Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Мегасотка

Жоромолдобой, аткаруу керек
Белгилүү болгондой, талашып-тартышууда реалдуу аргумент таппай калганда, адатта адамдык ариетке асыла баштайт эмеспи. "Мегакомго" кайра көзөмөлдүк кылуу үчүн Penwell компаниясынын аракети мына ушуга окшоп баратат. Сотто жеңилүү ызасын тартып калышып, өзүлөрүнүн оппоненттеринин дарегине ачык эле ушак, жоромолдору, "жөө" жомокторду айта башташты.
Кыргыз Республикасынын бийлиги "Мегакомдун" мыйзамдуу менчик ээси жөнүндөгү чечимди аракеттеги мыйзамдарга ылайык сот кабыл алыш керек дегенине карабастан, Penwellдин жетекчилиги сотторду ынандыруучу аргумент таппагандыктан, өзүлөрүнө ыңгайлуу окуяга коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшүүдө. Андыктан, Serpeus Inc. компаниясынын инвесторлорун айыптаган ырасмий билдирүүсүн таратты.
Эң башкысы, "питердик байланышчылар" Кыргызстандын соттук инстанциясынын чечимине өз алдынча түшүнүк берүүдө юридикалык жактан сабатсыз экенин ачыкка чыгарышты, сыягы. Бул өзүлөрүн сооротуу үчүн жасалдыбы, же азыр анча деле маанилүү болбогондуктан, кезектеги калпыстыкты билбей калат дешип, жетекчилеринин көзүн жазгырыштыбы?
Компаниянын менеджменти үчүн эски адаты боюнча соттун чечимин жана мыйзамды аткаруунун ордуна, өзүлөрүнүн көз карашына жараша жоромолдоо маанилүү. Маселен, "Serpeus Inc. компаниясы Penwell компаниясынын доо арызын Бишкек шаардык райондор аралык соту кайтарып бергендиги жөнүндө жалган билдирүү таратты" (компаниянын ырасмий билдирүүсүнөн цитата) дегени эле эмнеге турат. "Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө аныктоо" деген аталыштагы ырасмий бланкадагы ташка тамга баскандай жазылып турган:" "Исковое заявление компании "Penwell Busines Limited" к Министерству юстиции Кыргызской республики, Управлению Юстиции г. Бишкек об истребовании имущества из чужого незаконного владения и примеенении последствий недействительности сделки, с приложенными материалами - возвратить" деген документти дагы кандай атайбыз?
"Бүгүнкү күндө "ак ниет сатып алуучу катары" Serpeus Inc. компаниясын тааныган соттун чечими жок" (Penwellдин билдирүүсүнөн цитата) деп ырастаганы күлкүнү келтирет. Ушул эле документтин абзацында, ОАО "Эрмен-Тоо Ресурсы" (Serpeus Inc.) пайдасына чечилген Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2011-жылдын 22-апрелиндеги токтому жөнүндө сөз болуп: "ОАО "Ermen TOO Resourses" (Serpeus Inc. көзөмөлдөгөн компания - автордун белгилөөсү), сатып алуу жөнүндөгү тийиштүү келишим боюнча кабыл алган бардык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткарып, "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын 100% акциясын кынтыксыз, таза сатып алган" деп жазылып турат.
Анын артынан эле автор "абал тастыктагандай мындай чечим чыгарылышы мүмкүн эмес - бул таң калыштуу" деп өзүнүн жоромолун келтирет. Penwell Кыргызстанда соттор кандай чечимди кабыл алат, кандайын кабыл албайт, билишпейт окшойт!
Penwell компаниясынын ак ниет инвесторго ишенбөөчүлүгү, башында Леонид Реймандын байланышчыларын акырын сүрүп чыгарып, андан кийин аларды каршылык көрсөтпөстөн атайын "Мегакомду" басып алуу үчүн түзүлгөн "Альфа Телеком" ЖАКка салып берген Максим Бакиев менен бирге жасаган ишинен корккондуктан жасалып жатканы кызык. "Serpeusтин бардык аргументи 195 миллион доллардын тегерегинде түзүлгөн". - чынында бул көңүл бурбай турган майда нерсе дешет. Айрыкча, өзүн сыйлаган адамдар үчүн, Кыргызстандын финансы полициясынын маалыматы боюнча 2009-2010-жылдары эле жалган фирмалар аркылуу компаниядан, алтын казып алуучу компаниянын кирешесине барабар 143 миллион сом алып чыгып кетишип, көптөгөн миллиондогон кирешелерден мамлекетке тийиштүү дивиденддерди төлөөнү "унутуп" калышкан.
Жеңилген тараптын "мурунку" Максим Бакиев баш болгон компаньондорунан кол үзүүнү калагандары алкоого арзырлык, бирок, алар бирөө эле болсо экен. Керек болсо ошол учурда Penwell менен Бакиевдин ачык каршылашып жүргөндө да, аларды көп адамдар менен байланыштырып келишти. Маселен, башкы каарман Андрей Силич. БиМоКоМду банкрот кылганда, оффшордук эсептерге акчаларды которгондо, Башкы прокурордун милдетин аткаруучу К. Байболовго пара берүүдө, же GSM-шлюзду пайдаланып электрондук алдамчылыкка барууда уюлдук операторго байланыштуу бардык чырлуу жерде анын фамилиясы аталып жүрдү. Өзүнүн афералык "таланты" менен бардык режимде бакиев-реймандык, жөн эле бакиевдик "БиМоКомдо" башкы директорлук орунду үзгүлтүксүз ээлеп келди. Компания банкрот болгондон кийин да бакиевдик "Альфа Телеком" ЖАКта, "жоогазын революциясынан " кийин Бакиевдин үй бүлөсү чет өлкөгө качканда деле кызмат ордун сактап отурду.
Баса, 2011-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы, жалпы суммасы 143 миллион сомду түзгөн акча каражатын уурдоо фактылары боюнча "Альфа Телеком" ЖАКына мамлекеттик финансы полициясы кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин жабылышы жана ошол эле Силичти компаниянын башчысынан бошотуу КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан негизсиз болгон деген тыянакка келишкен.
Serpeus Inc. компаниясын айыптоо аракетинде "ОАО "Эрмен-Тоо Ресурсына" окшогон жалган компаниялар аркылуу өзүлөрүнүн эсебине Кыргызстандагы финансылык агымдарды чыгарып кетүү" дегени өзүлөрүнүн проблемаларын башкага арткандай эле кеп болууда. Ушу кезге чейин Serpeus Кыргызстандын экономикасын салымын кошуп келди. Алгач мобилдик оператор үчүн 195 миллион долларды салыгы менен кошо төлөп берген. Эми азыр Өкмөткө 250 миллион долларлык инвестициялык программаны сунуш кылып жатат. Ушул сумманын 50 миллион доллары акыркы үч жылда Кыргызстандын бюджетине салык катары түшөт. Калган каражат негизги фонддорду жаңылоого жана оператордун инфраструктарсын өнүктүрүүгө жумшалат. Инвестициялык программаны аткаруу миңдеген жумушчу орундарын түзүүнү шарттайт. Заманбап технологияны киргизүү менен абоненттик базаны көбөйтүп, Кыргызстандын калкы үчүн мобилдик байланыштын акысын арзандатууга өбөлгө түзөт. Бул инвестициялык программа "Мегаком" түзүлгөндөн бери жумшалган каражаттын эки эсе көп өлчөмүн түзгөнү менен кызык.
Эми чын ыкласын койгон жана калыс ой жүгүртө билген окурманга суроо: Penwell эмне үчүн өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрүп жатат?!




Курулуш эмес кур уруш
Архитектурадан
ар кыл кеп
Азыр медицина, өрт кызматы, билим берүү тармагынан бери саясатташып, саясаттын айдыңында алышып калды. Бу сапар архитектурада улак тартыш болуп, мурунку-кийинки жетекчилери тартышып атат.

2011-жылдын 18-майында мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигиндеги коллегияда Бишкек шаарынын башкы архитектору Төлөбай Кеңешовду кызматынан четтетүү маселеси каралып, ал ээлеген кызматынан бошотулган. Бирок Кыргызстандын архитекторлор союзу, борбор калаанын архитекторлук коомчулугу Т.Кеңешовдун кызматтан бошотулушу саясый заказ экендигин айтып чыгышкан. КР архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Айгул Насирдинова аны кызматтан алуу чоң жаңылыштык экендигин белгиледи. "Кеңешов жогорку профессионалдуу архитекторлордун бири. Ал адам өзүнүн ишин мыкты билген адис. Анын кызматка келиши менен бир топ иштер аткарыла баштаган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын чечиминде аны кызматтан кетирүү боюнча жүйөлүү бир да факт жок. Аны кызматтан алынышын биз саясый заказ катары кабыл алабыз. Жогорудагы бийлик өкүлдөрүнө Кеңешовдун моюн сунбагандыгы жаккан жок, алар бул кызматка "атка жеңил, тайга чак" башкача айтканда кол баланы, алардын сөзүн эки дебеген адамды дайындашат", - деди. Ал ортодо билермандар жакында шайлоо, бул тармак майлуу кызмат. Ошого кайсы бир кызыктар саясий топ өз адамдарын коюп, капчык калыңдатууну карап атат дешти.
Архитекторлор союзунун айтымында коллегияда айтылган айыптардын бирөө да факты жүзүндө далилденбегендигин, мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Каныбек Нарбаев коллегиянын мүчөлөрү болгон А.Усубалиев, А.Абдыкаров, Т.Мамбетов жана У.Бекишовго кысым көрсөтүү менен Кеңешовго каршы добуш бердирген.
Мындан тышкары анда Нарбаев өз кезегинде Ботаникалык бактан биолаборатория курууга жер үлүшүн бөлүп бергендигин, ал Бишкектин башкы архитектору кызматын ээлеп турган кезде Ата-Түрк сейил багында турак жайлардын курулгандыгын, Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин аялы Татьяна Бакиевага Ала-Арча суу тосмосунун жанынан жер үлүшү бөлүнүп берилип элиталык шаарча түшкөндүгүн, ал эч бир нормага жооп бербей, таза суу колдонуучулар үчүн өтө эле кооптуу экендигин айтышкан. Архитектор Бактыбек Тукаев элдик революциядан соң Кыргызстандын архитекторлор жана курулушчулар коомчулугу Каныбек Нарбаевди кызматтан кетирүү, агенттиктин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды жазып бийлик өкүлдөрүнө жолдошкондугун, бирок эч бир жооп болбой, Убактылуу өкмөттү вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров өз жердешин кызмат оордунда калтыргандыгын айтты. Азикең көрсө өз өлтүрбөйт деп, жердешин ордуна калтырган экен. Анан бапылдап "тазалануу саясаты" деп акактап чуркап жүрөт.
Ал эми учурда Бишкек Башкы архитектурасынын башчысынын милдетин аткаруучу Кубанычбек Абдуразаков Кеңешовдун кызматтан кетишинен эч кандай саясый заказды издөөнүн кереги жок экендигин айтып, Кеңешов тегерегине туугандарын топтоп алганын белгиледи. Кимдер туугандары экенин сураганыбызда тийиштүү фактыларды айтып бере алган жок.

Даярдаган Дайырбек Орунбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??