Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сөздүн кулу болду!

Эл Абдрахмановду "өлкөдөн чыгып кет" деген талап койду
Абдрахмановдун "аяй" кеби абийирин ачып, чыныгы жүзүн көрсөттү. Эми элден куулуп, өзү мактаган Америкасынан жай табат окшойт…
Жогорку Кеңештин анча парасат салбаган, оюндагы ак-карасын ылгабай ортого салып жиберген батышчыл депутаты Өмүрбек Абдрахманов тууралуу кызуу сөз жүрүп атат. Ал бир кезде журналисттер Адилет Айтикеев, Зулпукар Сапановго "Манасты бандитке теңеп, Курманжан датканы мерез катын, датка кебетеси жок жана калпакты кийгендер турмуштан артта калып кеткен кыргыздар" деген сөздөрдү дөөрүп салат. Мындай улуу инсандарды бир кемпайдын сындап айтканы тууралуу маалымат жеткенден кийин жөн тура албадык. Гезитибиздин мындан мурда чыккан 3 санында тең Абдрахмановдун сөзүнүн айланасында материал даярдаганбыз. Анда эч кандай таасир болгон жок. Анткени, жазганыбыз Абдрахмановго жеткени менен үн каткан жок. Качан гана эл козголуп, депутаттык мандатын тапшырсын деген талап койгонго өткөндө актана баштады. Материал чыгып, эл толкуганда биздин редакциянын эшигин каккылап, "кечирим сурап кайра жазып койгулачы" деп жетип келиптир. Катуу коркуп калган окшойт, өңү купкуу болуп кетиптир. Кечирим сурагыдай эмне кылыппыз. Сиздин оозуңуздан чыккан сөздү айттык. Депутат башыңыз менен пастыкка барып, кыргызды жектеп атсаңыз жөн тура алган жокпуз. Шылуундук менен кечирим суратканга ашыкпай, элден кеч боло электе күнөөңүздү мойнуңузга алып, алдынан өт деп кеңеш бергенбиз. Бирок, ал анткен жок. Бети чыдап элдин алдына чыкканга даабады. Эл Акүй алдына барып, чыгып кечирим сурасын деген талабына эч жооп кайтарган жок. Абдрахмановдун караанын көргөн жокпуз. НТСтин журналисттери кабарлашып маек алалы десе, "Бекинип жүрөм. Мени атабыз дешиптир, жолуга албайм" деген жооп узатыптыр. Анан көмүскө жерге бекинип алып, "мен ак элем Манасты кантип жамандап калайын. Муну Бабанов эле кылды, ошонун буюртмасы деп түшүнөм" деп "Азаттык" сайтына айтып бериптир. Кайра баракелде сайтына "Бабанов таза киши, пастыкка барбайт. Муну жанагы коррупционерлер эле кылды окшойт" деген эки ача сөзүн билдирди. Бир күндө өз сөзүн бурмалап, позициясын, маскасын алмаштырып аткан киши оңой эле танып кетем деп ойлоп жүрсө керек. Элдин алдына эгерде күнөөсү жок болуп, жүзү таза болгондо чыгып айтып бермек. Элден жалтайлап качып, бети чыдабай чыкпай койду. Күнөөсү бар үчүн качып жүрөт, бул даана көрүнүп, билинип турат эмеспи. УТРКдан бат-баттан чыгып, өз абийирин жашырып калууга амал издеп, айласын кылып атат. УТРК коомдук канал деген менен башында турган жетекчиси батыштын бийин бийлеген, "атамекенчилердин" арты менен келген кадр. Бизден бир эмес, эки жолу пикирибизди алып, теледен кетирген жок. Буга чейин дагы эл арасында УТРКны атамекенчилер ээлеп алды, алар түшпөй калды дешкен кептер тарап жүргөн. Анча этибарга албаппыз. Көрсө чынында эле УТРК мурдагы эле кейпин кийип, бир тараптуу маалымат бергенин кое элек экен. Буга толук көзүбүз жетти. Маалымат бир жакту болуп, Өмүрбек Абдрахмановду гана көрсөтүп атышат. "Кабар" маалымат агенттигине Ө.Абдрахманов "Асман прессти" сотко берем дептир. Берсин. Абдрахмановдун айткандарын жеке биз эмес, бир топ журналисттер, партиялашы Карганбек Самаков тастыктап жатат. Жөн жерден сөз чыкпайт. Биздин Өмүрбек Абдрахманов менен келишпестигибиз же талашыбыз болгон эмес. Ал кишинин ысык-суугу да жок. Андыктан анын адамдык абийирине жалган жерден шек келтирип кудай алдында күнөөгө да баткыбыз келбейт. Кыңыр иш кырк жылда дейт, кыңыр ишиңиз чыгып, кылыгыңыз билинип калды.
Манасты жектеген кандай манкурт болду экен деп аянтка эл чогулду. Баарынын намысы ойгонуп, депутат Өмүрбек Абдрахмановдун чыгып чын-төгүнүн айтып берүүсүн талап кылды. Чыккан жок. Митингди кандайдыр бир саясатташтырып, Абдрахмановго кеги бар кээ бир саясий фигуралардын да адамдары коштоп жүрдү. Айрымдары ар кайсыны кыйкырып, кеткен президентти поктосо, айрымдары темадан четтеп башка таарынычтарын да айтып алышканга үлгүрүп, кээ бир саясатчыны "реклама" кылышты. Улуу Манас темасы козголуп атканда да арасын сасыган саясат аралаганы, аны саясатчылар өз пайдасына колдонушкусу келгени өкүндүрдү…
Абдрахмановдун мурда дагы "америкалыктар бизге акча берип атат, керек болсо алардын таманын өбүшүбүз керек" деген сөзүн уккандар митингде айтышты. Мунун айткан кеби дегеле кыргыздын абийирин төгүп, ата-жотосуна жеткирет экен эй…




Адилет Айтикеев, "Алиби" гезитинин журналисти:
"Абдрахманов, Манасты бандит деп мага айткан"
Өмүрбек Абдрахмановдун өз оозунан ошол "ириген" сөздөрүн уккан журналист Адилет Айтикеевди кепке тартып, чоо жайын сурадык. Адилет тууралуу айта турган болсок, эзели бирөөгө жаман айтып же жалган сүйлөгөнүн уккан эмеспиз. Анан дагы Абдрахмановго окшоп карьерасы бүтүп бараткан кадр эмес.
- Ал кишинин Манас атабыздан баштап бүт кыргыз элин маскаралаган сөздөрүнө мен жана бир нече журналист күбө. Албетте, анын абийири күбө, эгер чындап эле абийир болсо. Эми элестетсең, эч нерсе айтпаган эле адамга күнөө койгудай наадандыктын мага бир тыйынча кереги жок. Ал эми анын айткандарына келе турган болсок, мен Өмүрбек Абдрахманов менен Жогорку Кеңешке барган сайын жолукчумун. Ал киши ар бир жолугушууда кыргыздардын калпагы, улутчулдар, Манастын айланасында, Курманжан апабыз ж.б инсандар тууралуу бир катар терс пикирдеги, төмөн деңгээлдеги сөздөрдү айтчу. Мен көп ирет эскерттим, Өмүрбек байке, ошол кыргыз сизди депутат кылды. Анан сизден акыл угалы десе айткан акылыңыз ушубу десем эле, "ой силер кыргыздар өзүңөрдү мактап, каяктагы Манас-санас деп көрүнгөндү дөөдүрөп отура бересиңер" деген сыяктуу бир топ сөздөрдү айтчу. Анан адатынча Америкада мындай деп мактоо сөздөрүн жаадырып калчу. Манас канкор деп Зулпукаар Сапановго айткан экен. Ал эми "Манас деген Рыспекке окшош бандит" деп мага бир ирет машинеде кетип баратканда айткан. Эгерде менде жаман ой болгондо анда мындай нерсени диктофон даярдап жаздырып алмакмын. Тилекке каршы менде андай ой болгон эмес.
- Мындан ары кандай максат коюп атасың?
- Ал киши кыргыздардан кечирим сураш керек, башканын кереги жок.
- Абдрахманов муну кандайдыр саясий күчтөр, коррупционерлер уюштуруп атат дегенге кандай карайсың?
- Аны билбейм, мен таза максат менен келгемин.

Дайырбек Орунбеков
d.orunbek@mail.ru





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??