Утурумдук бийлик учурунда

Улуттук банктын келдим-кеттимдери
Банктык системанын 2010-жылдагы туруксуздугун алдын алууга мүмкүн эмес болчу, бирок кардарлар тарабынан бийликке суроолор пайда болбосун үчүн, кырдаалдан жаралган шокту азайтуу мүмкүн эле. Бир катар коммерциялык банктарга убактылуу жетекчилерди койгон. Улуттук банктын милдети ушундай болчу, бирок, алар ишти оңдоочу дарыгерлер эмей эле, активдердин баардыгын баса калган кузгундарга айланышты. Аны менен бирге, алар, кийин миллиондогон долларлары жоголуп кеткен банктык үкөктөрүн ачууга катышышкан. Тилекке каршы, учурдагы саясий күчтөрдүн жайгашышынан улам, Улуттук банктын жетекчилигинин артында тургандар жоопкерчиликти өкмөткө, анын ичинде премьер-министрге жүктөп салганга жөндөмдүү. Андан кийин кардарларга бюджетке төлөп берүүгө туура келеби?
Мыйзам боюнча
КРнын Улуттук банкынын 2008-жылы кабыл алынган "Банктын убактылуу жетекчилиги жөнүндө" жобосу бар. Анда айтылгандай, Улуттук банк тарабынан убактылуу башкаруу "банктын жетекчилиги активдерди сактоо жана банктын салуучуларынын жана башка насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоодо финансылык абалды жакшырта албай койгон учурунда" киргизилет. Жободо: "Убактылуу жетекчиликтин максаты - банктын башкаруу системасын сактоо, кайрадан бутуна тургузуу, финансылык абалын жакшыртуу, ошондой эле, мыйзамдардын жана Улуттук банктын талаптарынын бузулуштарын оңдоо" - деп айтылат. Төмөндө Улуттук банк тарабынан коммерциялык уюмдарда убактылуу жетекчиликти дайындоого негиз болгон себептер келтирилет. Жобого ылайык, убактылуу жетекчиликти дайындоо боюнча чечим Улуттук банк тарабынан башкармалыктын, директорлор кеңешинин, банктын акционерлери жана насыя берүүчүлөрүнүн, ошондой эле укук коргоо, сооттук жана башка органдардын арызы боюнча кабыл алынышы мүмкүн. Мында кайсыл себепти жабыштырып коюшканын да айтуу кыйын. Бирок, ал кездеги өлкөдөгү кырдаал көз карандысыз болбой калган институт боюнча чечимдерге катуу таасир этти?
Убактылуу жетекчиликтин учурунда дайындалган адис банктын финансылык абалын жана туруктуулугун иликтеп, ага кемчиликтердин чыгып келген себептери, активдердин рыноктук наркы кириши керек. Ошондой эле, банкты калыбына келтирүү, же анын башка мекеме менен бириктирүү же ативдерин сатып алуу мүмкүндүгүн анализге алышы зарыл. Акыры, банк сатыла турган болсо - анын реалдуу баасын аныктоо. Бул пункттардын бардыгы КРнын УБнын жобосунда көрсөтүлгөн. Булардын бардыгы аткарылган болсо, эмне үчүн айрым нерселер бул жылы гана айтыла башталып, көпчүлүк учурлары АУБ банкрот деп табылгандан кийин ачыкталды? 2010-жылдын июнунда кирген консервация режимине чейин убактылуу башкаруучу эмне кылып отурду? Интернет-колдонуучулар прокуратура органдарынын кызматкерлери банк үкөктөрүн ачып жатышканда катышкан Жылдыз Куленбекованы көрүштү. Убактылуу жетекчи мындан башка эмне менен мактана алат?
Кылмыштык түшүнүктөр
Баарынан кызыгы, КРнын Улуттук Банкы банкка убактылуу жетекчиликти каржылоого, анын ичинде айлык акысын, унаага кеткен жана башка чыгымдардын ордун толтуруу боюнча талап кое алат. Регулятор койгон кызматкердин милдети, активдерди (анын ичинде киреше да бар) сактап калуу болгонуна карабастан, жобого ылайык, "убактылуу башкаруу жүрүп жаткан кезде чыгашалардын пайда болушу Улуттук Банкта, анын кызматтагы адамдары, дайындаган адистринде, жоопкерчиликтин пайда болушуна алып келбейт". Башкача айтканда, убагында Соцфонддун жана башка мамлекеттик органдардын каражаттарын чыгарбай, миңдеген ишкерлерди жана банктын кардарлары болгон адамдарды талаага калтыргандыгы үчүн буларга кайрадан акча төлөш керекпи?
Андан кийин болсо, бизге чейин эле бардыгы начар болчу деп камырап да коюшкан жок. Бирок, Улуттук Банкта болгон баланстын маалыматтары, ошол эле АУБда милдеттенмелер боюнча төлөп берүү үчүн каражаттар жетиштүү болгонун тастыктап турат. Бул банктын айланасындагы окуялардын бардыгы - анын активдердин бөлүштүрүп алуу үчүн атайлап банкроттукка учуратышканы туралуу айгинелеп жатат. Мындай иштердин артында Улуттук Банктын жетекчилиги жана алардын артында болсо "серый кардиналдар" - мамлекетти алдаш үчүн АУБдан 2,5 миллиард сом өндүрүүгө аракеттенген Азимбек Бекназаров менен Муратбек Мукашевдер. Алар менен дагы башкалар. Акыры отуруп, банкта катуу кыйынчылыктар пайда болуп, өкмөткө банктын кардарларына жардам кылса болобу деген маселени чечүүгө туура келди. Бирок, өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу казынада буга жиберилүүчү акча жок болчу. Бирок, бул жагдай, 1990-жылдары бир нече коммерциялык банктардын күйүшү өңдүү, качандыр бир убакта Кыргызстандын жетекчилигинин мойнуна оор жүк болуп илинет.
Мында Алмазбек Атамбаевдин командасына кирген Заир Чокоев учурунда эмне болгонун эстей кетсе болот. 7-нен 8-не оогон түнү куралчан адамдар ага эртең мененкиге чейин убактылуу башкаруу киризүүгө шылтоо табышы керектигин кыйыр түрдө түшүндүрүшкөн. Чынында, эч кандай себеп жок болучу. Мурдагы Бакиевдердин командасынан мүлктү ыгы менен алууга мүмкүн эле.
Банктын мурдагы ээлерин каалашыңча жек көрүүгө мүмкүн, бирок биринчи ирээтте Улуттук банк басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары жана жергиликтүү ишкерлер болгон кардарлар тууралуу ойлонушу керек болчу. Анын ордуна жанталашып активдерди бөлүштүрүү башталды.
Акыры, Улуттук Банк бакиевчилерди да жазалаган жок, элдин алдындагы убадасын да аткарбады. Эми болсо бардыгын өкмөткө жүктөгүсү келеби?




 7-кабатка жеткенден кийин

Анарбек Калматов, ЖК депутаты:
"Батыровду издеген жан жок"
(Башы 2-бетте)
- Таласта прокурор болуп жүргөндө "Ар намыс" партиясынын мүчөлөрүн "эзген" турбайсызбы, анан кантип кайра бул партиядан депутат болуп калдыңыз?
- Кимдир бирөөлөр ошентип жазыптыр, ошондой кысым көрсөткөн болсом мени партиянын катарына кошушмак эмес.
- Бишкек шаардык прокурору болуп турганда ошол кездеги мэр Нариман Түлеев прокуратура кызматкерлер күнүнө 4 жерден жер тилкесин бериптир. Аны кызматкерлерге бербей өзүңүз алып алыпсыз?
- Мунун тарыхы мындай. Жетекчи кол алдындагыларга кам көрүш керек. Нариман Ташболотовичке рахмат, Башпрокуратура кыла албаган иштерди кылып, шаардык прокуратурага кызматтык унаа берген. Бүгүнкү күндө көрө албаган тараптар атайы каралап, Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө берген 4 жер тилкесин мени алып алган деп ушак таратып жүрүшөт. Бул чындыкка жатпайт. Ал убакта жаз айы болчу, прокуратура кызматкерлеринин күнү күздө болот. Такталбаган маалыматтарды таратып атышат. Жер алган адамдар азыр ошол эле кызматтарында иштеп атат. Шаардын ичинен жер Нариман Түлеев жерге муктаждарга берейин деген, мен карап чыгып үй жайы жок кызматкерди сунуштагамын. Бизде бир аял 1 бөлмөлү үйдө ата-энеси, балдары, күйөөсү менен жашачу, ошого бериңиз дегемин. Ошондой дагы муктаж 4 кызматкер алышкан.
- Ички иштер министрлигин сынга алып жүрөсүз, кандай кемчиликтери бар?
- Мен негизсиз бирөөнү жамандап, күнөөлөбөйм. 5 ИИМ кызматкери арыз менен биздин комитетке келишкен. Анда министр тарабынан түштүктүк кадрларга кысым болуп, негизсиз жумуштан алып атат деген мааниде болчу. Алардын колунда кайра келип иштөө тууралуу соттун чечими бар экен. Ошого карабай Рысалиев кайра кызматына ар шылтоону айтып койбой атыптыр. Алардын бары тең түштүктүн жигиттери экен. Дагы бир арыз келип, министр Таластан келген кадрларды, өзүнүн жакындарын гана кызматка алып атыптыр деп кайрылышкан. Ошонун негизинде комиссия түзүлүп иштеп атат.
- "Ар Намыс" коалицияга жакында кошулат экен, анда өкмөт курамы кайра түзүлөт да, сиздерге кайсы кызматтар үлүшкө тийет?
- Азыр сунуш түшүп, каралып атат. Биз да сунушубузду бердик, коалициялык көпчүлүк биздин көз карашты карап чыгып макул болсо, коалицияга киребиз. Анан бул кызматты, тиги кызматты бөлүп алалы деп кирип аткан жокпуз.
Даярдаган Дайырбек Орунбеков