагдырына пайда, зыянын тийгизе турган ар кандай информациялар сеанс убагында сыртка чыга баштайт. Бланкаларда жазылган адамдардын аттарын окуур замат кудум сеанс убагындагыдай абалга келдим. Заматта мындан бир нече жылдар мурунку окуялар көз алдыга кинотасмадай тартылды. Леантор шаары Ханты-Мансийск округуна караган, кичинекей нефт чыккан шаар. Биринчи жолу бул шаарга күз айларында бардым. Календарда күз болгону менен сууктун 35-40 градус болуп турган убактысы экен. Бул шаарга Алтымыштын бир тууган карындашы Алтынкыздын чакыруусу менен баргам.

Иш аябай жакшы башталды, эртеден кечке кезек күткөн эл үзүлбөй ,кээде чай ичкенге убактым жок болуп калчу. Биз ал убакта Алматы шаарында жашачубуз. Алтымыш башка карындаштары менен Алматыда калган. Күндө "качан келесиң" деп телефон чалып, күтө бергендиктен 20 күнгө жетпей кайра Алматыга кетүүгө туура келди. Бирок, мен кеткенден кийин да элдер мени издеп келе бергендиктен, Леанторго кайра барыш керек болду. Алтымыш "мен да барам" деп болбой туруп алгандыктан макул болууга аргасыз элем. Анын үстүнө ал оорулуу болгондуктан, баары бир узакка таштап кеталмак эмесмин. Экинчи келишимде эл мурункудан да көп келе баштады. Себеби, мурунку келгендеги ишим элге жакшы натыйжасын бергендиктен, ден соолугу, иштери оңолгон адамдар, мен жөнүндө биринен-бири угуп, келе баштаган эле. Бир күнү өңү купкуу, алсыз, арык чырай, араң жан киши менин кабылдоомо кирип келип эле "мен тирүү өлүкмүн" деди. Сүйлөөгө да алы келбей тили булдуруктаган, көздөрүнүн нуру өчкөн, теңселип жыгыла жаздаган бул адамды көргөндө ичкиликке берилген адам го деп ойлогом. Менин маңдайыма олтураары менен алсыз үшкүрүп, "Ооба, мен чын эле тирүү өлүкмүн. Мени "өлүк суу" менен башымды айлантышкан" деди. Орустарда адам өлгөндө идишке суу куюп, өлүктүн жанына коерун, ал суу "өлүк суу" деп аталаарын, ал сууну ар кандай магиялык иштерге колдоноорун билчүмүн. "Жардам бериңиз, 12 жылдан бери уйку качып, оорубаган жерим жок, көрүнбөгөн врач, ичпеген дары деле калган жок, сиз менин акыркы үмүтүмсүз. Сиз мурунку келгениңизде менин тааныштарыма жардам берген экенсиз, мага да жардам бериңиз" деди алсыз үн менен.

Биринчи эле сеанстан кийин Анатолийдин өңүнө тирүүлүктүн жышааны кирип, жүзүнө кызыл жүгүрүп калды. Бир жумадан кийин коридордо кезек күтүп турган элдердин сүйлөшкөндөрү мени иштен алаксытып жатканынан "тынчыраак болгула" деп суранганы сыртка чыксам, баягы киши бир кучак кыпкызыл роза (түндүктө, кышында жаңы үзүлгөн гүл эң кымбат белек), коробка шокалад, дагы башка белектерин көтөрүп келиптир. Кезекте турган элге кандай ооруганын, азыр кандай жакшы болгонун айтып жатыптыр. Колунда жазылган ыраазычылык кагазы да бар экен.

Мен, Лисовский Анатолий, 12 жылдан бери оорунун азабын аябай тарттым. Бул дүйнөдө уйку качып, таңдын атышын күтүп, кирпик какпай таң атыргандан азап, эч нерсе жок болсо керек. Врачтардын берген жардамы көпкө созулбай, убактылуу гана болуп, азап чегип арыктап, ооруп келатканыма 12 жыл болуптур. Айлам кетип, элдик дарыгерге кайрылсам, "Сени өлүк суу менен башыңды айлантыш үчүн бир кыз кара магия жасаган, сен ал кызга үйлөнбөй койгон экенсиң. Бирок, сага жардам бериш менин колумдан келбейт, энергиясы күчтүү адамга барышың керек"- деди. Биздин шаарга келген Лариса Асанбекова жөнүндө тааныштарымдан уктум. Алардын үч жашар балысынын денесине жаралар чыгып, көптөн бери айыктыра алышпай, кыйналып жүрүшкөн. Ларисанын сеансынан кийин баласы айыгып кетиптир. Мен Ларисага акыркы үмүтүм менен келгем. Эгерде жардам бере албаса жанымды кыйып, ушундай азаптан кутулууну ойлонуп да жүргөм. Менин бактыма жараша Ларисанын биринчи эле сеансында өзүмдү жакшы сезип, күндөн-күнгө жакшы боло баштадым. Ларисага сеанска барганга эле ордумдан турбасам, үч күн каалашымча уктап, көңүлүм ачылып, өзүмдү аябай жеңил сезип калдым. Урматтуу Лариса, мен сиздин мага берген жардамыңызга кандай ыраазычылык билдирсем да аздык кылаар. Сиз менин өчүп бараткан үмүтүмдүн, өмүрүмдүн отун кайра жандырдыңыз. Жашоого болгон көз карашымды өзгөрттүңүз. Өмүр мага супсак, кызыксыз болуп бараткан. Азыр болсо таптакыр башкача, мен жашагым келет! Мен эле эмес аялым менен балам да кайрадан бактылуу болушуп, сизге чын жүрөктөрүнөн чыккан ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Сиздин кудай берген касиетиңиз мындан да күчтүү болуп, элдин ырахматына, сүйүүсүнө ээ боло бериңиз. Сиздей жан дүйнөсү таза, элге жардамы тийген адамдар жер бетинде көбөйө берсин демекчибиз. Чын жүрөгүмдөн чыккан ыраазычылыгымды билдирүү менен,кайда жүрбөңүз элге жарыгыңыздын тие беришин жана жараткандын колдоосуна ээ боло беришиңизди кудайдан тилейбиз.
Сизди терең урматтаган пациентиңиз, Анатолий Лисовский.
Леантор шаары. 2000-ж.

Азыр да ушул ыраазычылык баракчаны окуп жатып, ал адамдын элеси кайрадан көз алдыма тартылды. Жаш жигит кезинде бир кыз Анатолийди сүйүп калат. Бирок, Анатолий башка кызды (азыркы жубайын) сүйгөндүктөн, тиги кызга көңүл бурбайт. Тиги кыз кара магия менен иштеген аялга Анатолийдин башын айландырып берүүсүн өтүнүп кайрылганда, ал аял "өлүк сууну"дубалап берет. Анатолийдин жүрөгүндө чыныгы сүйүү жашагандыктан, дуба "сүйдүрткөнгө" таасирин тийгизе албаганы менен ден соолугуна катуу таасирин берген. Анатолийдин бир таанышы каза болгондо, Анатолийди сүйүп жүргөн кыз, Анатолийге бир стакан сууну ичишин суранат. Сууну ичкенден кийин "өлүк сууну"дубалап ичиргенин, эгерде ал аны сүйбөй турган болсо анда өзү да Анатолий да өлөөрүн айтат. Ал кезде ал сөздү жөн гана "шантаж" катары кабыл алып, ага көңүл деле бурбайт. Көп өтпөй өзү сүйгөн кызга үйлөнүп, түндүккө көчүп кетишет. Бирок, үйлөнгөндөн баштап ден соолугу жылдан-жылга начарлай баштайт. Медицина оорусуна жардам бере албай койгондо гана, элдик медицинага кайрылып көрүп, кара магиянын кесепети тийгенин билгенде гана баягы кыздын сөзүн эстейт. Ал кызды сураштырып, авариядан каза болгонун угат. Мына кара магиянын кесепети "Бирөөгө ор казба, өзүң түшөсүң" деген ушу. Анатолий Жогорку күчтөрдүн жардамы менен ден-соолугу калыбына келип, кайрадан үй-бүлөөсү менен бактылуу жашап калганы мага эки эссе күч -кубат берди. Жогорку күчтөргө ишеничим ого бетер артып, демиме дем кошулду. Негизи менин пациенттеримдин ар бир кубанычы мени эки эсе кубандырат жана күчүмө күч кошуп жаратканга болгон сүйүүмдү жана ишеничимди арттырат. Колума тийген ар бир ыраазычылык баракчаларын окуп жатып, Леантордогу дагы бир пациентимдин, тагыраак айтканда анын эне-атасынын ыраазычылык баракчасы дагы бир окуяны эске салды.

(Уладысы кийинки санда)




  Шумдугуң кур

Линкольн менен Кеннеди
же Мистикалуу 100 жыл?
Американын президенти Линкольн 1818- жылы туулган, ал эми дагы бир президенти Кеннеди 1918- жылы туулган. Экөөнүн жашынын айырмасы 100 жыл. Линкольн 1860-жылы АКШнын президенти болсо, Кеннеди 1960- жылы АКШ президенти болуп шайланат. Аралыгы 100 жыл.
Американын бул эки президентин атып кетишкен. Алар жума күнү башына тийген октон өлүшкөн. Барынан кызыгы Линкольнду "Кеннеди" атындагы театрдан атып өлтүрүшсө, Кеннедини "Линкольн" деп аталган автомобилде баратканда атып кетишкен. Линкольн каза болоордун алдында Мэриленде жайгашкан Монро шаарында болуп келген, ал эми Кеннеди каза болоордун алдында атактуу ырчы Мэрлин Монро менен сүйүү романы болгон. Бул эки президент тең Американын түштүгүндө төрөлүшүп, экөө тең демократ болушкан. Президент болгонго чейин экөө тең сенатор болуп иштешкен. Андан да кызыгы бул эки президенттердин эле тагдыры окшошпостон аларды атып кеткен кылмышкерлердин тагдырынын коендой окшоштугу таң калтырбай койбойт. Линкольнду атып кеткен кылмышкер Джон Уилкис Бут 1839- жылы туулган, Кеннедини атып өлтүргөн кылмышкер Ли Харви Осваллд болсо 1939- жылы жарык дүйнөгө келиптир. Экөөнүн аралыгы 100 жыл! Экөөнүн аттары англисче жазылганда 15 тамгадан турат экен (John Wilkes Booth и Lee Harvey Oswald).
Линкольнду аткан Джон театрдын чатырынан кармалса, Кеннедини аткан Освальд болсо тескерисинче чатырдан атып, театрга кире качкан жерден кармалган. Дагы бир кызыгы бул эки президент өлгөндөн кийин алардын ордуна Джонсон аттуу адам келген. Линкольндун ордун баскан Эндрю Джонсон 1808 -жылы төрөлсө, Кеннединин кызматын ээлеген Линдон Джонсон 100 жылдан кийин 1908 -жылы төрөлгөн. Эки президенттин кайталанган тагдырларынын жана тарых барагынын ортосу 100 жыл экенин эске алсак демек, Линкольн- Кеннеди буйруса 2018- жылы кайрадан төрөлүшү мүмкүн. Демек, келечектин Линкольн- Кеннедиси 2060- жылы бийликке келет…
Даярдаган Лариса Асанбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??